Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Билгениң оң

Ким канча жашайт?
"Маңдайга жазылганы"-дейт элибизде. Жараткан канча буйруса ошончо өмүр сүрөбүз-деп жашап келебиз. Бирок окумуштуулар буга кошулбайт. Алардын изилдөөсүндө зодиак белгиси да адам өмүрүнө таасирин тийгизет. Бул чечимге изилдөөчүлөр 60миңден ашык кишини сурамжылагандан кийин келишкен. Окумуштуулардын далилдерин төмөнкү таблицадан көрө аласыздар:

Астрологдордун айтуусунда ар бир зодиак белгинин алдындагы адамдын өз организмине гана таандык оорулары болот. Эгер адам ошол оорулардын алдын алып, өзгөчө көңүл бурса өз өмүрүн узартуу өз колунда. Мисалы: Букачар жылдызында төрөлгөндөр семирип кетүү, жыныстык оорулар жана боор бөйрөк оорулары менен жабыркашса, эгиздер тескерисинче арыктоодон жабыр тартышат. Кой жылдызындагылар ден соолугу чың адамдар деп эсептелет, бирок буларга стресс катуу таасирин тийгизет. Бөйөн жылдызындагылар онкологиялык оорулардан абайлоосу керек болсо, арстандар ак чыныда карагаттай болгон эки көзүн сакташ керек. Бийкеч жылдызындагылар да ден соолугуна арызданбаган адамдар болгону менен иче-карын, ашказан ооруларынын алдын алуусу зарыл. Таразалар сууктан сактануусу керек болсо, чаян жылдызындагылар өзүнүн доктурдан качкан адаты менен өз ден соолугуна зыян келтиришет. Жаачылар радикулит, ревматизм ооруларынын жолун тосуулары зарыл. Ал эми текечер жылдызындагылар буту-колун сындырып алууга жакын келишет экен. Сууперилерге алкоголдук ичимдиктерди ичүү таптакыр болбосо, балыктар көбүнчө кокустуктардын курмандыктары болушат.
Албетте, жараткан кудай да сактанганды сактайм дейт тура. Андыктан биздин ден соолугубуз,улуттун ден соолугу, келечектин тагдыры экенин эстен чыгарбай өзүбүзгө-өзүбүз кам көрөлү.

Даярдаган Айтурган Сатиева




Лидер болууну каалайсызбы?
Ар бир экинчи инсан бул тиричиликте лидерликке умтулаары анык. Алгач лидер деген сөзгө аныктама бере турган болсок,-көпчүлүктүн эмоциясын бириктирип кармап, коомду артынан ээрчиткен адам. Адам лидер болуш үчүн, кайсы бир топту тарбиялап, туура жолго ээрчитүүнү алгач өзүнөн баштоосу туура болот.
Психологдордун арасында өзүндөгү лидерликти тарбиялоого бир топ ыкмалар менен методдор иштелип чыккан. Алардын кээ бирине көз жүгүртүп көрөлү.

Ишенимдүүлүк
Лидер болгусу келген адам алгач өзүнө-өзү бекем ишениши керек. Андан тышкары өзүнүн артыкчылыгы менен кемчилдиктерин мойнуна алганы оң. Алгач барак алып туруп өзүңүздөгү жакпаган сапаттар менен артыкчылыктарыңызды тизмелеп жазып чыгыңыз? Кайсынысы басымдуулук кылат экен? Экинчи кадам: Жакын досторуңузга же туугандарыңызга өзүңүздү сындатыңыз.

Чыдамкайлык
Жолуңузда туш болгон анча-мынча кыйынчылыктарга моюн сунбай аларды жеңе билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон адамдын алдында лидерликке жол ачылат. Өзүңүзгө-өзүңүз, "Мен канчалаган кыйынчылыктарга чыдай алам"-деген суроону коюп ага жооп берүүгө аракет кылыңыз.
Француз жазуучусу Люка Де Киалье "Жалкоолор гана дайым бир нерсе жасоого камынышат" дегени бар. Чынында эле бир иш жасагыңыз келсе аны жасабоого шылтоо издебей дароо киришиңиз.

