Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


 

Ала-Тоо койнунда
"Акыйкат үчүн" кыймылдын жыйыны болду
Анда кыймылдын курултайын чакыруу, оппозициялык күчтөрдүн биргелешип иш алып баруусу боюнча меморандумду кабыл алуу маселеси, өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы жана конституциянын долбоору талкууланды.

Чудинов кайда, Түркияда
Премьер-министр Игорь Чудинов октябрдын соңунда Түркияда расмий сапар менен болот.
Игорь Чудинов түрк өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Андан сырткары кыргыз өкмөт башчысы Стамбул шаарында өтө турган эл аралык экономикалык форумга катышат. Дүйнөлүк финансы-экономикалык маселелерди талкуулай турган форумга дүйнөлүк ири мамлекеттердин жана Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышары белгиленүүдө.

Болот Шамшиевдин сыйлыгы
Кинорежиссер Болот Шамшиев Казань шаарынын мэринин сыйлыгына ээ болду.
Татарстан борборунда өткөн "Алтын минбар" Эл аралык мусулман кинофестивалынын алкагында Болот Шамшиев Казань шаарынын мэринин "Киноискусствого кошкон ири салымы үчүн"сыйлыгына ээ болду.16-22-октябрда өткөн кинофестивалдын алкагында 37 өлкөнүн 200дөн ашуун фильми көрсөтүлүп, Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнү да белгиленди. Ал эми фестивалдын жеңүүчүсү деп Индиянын "Жодха жана Акбар" жана Ирандын "Эне үчүн "Ми" аттуу фильми табылганын фестивалдын калыстар тобунун төрагасы Болот Шамшиев жарыялаган.

Фестиваль жыйынтыкталды
Бишкекте "Арт-Ордо" театралдык фестивалынын сыйлыктары тапшырылды.
Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясында 23-октябрдан тартып 26-октябрга чейин Бишкекте өткөн "Арт-Ордо" театралдык үчүнчү фестивалынын сыйлыктары тапшырылды.
Казактын режиссеру Бекбулат Парманов тарабынан Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча коюлган Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын "Эсимде" спектакли фестивалдын гран-при сыйлыгын алды. Ошондой эле мыкты сценография, аялдардын ролун мыкты аткаргандыгы, эркектердин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн сыйлыктар да тапшырылды. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынан Нагима Токтосартова "Дебют" байгеси менен сыйланды.

Көлгө даабаттын кереги жок
Ысык-Көл областынын аймагына даабатчылардын келишине губернатор тыюу салды.
Ысык-Көл облусунун аймагына даабатчыларды киргизбөө үчүн губернатордун атайын буйругу чыкканын маалымдаган ички иштер башкармасы Эркин Эсеналиев бул диний-экстремисттик топторду көзөмөлдөө үчүн болгон кадам деп түшүндүрдү. Ысык-Көл райондук администрациясында өткөрүлгөн бул жыйында үч милиция кызматкери "Хизб-ут Тахрир" уюмуна өтүп кеткенин жана уюшкан кылмышка тиешеси бар 27 адам кармалганы аныкталды. Чогулган аксакалдар өлкөдө идеологиянын жоктугу жана ага мамлекеттик катчы милдеттүү экенин белгилешти. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармасынын начальниги Эркин Эсеналиев кылмышкерлерди жеткиликтүү жазага тартуу үчүн эми Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланып атканын билдирди.

"Айпери" Москвага сатылабы?
Москва өкмөтү Бишкектеги мурдагы "Айпери" турмуш-тиричилик үйүн сатып алууга ниеттенүүдө.
Москва шаарынын тышкы экономикалык байланыштар департаментинин орун басары Борис Силаев "Айпери" абдан ыңгайлуу жерде, шаардын борборунда жана Кыргыз Республикасындагы Россиянын элчилигине жакын жайгашкандыгын, ал жерге ачууга пландалып жаткан "Москва үйүнөн" тышкары ресторан, кинозал, жайгаштырса болорун белгилеген. Азыр имараттын баасы боюнча анын кожоюну ойлонуп жатат. Бирок кожоюндун ким экендиги маалым эмес. "Айпери" турмуш-тиричилик үйү 10 жылдан бери кароосуз, бош турат.

