Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Обон"-почта

ОП-39-01. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде демекчи, чек арада элдин бейпилдигин камсыздаган жалпы кыргыз мырзаларына чо-оң салам жолдойм. Алардын катарында Жалал-абаддык жигит Жапашев Эркиндин иштерине да ийгилик каалайм. Ден соолукта болуп, кыргыздын керегине жараган эр азаматтан болушуңузга тилектешмин. Бактылуу болуңуз!!! Нур-кыз

ОП-39-02. Кызым Бибифатиманын 22-октябрда 4 жашка толушу менен куттуктаймын. Ар дайым маанайың ачык болсун. Мен сени жакшы көрөм. Апаң Медиа

ОП-39-03. Эрмек менен Нурзаттын кызы Акбермет 24-октябрда бир жашка толушу менен куттуктайм. Ата-энеңди сыйлаган кыздардан бол. Таежең Мадина

ОП-39-04. Чымкенттеги туугандарыма салам! Баарыңарды жакшы көрөм. Бишкектен Мадина

ОП-39-05. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылындагы досторум Роза, Таңзаада, Айымкан силердин окууңарга ийгилик каалайм. Мен силерди сагындым. Москвадан досуңар Жумагүл

ОП-39-06. "Бекжан" базарында иштеген Анаконда жана мен тууралуу прикол кылып жазган кыз жөн жүргүн. Айта турган сөзүң болсо бетиме айтпайсыңбы, Элдиярды сүйсөң эмнеге "Обонго" жазасың? Кудай берген телефон бар го, ошол менен эле Элдиярга сүйүүңдү билдирбейсиңби? Ортого менин атымды кошпой эле жазсаң бир жериң түшүп калабы. Анаконда болбой ит болгур. Гүлзада

ОП-39-07. Жаңы-Күч айылында жашаган мамам Жамалга, инилерим Нурсултан, Асек, Нурбол, Тынчтыкка салам жолдойм. Бар болгула, бай болгула. Каныкей

ОП-39-08. Бишкек шаарында жашап жаткан байкеме, врач жеңем Нүргүлгө жана балдары Кыргый, Нурадил, Гүлбарчынга чоң салам жолдойм. Мен силерди жакшы көрөм. Мени унуткан жоксуңарбы деп алыстан Нурпери

ОП-39-09. Менин сүйүктүү ырчым Динара эжеге: Көп ырчыдан эже сизди жактырам, айдай тунук жүзүңүзгө суктанам, дүйнө эли сыймыктанган сүйүктүү ырчы болуп жүрө бериңиз. Лазита

ОП-39-10. "Обон" эмне үчүн Бакиевге жазган сын пикирлерди смс бурчуңарга чыгарбайсыңар. Бакиев Курманбек Салиевич кыргыз элин куураттың го, кана берген убадаларың?

ОП-39-11. Ильяз Абдыразаков, мага "Бул дүйнө" деген ырың абдан жагат. Негизи сенин бардык ырларың жагат. Көбү которулган болсо да жагымдуу. Сен суперсиң. Жиза 91

ОП-39-12. Салам, супер тигүүчүлөр. Кандайсыңар, жумуш жакшыбы? 07776737хх

ОП-39-13. И.Абдыразаковго чоң салам. Сен эң мыктысың, өркүндөп өс. Биз сени ар дайым колдойбуз. 07776737хх

ОП-39-14. Менин саламым "Обонушкага" жана анын смсчилерине арналат. Мени да араңарга кошуп алгыла. Балдар-кыздар 0773839113 номерине смс жазгыла. Гүлнура

ОП-39-15. Салам досум Н.уулу Алтынбек. Ар дайым ден соолукта бол. Досуң Т.уулу Азамат

ОП-39-16. Ч.Мырзаевге: Айдай сулуу ыйыктыгын баалаймын, жыпар-жыттуу берекелүү таалайым. Ырыңды угамын, сени көргөндө кубанамын. Эл ичинде жүрө бергин ардагым. Бегайым

ОП-39-17. Омардын, М.Атабековдун, Алихандын кумирлерине издөө салам. Достор каяктасыңар. 0777752238 номерине чалгыла

ОП-39-18. Кыздар кандайсыңар? Махабаттын туулган күнүн жакшы тоскула. Силерди сагындым. Москвада иштеп жаткан досум Назира сени абдан сагындым. Чымкенттен Нурайка

ОП-39-19. Ноокаттык Гүлмира сени сүйөм. Кызыл-Кыядан Өмүр

ОП-39-20. Салам "Обон", ден соолук, ал-ахыбал кандай? Хан-Шай, Кербен-Куба, Гүлшан мен силер менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Бар болгула. Илгиз Каналбекович

ОП-39-21. Сүйүү бир келет, эки келбейт. Эки келген сүйүүнү эч ким билбейт. Сулууну сулуусунда тандасаң да, эң биринчи сүйгөнүңө эч ким жетпейт. Доку мен сени сүйүп калдым. Делвира

ОП-39-22. 130-мектебинин 10-а класска чоң салам. Чагырдан Бегимай

ОП-39-23. Адыранов мектебинин 11-б классынын окуучуларына ийгилик. Бар болгула. Элнура

ОП-39-24. Ильяз Абдыразаков сизге дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Сизге эч бир ырчыны теңдештире албайм. Сиз бар мен бар. Нур Н

ОП-39-25. Кара-Балтада жашаган Чоюбеков Мелис таекеме чоң салам жолдойм. Ишиңизге ийгилик, бар болуңуз. Карындашыңыз Айка

ОП-39-26. Салам кыргызымдын жаштары. Силерге тунук сүйүү каалайм. Нур-Нури

ОП-39-27. Салам "Обон", мен ички сезимимди сага гана айталам. Жаным Нурик, сени канчалык сүйгөн сайын асманга карай көкөлөйсүң да. Мени да түшүнүп койчу, жаным. Сабина

ОП-39-28. Атам Жунусали, апам Манзурага салам жана атамдын ооруканадан чыгып келгени баарыбызды кубандырат. Ата, эч качан оорубаңыз, ден соолугуңуз чың болсун. Кызыңыз Кынагүл

ОП-39-29. Мыкты смсчи жана "Кыргызстан обондорунун" активисткасы Батина эжеге салам. Кейси

ОП-39-30. Кербен-Куба байке, кызыңыз кыргыздын мыкты кыздарынан болсун. Сиз билесизби, 9 саны менен төрөлгөндөр бактылуу болот. Менин туулган күнүм 19-март. Кейси

ОП-39-31. "Обонушканын" супер смсчилери Назика, Меришка силерге салам. Силер менен достошкум келет. 0550622073

ОП-39-32. Мен Нуржан кызы Айзат Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Чоңарык айылында 1990-жылы 7-августта туулгам. Ырчы, актриса болгум келет. Медучилищада жана искусство институтунун ырдоо бөлүмүндө окуйм. 0777846506

ОП-39-33. Салам Торкендин бүтүрүүчүлөрү. Баарыңа ак жол. Мээрим

ОП-39-34. Самара сага рахмат. Ар дайым бар бол. Назика

ОП-39-35. Жика эгер кетчү болсоң, кайра келсең сени менен жүрсөм Нурик деген атым өчсүн, макулбу сени кыз дейт. Сен түшүнсөң, жигит үйлөнсө ала качып алат, а кыз тилегине жетпей сүйгөнүнөн айрылып калат. 07776402хх

ОП-39-36. Менин саламым "Алатау" базарында иштеп жаткан аяш агам Эрланга жолдонот. Ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпесин, ишиңизге ийгилик. Рита

ОП-39-37. А.Филатовдун модерн балетине ысык салам. Достор мыкты бийчи болгула. Хореографым Максатка жана Зикого чоң салам. Кейси

ОП-39-38. Баарынан да Гүлнур эжем жакшы! +79607965хх

ОП-39-39. Салам Ботоля! Эй досум боюң качан өсөт? Эмне мынчалык сулуусуң? Кейси

ОП-39-40. М.Иманбеков Ошко концертиңизди коюңузчу, сураныч. Сизди жакшы көрөм. Айдай

ОП-39-41. Ырчылар Дайыр Исмадияровго, Мирбек Иманбековго, ди-джей Канат Кадыровго, Эдил Эркинбаевге, теле алыпбаруучу Шайырбек Араповго чыгармачылык ийгилик, ден соолук, таза-тунук сүйүү каалайбыз. Айзада, Акбары

ОП-39-42. Саламым "Обон" гезитинин жалпы жамаатына жана өзгөчө Жылдыз эжеге, мен силердин ишиңерге ийгилик каалайм. Асманыңар ачык, жүзүңөрдөн күлкү, жүрөгүңөрдөн сүйүү өчпөсүн. Ар дайым бар болгула, аман болгула. Элдин сүймөнчүлүгүнө арзыгыла. Эля

