Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Атактуунун арзуусу

КРнын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Б. Жакиев:
"Жеңемди сүйүп калып..."
Сүйүү, махабат-деп айтып да жазып да бүтө албай келебиз. Бул ыйык сезимди чечмелеп, формуласын таап аныктама бергенге аракет кылабыз. Анын ширесине малынып чексиз бактылуу болуп, ачуусуна кабылып көз жашыбызга муунган учурлар өмүр дептерчебизде өчпөс тамгалар менен жазылып калат. Өзгөчө анын арман даамын татканда тагдырыбызга шылтап, кол шилтеп басып кеткендик ал адамдын алсыздыгынан кабар берет. Тескерисинче чыйралып, өжөрлөнүп, чечкиндүүлүк менен кадам таштаган адам гана бул ыйык сезимдин андан кийинки түбөлүктүү ырахатын көрө алат экенине бүгүнкү "Атактуунун арзуусу" рубрикабыздын коногунун маегинен кийин дагы бир жолу терең ишенебиз.

Атасына эт туурап берген жакшы бала
- Бексултан агай, айтсаңыз, кыргыз эли үчүн ат көтөргүс эмгек жасаган Бексултан Жакиев бала чагында кандай эле?
- Мен чоң атамдын колунда чоңойдум. Бала кезимде аябай тентек, эрке болчумун. Чоң атамды ата, өз атамды байке дечүмүн. Атам мени аябай эркелетип өстүрдү. Бирок, ошону менен катар эле эмгекке да үйрөтөөр эле. Кичинекейимден жылкы сугарып, тай үйрөтүп, чөп чаап аны чөмөлөп жүрүп чоңойдум. Мен үч үйдүн ортосундагы эрке бала элем. Өз атам Жакы, чоң атам, Дүйшө, байкем (Дүйшө атамдын агасынын баласы) үч үй бир короодо оокат-ашыбыз да бир боло турган. Мектепке бара элек кичинекей кезимде атам "жакшы бала атасына эт туурап берет"-деп көңүлүмдү көтөрүп койсо эт туурап берип аны да үйрөндүм. Ушинтип канчалык эркелетсе ошончолук эмгекке да үйрөттү. Мен азыр ойлойм, негизи баланы ээн-эркин өстүрүш керек экен. Көп эле тыя берсең бала чечкинсиз, жалтаң болуп калат. Ошол үчүн эркин коюп эмгекке үйрөтүп өстүрсөң менимче бала тарбиялоонун туура жолу ушул го.
- А кандай окуучу болдуңуз?
Мектепке жашым жеткенде 1-жолу Дүйшө байкемдин келинчеги Сагын эжем алар экөө тең мугалимдер эле, (биз жеңемди эже дечүбүз) мени мектепке жетелеп барды. Окууну жакшы окудум. Бирок тартиптүү окуучу боло алган жокмун. Төлөмүш Океев экөөбүз классташбыз, бир партада отурчу элек. 6-класска келгенибизде биздин класс комсомолдордун катарына кирип калды. А Төлөмүш экөөбүздү "тентектер, кыздар ойноп атса топторун ала качышат"-деп кабыл албай коюшкан. Анан биз районодо иштеген Төлөмүштүн таякесин ортого салып комсомолго киргенбиз.

Бетиндеги калына ашык болуп...
- Ошол тобун ала качкан кыздардын бирин кийин жактырып калган жоксузбу? Деги эле бул сезимге канча жашыңызда кабылдыңыз?
- Оо, мен анда мектепке бара элек курагым. Агаларыбыздын бири үйлөнүп калды. Келинчеги жапжаш анан аябай сулуу экен. Азыр ойлосом жаш курагы 14-15те окшойт. Ошол жеңемди аябай жактырып калгам. Менин ошол кездеги түшүнүгүмдө сүйүп калдым. Ал да мени менен ойногонду жакшы көрчү. Кайненеси көрүп калса урушаар эле. Тахри-Зухра деген бир кино боло турган, жеңем ошол тасмадагы Зухрага аябай окшош болчу. Бетинде өзүнө жарашкан калы да бар эле. Тагдыр экен, эмне себеп болду билбейм, кийин ошол жеңемди кетирип жиберишти. Ал жеңем кийинки турмушунда кандай жигитке туш болду экен деп көп ойлочу элем.
- Жигит куракка жеткенде да жактырып, махабат сезимине кез келгендирсиз?
- Адам болгондон кийин "татынакай экен" деп суктанып, жактырып коё бересиң. Бирок ал жөнүндө ойлонуп, кандайдыр бир аракеттерди жасоого умтулбайсың. Бул сүйүүгө, махабатка гана тиешелүү көрүнүш. Менин оюмча сүйүү бардык эле адамга келе бербейт. Кызбы, эркекпи сүйүү келген адам бактылуу. Мен да ошондой бактылуу адамдарданмын. Анда мен 3-курстун студентимин. Сабираны биринчи жолу көргөнүмдө ал кыздар менен дене тарбия сабагында экен. Жанындагы кыздардан өзгөчө, чачы узун, келишкен келбеттүү бул кызды бир көрүп эле сүйүп калдым. Күндүзү оюмдан, түнкүсүн түшүмдөн кетпей жүргөн бул пери менен кантип таанышам деп жүргөн күндөрүмдө биз оюн коюп калдык. Биздин курста кыздар аз болгондуктан, төмөнкү курстардан кыздарды алдык. "Курманбек" драмасын коюп жаткан элек, ал Гүлайдын ролун аткарды. Ошентип жакындан таанышып, киного чакырдым. Жетелешип бак аралап жүрүп калдык. Мен азыр да ошол сезимдин даамы менен жашайм, чындыгында абдан катуу сүйүп калгам.