Нарында кытай жарманкеси
Нарын шаарында Кыргыз-Кытай эл аралык жарманкеси өтөт.
"Нарын-2008" деген Кыргыз-Кытай Эл аралык жарманкеси Нарын шаарында болду. Жарманкеде Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган телевизор, кичи тегирмен,муздаткыч, радиоаппараттар, курулуш материалдары, айыл чарба азыктары жана башка эл керектөөчү товарлар арзан баада сатылды. Мындай жарманке Нарында үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Иш чарага Кытай Эл Республикасынын КызылСуу Кыргыз Автономия облусунун губернаторунун орун басары Аскат Сыдык жана соода өкүлү Кайрат Эмин катышып, мындан ары да эки өлкөнүн достук жана соода байланышын жакшыртуу тилектерин билдиришти.

депутаттын Жоголгон уулунун машинеси табылды
КР ЖК депутатынын дайынсыз жоголгон уулу Бактияр Амражановдун автомашинасы табылды.
КР ИИМнин борбордук аппаратынын билдирүүсү боюнча 25-октябрь күнү Бишкек шаарындагы №66 орто мектепке жакын аралыктан КР ЖК депутаты Ж.Жээнбековдун белгисиз жоголгон уулу Бактыяр Амражановдун автомашинасы табылган.
"Лексус RX 300 мамлекеттик № В25-86 Y" ак түстөгү автомашинаны белгисиз бирөөлөр аталган мектептен анча алыс эмес аралыктагы "Чыгыш-5" кичи районундагы автомобилдер токтоочу жайга коюп кетишкен. Бирок автомашина аябай тазаланып жуулгандыктан, андан кандайдыр бир колдун изин табуу кыйын. Сыщиктердин пикиринде кылмышкерлер автомашинаны республикадан сырт жакка алып чыгып кете албасын жакшы түшүнүп, ушундай жолго барышса керек.
Эске сала кетүүчү жагдай, Б.Амражанов 24-сентябрь күнү Бишкек шаарынан белгисиз бирөөлөр тарабынан жоголгон болчу.

Эл аралык форум жыйынтыкталды
"Айтматов жана бүгүнкү доор" аттуу эл аралык форум жыйынтыкталды.
Форумга "Диалог Евразия" платформасынын мүчөсү болгон 11 мамлекеттин жана түрк тилдүү калктарды бириктирген ТүркСОЙ уюмуна кирген 14 өлкөнүн маданият министрлери жана ишмерлери катышты. ТүркСОЙ отурумунун жыйынтыгы боюнча Декларация жана Протоколго кол коюлду. Кечээ Улуттук филармонияда эл аралык форумдун жабылышы болуп, анда Ч.Айтматовдун үй-бүлөсүнө ТүркСОЙ уюмунун атайын сыйлыгы тапшырылды.

1-ноябрдан тартып үшүбөйсүз
Ишемби күндөн тарта Бишкекте жылытуу сезону башталат.
1-ноябрдан тарта борборду жылытуу сезонун баштоо тууралуу чечимди Бишкек шаарынын мэриясы кабыл алды. Жылуулук алгач бала бакчаларга,ооруканаларга, социалдык багыттагы мекемелерге, андан кийин көп кабаттуу үйлөргө бериле баштайт.




  Дүйнө дүбүрт

Израилде шайлоо болот
Ципи Ливни Израилде мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө жарыялады.
Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоону өткөрүү зарылдыгы жөнүндө жарыялады. Бул жөнүндө "Кадима" башкаруучу партиясынын лидери Иерусалимде Израилдин президенти Шимон Перес менен 26-октябрдагы жолугушусунан кийин билдирди.
Коррупциялык жаңжалга аралашкан премьер-министр Эхуд Ольмерттин отставкасынан кийин Ливниге Израилдин жаңы өкмөтүн түзүү тапшырылган болчу. Бирок ал Кнессетте коалиция түзө алган эмес.

МВФ Украинаны колдойт
Эл аралык валюта фонду Украинага 16.5 миллиард доллар насыя бөлө турган болду.
Фонддун маалымдоосуна караганда, Украинага 16.5 миллиард доллар насыя бөлүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Бул каражат дүйнөлүк финансылык кризиске байланыштуу кыйынчылыктарга тушуккан Украинанын финансы системасын жана экономикасын туруктуу кармоого жумшалмакчы.

