Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  коңгуроо

№5 - таланттардын очогу
Шаарыбыздагы мектептерге болгон сапарыбыз уланып №5 Улуттук компьютердик гимназиясынын босогосун аттадык. Аталган мектептин айтып бүткүс тарыхы бар экенине ынандык. Былтыркы жылы 80 жылдык юбилейин белгилешип, мектеп босогосун аттап, алтын уядан учуп кеткен бүтүрүүчүлөрдүн 90% интеллектуалдуу инсандар, кыргыздын белгилүү маданий ишмерлери экендигине мугалимдер ар убак сыймыктанып келишээрин баса белгилеп кетсек болот. Атын атасаң, куту сүйүнөт дегендей ысымдары жүрөктөн өчпөгөн кыргыздын залкар адамдары: Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Турар Кожомбердиев, Байдылда Сарногоев, Жамал Сейдакматова, Эрнис Турсунов, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Дүйшөн Байдөбөтов, Ашым Жакыпбеков ж.б. көптөгөн белгилүү кыргыздын жүгүн көтөрүп, атын чыгарган инсандарыбыз, мына ушул мектептен билим алышкан экен. Ал эми азыркы учурда шоу-бизнес жаатында элибизге таанылып келаткан жаштарыбыз: Медер Осмоналиев, Омар, "Назик" бийчилер тобунун кыздары, Кубик кызы Айпери да бул мектептин бүтүрүүчүлөрү аталышат.
"Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" дегендей мугалимдердин берген таалим-тарбиясы, талыкпаган эмгегине дагы да болсо алкыш айтып келебиз. Ал эми азыркы учурдагы мектеп-лидерлери келечек ээлери менен болгон кызыктуу маекти сиздерге сунуштайбыз.
Мектепте учурда 1528 окуучу билим алып, 125 мугалим эмгектенет. Жатаканага жатып, региондон келип окуган балдардын саны 189 окуучуну түзөт.

Венера Жаманова,
Тарбия иштери боюнча директордун орун басары:
- Менин эсимде калган бир окуя болгон. Сабак учурунда экинчи сменага рейт жасап жүрүп ажатканадан 6-класстын окуучусун тамеки чегип жаткан жеринен кармап алдым. Кабинетке алып келип агайды чакырып, чөнтөгүндө эмне бар, эмне жок деп текшерсек тамеки анан уюлдук телефону чыкты. Анан "ата-энесин чакырталы, сиз бара бериңиз"- деп агайды кетирип жиберип, экөөбүз жалгыз калдык. Агай чыгаары менен жаныма чуркап келип, "эже, сизге мобильный телефонумду берейин, ата-энеме айтпаңызчы" деп жалынып жатпайбы. Ата-энесине айтылып, бир нече күнгө убакыт, шанс берилди. Бирок, ал бала көнгөн адатын калтырбай, тартип бузганына байланыштуу мектептен чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Раев Аскат, 1-класстын окуучусу:
- Аскат, бир мүнөттө канча сөз окуйсуң?
- Билбейм, бир мүнөт деген эмне?
- Атаң Кален Раевдей сен да ырдай аласыңбы?
- Ооба, атаман да жакшы ырдайм.
- Ырдап берчи анда?
- Мирбектики болобу, "Жашоо деңизи, элдин ай тилеги, тилеги нари-нари-най-най"
- Чогуу окуган кыздардын бантигин жулуп тийишесиңби?
- Ики, досторум тийишет.
- А, сенчи эмнеге тийишпейсиң?
- Жөн эле.
- Атаң көп урушабы же апаңбы?
- Экөө бирдей эле урушат.

Дөөлөталиев Боогачы, мектеп президенти:
- Мектеп президентинин милдетин аткарган мага абдан жагат. Окуучулар менен иш алып баруу өзгөчө кызыктуу. Сабактарыма эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Себеби, президенттин өзүнө тиешелүү иштөө графиги бар. Башка мектептерге салыштырмалуу баарыбыз бирдей форма кийип, жакшы окугандыгыбыз менен айырмаланабыз деп ойлойм.

