Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сыр маек

КРнын Эмгек сиңирген артисти Султан Каримов:
"Досторум мени карызга батырып качып кетишти"
- Султан байке, мен эс тарткан кезимден сиздин ырларыңызды угуп чоңойдум. Теледен көргөндө эле чачыңыздан дароо таанып алчу элем. Чачыңызды качантан бери, эмне себептен өстүрөсүз? Маегибизди ушундан баштасак.
- (Күлүп) Чоң рахмат. Менин чачымды чын эле бала чагыңыздан байкап жүргөн экенсиз. Мени тааныткан чачымды 1975-жылдан бери өстүрүп жүрөм. Боёнуп жүргөн кыздар боёнмоюнча көчөгө чыгалбай калгандай эле, мен да чачымды кыскартып койсом бир нерсе жетишпегендей боло берет. Андыктан узун чач менин имиджим болуп калды десем жаңылышпайм.
- Эл ичинде сизди бири уйгур десе, кээ бирөөлөр түрк, айрымдары өзбек дешип ар кандай имиштер айтылып келет. Бул тууралуу туура жоопту өзүңүздөн уксак?
- "Калк айтса калп айтпайт" деген сөз, тегин жерден чыкпаптыр. Чынында атам Осмон кайсы жылы туулганын, кайсы улуттан экенин так билбейт. Себеби атам детдомдо чоңойгон. Бир айлык кезинде ата-энесин жакындан билгендер атамды Каракол шаарындагы балдар үйүнө ороо-чулгоосу менен таштап кетишет. Кетип жатышып: "Бул бала тектүү жердин тукуму. Атасы каза болуп, энеси ушуну төрөп жатып кара басты болуп көз жумду. Мындай адамдын тукуму алыныш керек. Асырап багып алгыла"-деп айтышыптыр. Ал жердеги тарбиячылар улутун сурабай калганына өкүнүшүп, талашып-тартышып жатып: "тажик, афган, өзбек болсо керек"-дешип, акыры паспортунда "өзбек" болуп жазылып калат. Детдомдун кызматкерлери кеңешишип фамилиясын Каримов, атын Осмон кылып коюшат. Атамдын өзүнүн айтуусунда болжол менен 1914-жылы туулган. Апам болсо уйгур кызы. Биз апам тарапта чоңоюп калгандыктан "уйгурбуз" деп айтып жүрөбүз. Үй-бүлөдө 16 бир туугандын эң кичүүсүмүн. Ачарчылык кыйын заманда бир туугандарымдын көпчүлүгү "тиф" сыяктуу ооруларга дуушар болушуп, кичинекей кездеринде эле каза болуп 16дан жетөөбүз аман калыптырбыз. Мен өзүм да бөйрөк оорулуу болуп өстүм. Ошончо баласын жерге берип, татаал тагдырга баш ийип, турмушка сынбай, калганыбызды бөпөлөп өстүргөн ата-энем "пил" болгон экен деп кээде таң калып кетем.Анан да ташталып, кароосуз калган алты баланы орус, тажик,өзбек,татар дебей өз баласындай кылып бизге берген мээримди аларга да төгүп багып алышкан.Алардын экөөсү ата-энем тирүү кезде Россиядан издеп келишип жолугуп кетишкен. Азыркы учурда төртөөбүз калдык. Балалыгым Жети-Өгүз курортунда өттү. Кыргыздардын арасында коюн-колтук өскөндүктөн, анан калса киндик каным тамган жер Кыргызстан болгондон соң өзүмдү кыргыздын кулунумун деп эсептейм. Ал эми өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу айтсам өмүрлүк жарым Мухабад өзбек кызы. Баш кошконубузга 25 жыл болду. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу 2 уулубуз, бир кызыбыз, 3 неберебиз бар. Кудай буюрса жакында дагы бир неберелүү болгону турабыз.
- Сахнада канчалык деңгээлдеги ырчы экениңизди айтпасак да жалпыга маалым. А, жубайыңызга кандай жар, балдарыңызга кандай атасыз?
- Ачыгын айтсам искусство адамдарынын турмушу бир аз татаалыраак болот. Союз учурундагы артисттер башыбыздан көп эле кыйынчылыктарды өткөрдүк. Жашарга үйүбүз жок, батирден батирге көчүп, турмуштун ысык-суугуна урулуп согулдук. Ошондой татаал жолдорду кабагым-кашым дебей мени менен бирге басып, барына тообо кылып, жогуна чыдап келген жубайыма берилген күйөөмүн деп айтсам жаңылышпайм. Ал менин эң ишенимдүү адамым болгондон кийин мен да ага туруктуу жармын. Балдарыма болсо мен көргөн күндү көрбөсүн деп камкор атамын.
- Жигиттик сөзүңүздү айтыңызчы, аялыңызга кол көтөргөн учуруңуз болду беле?
- Калп айтканда эмне. Союз тарап өлкөбүз жаңыдан эгемендүүлүктү алып, экономиканы эл өзү көтөрүп, тишинин кирин соруп, ар кайсы булуң-бурчта сагыз, тамеки сатып кара жанын араң багып турган учурда 1991-жылы бир-эки жолу кол көтөргөм. Ал да жетишпестиктин айынан болду. Андан кийин бир да кол көтөрө элекмин, эми көтөрбөйм дагы.
- Эң алгачкы жолу сизге ийгилик алып келген күнүңүз?