Ахмединежаддын абалы жакшы
Иран президенти саламаттыгы жайында экенин билдирди.
Улуттук телекөрсөтүү аркылуу чыккан Махмуд Ахмединежад анын оору экени тууралуу сөздөрдү төгүндөп, кээде бардык адамдардай эле тумоолоп калаарын, бирок азыркы кезде ден соолугу жайында экенин белгилеген. Иран президентинин пикирлештеринин бири Мохамад Исмаил Коусари Махмуд Ахмединежад күн сайын 20 сааттан иштеп, чаалыгып калганын билдирген эле.

Чек аралар такталды
Македония жана Косово өздөрүнүн чек араларын тактоо тууралуу макулдашты
Македониянын Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү маалымдашынча, чек араларды аныктоо (демаркация) иштери октябрдын аягында соңуна чыгат. Үстүбүздөгү айдын башында Македония Косовонун эгемендүүлүгүн тааныган. Чек ара тууралуу макулдашуу - бул эки өлкөнүн ортосундагы өз ара дипломатиялык мамилелерди орнотуу жана бири-бирине элчилерди жиберүү үчүн зарыл шарттардын бири болчу. Бул дипломатиялык кадамдарды жүзөгө ашыруу ноябрга белгиленүүдө.

Дүйнөдөгү эң семиз үйлөндү
Дүйнөдөгү эң эле семиз адам досунун жесирине үйлөндү.
Гиннес рекорддор китебине ылайык дүйнөдөгү эң семиз адам мексикалык Мануэль Урибе досунун жесирине үйлөндү. 2008-жылдын башталышынан тартып үйлөнүүчү 230 килограммга арыктагандыгына жана "бардыгы болуп" 360 кг салмакта экендигине карабастан, нике кыюуга чиркөөгө аны тура албаган абалда түз эле керебети менен автожүктөгүчтүн жардамы аркылуу жеткирүүгө туура келген. Бул өтө семиз адамдын үйлөнүү тоюн Discovery телеканалы алып көрсөткөн.




  Внимание, внимание!!!

Дедушки,бабушки, папы и мамы, мальчики и девочки!
Приглашаем Вас, участвовать в новогоднем конкурсе.
Редакции газет "Айданек" и "Заман Кыргызстан" совместно с Государственным предприятием "Кыргыз почтасы" проводят конкурс "Писмо Деду Морозу" и "Аяз Атага кат" на всей территории Кыргызской Республики.
В конкурсе могут участвоват. Дети в возрасте от 5 до 14 лет. Ребенок в писме к Деду морозу рассказывает о своих добрых поступках, которые совершили другие люди или сами, или же изобразить свое видение рисунком.
Для того, что бы отправить письмо для сочинения или рисунка, которые продаются во всех отделениях связи "Кыргыз почтасы" и отправит деду Морозу заказным письмом. Только по оттиску календарного штемпеля мы можем определить день отправки письма, что очень важно при подведении итогов конкурса. Последняя дата отправки 20-декабря 2008 года. Срок подведения итогов10 января 2009 года .
Лучшие сочинение будут напечатаны в газете "Айданек" и детской рубрике газеты "Заман Кыргызстана", лучшие рисунки в журнале "Кулунчак".

По итогам конкурса присуждаевтся слдеующие призы:
Для детей от 5 до 9 лет: Для детей свыше 9 до 14 лет
1 место - 3000 сом
1 место - компьютер
2 место - 2000 сом
2 место - телевизор с приставкой
3 место - 1000 сом
3 место - горный велосипед

Кроме того, присуждаются 6 поошрительных призов - сотовые телефоны. Награждаются поощрительными сувенирами 100 детей, стоимости 100 сом каждый, которые будут высланы детям почтой.
Для вручения призов дети будут приглашены к Деду Морозу. Дед Мороз будет вручать призы на празднике детства "Айданек". Проезд детей в г. Бишкек оргкомитет оплачивает ребенку и одному из родителей.
Уважаемые дети! Хотите получить приз от Дедда Мороза?
Пишите, рисуйте и отправляйте заказным письмом на имя Деда Мороза по адресу: г. Бишкек, абонементный ящик №2009
Оргкомитет.










??.??