Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  саресеп

Жылдыздар турмушунда...
Урматтуу окурман, бул ирет сиздерге жылдыздардын чырмалышкан жашоосун чечмелеп, сахналаш түгөйлөрдү иргеп, турмушундагы өмүрлүк жубайларды жана бир сахнада жүргөн туугандарды талкуулап берүүнү көздөдүк. Андыктан төмөндөгү кызыктуу макалабызга назар салыңыздар.

Бир сахнада табышкан жылдыздар
Денис Бобков + Жанетта Бобкова
"Досум Үсөн" тобун 35 жылга чукул жетектеп келе жаткан Юрий Бобковдун уулу Денис топтун солисткасы Жанеттага баш кошкондугу баарыңыздарга айтпасак деле белгилүү болсо керек. Мына минтип азыркыга чейин Денис менен Жанетта бир сахнада эгиз козудай ээрчишип, бир уул, бир кызды ынтымактуу тарбиялап жаткан учурлары.

Жылдыз Тутуева + Касым Токторов
Эки жыл кыз-жигит катары жүрүп, жети жылдан бери бирге түтүн булатып жашап келе жаткан бул кош жылдыздардын кызы мектеп босогосун аттап, так секирип калган кези. Эки жубай бири-биринин чыгармачылыгына түшүнүү менен мамиле жасашып, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келет. Ылайым кош жылдыздарга көз тийбесин.

Асел Кыдыкова + Мирлан Ниязов
Бир сахнада мындан бир нече жыл илгери популярдуулуктун туу чокусуна жетип, достук мамиле акырында сүйүүгө айланып баш кошушкан Асел Кыдыкова менен аранжировщик Мирлан Ниязовду таанысаңыздар керек. Дал ошол кош жылдыздар бойдокчулук кездеринде сахнада ырдап, баш кошкондон соң биротоло сахнаны ташташкан эле. Азыр экөө тең намаз окуп, динди катуу кармап, бир кызды тарбиялап жаткан чактары.



Ортолорун кара мышык аралагандар
Кенже Кубатова жана Токтобек Асаналиев
Комуздун кылын иргеп чертип, кыргыздын даңкын коңшу мамлекеттерге дүңгүрөтүп эриш-аркак бир үйбүлөнүн тегирменин айлантып келе жаткан жубайлар Кенже Кубатова менен Токтобек Асаналиевдин арасын кайсы кара мышык аралады ким билсин, айтор мындан туура эки жарым жыл мурда кош жылдыздардын ажырашкандыгы тууралуу элге кенен жарыяланды эле. Эки жылдыздын уулу Канат да комузду кылдат черткен таланттуу жигит. Азыр Кенже айым белгилүү комузчу Зайнидин Иманалиевге баш кошуп, ал гана эмес экинчи наристесин күтүп турган учуру. Ал эми Токтобек Асаналиев да Саадат аттуу түгөйүнө баш кошуп түтүн булатып келет.

Элмирбек Иманалиев, Гүлбүбү Иманалиева
Комузун колго алса эле оозунан кеби төгүлгөн төкмө акын Элмирбек да жубайы Гүлбүбү экөө үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарында эле. Тырмактайынан баш кошушкан жубайлар эки кыздуу болушуп, ынтымактуу жашап жаткан маалында оту күйүшпөй, учурда эки башка жашап жүргөн маалдары.

Клара Алибекова, Байыш Момунов
Бир убакта Байыш менен Клара кыз-жигит экен деп тараган имиштер кийин калпка айланып, Байыш Кларага эмей эле Оштун сулуусу Динарага баш кошкон эле. Экөө ынтымактуу түтүн булатып ортодо бир кыздуу болгон соң илгерки ушак чынга айланып, Клара менен Байыш дүңгүрөтө той берип баш кошушуп, Расул Маматкуловду өкүл ата коюп бир дүрбөштү го чиркин. Тилекке каршы бул дүрбөлөң да өтө ысык бат муздайт болуп тез эле жымжырттыкка айланды. Азыр Байыш "ат айланып казыгын табат" болуп Динара менен кайрадан жашап келген болсо, Клара өз алдынча Байыштан жаралган баласы Байэлди жалгыз тарбиялоодо.

Айбек Карымов, Бурул Алимова
Белгилүү обончу Айбек Карымов да чыгармачылыктын артынан түшүнбөстүктөр болуп биринчи никеси Айнура менен ажырашып, "Айтеңир" тобунун солисткасы Бурул Алимова менен нике жаңыртып баш кошкон. Бир уул, бир кыздуу болгон соң келишпестиктерден улам ажырашып кетишти. Азыр Айбек өз чыгармачылыгынын арабасын тартып жүргөн болсо, бир кездеги жаш ырчы Бурул кайрадан чыгармачылыктагы ырчылык талантын улантып "Көлдүк жигит" деген ырын кайрадан радиолорго берип, эл алдында ырдоого катуу чамынууда.

Ким кимге жакын?
"Миң кыял" радиосунун ди-джейи Канат Кадыржан менен жаш ырчы Дайыр Исмадияров бир тууган карын бөлө.

Комуздун коштоосунда жандуу үн менен ырдаган Марям Бектемир кызы куудул Тынар Курбаналиевдин экинчи никеси менен баш кошкондон бери өкүл апасы.
Макс Бегалиев бир учурда президенттике талапкер болгон Токтайым Уметалиеванын тун күйөө баласы.