ОП-39-43. Алматыда иштеп жаткан кыргыздарга чоң салам. Ишиңерге ийгилик, бакыт каалайм. 870241369хх

ОП-39-44. Ыйык туткан кумирим Д. Акуловага, Динара эже өмүрлүү болуңуз. Шаркырап аккан тунук суудай болгон таза үнүңүз менен жүрө бериңиз. Сизге Кудай күч-кубат берсин, ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болсун. Талантыңызга шык улансын. Талыкпай ырдай бериңиз. Сизди жакшы көрөм. Жипаш 07771461хх

ОП-39-45. Таятам Сабыраалы, таенем Гүлжамалага, таяке-таежелериме салам. Аксана

ОП-39-46. Салам "Обондун" смсчилери. Келгилечи элибизди, жерибизди сүйөлүчү. Мен сиздер менен биргемин. Кыргыз элиме Алматыдан ысык салам. Рита

ОП-39-47. ОшМу ФМО группа 1-СА Айсалкын бар бол. Аида

ОП-39-48. Алматыда "Кулагер" базарында иштеген бардык кыргыздарга ийгилик каалайм. Алтынай

ОП-39-49. Ошто окуган бөлөм Жуси, тоюңа кудай буюрса барабыз. Бөлөң Алтынай

ОП-39-50. Бурул чоң рахмат. Баары жайында, буюрса Ч.Мырзаевдин жакында жеке концерти болот экен. Ошондо жолук, макулбу? Мемо

ОП-39-51. Рахмат Назира. Айтканың келсин. Канжар сага да чо-оң рахмат. Асыл Дордойдо болсоң, мен Кербен базарындамын. Эрке кыз Гуля сизге да чоң рахмат. Дамира сага өзгөчө рахмат. Алтындай болгон апаңа менден салам айт. Кербен-Куба

ОП-39-52. ОП-38-226 Айдай Тариэлдин сүйлөшкөн кызы кыргызбы, өзбекпи, оруспу айырмасы канча сага? Сүйүү деген улутуна карабайт. Билип ал. Казашка 90

ОП-39-53. Салам Динара эже! Мен азыркы учурда ыр жаздырып жаткан учурум. Эмнеси болсо да сиз улуу муундагы ырчы айымсыз. Сизден шоу-бизнестин анча-мынча сырларын сурайын дегем. Сый-урматым менен Кербен-Куба

ОП-39-54. Салам "Обон +" командасы, Шахсанам, Акыл, Руси жана "Кыргызстан обондорунун" мукам үндүү ди-джейи Эдил Эркинбаевге өзгөчө салам. 07774393хх

ОП-39-55. "Керемет жашоо" командасындагы Айдеми-Айка, Айжан, Аделина, Азат, Батина, Гүлбарчын, Кербен-Куба, Токиге ысык салам. Дайыма бирге, ынтымактуу бололу. Мемо

ОП-39-56. Дүйнөгө таанымал жылдыздар күйөрмандары менен кучакташып, каалаганча сүрөткө түшүп, күлүп-жайнап пикир алышышат. А биздин жылдыздар жалдыратып, ар шылтоонун башын айтышып сүрөткө түшпөй, автограф берсе эки ооз сөз жазышат. Мемо

ОП-39-57. Ильяз жаным, сени сагындым. Эмне көрүнбөй кеттиң. Мен сен жөнүндө сонун түш көрдүм. Эч качан ушул калыбыңдан жазба. Сен меники гана болосуң. Мадина

ОП-39-58. Тагдырдын тайгак ташын басып жапа чеккен кыздар болсо жашоодо жеңилдик берип бири-бирибизге смс жазышалы. 07776402хх

ОП-39-59. Кыздар-балдар менен таанышам. Айгерим 07721189хх

ОП-39-60. Кыргыз элиме салам. Ар дайым бактылуу болгула. Таласта иштеген Кулботаев Темирбек Аллакулович.

ОП-39-61. Баткендиктер барсыңарбы? Смс жазгыла. Жоомарт мектеби алдыга! 07774647хх

ОП-39-62. Динара эже, кыргыз элинин сыймыгысыз. Бар болуңуз. Алина

ОП-39-63. Баткендеги Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин 11-классында окуп жаткан Чынышкага салам. Ар дайым күлүп жүр. 07774647хх

ОП-39-64. Менин саламым Динара Акуловага. Мен сизди аябай сыйлайм. Сизге узак өмүр каалайм. Дайыма сахнада бар болуп, күйөрмандарга бай болуп, ден соолукта жүрүңүз. Биз үй-бүлөбүз менен сизди жакшы көрөбүз. Наргиза 07723395хх

ОП-39-65. Хан-Шайга салам. Күздүн деми мага жакын дайыма, жаан сымал жаш төгөм кээ бирде. Менин дүйнөм түшүнүксүз баарына. Мындай кезде бөлөк жан жок же бирге. Гүлбешекер

ОП-39-66. Саламатсызбы Динара эже, иштериңиз кандай? Мен сизге узун өмүр каалайм, элдин алдында ырдап жүрүңүз. Мен сизди колдойм. 05509492хх

ОП-39-67. Ч.Мырзаевге салам. 25 жаш туулган күнүңүздө иштен чыгышыңызды күтүп туруп куттуктаганмын. Ошол мүнөттөр кайра келсе, ээ чиркин. Нурия

ОП-39-68. Алтыным менин асылым, токойлордо сайраган булбулумсуң. Күмүшүм менин шакарым. Караңгыда жарык берген айымсың. Күнгө да алмаштыргыс Чынышкам менин. 07774647хх

ОП-39-69. БКС кыргыз эли кыйналды, элиңдин ишеничин актай албагандан кийин отставкага кетип калганың оң го. 07734775хх

ОП-39-70. Сүйгүм келет, жаш жандырып жаш болуп, жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп. Жанар тоодой жалын чачкан отуңа, чыккым келет жанып чыккан таш болуп. 07738194хх

ОП-39-71. Аскар аке, сиз сулуусуз. Бар болуңуз, соодаңыз боло берсин. 770260563хх

ОП-39-72. Менин ыйык туткан кумирим Д.Акуловага. Өмүрлүү болуңуз, шаркырап аккан таза үнүңүз менен жүрө бериңиз. 07771461хх

ОП-39-73. Айка Жалал-Абаддыктар чынында эле супер. Жердеш экенбиз. Эма Гузел

ОП-39-74. Адас, сен кимсиң? Бооруң ооруса боорго теппейин, бирок мен ушунчалык Эламанды жакшы көрөм, сөз менен айтып жеткире албайм. Апасы да мендей жакшы көрө албаса керек. Унут дегени эмнеси, эгер күн чыкканды, ай батканды унутса анда мен Эламанды унутам. Эма Гузел

ОП-39-75. Эмне Бактыгүлдү жамандай бересиңер? Мактана турган нерсеси болсо мактана бересин. Бактыгүл эже супер. Каныкей

ОП-39-76. Менин саламым Мухаммедге жолдонот. Мен сени сүйүп калдым. Махинур

ОП-39-77. "Самал" базарында иштеген Самара менен Кенже, Нарышты көп талашпагыла анын сүйгөн кызы бар. Ким экенин билгиңер келсе сурагыла. Нурдан

ОП-39-78. Астанада дружбада жашаган инилерим Чыйбылга, Даирге салам жолдойм. Эркин

ОП-39-79. Саламым Султан Садыралиевге. Алдыда бере турган концертиңизге ийгилик каалайм. Мен сизге дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Эля

ОП-39-80. Айланчыктап бир орунга туралбай, ойлор сызат бийиктеги тумандай. Көп кыйналбай күлүк болсом не болмок, Сени алып учат элем суранбай. 07738480хх

ОП-39-81. ОП-38-82 Гүлшан кыз болсоң да азаматсың. 770247295хх

ОП-39-82. Хан-Шай мүмкүн болсо 89268643680 ушул номерге өзүңдүн номериңди жиберип койчу, сени менен таанышкым келет. Анари

ОП-39-83. Гуля89, сен азаматсың, кыз деген өз баркын билиш керек, катуу тийсе кечиргиле. Гуля, эгерде сага туура келсе ушул номерге номериңди жиберчи. Сени менен достошкум келет. +792506366хх

ОП-39-84. "Бекжан" базарында иштеген досубуз Наргизанын 27-октябрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Ага чың ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалайбыз. Ырысгүл, эжең Чынара

ОП-39-85. "Керемет жашоо" командасына салам. Ошол командадагы окурмандар чалгыла. 0777815969

ОП-39-86. 17-октябрда жолуккан смсчилер Тилек, Сезим, Аймээрим, Кыял, Гүлзат, Наргиза, Айка, Тилек, кичинекей Амина жаным балалыктын балын татып чоңой. Силерди эч качан унутпайм. Шахноза