Шаршеева Алтынай,
Маданият министри, Республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү:
- Маданий кечелерди, концерттерди мугалим эжелердин жардамы менен уюштурам. Башка мектептерден коноктор, окуучулар келип биз менен дос болушат. Маданият министри болгондуктан өзүм да үлгүлүү окучуулардын катарына кирем. Көп учурда эртең менен сабакка кечигип калбайын деп тиленип уктайм. Кээде кечигип калсам башымды шылкыйтып уят болуп калам. Эки ирет кечикпейин деп дем алыш күнү келип алгам.

Бермет Нурбек кызы,
бийчи:
- Биздин мектепте атайын уюшулган "Чолпон" аттуу бий тобу бар. Бийлөө өнөрүм менен эл аралык короо сынактарга катышып жүрөм. Мисалы, Индия, Санк-Петербург, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүндө болдук. Ал жактан келгенде классташтарыбыз, досторубуз ал өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрүн сурашып, биз менен сыймыктанышат. Келечекте өзүм бий ансамблин түзүп, кыздарга бий үйрөтсөм деген оюм бар.

Кадырбаева Нуркыз,
мектеп лидери:
- Кызыктуу күндөрдөн айтсам, мектеп лидери болгондуктан класстарды кыдырып текшерүү жүргүзөбүз да. Өзүм кичинекей болуп алып окуучуларга эмнеге тырмагыңды өстүрөсүң, китебиңдин сыртында ручканын чийини бар экен деген сыяктуу болбогон шылтоолор менен ал балдарды жазып алып линейкага чыгарчу экенмин. Бир жолу бир балага эмнеге ак көйнөк кийбей ак вадаласка кийип келдиң? десем мага синтетика кийгенге болбойт дегенде өзүм ыңгайсыз абалда калгам.

Кошалиев Адилет,
ички иштер министри:
- Мен бул милдетти эки жылдан бери аткарып келем. Азыр өзүм 10-класста окуйм. Мисалы, эки бала урушуп кетсе, аларды кармап калсам мектептин директоруна же завучуна жеткирбей эле өзүбүзчө бүтүрүп коёбуз. Бир жолу 4-5-класстын балдары бир кызды талашып уруша кетишкен жеринен көрүп калдым. Экөө тең калчылдап, жакалашып калыптыр. Чуркап барып тыйып калсам "сиз кимсиз?" деп коюшат. Өзүмдүн ким экенимди айтып жүргүлө директорго алып барам десем, "байке, ага кирбей эле мындай эле чечишпейлиби"-деп мени кайра уят кылып жатышпайбы. Ошентип чоңдордун эшигинин алдына чейин бир топ ишти өзүбүзчө мындай эле чечишип алабыз.

Молдоев Жоодарбек,
"Ийгилик" драм ийриминин катышуучусу, актёр:
- Баштагыга караганда азыр профессионал болуп калдым. Актёрлук чеберчиликти үйрөнүп келатканыма эки жыл гана болсо да, көп ийгиликтерди жаратып келем. Анда азыр абышканын образын туурап берейин. - Ээ балам, тетиги бир чоң дөбөгө чыксаң алтын нур турат. Ал нурдун алдында чоң өгүз бар, сен биринчи нурга барбай өгүзгө бара көр. Антпесең, нур сени жаап калышы мүмкүн-десе баласы деп, баланын образына кирип кетти.
- Эй атаке, эмне болмок эле. Биринчи нурду алып, анан өгүздү алсам болот да. Ар бир ролду аткаруу биз үчүн өтө кызыктуу.

Аалиев Талант,
жаш акын:
Кыргыз жери
Кыргызстан - тоолор мекени,
Кудайдын берген белеги.
Эркин болуп түбөлүк,
Желбирей берсин желеги.
Талас-Манас жергеси,
Ысык-Көл -кыргыз бермети.
Жалал-Абад жаңгак кени,
Баткен-өрүк мекени.

Чүй Шабдандын жери экен,
Нарын малдын жергеси.
Сулайман тообуз Оштогу,
Бурана, Кошой коргону.

Кооздугу кыргыз жеримдин,
Көркүнө көөнүң тоёбу?
Карагай, арча, карагат,
Аралап адам жашарат.

Көркүнө көрк кошулуп,
Жылдан жылга жашарат.
Адамга өмүр тартуулап,
Тоонун суусу шар агат.

