Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Спорт

Кыргызстандын тарыхында спорт боюнча 1991-жылдан баштап 1999-жылдар аралыгында Кыргызстандын желегин желбиретип дүйнөгө тааныткан белгилүү кикбоксчу Александр
Воиновдун шакирти дүйнө чемпиону, "Гермес профинин" башкы машыктыруучусу Маралбек
Давлеткулов бүгүн биздин коногубуз.
Айта кетсек спорттук карьерасы менен
коштошкон соң кайра эле спорт дүйнөсүнөн
чыга албаган мырза бүгүнкү күндө жаш
муунга татыктуу тарбия берип келүүдө.
Жаштардын спортко болгон мамилеси
кандай экенин билүү үчүн "Гермес профи"
спорт залына барганбыз. "Эшигин көрүп
төрүнө өт" демекчи киргенде эле бир топ
убакыттан бери ремонт иштери боло
элек залды көрүп таңданып ошол жердин
эмгек жамаатына, ошону менен бирге эле
Маралбек мырзага суроо узатып, кепке тарттык. Анда сөз башынан болсун.

Маралбек Давлеткулов
- Маралбек мырза, өзүбүз күбө болуп тургандай залдын абалы бир топ оор экен. Ага карабай эмгектенип жатканыңар кубантаарлык көрүнүш. Сурайын дегеним бул зал канчадан бери ремонт боло элек?
- Ийнени капка салып ката албагандай эле бүгүнкү күндөгү спорт залдардын абалы кандай экенин биз деле жашыра албайбыз. Эмне дейм, шарт жакшы эмес деп отура берген туура болбойт го менимче. Аракет кылып, болгон нерсени туура пайдаланып, ишти кичине болсо да алга жылдыруу ар бир кыргызмын дегендин милдети. Алардын катарында биз дагы татыктуу балдарды тарбиялаш үчүн эмгектенип келүүдөбүз. Кудай буюрса корпустун башка бөлүктөрүн оңдоп баштады. Насип этип бизге да кезек келип калса оңдолуп-түздөлгөн жаңы залда балдарды машыктыра баштайбыз деген үмүт чоң. Бирок ага чейин деле кол кабыш кылып отурбай акырын алдыга жыла беребиз.
- Негизи бул топко канча жаштагы балдарды кабыл аласыз?
- 10 жаштан жогорку балдар машыга баштаса болот. Андан жаш болсо агайлар катуурак тийип, балалык баёо сезим менен спортко башкача көз караш менен карап калышы мүмкүн. Себеби, алар жаңы өсүп келаткан балапандар да. Канатын эрте кайрып алса кайрадан калыбына келтирүү бир топ кыйынга турат. Балдар менен мамиле жасоо, аларды алга сүрөө бул да болсо машыктыруучуларга көз каранды.
- Сиз өзүңүздү кандай машыктыруучумун деп эсептейсиз?
- Өзүм жөнүндө айта турган болсом, аябай катуумун. Кол алдымдагы окуучуларымдан өзүмө каалаган нерселерди талап кылам. Эгерде менин купулума толбосо, аларды жазалаганга чейин барам. Бирок, кээде менден өткөн жумшак, кең пейил адамды таппайсыз. Окуучулар менен иштөө кандай оор. Ар бир балага өзүнүн деңгээлине жараша мамиле кылышыбыз шарт. Кээде мактасак, кай бир учурда аларды урушууга туура келет. Себеби азыркы учурда жаштардын көз карашы өзгөргөн.
- Сизде дагы көп акча түшчү бизнес менен алектенсем же болбосо түшкөн сунуштарга макул болуп башка өлкөнүн намысын коргосом деген ойлор болду беле?
- Тулпар тушунда кымбат демекчи спортто жүргөн убакта бизге дагы көптөгөн сунуштар түшкөн. Акчага азгырылбай элим-жерим үчүн эмгектенип келатам. Биздин ушундай калыптанышыбызга Александр Воиновдун салымы өтө чоң. Ал инсанга канча ыраазычылык билдирсем да баары бир кем. Өзүнүн акчаларын коюп бизге шарт түзүп, түн уйкусун бөлүп, бизди ар тарапта боло турган мелдештерге алып барган. Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат деген кыргыздын таамай айтылган сөзү бар эмеспи. Анын сыңарындай ушундай тарбияны көргөн соң оңойчулук менен бул нерсени таштай албайсың го. Ошол себептен акчанын көптүгүнө кызыкпай, келечектин пайдубалын тургузуп, тарыхка татыктуу из калтырсак кандай сонун. Ал нерсени биз жасабасак ким жасайт. Азыр баштабасак качан болот? Спорт-бул биздин жашообуз, аны жөн гана таштап салуу биздин бир бөлүгүбүздү зордоп тартып алып көмүп салганга барабар.
- Артта калган күндөргө бир кылчайып, спорттук карьераңыздын баштапкы күндөрүн эстей кетсеңиз?
