Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуулардын ааламында

Шахрукх
Кхан
Блиц анкета: Туулган жылы 1965-жыл 2-ноябрь
Туулган жери: Индия Нью-Дели шаары
Карьерасы: актер, продюсер
Эң алгачкы жолу киного 1989-жылы тартылган. Баары биригип 77 киного тартылган
Жанры: драма, мелодрама, комедия
s Үй-бүлөсү: Жубайы Гаури Кхан, эки баласы бар
Жактырган актрисалары: Кэтрин-зэта Джонс, Анжелина Джоли

Жашыруун жолугушуу
Шахрукх Кхан юристтердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Тилекке каршы атасы 1981-жылы,апасы 1991- жылы жарыкчылык менен кош айтышкан. Учурда жалгыз карындашы бар. Кхандардын үй-бүлөсү чыгармачылыкка жакын адамдардан болгон үчүн Шахрукхтун шоу-бизнеске болгон кадамы эрте башталган. Актер үчүн атасы дайым үлгү болуп кала берет, балалык кезинде кандай ээнбаштык кылса да атасынын бир да жолу колу тийбептир. Мектепке жаңы барганда класс жетекчиси ага ууртуңдагы уячаң жакты, мени бетимен бир өөп койчу деп суранган экен. Албетте анын өтүнүчүн ашыгы менен аткарган Кханга ошол таптан баштап эле өзгөчө жылуу мамиле жасап, көңүл бура баштаган. Эң жакшы көргөн сабагы англис тили болсо, жаман көргөнү математика болгон экен.
19 жашка чыкканда 14 жаштагы селкиге ашык болгонун ушул күнгө чейин айтып келет. Анткени Гаури учурда анын сүйүктүү жубайы жана эки баланын энеси. Гаури көп учурда чачын жайып жүргөндүктөн ага көп эркектер көз артып көңүл бурушчу экен. Кызганычтын айынан Шахрукх ага кыялын көргөзүп таарынышкан учурларын айтып отурса өзүнчө узун жомок экенин белгилейт. Ушундай күндөрдүн биринде сүйүктүүсүнө жинденген Гаури дайын оту менен жоголуп кеткен. Мындай чукул бурулушту күтпөгүн жигит досторунун жардамы менен эки күн бою кечке Гаурини издептир. Аягында бирин-бири түшүнгөн түгөйлөр баары бир көпчүлүктөн жашыруун жолугушканга аргасыз болушкан. Анткени кыздын ата-энеси Кхандардын үй-бүлөсү мусулман экендерин жактырышчу эмес. Ортодогу опол тоодой тоскоолдуктарды жеңип, аягында экөө баш кошкон күн Кхандын өмүрүндөгү эң бактылуу күн экенинин айтуудан тажабайт.

Мен премьер-министр
болгондо…
Кыялында бул суроого актер төмөнкүдөй жооп берет: -Балким бул премьер министир үчүн жарашыксыз жооптур, эгерде мен алардын ордунда болгондо аял затына өзгөчө көңүл бурмакмын. Анткени мен аларды өзгөчө сыйлап урматтаган жанмын, аялзатына сый урмат, ызаттоо керек экенин мен ар бир ыңгайлуу учурда айтып келем. Белгилей кетчү нерсе, аялзаты дене-тарбияга аябай жакын калк болушат, болгону аларга мүмкүнчүлүк жана шарт түзүп бериш керек. Эгерде мен министр болгондо эң алгач эле ушул майда, бирок маанилүү нерселерге көңүл бураар элем.

Жубайына жакпаган сапаттары
Шахрукх Кхан үйүндө жүргөндө көп убактысын ваннада өткөрөт, себеби ал жерде ага ойлонууга, китеп окуганга, телефон менен сүйлөшүүгө эч ким тоскоол болбойт. Бирок, мындай жагдай актердун аялына такыр жакпайт. Ушул күнгө чейин Кхан иштери менен алектенип жатып же жөн гана ойлонуп отуруп түндүн бир оокумунда жатмай адаты бар. Анын жолун жолдогон балдары да белгиленген убактан өтө кеч жатышат.

Эч качан үч
нерсени кылбайт
Киного тартылуу учурунда төшөктөгү эпизоддорду эч качан аткарбайт, буга анын уялчаактыгы себепкер. Ал болгону өбүшкөн эпизодду гана аткарышы мүмкүн. Экинчиден аялдарга кол көтөргөн эпизоддорду аткаргысы келбейт, анткени жогоруда айтып өткөндөй айымдарды өтө урматтагандыктан андай эпизоддор ага оор таасирин тийгизет. Бирок ошентсе да ал бир жолу аялын сабаган кызыл камчы адамдын образын жаратып, тартылуу учурунда кайра- кайра өнөктөшүн кучактап кечирим сураган экен. Үчүнчүдөн сөгүнгөн сөздөрдү эч качан айтпайт, дал ушундай эпизоддор туш келип калса андан дароо баш тартат.

Өзү жөнүндө
Белгилүү болгонду жакшы көрөт, анткени өзүнүн атактуулугунун аркасы менен көптөгөн жакшылыктарды көрүп келет. Атасынын тамашакөйлүгү, сөзмөрдүгү ага өтпөй калганына арман кылат, себеби көп учурда адам тамашакөйлүгүнүн жардамы менен ыңгайсыз абалдардан кутула алат. Балдарына өз атасыныкындай болгон тарбия бере албаганына өкүнөт, кээде чыдамы жетпей аларга кол көтөрбөсө да кыйкырып салган учурлары арбын. Үй жаныбарларынан итти жакшы көрөт, бир убакта жети ит багып жүргөн болсо, азыр убактысынын тардыгынан улам эки гана итти багууга үлгүрүп жаткан кези. Сүйүктүүсү менен урушуп анын ачуусуна тийип алганда канча кыйкырса да унчукпай угуп отура берет жана эч убакта тил кайрыбайт. Ал эми сүйүүсүн тизе бүгүп бир күн бою болсо да билдирүүдөн тажабайт.

Анара Дүйшөналиева

Шахрукх Кхан
тууралуу кызыктуу фактылар
1 Бир күндө жооп берилбей калган телефон чалуулардын саны 100 дөн ашат
2 Сьемкадагы эң узак тартылган убактысы 72 саатты түзгөн. Ал эс алуу дегенди унутуп, тынымы жок иштеген ушул учуру тарыхта калган.
3 Кино үчүн жанын аябай 12 кабаттан секирген актер дүйнө жүзүндө бирөө гана. Ал Шахрукх Кхан.
4 Бош убактысында уктаганды жактырат.
5 Адамдар менен таанышканда алгач көзүнө көңүл бурат










??.??