Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ала-Тоо койнунда

Абдыразаковдун ордени
Ишенбай Абдыразаков Япониянын орденин алат.
Коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков Япониянын эң жогорку сыйлыктарынын бири болгон "Улуу тасмадагы чыгып келаткан Күн" деп аталган орден Ишенбай Абдыразаковго ыйгарылды. Сыйлыкты алуу үчүн белгилүү саясий ишмер Ишенбай Абдыразаков Токиого жөнөп кеткен. Аны япон императору Акихито 5-ноябрда Токиодо тапшырат. Бул сыйлыкка Абдыразаков кыргыз-япон байланышын чыңдоого кошкон салымы үчүн татыктуу болгон. Ал СССРдин учурунда Японияда элчилик кызматта иштеген. Биринчи даражадагы мындай орден менен буга чейин Нобель сыйлыгынын ээси Василий Леонтьев, белгилүү музыкант Мстислав Ростропович, дирижер Валерий Гергиев жана башкалар сыйланышкан.

Кышка жакын Митинг болобу?
Декабрь айында массалык нааразылык күчөшү мүмкүн.
Мындай божомолду "Кылым шамы" укук коргоо борборунунун жетекчиси Азиза Абдырасулова билдирип, мындай жагдайдын чыгышына өлкөдөгү энергетикалык кризис себеп болушу мүмкүндүгүн кошумчалады. Анын айтымында, эгерде электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү токтотулбаса социалдык жактан кыйналган эл нааразылык акциясына чыгышы толук ыктымал.

Ревком эмне дейт?
Элдик революциялык комитет интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушат.
Мындай жолугушуу ушул шейшембиге белгиленип жатканын "Бакиевди бийликтен кетирүү" деп аталган революциялык кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган жарандар менен болчу бул жолугушууда Кыргызстандын келечеги, башкаруу системасынын айланасында кеп болот. Маалыматка караганда, бул жыйынга коомдук-саясий ишмерлер, кыргыз элине кадыры сиңген карыялардын катышуусу күтүлүүдө.

Коомдук парламенттин отуруму болду
Анда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы, өлкөдөгү саясий-экономикалык абал жана башкаруу системасындагы кризиске байланыштуу маселелер каралды. Ошондой эле оппозициялык күчтөрдүн биригүүсү тууралуу да сөз болду. Күз айлары күжүлдөгөн талаштарга бай болот өңдөнөт.

Паракорлук күчөөдө
Быйыл алгачкы алты айда бийлик сересинде 149 паракорчулук катталган.
Бул тууралуу Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин баяндамасында айтылат. Ага ылайык жең ичинен иш бүтүрмөй менен эң көп жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шугулданат. Билим берүү жана айыл - чарба министрликтеринде иштегендер да паракорчулукка эң көп жол беришет. Коррупция менен күрөшүү агенттигинин билдирүүсүндө кээ бир мекемелер паракорчулук менен кармалгандар туурасында эч маалымат беришпейт. Аларга ИИМ, Мамлекеттик каттоо, Туризм боюнча агенттиги, Патент кызматы сыяктуулар кирет.

Бакир уулу баш көтөрө баштады
"ЭрК" партиясы массалык нааразычылыктарга чыгат.
Турсунбай Бакир уулу ал жетектеген партия ушул жылдын 16-декабрында жалпы Кыргызстандын аймагында массалык нааразычылыктарды баштай турганын билдирди. Ал эл Бакиевден тажап бүткөнүн, түштүк эли да бүгүн уруучулук куру намыстын кулу болуудан кутулганын айткан. Т.Бакир уулу бул бийлик менен иштөөгө мүмкүн болбой калганын белгилеп, бийликке каршы наарызылык иш-чаралары 7 дубанда жана Бишкекте өтөт деп билдирген.

