Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Шоу-бизнес жаңылыктар

Саламат Садыкова Испанияда
Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Казак республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова 26-октябрдан баштап 5-ноябрга чейин Испаниянын Севилья шаарында өтө турган "WOMEX- 2008" аттуу дүйнөлүк музыкалык фестивалга катышат. Фестивалга катышууга дүйнөнүн булуң-бурчтарынан 600дөн ашык чыгармачыл адамдардын документтери, аудио-видео материалдар келип түшкөн. Иргелип олтуруп баардыгы болуп 60 гана ырчы, бийчи, музыкант жана кол өнөрчүлөр сындан өткөн. Албетте, алардын арасында биздин ырчыбыз Саламат эжебиздин бар экендиги чоң сыймык. Баса белгилеп кетчү нерсе, С. Садыкова жогорку деңгээлдеги дүйнөлүк фестивалда Кыргызстандын гана эмес, Орто Азиянын дагы өкүлү катары катышат. Анткени Орто Азиядан быйылкы жылы бул фестивалга жалгыз гана кыргыз ырчысы Саламат Садыкова тандалып алынган. Севилья шаарында 1- ноябрь күнү Саламат Садыкованын 45 мүнөттүк жеке концерти өтөт. Жеке концерти үчүн кыргыздын эң мыкты деп аталган классикалык- фольклордук ырларын аткарып, темир ооз комузда күүлөрдү ойноп, манастан үзүндү айтат. Саламат айым дүйнөлүк фестивалга баруу үчүн шурулар менен кооздолгон кымбат баалуу жаңы кыргыз кийимин тиктирген.Ал костюмду алгачкылардан болуп Испания сахнасы жана ал концертке барган көрүүчүлөр гана көрө алат.

Ислам дагы бир конкурска катышат
Периштесине сүйүүсүн арнап, ага жетпей мен кор болдум деп сыздаган Ислам Акматов жакында эле түрк тилдүү элдер арасында өткөрүлгөн "Чолпон жылдыз" конкурсунун лауреаты болгону баарыбызга эле маалым. Эми Ислам дагы бир эл аралык сынакта кыргыз элинин туусун көтөргөнү турат. Ал 1-ноябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган "Шабыт" аттуу конкурска чакыруу алган. Жогоруда айтып өткөн "Чолпон жылдызда" Исламдын талантына баа берген казак боордоштор өздөрү уюштурган бул сынакта биздин ырчыбызга чакыруу сунуп турган учуру. Кошумчалай кетсек "Шабыт" сынагынын калыстар тобунун төрагасы белгилүү композитор Муратбек Багалиев экен. "Ал киши өз учурунда Исламга алакан жайып ак батасын берди"-дейт Ислам Акматовдун продюсери Мурат Жолукеев.

Айжамал Кабылова Бишкекке келди
Кыз бурактын кымча белдүү кызы Айжамал Кабылова өткөн жумада Бишкекке келди. Ал үй-бүлөлүк турмуш сапарына аттанган соң жолдошу Азаматтын жумушуна байланыштуу Москва шаарына кеткен эле. Эми 2 айлык кызы Жыпар, жолдошу Азамат болуп Ош шаарында наристени көрүп келген конокторду тосуу менен алек. Жакында ырчы айым күйөрмандарын кубандырып, репертуарына жаңы ырларды кошкону турат. Ал эле эмес бир чыгармасына клип тарттырганга да даярданып жатат.

Жанарбек кайрадан сахнада
Кызганба, кызганба деп созолонтуп, бир топ кызды артынан ээрчитип чуркаткан "Сема" тобунун кенжеси Жанарбек күйөрман кыздарын катуу таарынтып, топтон ал эле эмес чоң сахнадан кеткенин мындан бир нече убакыт мурда жарыялаган эле. Ага себеп анын казак жергесиндеги чакан бизнеси болгон. Жанарбектин капчыгы кампайганбы же күйөрмандарын сагынганбы айтор учурда жаңы ырларды жазганга даярданып жатыптыр. Ырчы жигитибиз дароо эки ыр жаздырып "Сема" тобунун мурдагы солисткасы Зуура менен дуэт ырдаганы туру.

Кутман Жолдошев филармонияда ырдайт
Элибиздин патриот ырчыларынын бири, туулган жер деп таңшыган Кутман Жолдошев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти болду. Кутман Жолдошевди бул кызматка филармониянын жетекчиси Керим Турапов чакырган. Акесинин айтканын эки кылбаган Кутман агабыз учурда билек түрүнүп, алаканга түкүрүп иштеп жаткан кези.

Мирбекти коркуткан албарсты
Кандай чыгарма болбосун майын чыгара эзген, ага кошуп кыздардын да жүрөгүн эзген ырчы Мирбек Атабеков кыргызстанды кыдырып концерт коюп жүрөт. Таласка барып өз айлына акысыз концерт коюп келген Мирбек касиеттүү Ош жергесине аттанган. Ош элине 3 күн катары менен өз өнөрүн тартуулап, ырчы жигит тынч эле Бишкекке келе алган жок. Кайда барса бура бастырбаган күйөрман кыздары бул жерде да Мирбекке сюрприз даярдап турушкан. Мирбек десе ичкен ашын жерге коюп, жанын садага чапкан Жылдыз аттуу күйөрманы Мирбек концерт коюп келгенче ал убактылуу жашаган көп кабаттуу үйдүн алдынан тосуп алмак болгон. Учурда мекенибиздин бардык эле жеринде электр жарыгы өчүрүлүп жатпайбы. Ош шаарынын Мирбек турган районунда да жарык ырчынын концерти бүтүп, ал үйүнө келген убакка туура келет экен. Ушундан пайдаланган күйөрман кыз апапак кийинип алып бетин акка, көзүн тегерете карага боеп подьезден Мирбекти күтүп алмак болгон. Бирок ага жеткирбей мындай "тири укмуш" кыздын подьезде жашынып турганын көрүп калган ошол үйдүн башка жашоочусу милиция чакырган. Милиция кызды кармап жаткан учурда келип калган Мирбек жана анын продюсери иштин чоо жайын милиция кызматкерлери менен биргеликте угушкан соң, көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын ызы-чууга салган көрүнүш күлкүгө айланган.










??.??