Чечкиндүүлүк
Адамдын эт менен челдин ортосунда былкылдап жүрө бергенинен жаман көрүнүш жок экенин эсиңизден чыгарбай кандайдыр бир чечим кабыл алууда же олуттуу кадамдарга барууда чечкиндүү болуңуз. Өзүңүздөгү чечкиндүүлүк сапатын өстүрүш үчүн атайын ыкмаларды колдонсоңуз болот. Мисалы, кечки тамакка эмне азык сатып аларыңызды дүкөнгө барып алып ойлонбостон, үйүңүздө отуруп алгач бул кичинекей маселени чечип алып анан дүкөнгө барсаңыз болот.

Жоопкерчилик
Өзүңүздүн катаңызды мойнуңузга ала билип, жалгыз керт башыңыз үчүн эле эмес көпчүлүк үчүн чечим кабыл алып жоопкерчиликти көтөрүүнү үйрөнүңүз. Жоопкерчиликтүү адам кайсы жерде, кандай коомдо болбосун кадыр-баркка ээ болот. Ал эми лидер болгусу келген адамга кадыр-барк аба менен суудай эле зарыл нерселер.

Уюштуруучулук жөндөм
Ар бир коллективдеги пикир келишпестиктер иштин ыдырашына алып келет. Коллективдеги жакшы маанайды колго алып, жаман маанайды жөнгө салуу-лидердин иши. Албетте бул кыйын нерсе экени талашсыз. Ошентсе да сиз жалпы коллективди оригиналдуу ой-максаттарыңыз, жакшы идеяларыңыз менен жөнгө салып тил табыштырсаңыз болот. Уюштуруучулук жөндөмдүүлүк бара-бара сизде калыптана баштаганын байкайсыз. Лидердин дагы бир артыкчылыгы коллективдеги ар бир адамдын кабак-кашына карап мамиле жасай билүү.




  Пайдалуу кеңештер

Акыл өстүрүүчү азыктар
Окумуштуулар менен медиктердин берген маалыматына таяна турган болсок, адамдын аң-сезимин өстүрүүчү жер-жемиштерге төмөнкүлөр кирет экен: карагат, анткени ал адамдын көзүнө жакшы таасир тийгизет. Кызылча менен капуста болсо адамдын иммунитетин көтөрөт. Адамга пайдалуу жемиштерден тышкары балыктын да эти жакшы жыйынтык берип, зыяндуу ферменттерди өлтүрөт. Эгерде жогоруда аталган азыктарды бир жумада жок дегенде бир жолу тамак ашка аралаштырып жесе адамдын нерв системасы калыбына келип, акылын өстүрөт.

Тиш паста менен нашатыр спиртинин пайдасы
Кадимки эле биз күнүгө колдонуучу тиш пастасы кээ бир буюмдарды жалтыратуу касиетине ээ. Ал эми нашатыр спирти май менен кирди эритип тазалай алат. 50 грамм тиш пастасына 20-25 грамм нашатыр спиртин аралаштырып туруп муздаткычтын сыртын сүртүп чыкса жалтырап чыгат.

Ооздогу жагымсыз жытты кетирүүгө эмне жардам берет?
Ооздун ичиндеги жагымсыз жыт ички организмдердин ооруганынан улам пайда болоору маалым. Ал эми ал жагымсыз жытты кетирүүгө төмөндөгүдөй эмен кайнатмасын даярдоого болот: 60 грамм эмен жалбырагына 0,5 литр суу куюп 30 мүнөт кайнатат, суутуп туруп дагы ошончо кайнаган суу кошот. Бул кайнатманы тамак ичкенден кийин пайдалануу керек. Мындан тышкары ромашканын анча көп эмес өлчөмүн жарым литр сууга кайнатып, аны менен бир күндө 4-5 жолу чайкап туруу зарыл.

Таракты туура тандаганды билесизби?
Чачты көркүнө чыгаруу үчүн жакшы сапаттагы шампунь менен жуугандан тышкары, сапаттуу эң негизгиси жакшы тарак тандап алууңуз абзел. Жыгач тарак-чачты жасалгалаганда пайдаланууга ыңгайлуу, чачты чачыштырбайт жана жулмалабайт. Ал эми салып жүргөнгө ыңгайлуу көрүнгөнү менен пластмасса таракты дайыма колдонуу чачтын сапатын начарлатат. Пластмасса тарак менен таралган чач бат ачакей болуп, сынып алсыз абалга келет. Массаждай турган щётка баштын терисин жакшыртып, чачты көркүнө чыгарат. Бирок тиштери өтө катуу жана учтуу болбоого тийиш.

Даярдаган А. Дүйшөналиева









??.??