Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Адабият айдыңы

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны:
"Өнөр адамдары көчөдө калган күчүктөй болуп калды"
- Анатай агай, чыгармачылыгыңыздын алгачкы тепкичтери кандай болду эле?
- Эми чыгармачылыкка аралашып калганым бардык акындар сыяктуу эле мектептин, айылдын ошондой эле окуу жайдын таасиринен улам болду. Китепке жакын дос болуп кызыгуунун күчтүү касиети мени адабият дүйнөсүнө алып келди. Айырмасы окуу жайды аяктагандан кийин тоолуу Падакшан облусу деп аталчу кыргыздар жашаган Памирде беш жыл иштеп келгем. Ал жактан келгенден кийин "Мөлтүр сезим" деген аталыштагы жыйнагымды чыгаргам. Ушул жыйнак мен үчүн ийгилик алып келди десем болот. Тактап айтканда элдин оозуна жакшы кабыл алынып, жазуучулар союзуна мүчө болдум. Чыгармачылыгымдын чыйыр жолу Памирден башталат.
- Поэзия эмнеси менен кымбат?
- Турмушта эмнелер болсо аларды поэзия аркылуу көркөм чагылдырабыз. Улуу акын Расул Гамзатовго бир журналист "Айтсаңыз, сиз эмне үчүн ыр жазасыз?"-деген суроону узатканда, ал "Сен эмне үчүн дем аласың?"-деп жооп берген экен. Муну менен акындарга поэзия аба менен суудай кымбат дегенди түшүнсө болот. Демек, мен турмушта эмнелерди көрсөм, эмнени билсем ошолордун баарын поэзия аркылуу күчүмдүн жетишинче, мүмкүнчүлүгүмдүн болушунча берип келем. Адам биринчиден өзүн-өзү жакшы билиш керек. Андан соң өзүнүн заманын, жашап жаткан мезгилин, курчап турган айлана-чөйрөсүн башкаларга чагылдырып бере алат.
- Акындар акындарга окшош боло алабы?
- Эч убакта окшошпойт деп ойлойм. Мисалы, бирөөнү басканынан таанып, ий баланча келатат дейсиң. Ошол сыяктуу эле акындардын стили бар. Адам адамга, керек болсо атасына баласы окшошпойт. Дүйнөдө миллиард эл болсо, илгери мөөр деп бармакты бастырган. Анда да ар кимдики бири-бириникине окшобой айырмасы болгон. Илим ушуларды аныктап жатпайбы. Ошондуктан ар бир адам өзүнчө индивидуал, өзүнчө инсан. Кандай гана жагынан болбосун акындардын өздөрүнүн деңгээлине, билимине, жашоо шартына байланыштуу чыгармачылыкта өзгөчө стилдери болот.
- Жазуучулар союзунда жетекчилик кылып жүрдүңүз. Чыгармачыл адамдарды башкаруу кыйын болгон жокпу?
- Чыгармачыл адамдар өздөрүнчө дүйнө. Эч бир законго баш ийбейт, кудайдын берген касиети менен турмуштун мыйзамына ынанып, көркөм жашоону чагылдырышат. СССР убагында "Мен элимди сүйөм, элимдин жүрөгү партияга берилген" деген ураандар менен чыгармалар жаралчу. Ал эми жазуучулар союзу тууралуу айтсам ал жерде аз эле убакыт жетекчи болуп иштедим. Кызматымдан иштей албай кеткен жокмун. Бийликтегилерге каршы ырларымды жазгам. Бир топ аксакалдар талкуулап, өз ыктыярым менен иштен кеткем. Табиятымдан бирөөгө көз каранды болуп басынган жан эмесмин. Өзүмдүн позициямды аткарган, бетке айтып ачык сүйлөгөндүгүм менин эркин адам экендигимди билдирет. Кудайга шүгүр азыркы күндө да улуу-кичүү муун арасында эң сыйлуу акынмын. Мен бардык акындарды сыйлайм. Учурда жаңы чыгарма жазуу менен бирге И.Арабаев атындагы окуу жайда студенттерге сабак берип жатам.
- Акыркы жылдары адабият чөйрөсү кандай жолдо кетип баратат?