ОП-39-87. Динара эже, сиздин нурдуу жүзүңүзгө, келбетиңизге ар убак суктанам. 07736748хх

ОП-39-88. Динара эже "Ак куу белең айперим" аттуу ырыңызды жаныңызда олтуруп уккум келет. 07772653хх

ОП-39-89. "Керемет жашоо" командасына жана "Обондун" жалпы окурмандарына салам. Бар болгула сүйүктүү достор. Канжар

ОП-39-90. Жылдыз Жусупова, күлүп койгон балдардын баарын сүйөт экен деп ойлобо. Адилетке көп жабыша бербе, капа болуп каласың. 07771563хх

ОП-39-91. Өзгөн районунун Мырзалык айылындагы Б.Асранкулов атындагы мектепти 2007-жылы бүтүргөн классташтарыма салам. Оштон Дамира

ОП-39-92. Доскем Мамыркалиева Жылдызга салам . Бактылуу кыз бол. Жылдыз

ОП-39-93. Жанымда болсоң да менден алыстасың, оюңда барын неге ачык айталбайсың? Мага көңүлүң барбы деги? Мени сүйөсүңбү? Кандай билсем болот сага керегимди? Канжар

ОП-39-94. Менин кумирлерим Бегимай Бекбоевага, Даниелге салам. Талантыңар ташкындай берсин. Гүлмайрам

ОП-39-95. Россияда жүргөн бөлөлөрүм Айбек, Каныбек, Роза, Гүлмирага, Казакстандагы досум Абайга, Кореядагы Мирага жолдонот. Телефон чалбай койдуңар го? Канжар

ОП-39-96. КГУСТА университетинин ИНИТ факультетинин ПМ-1-07 группасына чоң салам. Көп окуп, көп билели. 07770860хх

ОП-39-97. Саламатсызбы Динара эже, сиз менен баарлашып, сүрөткө түшкүм келет. Арманым орундалат бекен? 07772653хх

ОП-39-98. Саламатсызбы Акулова Динара эжеке, атыңызды укканда эле шөкүлөчөн, жарашыктуу көйкөлгөн кыргыз көйнөкчөн аккуу сымал элесиңизди дароо эле көз алдыма тартыла түштү. Сизге амандык, күлгүндөй жаштыкты, аялзатына керек болгон чоң байлык бул бакыт экен, ошол ырыскыдан кем болбоңуз деп тилейм. Альбина 07722129хх

ОП-39-99. Алматыдагы "Болашак" базарындагы жездем Мейкинге жана жеңелерим Бурма, Алтынайга салам жолдоп алардын иштерине ийгилик каалайм. Гүлназа

ОП-39-100. ОП-38-226 Айдай ар бир адамдын эрки өзүндө. А сага айтаарым өз жолуң менен болчу! 07778333хх

ОП-39-101. Саламым супер смсчилерге. Силер "Обондун" көркүсүңөр, бар болгула. Тариэл

ОП-39-102. Досум Кербен-Куба, бешик бооңор бек болсун. Силердин ак тилегиңерди актаган кыздардан болсун жана артынан көптөгөн чүрпөлөрдү ээрчите келсин. 07778333хх

ОП-39-103. Салам смсчи достор, "Обонго" жаңыдан эле кошулдум. Бар болгула. Арзуу

ОП-39-104. Ден соолук -бул адамдын эң башкы байлыгы, ден соолук болбосо жан кайда, туурабы достор. Бул ырыма көз карашыңар кандай? 0550144195 номерине смс жазгыла, күтөм. Табигат сырдуу кыз Алтынай

ОП-39-105. "Обондун" жалпы жамаатына ысык салам. Ошондой эле көлдүктөргө жана Тегизчил айылына чоң салам. Гузел

ОП-39-106. Салам Эля, сени менен тааннышканыма кубанычтамын. Жакшы кыз экенсиң, дайыма дос болуп жүрөлү. Шааринса

ОП-39-107. Жаркылдаган өзгөчө ди-джей досум Эдуси, мен үчүн өзгөчө жансың. Альби

ОП-39-108. Бизнесмен досторум Дилмурат, Шам, Тама, Рахатка ийгилик. Альби

ОП-39-109. Жакындарым, досторум ар убак жанымда, мен чексиз бакыттамын. Альби

ОП-39-110. "Бекжан" базарында иштеген Айжаркынды 24-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Сени куттуктап Назмидин

ОП-39-111. Менин алтын досторум Мемо, Айдеми-Айка, Кунчуайпери, Лазат, Барби, Канжар, Нурзат, Табигат, Алтынай Фирдаус, Нургүл, Асылзат+Аби, Перизат, Айдай кандайсыңар? Телефон номериңерди жоготуп алдым. 077781596 Гүлмайрам

ОП-39-112. Кыргыздын анча-мынча кыздарында уят деген калбаптыр. Айрыкча Гүлзада деген кызда, ата-энеңден тарбия алгансыңбы? Кыргызда сендей кыздар бар экендигине өкүнөм. Уялсаң боло. Периште

ОП-39-113. Урматтуу "Обондун" окурманы Айдар, сен Москвада экенсиң, мага бир мырзаны табышканга жардам бересизби? Аты Мирлан, 25 жашта, "Натали" деген фирмада менеджер болуп иштейт. Анын номерин жоготуп алгам. Жообун "Обондон" табаармын. Алдын ала рахмат. Бишкектен Наргиза

ОП-39-114. Менин саламым Иманбековго жана курбум Асан кызы Бактыгүлгө жолдонот. 07730608хх

ОП-39-115. Омар, мен сизди чексиз сүйөм. Элиза

ОП-39-116. Тараз шаарындагы "Эркебулан" базарында иштеген кыздар-балдарга чоң-чоң салам. Силерге каалоом өчпөс сүйүү, бактылуу болгула. Тараздан Айголек

ОП-39-117. Шайыр мүнөз, кең пейилдүү менин сүйүктүү ди-джейим Эдил Эркинбаевге чоң салам. Сүйүп уккан угарманы Гүлнара

ОП-39-118. Мыкты смсчилер Аида, Т.Т. Айжамал, кичинекей эрке Асылай кайдасыңар? Ишиңерге ийгилик, ар дайым бар болгула. Силерди жакшы көрөм. Эля

ОП-39-119. "Кыргызстан обондору" кандай сонун. Кыргыз элдин жүрөгүнөн орун алган, жашоонун кереметин даңазалаган, угармандын бардыгын өзүнө тарткан радио "Кыргызстан обондору". "Обон+" командасына салам. Гүлнара

ОП-39-120. Супер смсчилерге супер салам. Батина эже мени да кошуп алгылачы? Данчик менен Алиханга чыгармачылык ийгилик, арчадай жаштык, узак өмүр каалайм. Кант шаарынын калкына, базарына №2 орто мектебине супер салам. Аруукеге, Гүлжанга, Анварга, Аддиге, Мусага, Сакуга, Алишер байкеге баардыгына салам. Канттан Макуся

ОП-39-121. ОП-38-82 Гүлшан азаматсың. Дайым алга! Сендей патриот кыргыздарда көбөйө берсин. Ырың аябай сонун экен. Өзүң жаздыңбы? Расул

ОП-39-121. "Бекжан" базарында иштеген Мирлан, сизди сүйөм. Бирок сиз мени эмес, башкасын дейсиз, мага кайтың, суранам. Элиза

ОП-39-122. Адам деген кандай татаал аппарат? Капкактарын кандай адам ача алат? Кээ бирөөлөр тетигинен жаңылып, келтиришет бири-бирине акаарат. Эма Гузел

ОП-39-123. Иманбеков үйлөндүбү? Жообун алып бересиздерби, сураныч. +79122772476

ОП-39-124. Наргиза, сен мени менен таанышканыңа, күнүгө сүйлөшүп жатканыңа өтө кубанычта экенсиң го. Сен мага жакпайсың, мен көңүл үчүн гана сүйлөшүп коём. Сенден сураныч көп мага келе бербечи? Жон Жек

ОП-39-125. Дамирага жооп: Ушунчалык намыскөй болсоң эгер, токтотпой сүйөм деген кыздарды, токтотчу моссоветтеги кыздарды. Бул жашоо жалган болсо, сүйүү чындык. Баары бир чыркыратып каталбайсың. Намыстангын кыздар кыска кийингенде. Намыстангын кыздар тамеки тартып сүйүнгөндө. 07770770хх

ОП-39-126. Досубуз Дилмуратка ак жол. Машинаңды катуу айдабагын. Тама, Албиша

ОП-39-127. "Бекжан" базарындагы Элдиярга жазган "сырдуу кыз", өзү сага не керек? Элдиярдын кызы жок, ансыз эле 1 кызды тойгузуп жибериптир. Не көрүп койдуңбу? Солнышко

ОП-39-128. Алматыда иштеп жаткан досторума салам жолдойм. Астанадан Мека

ОП-39-129. "Бекжан" базарында 2-катардагы балдардын кийимин саткан эже-сиңди Наргиза менен Гулиза, мен силер менен таанышканыма аябай өкүнөм. С.С.Н.