Кылымдын күүсүн терметип,
Сүйөлү Ата Мекенди.
Жүрсөң да дайым жер кезип,
Унутпа өскөн жериңди.
Уланбек уулу Рахат,
жаш актёр:
- Мен жатаканада жатып окуйм. Бир жолу кадыр түн тосуп, таң атканча уктаган жокпуз. Эртең менен сабакка келсем, уйку келет десеңиз. Үчүнчү сабака чейин араң чыдап, физикага келгенде уктап калыптырмын. Эже бардыгыбыздын дептерибизди текшерип, менин фамилиям эң акыркы болуп, балдар "эй тур, эже чакырып жатат"-дешсе туруп, керилип, көздөрүмдү ушалап, бейкапар терезенин жанына басып барып колумду керип-керип кайра келип партага уктап калыптырмын. Мунун барын көргөн балдар "дуу" каткырып көпкө чейин шылдыңдап жүрүштү. Ошондо аябай уялгам. Мугалимден да уруш жегем.

Жамал Сейдакматова, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
"Мага Ысык-Көл деп ат коюшкан"
- Ал кезде №5 мектеп интернаты болуп, биз жатаканада жатып окучубуз. Мугалимдердин баары күчтүү эле. Сабактан калуу, кечигүү деген бизде болчу эмес. Окуп жүргөндө мен ырчы болом дечүмүн. Концерттер болгон сайын Аалы Токомбаевдин сөзүнө жазылган "Ысык-Көл" ырын мага ырдатышчу. Бир жолу Аалы Токомбаев өзү жолугушууга келгенде менин бул ырды ырдап жатканымды көрүп, көзүнөн жаш агып ыйлаганы эсимде. Көрсө Ысык-Көлдү абдан сүйчү тура. Ырдап бүткөндөн кийин сүйүнүп, чекемден өөп, батасын берген. Ошол күндөн баштап мага окуучулар "Ысык-Көл" деп ат коюшкан.

Айпери Кубик кызы, ырчы:
"Мектептин "периси" аталгам"
- Мен да №5 гимназиядан билим алгам. Кызыктуу учурлардан айтып берсем. Мындан эки жыл мурда мектепте класс аралык "Жаз сулуусу" кароо сынагы болгон. Биздин класстан мен катыштым. Ал кезде ырдап элге тааныла элек болчумун. Классымдын намысын коргоп ар тараптан талантымды сынап көрмөй болдум. Орус ырчыларынын "Эй сулуу кыз" деген ырын кыргызчага которуп, эки классташ балам менен трио ырдап жатсак эле, бир балабыз микрофондун шнуруна чалынып жыгылып кетти, аны карап тургузгучакты берки классташ балам бийлеп келип анын үстүнө кулап жатпайбы. Музыка кетип жаткандыктан экөө ырдачу жерди да өзүм ырдап аябай күлкүлүү болгон. Класска барып эжекеме "мени уят кылышты" деп шолоктоп ыйладым. Бирок, башка номерлерим жакшы болгондуктан "Гран прини" мен утуп алдым. Ошентип, мектептин да "периси" аталгам.

Медер Осмоналиев,
"Кыргызстан обондорунун" маалымат редактору:
"Бегайымдын айынан акын болдум"
- №5 мектеп гимназиясында окуп жүргөндө Бегайым аттуу кызга катуу ашык болуп, кандай гана ыр саптарын төкпөдүм. Ашыктыгым мени акын кылып, анын жыйынтыгы китеп болуп чыкты десем да болот.
Жүрөгүмдү кыйнаган Бегайым үчүн эмнелерди гана кылбадым. Ошентип тартынчаактыгымдан сүйүүмдү билдире албай мектепти аяктап кеттим. Бирок, ал үчүн катуу ооруп сабака барбай калган күндөрдү азыр эстесем күлкүм келет.

Урматтуу мектеп жетекчилери, мугалимдер, окуучулар! Сиздердин алтын уядан билим алган үлгүлүү окуучулар, спорт чеберлери, өнөрлүү балдар жана мектеп лидерлери тууралуу гезит бетине жарыялагыңыз келеби, анда биздин дарекке кат-кабар жөнөтүңүз. (Каттар менен бирге сүрөттөр сөзсүз тиркелиши керек). Каттарды Бишкек-48
А/Я 1551 дарегине жөнөтүңүздөр. Жыл жыйынтыгында активдүү катышкан мектептерди баалуу сыйлыктар күтөт.

Даярдагандар Айнура Султанова, Алика Асаналиева










??.??