Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Адабият айдыңы

Атахан Кожогулов, акын:
"Поэзия акчаны жаман көрөт"
1992-жылы КУУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1995-жылы Табылды Муканов атындагы сыйлыктын лауреаты. Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
"Көз мончок"(1998), "Деңиз муң"(2003), "Чач агарткан чакырым"(2008) ыр жыйнактарынын автору. Учурда Улуттук телерадио корпорациясынын "Замана"студиясынын алыпбаруучусу.
- Чыгармачыл дүйнө сизди эмнеси менен өзүнө тартат?
- Чыгармачылыктын өзүнчө бир сыйкырдуу күчү бар. Сүйүнбай Эралиевдин: "Ыр жазып жаткан адам космос менен байланышып турат. Күчтөр космостон келет" деп айтып калган сөзү бар. Анын сыңарындай ырдын сыры, касиети болот. Мен ойлойм, акындык- бул кудайдын берген буйругу болгондуктан баштаган соң таштабай өркүндөтүш керек. Негизи ыр жазууда убакыт тандабайм. Тескерисинче, тынч отуруп ыр жарата албайм. Көп учурда күбүр-шыбыр эл арасында жүргөндө, коомдук жайларда, машина айдап баратканда менден ыр чыгат.
- Поэзияны эмнеге салыштырат элеңиз?
- Менин экинчи китебим "Деңиз муң" деген аталышта чыкканы, поэзияны деңизге салыштырганымды айтып турса керек. Деңиз бирде толкуса, бирде тынч болуп бир калыпта турбаган өңдүү поэзияны жаратылыштын ар кандай кубулуштарына: жамгырга, карга, булуттарга, тоого, көлгө салыштырса болот. Поэзия-чексиздиктин уюгу.
- Улуттук каналга кандайча келип калдыңыз?
- Мен Улуттук университеттин тарых факультетин бүтүрүп, алгач №5 мектепте мугалим болуп жүрдүм. Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев көп жардам берип, Улуттук биринчи каналга иштеп калганыма түрткү болсо, бир жагынан ырга жакын экеним да себепкер болду. Ушул күнгө чейин журналисттик кесипти аркалап, элдин ишеничине кирип теледен жарк этип жүргөнүмө бактылуумун.
- Үчүнчү китебиңиздин "Чач агарткан чакырым" деп аталып калышы эмнеден улам болду?
- Туура. Бул жөнүндө Кыялбек Урманбетов да "Сенин чачтарың капкара эле экенго, эмнеге мындай атадың" деп тамашалап сураганда, "чачым кара болгон менен ичтеги ойлор ак болуп жатпайбы" деп жооп бердим эле. Турмуштун ар кандай кырдаалынан, капалангандан, сүйүүдөн, сарсанаадан ж.б нерселерден чач агарышы мүмкүн. Бул китебим 128 чакырымдан турат. Маани берип окуган адамга чоң таасир калтыра турган ырлар. Буюрса, бул чакырымдын уландысы бар.
- Сүйүүдөн бүткөн дарт-өлтүрбөгөнү менен эч убакта айыкпайт-деген акылмандын айткан сөзүнө кошула аласызбы?
- Толугу менен кошулам. Жүрөгүң бирди сүйүп, ал сүйүү түбөлүккө жашайт. А акындардын сезимдери дайрадай толкуп ташып агып турушу керек. Акындын ыры кээде толкуп суу киргендей ташыса, кээде тунуп сыр каткандай сыйкырдуу жана жандуу болсо, окурмандын жүрөгүнө толук жетет. Ал эми ошол ырларда сөзсүз сүйүү темасы камтылат. Сүйүү менен ооруп кусалыкка жүрөгү жараланган адам жашоонун баркын сезет деп ойлойм. Сүйүү тоңгон жүрөктү жибитип, ошол эле учурда музга айлантып коюшу да ыктымал.
- Жаш болсоңуз да үч китептин атасы аталып калдыңыз. Китеп чыгаруу маселеси, деги эле каражат жагы кандай болууда?
- Азыркы учурдагы кыргыз поэзиясында эң негизги көйгөй мына ошол китеп маселеси болуп жатпайбы. Жакшы акындардын ырлары китеп болбой сандыкта сакталып жаткандары мени өкүндүрөт. Акчасы бар акындардын китептери чыгып жатканы менен поэзия акчаны жаман көрөт. Китеп чыгарган менен шартка карап ашып кетсе 1000 нуска чыгарасың, аны ошол акындын тааныш-билиши гана алат. Ал эми поэзия сүйүүчүлөр китепсиз калууда. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып үчүнчү "Чач агарткан чакырым" китебиме сүрөөнчү болгон жакындарыма ыраазычылык билдирем. Адабиятчыларга көңүл буруп талантыбызды сыйлап жаткан "Обон" гезитине да ийгилик каалайм.