- Эркиндик келгенден бери жалпы чыгармачыл инсандар үчүн кайгылуу учур болду. Мен минтип айтуудан тайманбайт элем. Себеби, кайран СССР убагында акын-жазуучулардын китебин чыгарып, аларга гонорар төлөп, деги эле баркын билип бөпөлөп сыйлашчу. Ал эми демократия болгондон кийин чыгармачыл адамдар көчөдө калган күчүктөй болуп калды. Азыр акчаң болсо акын эмес каалаган кызматта олтурсаң болот деп калышты. Бул нерсе акыры убакытка баш иет. Китепканалардан эч бир тыңгылыктуу китеп таап окуй албайсың. Бул адабият эмес. Ар бир өрөөн өзүнүн бийин мактап жазып олтурат. Мейли алар мыктыдыр, бирок ичиндеги чыгармалар адабияттын талабына жооп бералбай жатпайбы.
М.Ауэзовдун "Абай" чыгармасын окуп дүйнө таң калды. Мындай керемет чыгармалар жаралып турса, өзүбүздүн жүзүбүз жарык болот. Азыр эми "ар бир коктуда үйүм болсун, үйүм үчүн бийим болсун" дегендей болуп калбадыбы?
Кыскартып айтканда өнөр адамы азыркы күндө жолдо калды. Маңдайдан сылаар адам жок. Өнөр адамын кор кылган мезгил жакшылыкка алып барбайт.
- Учурунда сиздин калемиңизге таандык ырларыңызга обон жаралды эле. Бүгүнкү күндөгү жаштардын обондуу ырларын угуп канааттана аласызбы?
- Жок, эч кандай канаттануу жок. Себеби мен ойлойм, Асанкалый Керимбаевден кийин Кыргызстанда обончу төрөлө элек. Азыркы обончулардын ырлары бири өзбекче, казакча, бири да бир түрктүн музыкасына окшош. Ар кайсы улуттан үзүп-үзүп алып, чалмалап обон деп ырдап жатышат. Мындай ырлар музыкалык табити калыптанган адамга эч кандай таасир бербейт. Ал эми жаштардын ырга болгон табити бузулуп жатканын байкаган да жок, ошол обончу. А тереңинен алганда музыка тарых, музыка жашоо, ал адамды тарбиялайт. Жакында бир китеп окуп жатсам "Франциянын тарыхы композитордун чыгармаларында" деп жүрөт. Анын сыңарындай биздин күүлөрдө да тарыхыбыз жатат. Эмне үчүн биз аларга маани бербейбиз. Каяктагы дүңкүлдөктү радиолордон бербей, өзүбүздүн колоритке кайрылышыбыз абзел. Ушулардын баарын өкмөт, жогорку кеңеш талдап карашса болмок. Ошондуктан, жеңил- желпи ырларды ырдаган жаштар эфирди булгап жатат. Обон-кыргыздын тоосундай бийик, суусундай тунук болуш керек.
- Обон тууралуу оюңузду билдик. Айтсаңыз, эски ырларды жаңылап ырдап чыккандарына кандай карайсыз?
- Алыс кетпей эле Россияны алсак, алардын эки сааттык концерттик программалары "Мен орус" деген сөздү кармап турат. Аларда патриоттук сезим күчтүү өнүккөн. Бизде ошондой барбы, "мен кыргызмын" деген сөз канда ойноп туруш керек. "Колдо бар алтындын баркы жок" болуп жатпайбы. Не бир сонун дүйнөнү таң калтырган классикаларыбыз бар. Сен айтып жаткан эски ырлардын уңгусун кыя чаппай, азыркы жаңы ритмди кошуп кооздоп, байлыгын чыгарса эмнеге болбосун. Эгерде колдон келсе албетте, ал эми жеткире жаңылай албайбы анда өзгөртпөй эле ошол бойдон ырдаса ага караганда сиңимдүү болот. Мисалы, А.Атабаевдин 18 жаш ырын бир жаш кыз ырдап жүрөт. Анын ырдаганын мышыктын мыялап жатканына окшотосуң. Ырдын болгон касиетин бузуп салган. Ал эми Ш. Шеркуловдун "Таласым" ырын Атабеков, "Мөлмөлүмдү" Иманбеков эң мыкты чеберчиликте аткарып жүргөндөрүн айтсак болот.
Маектешкен А.Султанова
Сен бар үчүн
Даргөйүмдө дайның билип жатчу элем,
Дайра көлгө аккан өңдүү акчу элем.
Ырахатты бу дүйнөдөн таппаган,
Жалгыз сенин күлгөнүңдөн тапчу элем.