ОП-39-130. Ноокат районунда жашап жаткан атам Баатыр, апам Буайша, сиңдим Алинага чоң салам. Ылайым балдарыңыздын бактысына өмүрүңүздөр узун, дайыма бар болуңуздар. Алматыдан Лира

ОП-39-131. "Миң кыял ФМ" радиосунан шайыр мүнөзү менен өзгөчөлөнүп, таттуу кыялдарга жетелеп, угармандардын жүрөгүнө жылуулук тартуулаган супер ди-джей Канат Кадыржанга чыгармачылык ийгилик каалайм. Күйөрманың Айзада

ОП-39-132. Эма Гузелге салам, бир көрүп сүйдүрдүң го. Мынча сулуусуң, сөз жок сага. Куба

ОП-39-133. Ырымда менин сырларым, Сүйүүмдө менин арманым. Арманым аттиң бир гана, Сүйүүмдү айтпай калганым. Эмирлан мен сени жакшы көрөм. Эрке кыз Тома

ОП-39-134. Дамира сүйөм деген сөз кызыкчылыкта жазылбайт. Сүйөм деген сөз чын жүрөктөн айтылат. Абийириңдин актыгын ак төшөктөн билип ал. Намысыңдын бардыгын сүйлөгөнүнөн билип ал. Абийир кетпейт сүйөм деген жазуудан. Абийир кетет жаман сөз айтсаң. Өзүң үчүн ак болсоң болду. Башкаларды ойлоп не кыласың. Романтик

ОП-39-135. Ош облусунун Ноокат районундагы Чеч-Дөбө айылына салам. Алматыдан Максат

ОП-39-136. Урматтуу Акулова эже, сиздин атыңызды айта албайм. Анткени кайненемдин аты да сиздикиндей. Сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Мен да сиздей болуп таланттуу кыздардын энеси болгум келет. Маликадина сен да энеңди тартышыңа ишенем. Бар болуңуздар. Нурсана 07776661хх

ОП-39-137. Саламым Хан-Шай, Мемо, Кербен-Куба, Алтынайга жолдонот. Ар дайым "Обон" менен бирге болгула. Астандан Дамир

ОП-39-138. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чеч-Дөбө айылына салам. Досум Топчубаев Абдышүкүрдү, ОшМунун 4-курсунун студенткасы аяшым Эрмаматова Ыкывалды жаңыдан баш кошкондугу менен куттуктайм. Куш бооңор бек болсун, бактылуу болгула. Досуңар Алматы шаарынан Максат

ОП-39-139. Төө-Моюндун Сары-Таш айылында жашап жаткан Гулипага салам. 07737510хх

ОП-39-140. Досторум Хан-Шах, Тилек, Алтынай, Элмира, Жазайым, Гүлзина, Аскар силерди сагындым, качан көрүшөбүз? Астандан Дамир

ОП-39-141. Алматы шаарында "Болашак" базарында 13-катарда иштеп жаткан Эмирге чоң салам. Эмир декабрда болуп жаткан тоюң кут болсун, ылайым алган кызың менен бактылуу бол. "Алатау" базарынан сырдуу кыз

ОП-39-142. Саламатсызбы Динара эже, биринчиден ишиңизге ийгилик. Мен сизге окшоп ырчы болгум келет, талантым бар көрсөңүз. Мени чакырыңызчы, суранам. Малика салам. Нази 07739056хх

ОП-39-143. Мен сени чексиз сүйөм. Качан келесиң? Сени аябай сагындым го. М... 07731566хх

ОП-39-144. Мен кыргызымдын ыймандуу жана достукка бекем жигиттери менен таанышам. Атым Айжамал 0777116619

ОП-39-145. Султан Садыралиевге чоң салам. Иштерине ийгилик, эч качан оорубаңыз. Оштон Венера

ОП-39-146. Саламым карындаштарым Миргүл, Жазгүл, жээним Ихтияндрга жолдонот. Бар болгула алтындар. Эркин

ОП-39-147. Келдим шаарга алыстагы айылдан, табалбадым жөнөкөй кыз шаардан. Жооп таппайм, же сурай албайм кыздардан, эмне мынча боёнуп алышкан? Жок окшото албадым кыргыз кыздарына, чачын жайып, тамекини тартышкан, ишене албайм кыргыз кызы дей албайм. ОКД90

ОП-39-148. Астанада иштеген досум Дамирге салам. "Обонду" калтырбай окуп жүрчү, жаңылыктан артта калыпсың. 07734477хх

ОП-39-149. Чынгызга: Сезимдин сересинде калкып учкан, сезбестен жүрөк согушун. Мени таштап кеттиң, сүйөмүн ай, күнгө теңеп сени, жүрөгүм сени гана дегдейт. Жүргөндө не көөдөнгө арман уюп, алтыным күтөм сени дайым келчи. Сага арнап ар убакта кат жазамын, көпчүлүктөн көрө аламбы деп карайлаймын. Сүйбөсөң да сүйөмүн деп айтып мага, мен сени сүйгөн кезде таштап кеттиң. Мунара

ОП-39-150. "Обондун" окурмандарына, жан досторум Жибекке, Мээримге салам. Д.Шопоков атындагы №4 мектебинин 11-б классынын балдар-кыздары"Осенный баллда" биринчиликти бербегиле. Делвира

ОП-39-151. Жалал-Абадда жашаган атам Ильяз, апам Каныкей, иним Талгар, сиңдим Маиза мен силерди абдан сагындым. Бишкектен Канымай

ОП-39-152. Саламым Бишкекте жашаган эжем Чолпонго, кыздары Мээрим, Жасминге. Жасмин сен ширинсиң ээ? Канымай

ОП-39-153. Саламым сүйүктүү ырчым Султан Садыралиевге. Бактылуу болуңуз, сиз суперсиз, ар дайым алга! Фирдаус

ОП-39-154. Курбум Нуризаны 27-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Ж...Р менен бактылуу бол, жануся. Фирдаус

ОП-39-155. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Терек айылында жашап жаткан атам Нурмамат, апам Райла, иним Сагынтайга, сиңдим Айгүлгө сагынычтуу салам жолдойм. Атыраудан кызыңар

ОП-39-156. Канат Култаев, Мирбек Атабеков, Алихан, Даниэль, Мирбек кызы Жылдызга салам жолдойм жана чыгармачылык ийгилик каалайм. Жикана

ОП-39-157. Саламым Таразда иштеп жаткан жалпы кыргыздарга. Ишиңерге ийгилик каалайм. Кызылгүл эжеге, Кажыга салам. Беназир

ОП-39-158. Кара-Балта КТУ! Нурлан, Улан, Касым, Улан, Изат, Чолпон, Аскат, Турат, Акыл, Ринат, Чолпонбек силерге салам. Нуриза

ОП-39-159. "Окуу, окуу жана окуу" дей беришет го! Ушундайлардан тажадык. Мугалимдер силерди жаман көрөбүз. Өзгөчө Дынкы агайды. 11-класс

ОП-39-160. Менин эң кымбат бир тууган алтын эжем Ализа Алишеровна, сизди ушунчалык жакшы көрөм, сыйлайм жана сыймыктанам. Сиздей эжем бар экенине чексиз бактылуумун. Амандык тилеп эрке сиңдиңиз Альбиша

ОП-39-161. "Обонтайга" жана супер смсчилер Меришка, Самара, Эма Гузел, Тариел, Кербен-Кубаларга салам. Силерди сыйлап Назика

ОП-39-162. Менин эң жакын адамым М.Атабеков, сен менин жүрөгүмсүң. 05504457хх

ОП-39-163. Азыр сен Бишкектесиң менден узап, Жүрөгүм күндө сени сагынат. Сагынычтын сазынан чыгалбай, жан дүйнөм жабыркап зыңгырайт. Назика

ОП-39-164. Доник, эсиңе кел. Сага анчалык эмне болду? Сен мени өлөм деп коркутпа, баары бир сүйбөйм. Анан да Сырдуу жигит, Саул, Доник, Норис жана Бахрам экинчи мага чалбагылачы, мен силерди сүйө албайм. Айрыкча Доник сага жаман сөз деле бирдей экен. Менден үмүтүңдү үзчү. Назика

ОП-39-165. Ар бир аткан таңым, ар бир күнүм мен үчүн эң кызыктуу жана бактылуу экенин сезгендигим үчүн чексиз бактылуумун. Альбиша