Маектешкен Айнура Султанова





70-чакырым
Асан-Кайгы маңдайымда боздоду,
Арманымды, азабымды козгоду.
Оомал-төкмөл бул жарыгың төгүндөй,
Ойлоп, эңсеп сагынганга кошподу.

Болалбадым Толубайдай сынчы да,
Көздүн жашы толуп турду уучума.
Татаалданган тагдыр болуп алдыма,
Таза күлкүң уюп калчу ууртуңа.
Сынап тагдыр шагым ийип күбүдү,
Сен келбедиң алып жондон жүгүмү.
Кудуретин Жеңижоктун бербеди,
Күндөп-түндөп ырдайт элем сүйүүнү.

Асан-Кайгы жаш агызып көзүмдөй,
Ал күнүмдү көңүлүмө көчүргөн.
Шамал жортуп аарчып өтөт жүзүмдү,
Назик гана "сүйөм" деген сөзүңдөй.

76-чакырым
Тургунбайдын ырларын окуганда,
Түпсүз ойдо тунжурап олтурамда.
Күн нурунан төгүлгөн шоола менен,
Чыгып барып келемин чокуларга.

Жашаптырмын бороондо, жамгырларда,
Жылан болуп соймолоп кайгым жанда.
Жолоочудай буйткадан чыга калып,
Алып кетчи жазы бар айдыңдарга.

Көңүл таштап кыраңдын чектерине,
Карап келем аялуу өткөнүмө.
Кайып куштай кайдандыр учуп келип,
Карааныңды көргөзчү көздөрүмө.


Жарыгы жок түнөргөн кечтер эмес,
Жетпей турам жабыгып беттегенге.
Өзөн болуп мелтиреп өмүр агып,
Өзөк күйөт өзүңдү эстегенде.

81-чакырым
Сапарда сабылып кырды аштым,
Санаада саргайсам туйбапсың.
Сени эстеп кылымды карыттым,
Сен мени бактылуу кылмаксың.

Жанымда жараны ырбаттың,
Жабыгып жарыкты ырдапмын.
Сезимим деңиздей шарпылдайт,
Сен мени бактылуу кылмаксың.

Жанымда жүргөндө туйбапмын,
Жаштыкты жылдарга уурдаттым.
Сыр катып өзөндөй тартылам,
Сен мени бактылуу кылмаксың.

Кылда тоо башын кырдапмын,
Карегиң айланып турбапмын.
Серпилем өзөгүм өрттөнүп,
Сен мени бактылуу кылмаксың.




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Көл-шал түшүп, терге чыланганына карабады. Терин топурак колу менен кошо аарчып атып жалтыраган эки көзү менен оозу эле билинбесе, кудум топурактан жууруп койгондой эле.
Бир маалда, жедеп шайы оогондо отуруп калды. Бул кезде казанактын оозун бекиткен кирпичке жеткен. Бир саамга ойлуу отуруп:
- Жок! Эч качан токтобойм! Эмне үчүн токтошум керек?! Эмне, өмүр бою апамды кордоп, кемсинтип, Бегимай экөөбүздү бала ордуна көрбөгөнүң үчүн токтоюнбу?! Мыкаачылык менен апамды өлтүрүп, бизди жетим кылып, ар кимдин колунда жер каратканың үчүн токтошум керекпи?! Жок... Эч качан!...-деп ызырынып алып кирпичтерди алып ыргытып кирди...