Жакут Сыдыков менен Мелис Абдырашитов тууган. Кандайча дебейсизби? Мелистин апасы менен Жакут бир тууган, бир фамилияда. Ошондо куудул Жакут, ырчы Мелистин таякеси болот да туурабы?

Кадимки Мирбек Атабеков "кичинекей Гүлмира" деп элге аты сиңген Гүлмира Рысбаева менен классташ.

Султан Садыралиев менен Кайрат Примбердиев классташ. Султан Казакстандан көчүп келип Таласта окуп калганда Кайрат менен бир класста окуп калган.

Нуриса Абазова менен "Апамдын махабаты" сериалындагы Сейилдин жаш кезин аткарган актриса Таалайкан Абазова экөө аталаш бир тууган.

Чырмаш Төрөбеков, Үмүт Тилегенова, Нуриса Абазова, Салима Балтаева Опера Балет театрынын алдында түзүлгөн студияда бирге окуган группалаштар.

Үй-бүлөлүк таланттар
Белгилүү куудул Жаныбек Алыкулов бир нече жылдан бери өзгөрүүсүз "Ай жарык, эй ай жарык" деп жубайы Азиза менен ырдап келе жаткандыгын көрүп эле жүрсөңүздөр керек. Ал эми куудул ырчы ата-эненин артынан келе жаткан Алмаз аттуу уулу ырчы катары эл алдында ырдаса, эң кенжеси куудулданып атасынын жолун жолдоп келет.

Белгилүү куудул Күмөндөр Абыловдун бир тууган иниси Бакыт Мукул. Куудулдун иниси куудул Бакыттын жубайы Жаңыл экөө үй-бүлөлүк театр ачып, ал театрда кичүү иниси Канат, күйөө баласы жана карындашы болуп эмгектенишет.
Токтор Бекбоев менен Жаңыл эже театрда иштеп, таанышышып баш кошушкан. Экөө бир бүлө болуп жашашып эки кыздуу болуп, учурда улуу кызы Бегимай да кыргыздын жаш эстрада ырчысы.

Алина Жетигенова уулу Азизди кичинесинен сахнада ырчы катары чыгарса, кызы Азел сахнада бийлеп келет. Эми кызы дагы ырчылыкка тапталууда. Ал эми белгилүү куудул Назира Жетигенова бир тууган сиңдиси болсо, "супер жигит Даниэль" деген Алинанын Назгүл аттуу сиңдисинин баласы. Ошондо кичинекей Даниэль Алинанын бир тууган жээни.

Биринчи никесинен Улуу уулу Эрнист Бөрүбаев чыгармачылыгын куудулдук жактан баштап, эми ырчы, актёр болуп кетти көрүнөт. Жакында эле Эрнистин талантын кино актёр тараптан "Эркектер"деген кинодон да көрө алдык. Ал эми Тамара эже экөөнүн никесинен жаралган Мажитти тааныбаган адам жок болсо керек. Мына ошол Мажит сахнадагы популярдуу ырчы мырзаларды туураса, бир тууган карындашы Сайкал популярдуу ырчы кыздарды пародиялап талантын тартуулап келүүдө.

"Күзгү нөшөр" деген ыры менен кыргыз элин дүрбөткөн белгилүү обончу Сыймык Бейшекеев уулу Азаматты да сахнага жетелеп, экөө дуэт ырдап чыгышкан. Өзүнө куюп койгондой окшош ырчынын уулунан кийин Аваз аттуу таланттуу баланы багып алган. Андан соң иниси Зыпарбек сахнага ырдап чыкса, аны менен кошо бир тууган кайниси Тынчык да "Төө ашуудан гүл терип берем"деп бир кезде гүлдесте тартуулап жүргөн. Ал эми Сыймык менен "Каттарымды" деп дуэт ырдаган Жайнагүл Бакиева бир тууган инисине баш кошуп, Сыймыктын келини болуп калды.

Мындан кабарыңыз барбы?
Бир сахнада эже-инидей элге таанылган Алина Жетигенова менен Мирлан Жетигеновдун бир тууган эместигин көпчүлүк билбесе керек. Мирлан көлдүк жигит, ал эми Алина Жетигенова Таластан. "Алина" тобуна жаңы келген Мирланга Алина бир тууган инисиндей кылган мамилесинен улам ырчы жигит фамилиясын Алина Жетигенованыкына окшоштурууну каалаган.

Бири фольклорду, бири эстраданы көздөй багыт алган ырчылар Гүлзат Байзакова менен Назми Байзакова бир тууган эмес. Эки ырчы айымдын фамилиялары жөн гана окшош. Бири Нарындын кызы болсо, экинчиси Көлдүн кызы. Фамилияларынын окшоштугун күйөрмандары айткандан кийин гана байкашкан.

Элла Акулова менен Динара Акулова бир тууган болбогону менен карын бөлөлөр, бир тууган эже-синдилердин кыздары. Кичинекейинен чогуу чоңойгон бөлөлөрдүн фамилияларын апалары окшош кылып жаздырып коюшкан.

Учурдагы "60"К тобунун балдары чындап эле Алтымыш Кадыровдун балдары экендигин эл билсе да, негедир ырчы Азатты да Алтымыштын баласы деп сөз кылып келишет. Бирок, чынында андай эмес. Азаттын атасы башка. Бирок апасы Лариса менен Алтымыш түтүн булатып жашап жатканда Азаттын өгөй атасы Алтымыш каза тапкан. Мүмкүн ошондон улам Алтымыштын баласы болуп калгандыр.

Элнура Курсант кызы