ОП-39-166. Мира, дос күйдүрүп айтат, клибге катышсам катышып деле коём. Дагы айта кетчү нерсе бул суроонун жообун супер кыз Аделинадан алгам. Айжана

ОП-39-167. Мен кумирим Ильяз жана Даниелди сүйөм. Силерге салам. Нуржамал 96
Медина шаарынан эл аралык ислам университетинде окуп келген ноокаттык Чынгыз мен сени Ошто көрүп сүйүп калдым. Саадат

ОП-39-168. Алмаз аке жолуңуз байсалдуу болсун. Сагындырбай телефон чалып туруңуз. Мени да чакырып алыңызчы, билесиз го. Кореяга жакшы жетип алыңыз. Гүлшан

ОП-39-169. Ура-аа, көптөн күткөн Динара эжем "Обонго" келдиңизби? Сизге жолугуу мен үчүн чоң бакыт. Мени да чакыргылачы? Лазат 07725157хх

ОП-39-170. Зарина, Таңнуруна салам. Эртерээк эрге тийгиле. Рано

ОП-39-171. Саламым Мирбек Иманбековго, эртерээк концерт коюңузчу? 2507

ОП-39-172. Оо-уу "Обон", жүрөктү түшүрдүңөр го. "Обонду" ачсам эле Ильяздын жанында мен турам. Баарынан сүйлөштүрүп койгонуңар майдай жакты. Атымды атабай эле турайын, "Фанклубдан" көрүшөөрбүз. А.И.К.

ОП-39-173. Сүйүктүү ырчым Акулова Динара эжеге: Мен кармасам колуңузду күн төрөгөн, мен бир өпсөм бетиңизден гүл өңдөнгөн. Таң каламын татына жүзүңүзгө, эне сизди кылымда бир төрөгөн. Сизди сыйлап Лазат 07725157хх

ОП-39-174. Менин алтындай досторума салам. Мен силерди жакшы көрөм. Назбийке

ОП-39-175. Акылдуу, татына досубуз мугалим кыз Курманалиева Тамара Илясовна ишиңе ийгилик! Алган грамотаң кут болсун. Биз кубанычтабыз, бар бол алтышка, досторуң Альбиш, Раха

ОП-39-176. Менин сыймыктанган кумирим айдай сулуу жылдыздардын мадоннасы Динара эже, сизге кааларым жашоонун нуру, өмүрдүн гүлү болгон ден соолук, назик үнүңүз өчпөй бар болуңуз! Сиз менен беш мүнөт баарлашсам, сүрөткө түшсөм бул дүйнөдө мендей бактылуу пенде болбос. М.Лазат

ОП-39-177. Кумирлерибиз Ильяз жана Султанга чоң салам. Мүмкүн болсо 0550654596,0773390917 чалгыла. Нуржамал, Назбийке

ОП-39-178. Мен туугандарымды, ата-энемди жана тууган-уругумду, баардык мусулман пенделерин, Аллахымды сүйүп жашап келем. Бакуля Баси 077374778хх

ОП-39-179. Сүйүктүү окурмандар Хан-Шай, Аделина, Айдеми-Айка, Кунчуайпери, Жака-Жазгүл, Мемо, Лазат, Асел, Эма Гузел, Гүлшан, Кербен-Куба, Жеңиш Кроша бар болгула. Ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Сүйгөнүңөр силерге сүйрөлүп жетсин. Тюлпан

ОП-39-180. Менин саламым Жалал-Абад облусундагы №77-мектепте окуган досторума жолдонот. Мен силерди сагындым. Канымай

ОП-39-181. Иним Баатырдын 25-октябрь туулган күнү менен куттуктаймын. Бактылуу болуп, кыргыз элинин керегине жараган балдарынан бол, жаным. Сени абдан жакшы көрөбүз. Ата-энең жана эжең Фатима, Фирдаус

ОП-39-182. Чымырканып тагдыр башка салганына, чыдайм сүйүү кордугуна арман кыла. Өмүр жолу такыр башка болсо дагы, өкүнбөймүн сени сүйүп калганыма. Сүйөм сени аны кантип жашырам, Бул оюмду кантип ишке ашырам, Ойлоп-ойлоп ой учуна жете албай, кээ бир түндү уктай албай таң атырам. Мөлмөл

ОП-39-183. "Бекжан" базарындагы Элдияр досума салам жолдойм. Доске, сен ошо "сырдуу кызга" көңүл бурбай эле кой. Себеби сени көрө албайт, сен жылдыздуу баласың. Аны баарыбыз билебиз. Ар дайым биз үчүн бар бол. Таразга качан келесиң? Сени чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Тараздан досторуң

ОП-39-184. Жүрөгүмдүн ханышасы Гуля 89, мени ким экен, кандай жан болду экен деп таңыркап жаткан чыгарсың. Жакынкы күндөрдө баарынан кабардар болосуң. Билип койгун ар дайым, не болбосун сен менин жанымда, жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашап келесиң. Мен сени чын дилимден сүйөм. Сен менин биринчи жана акыркы сүйүүмсүң. Жастин

ОП-39-185. Алматыда иштеп жаткан досторум Алтынай, Жаркынай, Зуля, Динара, Ильяз, Нурлан, Медер, Алмаз, Айбекке салам. Ишиңерге ийгилик каалайм. Алматыдан Жанна

ОП-39-186. Досум Эрданга чын жүрөктөн бакыт каалайм. Жашоо бир келет эмеспи, ушул жашоодо сиздин бактылуу болушуңузду каалайм. Жанна

ОП-39-187. Жездем Мирбек, Гүлзина, Гуля, Үмүт, Айзат ар дайым ден соолукта болгула. Ишиңерге ийгилик. Алматыдан Алтынай

ОП-39-188. "Обон" почтага жасалма ат менен смс жазгандарга супер салам. Ни-Ко-Ся

ОП-39-189. Сыраны ичтим эми эле, таттуусун кара тим эле. Ичишин ичип жыргадым, олтурган жерде жайладым. 07724153хх

ОП-39-190. Бала кезден урушуп-талашып чоңойгон бөлөм, классташым Бегалы менен Мадинанын 1-ноябрь турмушка кадам таштоосу менен куттуктайм. Бөлө кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн, эл сыймыктанган жаш жубайлардан болуп жүрө бергиле. Сый-урматым менен бөлөң Кербен-Куба

ОП-39-191. Мен кыргыздын сулуу кыздары менен таанышкым келет. Азат 87024368696

ОП-39-192. Айгерим Расул кызы, сени ушунчалык жакшы көрөм. Сенин ырдаганың, бийлегениң мага абдан жагат. Мен да сендей болгум келет. Сенин айдай жүзүңдү жаныңдан көрүп, таанышкым келет. Нургүл

ОП-39-193. И.Абдыразаковго: Алыстык арабызды бөлүп турат, жүрөгүм дайым сен деп согуп турат. Түндөсү айды карайм, жылдыз санайм. Себеби алар сени көрүп турат. Сени сүйгөн Делвира

ОП-39-194. Кеша, мен сени сүйгөнүмө өкүнбөйм,сени кандай сүйөөрүмдү билесиңби жаным. Сен менин жүрөгүмдө өмүр бою жашайсың, асылым. Майрам

ОП-39-195. ОП-38-58 Абда кыргыздын кыздары кор болгону жалганбы? Туркияда жүргөндөрдү угуп жүрөбүз, эмне бар Туркияда? Балдарга көп тийишпей жүр! Астанадан Дамир

ОП-39-196. Б.Бадыевага чоң салам. Эң мыкты эл ырчысы болушун каалайм. Астанадан Динара

ОП-39-197. Гүлшан, кыргызымдын сендей намыскөй, патриот кыздары көбөйө берсин. Дайыма кыздарды ыймандуулукка үндөп келесиң, азаматсың. +770212466хх

ОП-39-198. "Берекет" базарында эмгектенген Кутман акеме салам жолдойм. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Сүйгөнүңүзгө жетип, бактылуу болуңуз. Сырдуу кыз

ОП-39-199. "Бекжан" базарында "детский" кийим саткан Кенжеш жаным, мен сени сүйөм. Көрбөй калсам жашоом жок. Мени кыйнабачы, мени сүйөсүңбү? М...