- Мен негизинен спортто балалык кезден бери алектенип жүрөм. Алгач күрөш, спорттун башка түрлөрү менен машыккам. Кийин Александр Воиновдун кол астына өтүп ошол кишинин тарбиясын алдык. Кошумчалай кетчү нерсе Кыргызстандагы алгачкы кикбоксчулар биз болдук деп айта алам. Буга чейин кикбокс дүйнөлүк аренада спортту толуктап турганы менен бизде өнүккөн эмес. Мен, Шаман Шадманов, Мирбек Сүйүнбаев ж.б. өлкөдөгү кикбоксту баштагандар жана өнүктүргөндөр болуп эсептелебиз.
- Алгачкы атаандашыңыз эсиңиздеби?
- Менимче ар бир адамдын эң биринчи кылган жумуштары, эмгеги, ийгилиги же болбосо жеңилүүсү эсинде болсо керек. Азыркы учурда ИИМ академиясында окутуучу болуп эмгектенген, подполковник Байкулов Нурлан менен беттешкем. Алгачкы мелдеште жеңилип калгам. Бирок эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт демекчи тагдырдын тамашасы менен кайрадан бир жарым жылдан соң рингде беттешкенбиз. Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт деген чын тура кийинки жылы оомат мен жакка ооп, Нурланга биринчиликти бербестен Кыргызстандын чемпиону аталгам.
- А спорттук карьераңыз менен качан коштошконсуз?
- Кыргызстандын курама командасында 57 кг салмакта он жыл эмгектендим. Бул аралыкта райондук мелдештерден баштап эң жогорку деңгээлден дүйнө чемпионаттарын багындырдым. Жаман болгон жокпуз. Ар нерсенин өз убакыт сааты болгондуктан 29 жашка толгондо кийинки муунга жол бошотуп, 1999-жылы спорт менен кош айтыштым. Бирок кайра эле спорт деген жаным бир жылдан соң машыктыруучулук милдетти мойнума алдым. Балдарды тарбиялап жүргөнүмө 8 жылдын жүзү болду. Спорттук карьерам менен коштошкон соң бир чети өкүнгөм, дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишип, белестерди ашсам болмок. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет деген да ушул экен да. Кудай буйруганынан чыга албай эрте кош айтышып кете бердим. Бирок ошого карабай жакшы ийгиликтерге жетиштим. Кудай буюрса тарбиялап жаткан балдарым биздин жолубузду жолдоп көптөгөн ийгиликтерди багындырат. Алардан үмүтүм чоң. Кошумчалай кетсем жакында Италияда болуп өткөн дүйнөлүк чемпионатта татыктуу 3-орунга ээ болуп кайткан балдарым жөнүндө айтсам дагы аша чаппастырмын.
- Кененирээк айтсаңыз, Кыргызстандан канча бала барды?
- Менин окуучуларымдан үчөө, дагы башка машыктыруучунун төрт баласы болуп, жалпы жети спортсмен барды. Бул мелдешке аябай олуттуу даярданганбыз. Чынын айтыш керек мен балдарды мындан да жогорку ийгиликтерге жетишет деп үмүттөнгөн элем. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кетти. Бул жолу балдар алгач ирет мындай чоң турнирлерге чыгып жаткандыктан чындыгында тажрыйбалары азыраак болуп калды. Кудай буюрса алдыда көптөгөн мелдештер күтүп турат. Бүгүн болбосо эртең өз күчүн көрсөтүп элди жалпыга даңазалашат.
- Ал жакка барган чыгымдарды ким каржылады?
- Бул мелдешке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен бардык. Аларды издеп таап жардам берүүсүн сурандык. Ачык кол инсандар көп эле экен жардам беришкен өзүмдүн досторум, туугандарым, бир окуучум дунган улутунан болчу, дунган диаспорасы жардам көрсөтүп, балдардын ата -энелери да жөн карап турушкан жок. Экөө жакшы, үчөө андан да жакшы дегендей көпчүлүктүн коштоосунда барып келдик.
- Сөз аягында үй-бүлөңүз жөнүндө кеп козгосок?
- Үй-бүлөлүүмүн, 1995-жылы ала куржунду моюнга илип, келинчегим Гүлмира менен чогуу түтүн булатып келатабыз. Эки кызым, бир уулум бар. Тун кызым бий ийримине катышат. Азыр өзүнүн талантын жалпы журтка тартуулап жүрөт. Уулум болсо спорттун футбол түрүнө кызыгып, машыгууга барып жүрөт. Үйдө, кээде залда балдар менен чогуу кикбокстун сырларын үйрөтүп жүрөм.

Маектешкен Нурзат Жусупова










??.??