Укмуш күүсүң уккан сайын эңсеген,
Улуу тоодон өзүңө гүл терчү элем.
Сулуулукту тирүүлүктө көрбөгөн,
Сенин гана көздөрүңдөн көрчү элем.

Көрөр көзүм бөлөкчөсүң аялдан,
Көркүң көрүп көңүл чиркин жай алган.
Ыраазымын таалайыма, тагдырга,
Сени менен бир мезгилде жаралган.

Арасында айлар менен жылдардын,
Алоо отко мен жандым да, сен жандың.
Бу дүйнөдө сендей кайда секетим,
Сен бар үчүн бу дүйнөдө мен бармын...
**
Сүйүп калуу күнөө эмес,
Өмүрдө калсын мактаныч...
Мончоктой болгон моймол көз
Мойунума чап чабыш!

Кайыптан келген жакшы ырдай,
Карекке кадап каректи,-
Кайгымдын дайнын таптырбай,
Кайнатып канды, жан эзчи.

Жан эзчи, жаным, жан эзчи,
Жыргалга батсын бул башым.
Эстеген сайын каректи,
Элирип жүрөк туйласын.
***
Сени ойлобой таң агарбайт, таң атпайт,
Сага чалбай менин ишим башталбайт.
Ташка урунуп талкаланган кемедей,
Чөккөн көңүл Сен дегенде асмандайт.

Куйкалаган кумарымды тыялбай,
Тургум келет кучагымдан чыгарбай.
Сен дегенде селт дей түшүп карт жүрөк,
Серпилет кан сепил жарчу кыяндай.

Сүйүү менен сүлдөрүмдө кайнаган,
Атыңды айтып ай-ааламды айланам.
Сага, сага жана ушул жашоого,
Кумарымдын канбаганы канбаган.