ОП-39-200. Мен сүйгөн жарым Чынгызга салам жолдойм. Жаным, мен сени менен бактылуумун. Ар дайым ден соолукта бол. Сүйүктүүң

ОП-39-201. Алматыда иштеген бардык кыргыздарга салам. Ар дайым ден соолугуңар болсун. Кудайым өзү колдосун. +870261212хх

ОП-39-202. Хализа, мен сизди жакшы көрөм. Келе жаткан туулган күнүң кут болсун. Флей М.Х. ЗХ

ОП-39-203. +77026045022 номериндеги Нурик кандайсыз? Бишкеке келдиңизби? 0773268144 Ж

ОП-39-204. Оо, Динара эже келип калыптырсыз го. Сиңдиңизди сагындырып кайда жүрөсүз? Мен сиз менен жолуккум келип жатат, мени чакырыңызчы. Гүлсана

ОП-39-205. Салам Динара эже, мен сиз менен сыймыктанам. Менин да атым Динара деп мактанам. Кыргызыма талыкпастан эмгек кылып жүрө бериңиз. Динара 07770770хх

ОП-39-206. Сүйүктүү командам "Керемет жашоого" ысык салам. Силер суперсиңер. Айдеми-Айка

ОП-39-207. Эжем Нуралиева Айгүлдүн келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Мира

ОП-39-208. Саламым Алматыда иштеп жаткан эжем Элзада, жездем Чынгыз жана Асема, Арсенге жолдонот. Элзада эже кандайсыз, смс жазып туруңуз. Сизди сагынып сиңдиңиз. Оштон Бегимай 07736779хх

ОП-39-209. Кыркказыктык Азат, мен сени сагындым. Мээрим

ОП-39-210. Айгерим, сага биринчиден ден соолук, чыгармачылык өнөрүң өркүндөй берсин. Жалал-Абаддан күйөрманың Нурсултан

ОП-39-211. Карындашым Элизага уюлдук телефон сатып берем деп калпычы болдум. Буюрса байкең алып берет. Апам Уултайга чоң салам жолдойм, эч жериңиз оорубасын, жумушуңуз болсун. Астанадан Азизбек

ОП-39-212. Өзгөн районуна караштуу Шералы айылында жашаган Гүлсарага салам. Айгүл

ОП-39-213. Сузак районуна караштуу Шатрак айылында жашаган атам Исраилге, апам Аселге жана иним Курманбек, келиним Жазгүлгө салам. Бар болгула! Чымкенттен Нурзат

ОП-39-214. Куршабда жашап жаткан атам Замирге, апам Даткайымга, бир туугандарыбыз Акыл, Бабы, Айзадага сагынычтуу салам. Ата, апа эч качан оорубагыла, ар дайым балдарыңыздын сыйын көргүлө. Акыл, Бабы, Айзада окууңарга ийгилик. Новосибирскден Эрнис, Гүлзада

ОП-39-215. Көгүлтүр ыйык көлдүн ак куусу, ай чырайлуу, айдай жүздүү жандай көргөн кумирим Динара эже менен ар дайым сыймыктанам. Лазита

ОП-39-216. Саламым жанымдай көргөн досум сокулуктук Анарага жолдонот. Ден соолугуң бекем, өмүрүң узун болсун. Ар дайым бар бол. Мен сени сүйөм. Таластан сүйгөнүң Р..Т

ОП-39-217. 07778465хх абоненти билесиңби, эки адам бири-бирин сүйсө таттуу болот. Ал эми бири сүйүп, экинчиси таштап кетсе ачуу болот, туура айтамбы? Аська

ОП-39-218. "Бекжан" базарында эмгектенген Наргизанын 27-октябрь туулган күнү менен куттуктап, ага карагаттай көздөрүң кайгырбасын, кыткылыктаган күлкүң тыйылбасын. Ата-энеңдин күйүмдүү, сыймыктанган кызы бол. Досторуң Айжаркын, Нурай, Ырысгүл

ОП-39-219. Бишкектеги №80 мектепти окуп кеткен досторум Кошбаков Бакытка, Айшага, Аселге, Тазагүлгө, Даниярга, Айзатка супер салам. Чымкенттен Айжаркын

ОП-39-220. Малика, сен таланттуу кызсың. Менин Маликам сендей таланттуу болушун кудайдан тилеп келем. Сенин атыңдан ырымдап койгом. 0777623685

ОП-39-221. М.Иманбеков Ошко концертиңизди коюңузчу! Айдай

ОП-39-222. Динара эже, сизге ийгилик каалайм. Мен дагы сиздей эле көлдүн кызы болом. Маликадай кыз болсун деп мен да кызымдын атын Малика койгом. Маликага бактылуу балалык каалайм. 07776236хх

ОП-39-223. Эх, ырчыларды кандай сүйөсүңөр? Мен кээ бир ырчылардын ырларын жактырып угам, бирок өздөрүн сүйөбөйм. Дамира

ОП-39-224. ОП-37-103 абонентиндеги Бегимай, эмне сенин 1500 сомуңду "Ободун" окурмандары алыптырбы? Ошончо болду милицияга эле арыз жазбайт белең? Аська

ОП-39-225. Саламым Алматыдагы Барахолканын "Кулагер", "Болашак", "Арал" базарларында иштеген кыргыздарга жана "Арал-3" иштеген менин сүйүктүүм Гуля89га. Сен менин сүйүүмдү канчалык четке каксаң да, менин көңүлүмдү калтырууга аракет кылсаң да баары бир сени сүйө берем. Мен сени эч кимге бербейм. Сени сүйөм, сүйөм, сүйөм. Жастин

ОП-39-226. Сүйүктүү атам Чайбеков Бекболго салам. Ата, мен сизди жакшы көрөм. Назгүл

ОП-39-227. Чынгыз Мырзаевдин, И.Абдыразаковдун иштерине ийгилик каалайм. Нуржан

ОП-39-228. Менин саламым Асыл агага, Бактыгүл эжеге жолдонот. Үй-бүлөлүк турмуш кура баштаганыңарга бакыт каалайм. Айдарбек ага, мен сизди сагындым. Максуда

ОП-39-229. "Обон" силердин ар бир саныңарды калтырбай окуйм. Менин саламым смсчилерге жана мени да кошуп алгыла. Атым Асан, Москвадан кыздарга салам айтам жана таанышам. +79260789229

ОП-39-230. Менин саламым Ноокаттын Ой-Талаа мектебинин 11-а классындагы сүйгөнүм Бектурга, анын достору Мукушка, Мирбеке жолдонот. Бекиш мен сени таштабайм. Баткенден Райхана

ОП-39-231. Мен жүрөмүн өзүңдү уурданып сүйүп, кызганамын башкалардан ичим күйүп. Көрсөм деймин күнүгө, жүрөгүмдүн ачкычын арнасам дейм бир өзүңө. Ыйласам да, сыздасам да акыры жетермин бир өзүңө. Саламат

ОП-39-232. Аксы районундагы Акжол айылына сагынычтуу салам. Үмүт

ОП-39-233. Шаардагы 92-жылкы Азиретке салам. Ишенем сен мени сүйөөрүңө, сендей мени эч ким сүйбөс. Келе жаткан туулган күнүң менен. Мен да сени сүйөөрүмө ишен. 0772200436

ОП-39-234. Менин Алматыда иштеген Жанна досумдун 28-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Жаным, сага тилегим дүйнөдөгү эң бактылуу жандардын бири бол. Жүзүңө күлкү, кучагың гүлгө толсун. Ала-Тоонун аппак карындай көңүл, булактын мөлтүр суусундай махабат тилеймин. Кордайдагы досуң Зуля

ОП-39-235. Алматыда иштеп жаткан досум Алтынайга, дос Нурбек менен бактылуу бол. Алматыдан Анара

ОП-39-236. 1-май айылынын тургуну сүйүктүү атам Жаңыбайга, байкелерим Даниярга, Элдиярга каалоорум узун өмүр, бакыт таалай. Менин ушундай атам, байкелерим барына абдан кубанам. Апам Таалайгүлдү жакшы көрөм. Жаным апа, сиз менин эң жакын адамымсыз. Өмүрүңүз узун болсун. Кызыңар жана карындашыңар Жанара

ОП-39-237. Султан аке, ден соолугуңузга, иштериңизге ийгилик. Сизге салам жолдоп, узун өмүр каалайм. Айбек

ОП-39-238. Апам Зейнепке, сиңдим Шаарканга, Сезимге жана бир туугандарымдын баарына салам. Баткенде жашаган таенеме да ысык салам. 07778316хх

ОП-39-239. Тааныштым сени менен 9-октябрда, жүрөгүм сүйдү сени ошол заматта. Ошондо келди мага чын сүйүү, бир гана сага болдум мен байлана. Азыр сен Бишкектесиң менден узак, жүрөгүм күндө сени сагынат. Сагынычтын сазынан чыгалбай, жан дүйнөм жабыркап зыңгырайт. Назика

ОП-39-240. Досум мээримдин келе жаткан 15-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм. Делвира

ОП-39-241. М.Иманбековго, сүйдүм сени сезимдерге багына, сырым ичте, жүрөм сени сагына. Ээлеп алып жүрөгүмдүн бүт эркин, камадың го махабаттын торуна. Ханзайым