- Жашоомдогу ийгилигим деп баламдын ыңаалаган үнүн угуп ата болгон кезимди айтат элем. Ошондо өзүм кайрадан жаралгандай эле болгом. Балаңдын "ата" деген үнүн укканыңда бир жагынан чоң жоопкерчилик пайда болсо, бир жагынан жашоонун таттуу даамын сезесиң. Ал эми чыгармачылыкта болсо Чоро Кожомжаров менен профессионалдык сахнага ырдап чыккан күнүм ийгиликтин башталышы болгон. Ал учур 1976-жылдын күз мезгили эле.
- Сахнада ырдап жатканда залдагы көрүүчүлөрдүн көз карашын байкай аласызбы?
- Албетте. Залдагы адамдардан мен көздү издейм. Анткени, көз караштан адамдын оюн окуганга болот. Ар бир көрүүчүнүн кыймыл-аракети, ырга жасаган мамилеси мага байкалып турат.
- Муктар Шахановдун "Атактуу болгондун бир жакшы жери көптөргө жардамың тиет"-деп айтканы бар. Сурайын дегеним сиз да кайрымдуулук иштерин жасап жүрөсүзбү?
- Мен өзүм Жал кичи районунда жашайм. Биздин үйдүн артында көзү азиздердин, майып үй-бүлөлөрдүн уюмдары бар. Ошолорго, карылар үйүнө, балдар үйүнө колдон келишинче көмөгүмдү көрсөтүп турам. Жок эле дегенде концерт берип көңүлдөрүн көтөргөнгө аракет кылам.
- Биз каалайбызбы, каалабайбызбы адам баласында сүйүнүч менен өкүнүч кошо жүрөт экен. Туура эмес иш жасап бармак тиштеген учуруңуз болгонбу?
- Мен убагында көп дос күткөм. Тилекке каршы адамдын баары эле бирдей болбойт тура. Замандын оош-кыйышында дос деп акча сурап келсе эч бир арам оюм жок, өзүмдө болбосо да бирөөдөн сурап берип, үйгө келсе өзүм жаткан бөлмөмдү аларга бошотуп, балдарым менен ашканага, балконго жатып калган күндөрүм болду. Анан акырында "жыгачтын жумшагын курт жейт" болуп ошол досторум процентке алган акчаларын төлөбөй чет өлкөгө кетип калышып, жебеген самсыга чөнтөгүмдөн акча төктүм. Ошондо аябай бушайман жеп, ичимден кан куюлган.
- Ишенген досторуңуз сизди ушундай абалга калтыргандан кийин "дос" күтүүдөн жалтанып калсаңыз керек?
- Алардын баарын дос деп чоң тамга менен белгилегенге болбойт. Эски дос эстен кетпейт дегендей раматылык союз учурундагы татыктуу достордон куру эмесмин. Тырмактайымдан бирге өскөн Андрей деген досумду 25 жылдан бери таппай жүрүп жакында табыштык.
- Профессионал ырчы катары кыргыз жыттанган ырларды кийинки жаш ырчылардан уга алдыңызбы?
- Чынын айтканда, азыркы жаш ырчылар музыка, аранжировка жагынан аракеттенип жатышат. Бирок, көпчүлүгү тил маселесинен аксап жатат. Атын, фамилиясын уксаң кыргыздын эле баласы, тилекке каршы ырдаганы кыргыз тилин эми үйрөнүп келаткан баладай. Ошондуктан ырдагандан мурда нукура кыргыз тилин жакшылап үйрөнүп сахнага чыккылачы деп кийинки жаштардан суранат элем.. Мени кайсы улут деп айтса айта беришсин, кантсе да мен Кыргызстанда төрөлгөм, сөөгүм кыргыз, өлсөм да кыргыз жеринде көмүлөм. Ошон үчүн мен уйгур элинин, кыргыз уулумун деп дайыма айтып келем.
- Башкалар сыяктуу эле сиздин жашооңузду да сүйүүсүз элестетүү кыйын. Айтыңызчы, бойдокчулукта канча кызды сүйүп, канча кыздын жүрөгүн ооруттуңуз эле..
- Мектепте окуп жүргөндө бир кызды жактыргам, канчалык жакшы көрсөм да азыркылардай болуп жабышып, кыналышып, жолдун ортосуна туруп алып чопулдашкан күнүм болгон жок. Аны алыстан эле көрүп койгонума сүйүнөт элем. Ал эми чыныгы тунук сүйүү деп азыркы жубайыма болгон сезимимди айтам.
- Сиз сүйбөсөңүз да сизди сүйгөн кыздар болдубу?
- Ооба. Бир кыз балкондон өзүмдү таштап өлөм дегенге чейин барган. Бул кабарды досторумдан укканымдан кийин анын өмүрүнө мен себепкер болбоюн деп жатаканада түнү менен ошол кызды кайтаргам.
- Сиз үчүн өмүрүн кыйганга чейин барган селки чын жүрөгүнөн сүйгөн экен да. Ошол деңгээлге жеткирбей эле жооп кайтарып койсоңуз болбойт беле?
- Тааныш кыз катары жакшы эле мамиледе болчубуз. Бирок, мен ага "сүйөм" деп жүрөгүмдү ачып убада берген эмесмин.
- Эмне үчүн?
- Менин түшүнүгүмдө "сүйөм" деген сөз "үйлөнөм" дегенге барабар болчу. Ошол себептен мен ага жалган сүйлөп, жүрөгүн ооруткум келген жок. Себеби менин бактым башка бирөөдө экенин сезгем.

Маектешкен Ж.Калдарова