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Акыры булоолонгон эт ортого тартылып, бала-бакыра менен жеп атышты. Ара чолодо аталары Урматтын реанимациядан палатага которулушун, айыгып кетишин тилеп атышты.
Эт желип болуп, колго суу куюлгандан кийин Урматтын улуу-кичүү кыз-күйөөлөрү отуруп Токушту ортого алышты. Улуу кызы Токушка карай үн катты:
- Токуш, айланайын, эми кеп мындай. Сен чоңоюп калдың. Кол арага жарап, атаңдын атын чыгарып, түтүн булатаарга мезгилиң келди. Бизге деле бир тууган болуп калдың эле. Аныңды эч качан танбайбыз. Бирок... Ушундай кылууга аргасыз болуп отурабыз. Апам да көндү. Анткени, сен келгени сенин айыңан атам менен апам көп урушчу болду. Доктурга да жатышып араң айыгып чыгышкан. Эми дагы тил-оозсуз жатып калганына себепчи сен болуп атасың. Деги, эмне болсо да үйүңө барып жашай гой. Апам төшөнчү, идиш-аягыңды берет. Каралашып турушат. Өзүң деле кыздардан артык оокат кылат экенсиң. Өзүңдү-өзүң сонун эле багып кетесиң. Биз деле каралашып турабыз... Ошент...
Токуш ушуну күткөн. Сезип турган. Жаш балача чаңырып, жер тепкилеп ыйлаган да жок. Айымбүбү апасын карады эле, ал дагы Токушту карай албай, эрдин бекем тиштене, көз жашын жашырып туруп берди. Ийни менен оор дем ала үшкүрдү да:
- Акыры ушундай болоорун билгем...Бирок, мен Айымбүбү апамды өз апамдай көрөм. Мени чоңойткон эмгегин эч качан унутпайм. Аны актаганга да аракет кылам...-деди. Үнсүз кийимин чогултуп кирди...
Турмуш жолу башталды
Токуштун уруулаш туугандары намыстанышып, чогулуп алып Токушту жалгыз жашабай кимибиздикине болсо да жашай бер деп көрүштү. Токуш таптакыр моюн бербей койду.
- Жаш бала эмесмин. Ал үйдө ар дайым менин апамдын арбагы болот. Ал мени дайыма коргоп, жалгыз таштабайт. Ырахмат силерге. Болгону ач-жылаңач калтырбай каралашып турсаңар болду, -деди чечкиндүү.
- Башын көбөйтүп ал. Сени акылдуу жигит деп билели. Бир музоо, бир -эки эчки, бир тай бизден болсун. Атаңдын жолуна түшпөй жакшы жигит бол,-дешти. Айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн пособие акчага деле жашап кетээрин айтышты. Туугандар чогулуп Токуштун үйүнө бир козу союшуп, баталарын беришти.
**
Алгачкы түн Токуш үчүн азап болду. Көз ирмеп уктай алсачы. Атасынын ар дайым мас болуп келип алып ызы-чуу салганы, апасынын чыркырап ыйлаганы кенедей кезиндегидей көз алдынан кетпей туруп алды. Арык апасын кызыл жаян кан болгонуна карабай полго койгулап, тепкилеп атканы... Акшырайып бир башкача болуп кеткен атасына жабышты:
- Атакебай, апама тийбеңизчи! Апам өлүп калат!-деп ыйлап атканы көзүнө тартылып атты. Ага карабай атасынын:
- О, энеңди!.. Эми сен калдыңбы?!-деп бакырган үнүнө карай оор муштумдун төбөсүнө орной түшкөнү, эсин жоготкону тасмадай тартыла берди. Элдин ыйлап атканы... Бөбөгү Бегимайдын элеси эстен кетпей туруп алды. Бир маалда төшөк үстүнө отуруп алып, тишин кычырата ызырынды:
- Сен да ата белең?! Бул дүйнөгө ушинтип жараткандан көрө жаратпай койбойт белең бизди! Качан болсо сенин жаман жагыңды гана угуп келатам! Сен жөнүндө жаман сөз айтыла баштаганда кирээрге тешик таппай кетем. Эми болсо минтип... жалгыз, ээн үйдө жатам. Жок дегенде апам тирүү болсо эмне! Кантип гана ушундай мыкаачы болуп калдың экен?! Деги сенин атың өчөбү бул дүйнөдөн?! Өчөт! Өчүш керек! Сенин атың өчсүн деп мен окууга кирээрде Айымбүбү апамдардын фамилиясына өттүм эле. Урмат атам да атадай ата болбой калбадыбы. Бирок, ошентсе да сага караганда төөлүк өйдө!.. Сени тып-тыйпыл кылып гана көсөөм суубаса, жаным тынбайт окшойт. Ушу сенден келгенди көрдүм,-деп атып турду. Түз эле складка кирип барып күрөк, лом алып чыкты. Ай сүттөй жарык болуп турган. Мүрзө деле кыштак четинде болсо да Токуштарга жакын эле. Дикилдей басып жөнөй берди. Бат эле жетип биринчи апасынын мүрзөсүн тапты. Апасына таякелери коргон кылып, сүрөтүн чаптап, эстелик тургузушкан. Ошондон улам жакшы билет эле. Анын маңдайына келип, апасынын сүрөтүн алаканы менен сылап-сылап алып:
- Апаке, тиги дүйнөдө да атам сенин жаныңды койбой, тынчыңды алып жүрөт го?! Менин да жанымды койбой атат. Өмүр бою атамдын атында мен кор болбоюн. Анын жанында, тиги дүйнөдө сен да кор боло көрбө, апакебай! Мен эми аны биротоло жок кылам! Мен азыр!.. Апаке, туура эмес кылсам кечир! Бирок, мага эле кошулаарыңа ишенем!..-деп алды да анын катарында куурай баскан домпойгон топого жетти. Адегенде күрөк менен сайып көрдү эле күрөк кирбей койду. Мүрзөнүн төбөсүнө чыга калып, ломду матыра-матыра сайган сайын:
- Ме сага!.. Ме сага.. Сен менин жанымды койбодуң э! Апамды да кошо кыйнагың келет э!-деп тиштене, улам жинденип атты.










??.??