ОП-39-242. "Обондун" смсчилери менен таанышкым келет. 0777706735

ОП-39-243. Жанара эжеге, Нурлан акага, Аяз акеге, Зарина эжеге жана Топчубекке салам. Иштериңерге ийгилик. Тараздан Беназир

ОП-39-244. Айбек мен сени сүйөм. Алтынай

ОП-39-245. Саламатсызбы Динара эже, сиздин чыгармачылыгыңызды баалайм. Сизге Алла Тааладан бардык жакшылыктарды каалайм. Мен жакында Россияга кетмекмин, сиз менен жолугуп, эстеликке сүрөткө түшсөм арманым болбос эле. Самара 0550153877

ОП-39-240. Данияр, мен сенин сүйүүңө ишенгем. Сага алданганымды кеч билдим, жашагым келбейт. Ак сүйүүмдү алдадыңбы? 0777831670

ОП-39-241. ОшМУнун 4-курсунун студенти Ашимов Нурбек окууңа ийгилик. Англияга барам деген ниетиңе жет. Астанадан Исраил

ОП-39-242. Кыздар эмне ачык кийинип жүрөсүңөр? Башкалардан өзгөчөлөнүп каласыңарбы? Кыргызга ал туура келбейт. Назбийке

ОП-39-242. Ош облусунун Кожокелең айылынын тургундары ар дайым бар болгула. Астанадан Феруза

ОП-39-243. СМСчилерге салам, сулуу, көркөмдүү, акчасы көп кыздар менен таанышкым келет. 0773139135 Калмурат

ОП-39-244. Салам "Обон", мен корея актёру Сонг Ил Гуук жөнүндө кененирээк маалымат билгим келет. Эң кызыктуу жаңылыктар силерде. Назбийке

ОП-39-245. Аккууну атууга болбойт, Сүйүүнү сатууга болбойт. Жигиттер сулууну көздөйт, сулууда махабат болбойт. Аку

ОП-39-246. Досторум Жаңылай, Гүлнур, Элиза, Айзат, Эрик жана Тилек байкеге ийгилик. Бактылуу болгула. Досуңар Аку

ОП-39-247. Атам Иминге, апам Замирага жана бир туугандарыма супер салам. Кызыңар Айтолкун

ОП-39-248. Динара эже, сиз суперсиз. Кыздарыңыздын урматын көрүп, небере жетелеп, урмат-сыйда жүрө бериңиз. Бар болуңуз, бакыт башыңыздан кетпесин. Супер күйөрманыңыз Назира 90

ОП-39-249. Алматыда "Кулагерде" иштеп жаткан агам Рысбек, жеңем Зыяга салам. Ишиңерге ийгилик, бактылуу болгула. Иниңер Эрлан

ОП-39-250. Жунхай базарында иштегендерге салам. Айгүл

ОП-39-251. Урматтуу Нелли, намысты жолго таштаганга болбойт. Сүйүүнүн кулу бир гана сен эмессиң, кайгырбачы, сабырдуулук менен баарын жеңсе болот. Аська

ОП-39-252. Менин саламым кыргызымдын чыныгы таланттары, улуу муунга, кичүү муунга да жаккан ырчылары М.Атабеков, Омар, И.Акматов, Ч.Мырзаев, А.Акимовго жолдонот. Алар ыймандуу жөнөкөй жигиттер, кыргыздын желегин желбиретет. Силерге ишенем, түбөлүк өчпөгөн инсандарга киресиңер. Маиза

ОП-39-253. Астанадагы Кубага арналат: Көргүм келип көздөрүңдү тезирээк,сени эстесем тулку боюм эзилет. Өмүрүмдө сени мага ыроолоп, сени мага жараткандай сезилет. Ээлеп алып жүрөгүмдү кусалык, калгандаймын ак сүйүүгө тушалып. Келчи жаным, макул десең экөөлөп, кең сүйүүнүн асманында учалык. А...

ОП-39-254. Алматыдан жаным Айкага жалындуу салам. Сагынам, чыдамсыздык менен күтүп жатам сени, көргүм келип жүрөт. Куба85

ОП-39-255. Хализа, сиздей эжем бар экенине сыймыктанам. Жаратканыма миң мертебе ыраазымын менин сиздей эжем бардыгына. Флей М.Х ЗХ

ОП-39-256. Кара-Кулжа районунун Жаңы-Талаа айылында жашаган Гүлбуракка, айтсаңчы алтыным, ачылсын тагдырым, ажарлуу жүзүңдү аябай сагындым. Жумабек

ОП-39-257. Менин сыймыктанган ырчым Динара эже, мен сизге өмүрдү, ден соолукту каалайм. Өмүрүңүз өтө берсин кайгы көрбөй, каалаймын кубанычтуу күндү гана. Лазат

ОП-39-258. Куршабдын Токтогул мектебин 2007-жылы бүтүргөн 11-а класска сагынычтуу салам. Ишиңерге, окууңарга ийгилик. 11-а барсыңарбы? Баарыңарды сагындым классташтар. +796184678хх

ОП-39-259. Мен акылдуу, түшүнүктүү, ыймандуу, билимдүү оштук 25-30 жаштагы мырзалар менен таанышам. 0773073184, маяк кылбагыла.

ОП-39-260. Ой чинек кыз, мен от менен ойношомбу, чок менен ойношомбу ал менин ишим. Сен мага акыл үйрөтпө. Эмне, Амантур сени коркутуп койдубу? Жакшы болбоптур, байкуш чинек кыз. Асел

ОП-39-261. Менин эң жакын байкемдей сүйүктүү досум Эдил Эркинбаев супер ди-джей наамың кут болсун. Ар бир ийгилигиң бизди кубандырат жана супер наамга сен татыктуусуң. Ардактуу ата-энеңдин, бир туугандарыңдын, досторуңдун, күйөрмандарыңдын кадыры, сыймыгы ошондой эле жанып турган жылдызы бол! Сени чын жүрөктөн куттуктап, чексиз жакшы көрүп, бекем кучактап досуң Рысбаева Альбина-Альбиш

ОП-39-262. Абда, досум мага "Обон" гезити абдан жагып калды, сага бекем ден соолук, ишиңе ийгилик каалайм. Барчынай

ОП-39-263. Динара эже сизди кичинемден кумир тутуп келем. Ошко кетет элем сизге жолугуп кетейин сураныч. Алтынгүл. 07726868хх

ОП-39-264. И.Абдыразаковго супер салам.Талантыңыз ташкындай берсин, бар бол, бай бол. 07735855хх

ОП-39-265. Неля мен сага баа бердим. Cен аябай акылдуу экенсиң. Таш менен урганды аш менен урдуң. Бактыгүлгө теңелбей эң туура кылдың. Cага чыгармачылык ийгилик каалайм азаматсың. Арапат

ОП-39-266. Оо кыздар, көк түтүндү ичке жуткан. Кайда калды кыз намысың ыйык туткан? Ойлодуңбу тамекини тартып жатып, келечекти өспөй кайра кулап жаткан? Кере-кере тартасың, кай жинди сени мактасын? Же калппы? Жоодар

ОП-39-267. Жаз гүлүндөй ачылган. Кыргыз ырын жаңырткан. Чыгыш бийин бийлеген. Назик, сулуу Неля эжем жалганчы кылып жигитти, тамшандыра ырдаган. Кусага батып эңсеген балалыгын Неля эжем. Дайыма бар болуңуз. Феруза

ОП-39-268. Жакшылыктын эрте-кечи жок демекчи, Кербен Куба байке бешик бооңуз бек болсун. Кызыңыздын ден соолугу чың болсун. Кызыңыздын кызматын көрүңүз. Канттан Макуся

ОП-39-269. "Жүрөгүмдөн", жана "Кара көз" деп ырдаган ырчы Мелис Абдрашитов байкебиз үйлөнгөндөн кийин көрүнбөй калды го? Кабар алып көргүлөчү? Данчикти качан чакырасыздар? Канттан Макуся

ОП-39-270. Апа баары үчүн кечириңиз. Мен сизди кечирдим. Кызыңыз

ОП-39-271. Саламым алтындай апакем Ахмедова Наринисого, атам Паңсатов Нуъумага. Андан соң инилерим Улукбекке, Бабурга, сиңдилерим Дильнозага, Хафизага. Мен силерди аябай жакшы көрөм жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Наргиза

