Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
"Кудайым өнөр бербегенде Талант бандит болуп чыкмак"
Белгилүү куудул Рахман Разыковдун шакирти, "Бешилик" куудулдар тобунан чыгып күлкү сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө айланган таланттуу куудул Талант Анарбаевдин артта калган балалык кези, окуучулук күндөрү жөнүндө билүү үчүн классташы Канат Темирбаев менен маектештик. Канат мырза учурда Ош шаарында жашагандыгына байланыштуу телефон аркылуу баарлашууга туура келди.

Айылдын "шумпайы"
- Талант экөөбүз Ош облусунун Кара-Суу районунун Талдык айылындагы Исраил Сулайманов атындагы орто мектепте бир класста окуп, кошуна жашап, чогуу өстүк. Бала кезинде бою кичине, арык, сапсары бала болчу. Сарылыгынан айылдагы кыздардын баары "машка" дешчү. Кичинесинен эле айылда атагы чыккан шок бала аталган. Үйү жолдун боюнда болгондуктан ары-бери мечитке өткөн аксакалдарды да жөн өткөрбөй чуңкурга жашынып алып жакын калганда "ассалом алейкум" деп аңдан чыга калып өзүн гана эмес, минип бараткан атын кошо чочутат эле. Кийин аксакалдардын баары ошол жерге келгенде жанагы баланчанын "шумпайы" чыга калбасын деп абайлачу болушту. Ошол шоктугу мектепте деле калган жок. Отузга кирип эми кичине токтолуп аткан кербези. "Муш" дегенде ичкен ашын жерге коюп бети менен түшө калчу. Ар линейкада чыга берип кийинчерээк эч ким ага маани деле бербей калган.

Окуучулардын оозун ачырып...
- Сабактан болсо кол эмгектен, черчениеден жакшы окучу. Пластилинден ар кандай нерселерди жасап, кыздардын айласын кетирчү. Айылда орус тилден жакшы окубайбыз го. Бир жолу эжекебиз "орусча төрт мезгилди айтып бергиле" десе эң мыкты деген окуучубуз да айталбай коюп күтүлбөгөн жерден Талант тентегибиз кол көтөрүп 4 мезгилди, ага кошумчалап өзүнүн мүчөлөрүн орусча айтып берип баарыбыздын оозубузду ачырган. Ошондон кийин мугалимдин ишенген окуучусу болуп орус тилинен "4, 5"деген бааларды алып калды.
Бурама конфет
- Мектептеги кличкасы "Тампай" болчу. Ага кыздар тийишип "Талант тампай, столдун алдына жалпай" дешип качышат эле. Алардын бул сөзүнө чычалаган Талант кыздарды үйүнө чейин кубалап барып бетинен бир өөп алмайынча жаны тынчу эмес.
Талант досум шылтоо менен энеси өбө элек көп кыздардын бетинен сүйдү окшойт. Негизи кыздарга абдан жакын эле. 6-класста окуп атканда 11-класстын кыздарынын юбкаларынан тартып, тийишем деп канча жолу эжелеринин "бурама конфетин" жеп колу көгөрдү.

Мурунга басылган мөөр
Талант досум тентектигинин айынан көп азап тартты. 7-классында эки колун көтөрүп алып ат чаап баратып цементке ыргып түшүп бели сыйрылып, бир жылдай чалкасынан жаталбай кыйналып жүрдү. Ошол эле жылы Каныбек деген бала менен мушташам деп кур менен мурдуна жеп, өлгүдөй көк ала болгону эсимде. Азыр жакшылап байкап көрсөңүздөр мурдунун жаны тырык болуп калган.

Талант үчүн өзүн "жертва" кылган
Урмат
- Биздин класста Урмат Анарбаев деген Таланттын авасынын баласы да окучу. Ал ааламды сел каптап кетсе да эч нерсени туйбаган аябай жоош бала эле. Талант анын жумшактыгын көп жерден пайдаланчу. Өзү кылгылыкты кылып коюп Урматты көрсөтүп тура берчү. Башкача айтканда Талант үчүн Урмат өзүн "жертва" кылчу да. Эсимде, жаңы окуу жылы башталып, каникулдан эми эле барган болчубуз. Класстарга кымбат баалуу пардалар тагылган. Колунда курту бар Талант анда да жөн отурбай жаңы парданы чукулап атып "открыт" менен "закрыт" дегенди бирдей басып таштаганда парда үзүлүп кетти. Анан класс жетекчибиз келип "муну ким жасады?" десе "мен открытты басканда, Урмат закрытты басып жиберди эле ушинтип бузулуп калды" деп көз көрүнө ага шылтап койсо болобу. Таланттын тилине кирген эжекебиз Урматты алаканы кызарганча чапкылап, чымчылап урган. Көрдүңүзбү, Талант куудул тегирменден бүтүн, суудан кургак чыгып, анда да жөн чыкпай бир мүшөк ун, анан бир балык көтөрө чыкчу. Тентимиш деген татар мугалимибиздин башында тазы бар эле. Бир күнү бир балабыз баракка чоң тамга менен "Таз" деп жазып агайдын столуна коюп койсо аны Таланттан көрүп Талантты күч менен чапканда указкасы эки бөлүнүп калган. Агайдын бул жоругуна ачууланган биздин класстын атаманы аталган Талант 13 баланы баштап качып кеткенбиз. Ошондо ким мектепке барган эркек эмес деп сөз беришип 13 бала тең бир жума сабакка барбай койгонбуз.

Мектепти Өрттөп
жибергенде...
Дагы бир жолу баягы эле Таланттын сөзүнө кирип кептер тутабыз деп мектептин 3-кабатына чыксак 15-20 жылдык журналдар, эски китептер үйүлүп туруптур. Кеч күз мезгили болчу. Үшүгөнүбүздөн жанагы журналдарга от жагып жылынабыз деп өрттөп жибергенбиз. От алоолонуп күйүп баштаганда эч кимге айтпастан үйүбүзгө качып кеткенбиз. Анан мектептин кароолчусу түтүндү көрүп калып жалындаган отту араң өчүрүп калышкан. Эртеси кылмышкерлерге издөө салышты, бирок биз экенибизди эч ким билген эмес. Ошондогу чындыкты 30 га кирип биринчи жолу сизге айтып отурам.

Сүзмө уурдап,чалап саткан куудул
Чынында Талант досум куудул болбогондо бандит болмок. Анын таланты жаман жагын жаап турчу. 6-класста мектептер аралык куудулдар конкурсуна катышып райондон 1-орунду алып келип, ага-эжейлерди сүйүнткөн. Ошто кароо-сынак болуп атыптыр деп ата-энесин алдап кетип бир жумалап жүрө берчү. Ойлоп көрсөм эч нерседен коркпогон Таланттын жүрөгү ошондо эле тоо экен. 7-класстан баштап базарга чыгып, чалап сатты. Күндө кечиндеси үйүнөн сүзмө уурдап көпүрөнүн астына бекитип коюп, эртең менен ата-энеси тура электе үйүнөн качып чыгып Ошко келип жанагы сүзмөсүнө суу кошуп чалап кылып сатып, өзүнө саат, кур, кийим-кече алып келип бизге мактанчу. Ошентип жүрүп мектепте 9-класска чейин эле окуп, анан куудул болом деп кетип калды. Бирок, биз сыяктуу эле жакшы баалар коюлган аттестатка ээ болду.

Ж.Калдарова










??.??