Табышмак бойдон калды
Токуш катуу уктап аткан.
- Токуш! Токуш дейм тур! Турсаң,-деп жулкулдаткандан ойгонуп кетти. Өзү курду бала экен.
- Эмне болду? -деген Токуш көзүн ушалай башын көтөрдү.
- Токуш, эл мүрзөгө чогулуп атат! Жүрсөң барып көрөлү.
- Ыя? Эмнеге? Бирдеме болуптурбу?-деген Токуш бейкапар унчукту.
- Болгондо да, билесиңби эмне болгонун? Айтсам капа болбойсуңбу?
- Айт, айта берчи.
- Сенин атаңдын мүрзөсү ачылып калыптыр. Ананчы, э... Айткандан да коркуп атам!..
- Э, айтсаң жөн айтпайсыңбы!
- Мүрзөсү казылып, атаң сыртка артылып чыгып келатып токтоп калыптыр деп атышат. Сени чакырып атышат.
- Эмнеге чакырышат экен мени?!
- Омей, жинди немесиң го! Сенин атаң болсо чакырбайбы.
- Э, барбайм! Менин атам болуп жыргатып коюптурбу! Ал апамды өлтүргөн киши өлтүргүч, алкаш, ууру, акмак болгон!
- Эмне болсо ошол болсун! Жүрү, сени чакырып кел деп мени жиберишкен. Кишинин баары бар. Бол, жүрү.
Токуш тиги баланын артынан мойнунан байлаган иттей араң басып жөнөдү.

* * *

Топтошкон элге жакындаганда жабылып Токушту карап атышты. Элдин арасында молдо да, милиция да бар эле. Айылдын чоңдорунан бери чогулган. Илкип баскан Токушту алдыга чыгарышты. Токуш казылган мүрзөнүн кырына басып келди. Тегеректелген эл жымжырт карап турду. Үнсүз туруп калган Токушка карай молдо кеп баштап калды:
- Балам, өзүңдү карманып карачы. Баарыбызга табышмак болуп турат. Атаңдын сөөгү жаткан жай экенин билесиңби?
Токуш дагы эле казанактын оозунан чала-була арта салынган, чириген чүпүрөктөр тытылып, сөөктөрү көрүнгөн адамдын сөлөкөтүн карап турду. Акыры андан сөз чыкпасын, ал түгүл чымын конгондой да сезбей турганын көрүп чыдабаган милиционер сурап жиберди:
- Атаңдын мүрзөсүнө сен келдиң беле?! Чыныңды айтчы?!
- Келгем.. -дегенде эл "дуу" дей түштү.
- Сен казып, атаңды алып чыккың келди беле?!
- Ооба...
- Атам апамдын жанына жатпаш керек! Ал тиги дүйнөдө да апамдын жанын койбой кыйнап атат! Атам мыкаачы болчу! Ошон үчүн бул жактан алып салайын дегем...
Милиционер эмне деп сөз улаарын билбей, элди кылактап карап атты. Эл арасында күбүр-шыбырлар болуп атты.
- Бул баланын акылы жайында эмес го. Кантип коркпой казып, сөөктү кантип алып чакмакчы болду экен десең.
- Атасынан көңүлү калып, боору таш болуп калган неме, тигинтип жашаган үйүнөн чыгып калганы үчүн ошондой турмушка туш кылган атасы деп жини келсе керек.
- Ой, чындап эле аркы дүйнөдө да атасы апасынын жанын койбогону да чын болушу мүмкүн. Анан апасынын арбагы аян берип аткандыр.
- Эмне болсо да бул баланы доктурга көрсөтүш керек. Милициянын колуна бергенде ого бетер бузулат. Баланын өзү бузулат. Элпек, баарына салам берип, жылдыздуу бала.
- Тентектигин, жаман жагын деле көрчү эмес элек. Ким ойлоптур бул баланын ушундай кылат деп.
Токуш бир маалда молдого карай дагы минтти:
- Сиз менин тилимди алсаңыз, атамдын сөөгүн башка жерге коёлу. Керек болсо өзүм казам. Ошентиңизчи. Атамдын бул жерде, апамдын жанында жатууга акысы жок! Кайра көмсөңөр, баары бир бул жерден жоготом!
- Кантет, чунак бала!-деп молдо чочуп алды.










??.??