Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дарамет

Эр жигиттер элдештиби?
Шоу бизнеске продюсер деген термин киргени жаш ырчылардын көпчүлүгү алар менен иштеше башташты. Бирок алардын арасында катуу таарынышып, ал тургай бет карашпай урушуп кеткендери да болду. Булардын ичинен элге өзгөчө таасир бергени Канат Култаев менен Темир Назаровдун жаңжалы. Бир кезде эл ичинде Темир продюсери Канатты "өлтүрөм, соём, жоготом" - дептир деген ушактарды да кээ бир гезиттер жазышып, эки мырза бир канча убакыт түшүнүшө албай, бири-бирин жамандап гезит беттерин да жаандан кийинки козу карындай эле толтурушту эле, эми "эрди намыс, коёнду камыш өлтүрөт"-дегенди эске алыштыбы же "улуусун урматтап, кичүүсүн ызаатташтыбы" айтор эмнеси болсо да экөө айдалыдан алышып, кучакташып жарашып турган чактары. Канат Култаев азыркы ырчысы Мирбек Атабеков менен Ош жергесине концерт коюп баргандаТемир экөө кайрадан тил табышып, өз шаарына келген конокторду Темир да эр жигиттик кылып оштун палоосу менен сыйлап, жакшы узатып коюптур. Бул кабардын чын төгүнүн билели деп Темир менен байланышканыбызда ал да ушул эле жоопту айтты. Бирок эки мырза тең "продюсер-ырчы катары иштешпейбиз" - деп так секиришти. Алардын айтуусуна караганда жөн гана саламдары түз болуп, ага-ини катары жүрөлү деп чечишиптир. Эмне дейбиз,Манастын жети осуятында айтылгандай Гумандуулук,Айкөлдүк, Кечиримдүүлүктү эске алган эки мырзанын элдешүүсүнүн этеги бек болсун.
Айтурган Сатиева




Кыял Шаршеева, Теле алып баруучу:
"Күйөөмө аялың көөп кетет дегендер болгон"
- Кыял, маегибиздин башында балалыгыңызга кайрылып кетсеңиз?
- Мен кереметүү Ысык-Көлдүн кызы болом. Балалыгым, студенттик курагымдын баары ушул кичи мекеним болгон Каракол шаарында өттү. Бала кезимде тентектик кылбаган, тил алчаак, жоош кыз болчумун. Окуучулук күндөрүм да "5" деген баалар менен ата-энемди кубандырып жүрүп өттү. Мектепти бүткөндөн кийин Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, ийгиликтүү аяктадым. Окуумду бүткөн соң Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында кенже кызматкер болуу менен эмгек жолумду баштадым десем болот. Анан тагдыр буйрук экен жолдошум Кайрат экөөбүз баш кошуп калдык. Кайрат өзү УТРКда кыргыз радиосунунда иштейт эмеспи, анан мени да бул жакка алып келди. Ошентип кыргыз улуттук телевидениесинде журналист болуп иштеп калганыма 4 жылга жакындап калды.
- Азыркы кызматыңыз өзүңүзгө жагабы?
- Ооба, биздин кызмат абдан оор, ошону менен бирге эле абдан кызыктуу десем болот. Мен диктор эмес журналист болгондуктан, эфирге гана чыгуу менен чектелбестен сьемкаларга барам, өзүм текст жазам. Ойлонуп, токсон жолу толгонуп атып жасаган эмгегиң албетте биринчиден өз купулуңа толуп, андан соң эл сынына коюлуп турганы мага жагымдуу. Андан сырткары командировкаларга чыгабыз. Мага жумушум абдан кызыктуу. Ошол үчүн анча-мынча жетишпестиктер, айлык маянанын аздыгына чыдап иштей беребиз.
- Сыр болбосо канча айлык аласыз?
- Бизде иштегениңе жараша гонорар төлөнөт, андан сырткары кошумча акча, (доплата) ай сайын берилчү сыйлык баары биригип 15 миң сомду түзөт.
- Жогоруда айтып кетпедиңизби, командировкаларга чыгабыз-деп. Кайсыл жерлерде болдуңуз?
- Орто Азия мамлекеттеринде болдум, жакында эле Кытайга барып келдик. Ал жактан даярдаган материалыбыз 10 кассета болуптур. Аны компьютерге көчүрүү үчүн эле 10 саат убакыт кетет. Ошентип мындай убактарда түнү менен иштеп калган учурларыбыз болот. Бая күнү эле ушул сыяктуу жумуштарды бүтүрүп, таңкы саат алтыда жумуштан чыгып баратсам, кире бериштеги милиция кызматкерлери таң калып калышыптыр, бирок биздин жумушка байланыштуу мындай учурлар көп эле болот.
- А мындай учурларга жолдошуңуз кандай карайт?
- Ал өзү да чыгармачыл адам болгон соң толугу менен түшүнөт. Анын үстүнө экөөбүз бир жерде иштегенден кийин ал жердин ички "кухнясын" да жакшы билет эмеспи. Мени жаңы бул жакка алып келгенинде "КТРде алып баруучу болуп иштеп, аялың көөп кетпесин"-деген адамдар болду. Бирок Кайрат мага, мен ага ишенгендиктен мындай сөздөр бизге тоскоолдук деле кылган жок.
- Эфирге чыгаарда такай колдонгон ырым-жырымдарыңыз барбы?
- 3-4жылдан бери күндө эфирге чыксам да баары бир студияга киргенде сүрдөнүү болот. Өзүм өтө деле ырым-жырымга ишенбегендиктен бир нерсени такай деле карманбайм,бирок дайыма босогону оң бутум менен аттап, быссымылда деп кирем.
- Эл алдындагы адам болгондон кийин өзүңүзгө көбүрөк көңүл буруп жүрүүгө туура келет да. Бир суткада канча убактыңыз күзгүнүн алдында өтөт?
- Ар түрдүү, бирок жарым сааттан ашык күзгүнүн алдында турбайм. Кээде шашылыш болуп калганда боенгонго 5 мүнөт деле жетишет.
- Диета кармайсызбы?
- Тамак деле ылгабайм, каалаган учурумда каалашымча эле жейм. Курбуларым да тамашалап, "бизге деле сырыңды айтчы, кантип өзүңдү бир калыпта сактайсың"-деп тамашалап калышат.
- Кайын журтка барганда жоолук салынасызбы?
- Айылдагы туугандарга барганда жоолук салынам, ал эми кайнене, кайнатам өздөрү уруксат беришкен.
- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Бош, дем алыш күндөрдө үйдө болгонду жактырам. Үйдө түрдүү салаттарды же дагы башка жаңыча бир нерселерди жасап эс алам.
- Маегиңизге рахмат. Ийгилик каалайбыз.
Маектешкен Айтурган Сатиева




Анкета
Аты-жөнү: Кыял Шаршеева
Туулган жылы: 1982-жыл 25-июнь
Туулган жери: Ысык-Көл областы Каракол шаары
Бою, салмагы: 1,65см, 50кг
Жактырган тамагы: Балык этинен жасалган тамактар
Жактырган түсү: ак, кызыл
Жактырган жаныбары: жылкы, ит
Жактырган машинасы: Джип
Сүйүнгөнү: Жашоодогу бардык ой тилектери акырындап аткарылып келатканы.
Өкүнгөнү: Өкүнбөйт
Кумири: Ар бир адамдын жакшы сапаттарын алганга аракет кылат.