Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күлкү жана тамаша

Тамаша да эй...
"Кадыры бийик кара казан"
Шоумен Бакыт Букаев көпкө чейин үйлөнбөй жүрүп, бир күнү жактырып калган кызга эмне деп сүйлөрүн таппай, аны карап олтуруп капрон калготкисинин сызылган жыртыгын байкап калат да сөзгө салат:
- Карындаш, бутуңуздагы сызылган жол кайда алып барат болду экен?
- Кадыры бийик кара казанга алып барат, байке...
- Анда ал казанга колбасам менен жумурткамды кууруп алсам болобу?
- Жок, азыр аякта карагаттын вареньеси бышып жатат. Бош эмес,-деп басып кетиптир.




"Кандай коомго баратканыбызды барганда көрөбүз"
ЖКнын спикери Айтибай Тагаев шайлоочулар менен жолугушууда минтип сөз баштап калыптыр:
- Деги айылдыктар силер караңгы бойдон калып, реформаларыбыздын алга жылышын кечеңдетип жатасыңар! Кайда баратабыз, кай жакка багыт алдык, көздөгөнүбүз кандай коом деп ойлоп койбойсуңарбы?-десе, анда айласы кеткен ноокаттык абышка:
- Айланайын балам, айтып койчу деги кайсы коомго баратабыз?
- Карачы, келип-келип болбогон суроолорду бересиңер. Ал кандай коом экендигин барганда көрөбүз да, -деп депутаттык жооп кайтарыптыр.




Сөзгө жыгылган чоңко
Мындан бир нече жылдар мурун Кыргыз эл артисти Орозбек Кутманалиев филармониянын жоон топ артисттери менен Токтогул районундагы айтылуу чоңколордун айылына концерт коюп барып калат. Жетекчи катары Орозбек Кутманалиев артисттерге төмөндөгүдөй деп эскертет:
- Бул айылдын улуу-кичүүсүнө дебей сак болгула, болбосо баскан - турганыңардан, сүйлөгөн сөздөрүңөрдөн эле кыйкым таап, сөз менен таза шылып ташташат...
Ошентип, артисттер колхоздун башкармасынын көрсөтмөсү менен бир бригадирдин үйүнө келип түшүшөт. Үй ээси чач алдырып келем деп жаңыдан эле бир жакка бастырып кеткен экен. Анын аялы дасторконду кенен жайып, ысык чай, артынан суусундукка арпа максым сунат. Өзөк жалгаган соң меймандар дем алыш үчүн сыртка чыгышып, огороддогу алма бактын ичинде басып жүрүшөт. Костюмдарын желбегей жамынган Төлөбек Итигулов, Дүйшөнбек Үкүев, Керимбек Карагулов, Жеңишбек Ишеналиевдер айылдыктардын, кошуна-колоңдордун бала-чакаларынын көздөрүн кызартып, кызыгуусун арттырып, тамеки чеккенче кызуу маекке киришет. Аңгычакты башын такыр кырдырган үй ээси келип, ат үстүнөн үзөңгүнү чирене тээп туруп, үй жакка катуу үн салат:
- Ой, катын, канаттарын калдайтып, калың бактын ичинде жүргөн кайсы чакырылбаган коноктор? Конок деген чакыртып келет дечү эмес беле?
- Борбордон келген артисттер байым. Артисттерди жакшы көрөрүңүздү билип, раис өзү жибериптир...
- Тамак-самак бердиңби?
- Чай-пай ичишти, байым.
- Ой катын, чачың узун дагы, акылың кыска. Чай дегениңди бир үшүгөн, бир шишиген ичет. Андан көрө тиги короодогу үрпөңдөгөн төрт үндүктүн бирин союп, жаркөп жасап жиберсең болмок экен!-деп жанагыл төрт үрпөйгөн артистти көрсөтөт. Сөз нугу кайда баратканын түшүнө калган Орозбек Кутманалиев үйдөн чыга келип:
- Аксакал, жеген да бир, тапкан да бир дейт. Андан көрө үрпөйгөн үндүктөрдү коюп, кыркымдан жаңы эле кыркылып келген чоң ирикти соёлу-деп сөздү кайра бригадирдин өзүнө тийиштире айтат. Туура сөзгө жооп табалбай калган бригадир ат үстүнөн ыргып түшүп, белгилүү ырчыны сыга кучактап, алдыларына түшүптүр. "Жыгылдым сизге" деп. Көрсө, артисттер оозунда эми бар, кыдыр даарып, шайыр-шатман жүргөн эл турбайсыңарбы?-деп меймандарды жакшы коноктоп узаткан экен.




Достук азил
Адахан Мадумаровго:
Өткөн өмүр-саясат айла барбы,
Оппозициядан же табар пайда барбы?
Болуп, болбой парламент төрагасы,
Боздогон күн күнөөсүз кайда калды.
Кайда-аа-а калды...




""Кыргызча ким түшүнөт эле..."
- Коңшу республикадан келген турист экскурсоводко кайрылып калат:
- Шаарыңардын көчөлөрү жалаң орус тилинде жазылыптыр
- Аны ойлогон чоңдор жок!
- Келгиле биз жазып берели?
- Боёк, кисти жок
- Мэ, акча
- Жөн эле коюңуз, боёк издегенге убакыт жок.
- Анда өзүбүз эле барып келе коёлу?
- Кызык адамдар экенсиңер, кыргызчаны ким түшүнмөк эле?...




Адилеттүү өкүм
Бир киши аялын коё берип, үй-мүлкүн бүт бойдон өзү алмакчы болот да,-Апендинин казылык кылып турган кези экен,-ошого келет:
- Урматтуу казым, аялыман көңүлүм сууду, үй-мүлкүбүздү бүт өзүм тапкам, баарын өзүмө калтырып бериңиз-дейт.
Апенди аны ынсап кылаар бекен деп ары айтат, бери айтат, тиги көшөрүп, дегенинен кайтпаган соң, Апенди минтет:
- Болуптур, ала турган үй-мүлкүңдү бир-бирден атап айт, тизмелеп туруп өкүм чыгарайын.
Тиги киши буюмдарын бир-бирден айта баштайт:
- Уй-пуй, килем-силем,төшөк-пөшөк, сандык-пандык, короо-сороо..
Апенди өкүм чыгарганы ичке кирип кетет да бир пастан кийин кайра чыгып, өкүмдү окуй баштайт:
- Үй-жайды эрди-катын чогуу топтогон деп эсептелинет да эки тарапка теппетең бөлүштүрүлөт. Ошентип, уй-катыныңызга, пуй-сизге, килем-катыныңызга, пилем-сизге, короо-катыныңызга, сороо-сизге...
Аңгыча алиги неме:
- Болуптур, болуптур,-деп шашып калат,-дагы алда немелерди айтып ийе элегиңизде, тезирээк бөлө салыңыз.




Тескери эшек
Апенди бир теңтушунукуна мейманга барып, кайра кайтаарда эшекке тескери минип алып үйүнө келет. Көнгөн эшек дарбазанын алдына келип токтойт.
- Эшекке эмне тетири минип алгансың?-деп, аялы таңыркаса, Апенди:
- Мен тетири минген жокмун, эшек өзү тетири туруп калыптыр,-деген экен.

Даярдаган Алмаз Адишов









??.??