Оппозиция Биригүүдө
Бишкекте оппозициялык күчтөр өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Оппозициялык күчтөрдүн биригүүсүн жана максатын аныктаган меморандумга кол койгондор арасында социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев, социал-демократиялык фракциянын депутаттары, "Ата Мекен" партиясынан Өмүрбек Текебаев, "Ак шумкар" партиясынан Темир Сариев, "Туран" партиясынан Каныбек Иманалиев, Жашылдар партиясынан Эркин Бүлекбаев, Улуу Биримдик партиясынан Эмилбек Каптагаев, "Акыйкат үчүн" кыймылынан Аликбек Жекшенкулов, коомдук парламенттен Абдыганы Эркебаев, мурунку депутат Кубатбек Байболов, Накен Касиев, Мукар Чолпонбаев жана башка саясатчылар болду. Меморандумда Кыргызстанда оор социалдык-экономикалык кырдаал түзүлгөнү белгиленип, ага туура эмес бийлик системасы күнөөлүү деп аталган. Меморандумга кол койгон саясатчылар Кыргызстандын жаңы саясий Концепциясын ишке ашырууну, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууну жактаары айтылган.




Дүйнө дүбүрт
Осетияда канча орус курман болгон?
Түштүк Осетиядагы согушта курман болгон бардык Россиялык солдаттар таанылды.
Грузин-түштүкосетин жаңжалынын жүрүшүндө 2008-жылдын августунда курман болушкан бардык Россиялык аскер кызматчылары таанылды. Бул туурасында коргоо министрлигинин башкы сотмедэксперти Виктор Колкутин айтып берген. Ал Россиялык солдаттардын тааныган сөөктөрүнүн так санын айткан эмес.

Түркмөн президенти китеп жазды
Бердимухамедов Түркмөнстандын сыймыгы жөнүндө китеп жазды.
Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун жаңы китеби тааныштырылды. Түркмөн башынын жаңы чыгармасы жылкыларга арналган жана "Ахалтекин - биздин сыймыгыбыз жана даңкыбыз" деп аталат. Бетачаарга катышкандардын сөзү боюнча "Түркмөнстандын селекционерлери эң сонун аттардын өзгөчө түрүн жарата алышкан, ал эзелтеден бери Түркмөн жигиттеринин ишеничтүү жолдошу жана досу болуп келген".

Лифтке этияттап түш
Кытайда лифттин кулашынын кесепетинен 12 адам каза болгон.
Чыгыш тараптагы Фуцзянь провинциясында курулуп жаткан имараттагы лифттин кулашынын кесепетинен 12 адам каза болгон. Расмий бийликтер иликтөө башталгандыгын жарыялашты. Азырынча башка маалыматтар билдириле элек.

Америкада окусаң акчаңды көп камда
Американын колледждеринде окутуу наркы көбөйдү
АКШда үстүбүздөгү академиялык жылдан баштап колледждерде окуу олуттуу кымбаттоодо. Экономикалык божомолдоону мурунку күнү америкалык "Колледждер кеңеши" коомдук уюму жарыялаган. Уюмдун эксперттеринин маалыматтары боюнча, окутуу наркы орточо 6 пайызга көбөйгөн. Эксперттер америкалык экономикадагы кризистен улам окутуу наркы өсө бере тургандыгын жокко чыгарышкан жок.

Ингушетияда жаңы президент
Ингушетиянын президенти бошоп, президенттин милдетин аткаруучу дайындалды.
Орус президенти Дмитрий Медведевдин жарлыгы менен ингуш президенти Мурат Зязиковдун ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотту жана республика башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кылып, аскерий адам Юнус -Бек Евкуровду дайындады. Ал буга чейин Орусиянын аскерий округдарынын биринде штаб башчынын орун басары болуп иштеп келген. Кремль ингуш лидеринин алмаштырылышы боюнча расмий түшүндүрмө берген жок.
Байкоочулардын баамында Ингушетия соңку кездери Түндүк Кавказдын кооптуу республикасына айланып, акыркы айларда президент Зязиковдун бийлигине нааразылыктар менен катар бийлик жана коопсуздук мекемелеринин өкүлдөрүнө кол салуулардын толкуну күчөгөн.