ОП-39-272. Айтып берчи мага сүйүүңдү угуп турайын, ачып берчи сырыңды сыздатпачы, кандай деген сезимиң бар? Балким сенин да сүйүүң меникине окшоштур. Балким арманың бардыр жетпей калган сүйүүңө. Балким ал сүйүүңдү издеп жүргөндүрсүң мага окшоп. Ошондо гана издеп алайын сени., тандап алайын сени миңдеген жымыңдаган жылдыздардын арасынан, өмүрлүк сүйүүмдү сага белек кылайын.Издеп келем сени ар дайым, ал анткени алакандайжүрөгүмдө чоң сезим бар сага деген. 0550468904

ОП-39-273. Ойлон жаным, жан ойлоого жаралган, сени ойлоо кан-жанымда тараган. Ойлобойт деп ойлонбогун жан эркем, эгер билсең мен сен үчүн жаралгам. Тахмина

ОП-39-274. Гүлшан эже СМСиңизге чоң ыраазычылымды билдирем Кудайым колдосун. Канттан Макуся

ОП-39-274. Бактыгүлдүн күйөрмандары эмнеге эле Неляны жамандай бересиңер. Көп дөөрүбөгүлөчү. Аська




- Сиз ушуну айтайын деп мында келип отурасызбы? Мындай кабарды мага жеткирбей эле койсоңуз болмок экен. Чынында тигил аял өзүн абдан ыңгайсыз жана алсыз кармап турду. Анын жүзүнөн чарчагандык жана бир нерседен катуу кыйналгандык даана байкалууда. Ушул мезгилдеги абалын көрүп боорум ооруп аяп жибердим. Аял болгон күчүн жыйнап, бирок ошол эле учурда абдан кыйналып туруп:
- Сиз мени алдап жатат деп ойлобоңуз, Бахиддин аялы бар экендиги чын. Ошол аялын бактылуу кыла албаган неме сизди бактылуу кылаарына таптакыр ишенбейм... Калганын сиз өзүңүз билесиз да, деп бирөө сабап жаткандай онтоп айтты. Эң кызыгы, ал ушул сөздөрдү кобурап жаткандай кадимкидей көзүнөн буурчактап жаш куюлуп турду. Мен мындай кыйынчылыктан куткарып алаксыткым келди:
- Сиздин атыңыз ким болот? Ал кыжаалат болуп бир топко чейин туруп анан:
- Анын сизге зарылчылыгы жок болчу, бирок мен атымды айтпасам сиз мага таптакыр ишенбейсиз. Мен чындыктын далили катары өз атымды сизге айтайын,-деп уктабаган адамдыкындай кыпкызыл көзү менен мени теше тиктеди да:
- Мени Сагидат деп айтышат. Акырын угулаар-угулбас үн менен бирөө тыңшап тургандай шыбырап. Бир караганда атайын ошондо түр көрсөтүп жаткандай, экинчи тарабынан ооруп катуу кыйналып тургандай, мен кайсынысына ишенээримди билбей башым маң. Бирок сыпайыкерчилик үчүн:
- Мынчалык кыйналып турсаңыз, келип убара болбой эле койсоңуз болмок экен,-дедим ооз учунан. Ушуну сен чын ниетиң менен айттыңбы дегендей ичимди аңтара абдан теше тиктеди да:
- Менин мында эмне үчүн келгенимди сиз кийин кечирээк түшүнөсүз,-деп, мени менен коштошпой, артын бир карап койбой чыгып жөнөдү. Аны токтотууга менде дарман жок эле, ошондуктан чай ичип кетиңиз дегенге да жарабадым.
Ошол күндөн баштап оорум күчөп төшөктөн турбай калдым. Күнүгө атам бир врачты ээрчитип келет, анысы мени көргөндөн кийин алар мага угузбай ата-энем менен бир нерселерди сүйлөшөт да чыгып кетет. Менин байкашымча бир келген врач экинчи келбейт, ошол бойдон жоголот.
**
Кийинки күндөрү апамдын ыйлаганы көбөйдү, аны мен көзүнүн шишигенинен байкайм. Барган сайын ата-энеме жеңилдик түзмөк тургай оорчулук алып келип жатканымды байкадым. Өлүмдөн башка эч нерсе ойлобойм. Көп учурда мен өлсөм кимдер ыйлап, кимдер ыйлабасын арбын элестетчү болдум. Бул ой башыман кетпейт, кайра эмне үчүн өлүмдү гана элестете берээриме өзүм таң калам. Менин жашоом ушул эле болуп калган, чынында булардан башка эч нерсе башыма кирбей, кээ бирде гана Бахиддин, мен өлсөм кандай абалда болоорун ойлочумун.
Төшөктөн башың көтөрүлбөгөндөн кийин канча күн өткөнүн да санабай калат эмессиңби, менде да ошондой учур келип жеткен. Чынымды айтсам уктап жатканымды же уктабай жатканымды толук ажырата албай калган элем. Ошондой күндөрдүн биринде үйгө Бахид келди. Анын келгенин мен эч ким айта электе эле билдим. Ал апам менен бир далайга чейин сүйлөштү да, анан мага келишти. Апам аны жек көрүп жактырбай турса да:
- Мына бул курсташың сага келиптир. Сени бир тамырчыга көрсөтөм дейт, барасыңбы?-деп ооз учунан сурап койду. Апам мени "жок, барбайм" деп айтат деп ойлосо керек, бирок мен ага каршылык кылбадым. Апам аны менен жибергиси келбей:
- Көрдүңбү балам, ахыбалы начар... тигинтип төшөктө жатат,-деди ооз учунан. Бирок кайра чын сырын жашырбай:
- Жакшы болуп кетсе деп Кудайдан тилеп жатам. -Акырын кобурады. Ушуну эле күтүп тургансып Бахид:
- Мен ал кишини билем, андан көптөгөн адамдар жакшы болгон. Элмира барса деле жакшы болуп кетээри ажеп эмес. Алып барып көрбөйлүбү?-деп катуу сураныч кылды. Апам буга эмне дейсиң дегендей мени карайт. Мен ал кишисине барышты эмес, ушинтип оорутуп жаткан өзү менен ачык сүйлөшүү үчүн барууну туура көрүп турдум. Менин көңүлдөнүп калганымды байкап апам телефон менен такси чакырып берди. Азыр ага эмне болсо да баары бир болгону менин жакшы болуп кетишим керектигин түшүнүп турдум. Бир мезгилде ушунчалык жек көргөн Бахидди башкача бир жалооруган маанай менен карап турганына, мен көрүүчү бардык жакшылык ушул Бахиддин колунда калгандай зор үмүттөнүп жалдыраганына, бир сыйра көз салып, пендечиликтин татаал мыйзамдарына таңданып машинеге отурдум. Кызык жери, апам ага менин кызымды кайда алып барасың дебеди. Сыягы мурда айтып койгон окшойт, ал бизге далайдан бери тааныш, ал тургай жакын адамдай апам мени машинеге салып берип калып калды.
Бахид такси айдаган немеге бирдеме деп күңкүлдөдү да бир кагазды ага көрсөттү. Биз бара турган жердин адресин көрсөтүп, анын билээр билбесин сурап жатканын түшүндүм. Айдоочу бир саамга ойлонуп туруп, анан Бахиддин өзүнөн кайра бир нерселерди тактап алды да, андан соң машинеге отуруп жолго чыктык. Чынын айтсам, кайда баратканыбызды билген жокмун, азыр элестетип көрсөм, тамеки фабрикасынын артындагы үйлөрдүн биринде окшойт, жер кепедей бир тамга келдик. Такси айдоочу сыртта күтүп, ал эми биз сырткы калитканы ачып короого кирдик. Ырас, Бахид келгенден кийин мен бир топ эле оңолуп калгандыгымды байкадым. Бул жерге биз эмнеге келгенибизди билүү мага чынында кызык болду. Жолдо ката Бахидден эки-үч сыйра сурасам да ал мага жеткиликтүү эч нерсе түшүндүрбөдү.
Калитканын айланасы сынган шыйпырлар менен тосулуп, ал эми андан аркысы зым менен чырмалып курчалган экен. Согуштан кийин салынган үйлөрдөн болсо керек, терезелери аты эле болбосо, кичинекей жарык кирүүчү бир жыртык десе болот. Каалгасы түз жыгачтарга латын алфавитиндеги зетти кадап койгондой элестеп, ал эми алардын арасынан суук кирбесин деп булгаары уруп койгону көрүнүп турат. Эшиктин алдына таштарды тизип ага кадимки камыш дорбодон салып койгон.
Сырткы эшиктин ачылганын укту окшойт, үйдөн бир аял чыкты. Ал аялдын кейпи мага өткөн кылымдарды элестетип жиберди. Башына аппак жоолук жамынып алган, минтип айтканымдын себеби, ал жоолук жөн гана башынан ылдый салаңдап турат, учу байланбаган. Мен аялга кандай таңыркасам ал мага ошондой таңыркап, бутуман башыма чейин тиктеди да бир мезгилде эсине келгендей:











??.??