Кудалап койгон кызды ала
качканда...
- Бул шаркыратмадай болгон күчтүү сүйүүңүздүн жообу кандай болду?
- Жообу мен күткөндөй эле болду. Азыркы балпайган байбичем ошол кыз. Бирок экөөбүз оңой-олтоң эле баш кошуп калган жокпуз. Ал өзүнчө бир кино. Сабира экөөбүз жетелешип кыз-жигит болуп жүрсөк, Сабиранын айылдашы жакшы-санаалашыбыз айтып калды, "Бексултан, эгер каникулга Сабира кетсе, андан айрыласың. Анын кудалап койгон жери бар. Ал жигит быйыл окуусун бүтөт анан үйлөнбөй эмне кылмак эле"-деп. Ошондон баштап менде тынчтык жок. Сабира болсо кенебейт, "мени молдокем азырынча күйөөгө бербейт, окутат"-деп. Сабира да, мен да атабызды "молдоке" дечү элек. Анан бир күнү досторумду чогулттум да ала качмай болдук. Тилекке каршы оюм ордунан чыкпай калды. Такси менен ала качмак болдук эле, билип калган Сабира таксини көргөндө бир орустун үйүнө кире качып кутулуп кетти. Мен аябай сарсанаа болдум. 2-3күн уктай албай да чыктым. Эми эмне болот? Мени менен сүйлөшпөй коёт го?-деп. Бир аз күндөн кийин киного чакырсам макул болду. Менде кайрадан үмүт пайда боло баштады. Ошентип экинчи жолу ала качмай болгонубузда дагы болбой калды. Мен биротоло түңүлдүм. Анан минтип ойлодум: Эгер Сабира каникулга кеткенде тиги кудалап койгон жигити ала качып кетсе, үйүнөн барып алып келип алам деп жаттым. Жыгылган күрөшкө тойбойт дегендей үчүнчү жолу аракет жасап ала качып кеттим. Айылга жакындап калганда Аксай деген жер бар. Ал жердеги көпүрөнү суу алып кетиптир же айылда телефон жок экен. Анан сууга тактайларды таштап аркы өйүзгө өтүп ал жактан бир баланын шайтан арабасын (велосипед) алып почтага барып, айылыма чалдым. Кечке кыз ала качуу менен алпурушуп жүргөн досторум да ачка эле, кетип баратып бир деме алып жеп тургула деп тыйын таштап кеткем. Келсем баары эле шыралгынын түбүндө кыйрап жатышат, узун-туурасынан түшүп. Көрсө айт күн экен, дүкөндө эч нерсе калбай калыптыр, досторум каткан токочту ташка чаап жеп, арак ичип мас болуп калышыптыр. Анан аларды соолуктуруш да жеңил болгон жок. Кечке жуук минээр аттарды алып карындаштарым келишти. Ошентип анан Сабираны көшөгөгө киргизгем.
- Өзүн-өзү билип аял алды деп ата-энеңиз таарынган жокпу?
- Жок. Мен биринчи жолу ала качаарда эле атама кат жазгам. Башкалар окубасын деп арабча жазып, жакшы кыз экенин, ал да атасын мен сыяктуу молдоке дей турганын, мен сыяктуу чоң ата, чоң эненин тарбиясын алган кыз экенин анан акылдуу, токтоо жан экенин жазып атамдан руксат алгам. Ошол үчүн ал жагынан көңүлүм тынч эле.
- Бексултан агай, андан бери 53 жыл өтүптүр. Казан аяк кагышкан учурлар болдубу сиздерде?
- Ансыз жашоо болбойт да. Мен бир "Алтын аяк" деген чыгармамда жазган элем. Жубайлардын жашоосунун жыргалы алардын урушканы менен жалынышканында деп. Ал сыңары мындан бир нече жыл илгери Токтоболот Абдымомунов 50 жылдык маареке тоюн өткөрүп калды. Кыргыздын аттуу-баштуу алтын калемгерлеринин баары келди. Анан жубайын ийинден аяр кучактай Током айтып калды: "Биз 25 жыл чогуу жашап бир да жолу сен-мен деше элекпиз"-деп. Анда мен айттым тамашалай. Ошентип жашаган жашоо курусун, анын кызыгы эмне-деп. Током баш болуп баары күлүп калышты. Жашоодо баары болот да. Негизгиси жүрөктө сүйүү болуп, убактылуу таарынып, катуу айтсаң да бири-бириңе чыныгы сүйүү болуш керек. Ошондо бекем , бактылуу үйбүлө болот.
- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен А Сатиева

Ак чөп башта
№38-саныбыздагы "Атактуунун арзуусу" рубрикабызда КРнын маданият министри Султан Раевдин жубайы Сагындын ысымы Сырга деп туура эмес кетип калгандыгына байланыштуу Султан Акимовичтен жана жалпы окурмандардан кечирим сурайбыз.
Редакция .