Афганстанды ачарчылык аралайт
Ачарчылык коркунучу Афганстан үчүн талиптерден да коркунучтуу.
Мындай эскертүүнү Лондондон британиялык аналитикалык борборлордун бири- Падышалык бириккен Куралдуу күчтөрдүн институту жасады. Аталган институттун айтымында, азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын жогорулоосу, жайдагы кургакчылык быйыл кышта Афганстанды ачарчылыкка алып баруусу мүмкүн. Институттун эксперттеринин эсебинде, учурда афган калкынын үчтөн бир бөлүгү же 8,4 миллиондой киши тамак-аштын такай жетишсиздигинен жапа чегүүдө.
Быйыл беш миллиондой афган тамак-аштын тартыштыгына кабыларын жыл башында британиялык дагы бир уюм- Оксфам эскерткен болчу.
Улуттар уюмунун афганстандагы атайын өкүлү козголоңчулардын лидерлерин кышты утурлай оогандарга азык -түлүк таратылышына жол берүүгө чакырды.

Эсинен танган футболист
Мадриддин "Реалынын" футболчусу беттешүү убагында эсинен танып жыгылды
Мадриддин "Реалынын" футболчусу Руден де ла Ред бейшемби күнү Испаниянын кубогунун беттешүүсүнүн убагында аң сезимин жоготту. "Реал Мадрид" жана "Реал Унион" клубдарынын ортосундагы беттешүүнүн 13-мүнөтүндө 23 жаштагы жарым коргоочу күтүүсүздөн жыгылган. Мында башка футболчулар менен эч кандай кагылышуулар болгон эмес. Футболчуга команданын врачтары жиберилген, алар де ла Ред акыл эсинен танган абалда жаткандыгын катташкан.

Баш редакторду ким өлтүрдү?
Хорватияда гезиттин баш редакторун өлтүрдү деп шектелгендер кармалды.
Полициянын билдиргенине караганда, кармалган он адамдын сегизи хорват, экөөсү серб улутундагылар жана алардын баарынын уюшкан кылмыштуулукка байланышы бар. Өткөн айдын жыйырма үчүндө башкалаа Загребдеги жардыруудан Хорватиядагы таанымал гезиттин баш редактору Иво Пукович мерт болгондон кийин, хорват бийликтери уюшкан кылмыштуулукту ооздуктоону убада кылышкан. Андан бери Хорватия менен Сербия да уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү макулдашты. Кечээ эки өлкөнүн борборлорун байланыштырган кан жолдун боюна куралчан полицейлер жайгаштырылды.




  Внимание, внимание!!!

Дедушки,бабушки, папы и мамы, мальчики и девочки!
Приглашаем Вас, участвовать в новогоднем конкурсе.
Редакции газет "Айданек" и "Заман Кыргызстан" совместно с Государственным предприятием "Кыргыз почтасы" проводят конкурс "Писмо Деду Морозу" и "Аяз Атага кат" на всей территории Кыргызской Республики.
В конкурсе могут участвоват. Дети в возрасте от 5 до 14 лет. Ребенок в писме к Деду морозу рассказывает о своих добрых поступках, которые совершили другие люди или сами, или же изобразить свое видение рисунком.
Для того, что бы отправить письмо для сочинения или рисунка, которые продаются во всех отделениях связи "Кыргыз почтасы" и отправит деду Морозу заказным письмом. Только по оттиску календарного штемпеля мы можем определить день отправки письма, что очень важно при подведении итогов конкурса. Последняя дата отправки 20-декабря 2008 года. Срок подведения итогов10 января 2009 года .
Лучшие сочинение будут напечатаны в газете "Айданек" и детской рубрике газеты "Заман Кыргызстана", лучшие рисунки в журнале "Кулунчак".

По итогам конкурса присуждаевтся слдеующие призы:
Для детей от 5 до 9 лет: Для детей свыше 9 до 14 лет
1 место - 3000 сом
1 место - компьютер
2 место - 2000 сом
2 место - телевизор с приставкой
3 место - 1000 сом
3 место - горный велосипед

Кроме того, присуждаются 6 поошрительных призов - сотовые телефоны. Награждаются поощрительными сувенирами 100 детей, стоимости 100 сом каждый, которые будут высланы детям почтой.
Для вручения призов дети будут приглашены к Деду Морозу. Дед Мороз будет вручать призы на празднике детства "Айданек". Проезд детей в г. Бишкек оргкомитет оплачивает ребенку и одному из родителей.
Уважаемые дети! Хотите получить приз от Дедда Мороза?
Пишите, рисуйте и отправляйте заказным письмом на имя Деда Мороза по адресу: г. Бишкек, абонементный ящик №2009
Оргкомитет.