Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Турмушуң эшек араба

Табылгасы татаал таксисттер
Алдыңда темир тулпарың болуп, бардык жумушуңду каалаган убагыңда бүткөрүп алганга не жетсин. Албетте, мындай мүмкүнчүлүк ар бирибизде эле жок. Ошентсе да элдин саны менен алганда автомобили көп мамлекеттердин катарына киребиз. Борбор шаарыбыз Бишкекте эле канча машина бар. Шаардык ГАИнин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Бишкекте 179 маршруттук каттам болсо, ал эми алардын башын кошуп, 2872 микроавтобусту калкты тейлөөгө койгон 42 фирма бар. Ошондой эле 19 жеңил машиналарды иштеткен жеке фирмалардан сырткары жакында эле мамлекет өз капчыгынан акча бөлүп берген 200 автобустун 60ы алынып келинди.

Таксинин тарыхы
Такси-бул терминдин өзүнүн пайда болуу тарыхы бар. Токтоло кетсек такси адам аты. Ушундай ысымдуу адам мындан бир нече убакыт илгери бул кызматты ойлоп тапкан. Заманга жараша өзгөрүлүп олтуруп, учурда бүткүл жер жүзүнө кенен тараган бул кызмат ошол ойлоп тапкан адамдын атынан аталып калган.

Биз дагы бул материалды даярдоодо борбор калаабыздагы айрым бир таксисттерге микрофон сунуп, маек курдук.

Аз жерден ажалдан калдым
Нурбек 37жашта.
Өзүм Ош областынын Кара-Кулжа районунан болом. Жеке машинам менен айдоочу болуп иштеп жатканыма 9 жыл болду.Шаар ичинде кечинде иштейм. Кечки 21-00-22-00дөн баштап ушул Алатоо аянтынын жанына чыгам. Таңкы 4-5ке чейин иштейбиз.
- А эмнеге бүгүн күндүз чыгып калдыңыз?
- Учурда той-топурдун убагы эмеспи, 2күн мурда кайним үйлөнүп, тойдо болгонбуз. Кечээ үйдө эс алып, бүгүн күндүздөн баштап эле ишке чыктым. Бир күн да машина айдабай тура албайм.
- Шаарда атайын такси кызматын көргөзгөн фирмалар бар го, эмнеге ал жакка кирип иштебейсиз?
- Мен өзүмө-өзүм кожоюн болуп эркин иштегим келет. Анан калса ай сайын маяна алып эмес, күнүмдүк үй-бүлөлүк чыгымды күндө эле таап турганым жакшы го.Ал жакта иштегенде албетте, алда канча коопсуз болсо керек, бирок акчасы да азыраак.
- А сиз күнүнө канча табасыз?
- Ар түрдүү. Орто эсеп менен алганда 400-700сом болот. Бирок ар дайым эле мындай боло бербейт. Кудай сактасын, бирок айрым учурларда акча тапмак түгүл өз акчабыздан айрылып калган кездер болот.
- Сизде да мындай учур болду беле?
- 2жолу болду.Бирөөсүндө аз жерден өлүмдөн калдым. Демейдегидей эле иш учуру болчу. Жумуш кызуу жүрүп жаткан кез. Бул убак биз үчүн 22ден баштап 1-2ге чейин. Саат 24кө чукулдап калган. Абдырахманов менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде кесиптештерден төртөөбүз клиент күтүп турганбыз. Аңгыча бир кыз келип жаңы конуштардын бирөөнө жеткирип коюумду суранды. 200 сом десем ойлонбой макул болду. Мен да "охо, жирный клиент экен"- деп кудуңдап коём. Машинага олтуруп атып айтты: "Жолдон дагы экөөнү алып алалы" деп. Мен эч жаман ойлобой макул болдум. Ошентип бир аз жүргөн соң үч караандын жанына келген соң токтотуумду суранды. Эшикти ачып "экөө эле эмес белеңер, эмне үчөөңөр тең кетмей болдуңарбы?"-деп суроо сала, "олтургула" дедим. "Экөөнү алабыз дебедиңиз беле" деген менин суроомо "байке мен үчөө тең кетет экен деп ойлогон эмес элем. Дагы 50 сом кошоюн, чогуу эле жеткирип коюңузчу"-деди баёо үн менен. Тиги жигиттер да менин жообумду күтүп калганы мени тынчтандырды. Мен баш ийкеген соң бирөө алдына экөө кыздын жанына артка олтурган жигиттерди салдым да айдап жөнөдүм. Болжогон жерге жетээрге аз калганда жигиттердин бири машинаны токтотуумду буюрду. Тегерегинин баары бүтө элек үйлөр болгон капкараңгы, жакын аралыкта киши жашабаган бул жерге "токто" дегенине түшүнбөй артыма бурула бергенимде колунда жалаңдаган чоң аш бычак туруптур. Ал аңгыча көз талаштыра былч деп тийген жанымдагынын чоң муштумунан көзүмөн от чагылыша түштү, мурдуман кан жая берди. Буйдала түшкөн мени машинадан сууруп чыгышты да тепкилей башташты.
"Акырын балдар өлтүрүп аласыңар, батыраак ишти бүтүргүлө, кетели"-деди жанагы кыз.
Иштин чоо жайын эми аңдаган мен, "жигиттер, токтоткула сөзгө келгиле, кыргыз эле экенсиңер, сүйлөшөлү" деп жаттым, ошону менен бирге эле бетимди калкалап жаттым. Эки колумду артыма капшыра кайрышты да колумду таңып салышты. Колумду өйкөй чырмалган жиптен бул алдын-ала пландаштырылган иш экенине көзүм жетти. Машинамдын капотуна жаагымды карыштыра кармаган жанагы чоң муштум:
"Ачкычты бер"-деди. А мен машинадан ачкычты алганга да жетишкен эмес элем. Аны билип туруп эмнеге менден сурап атат, эмнеге мынча ийлешти деп башым катып турду. Ал аңгыча тиги эки жигиттин бирөө менен кыз чөнтөктөрүмдөгү ошол күнкү иштеп тапкан акчамды, анан айдоочулук күбөлүгүмдү шыпырып алышты да кайрадан ийлеп башташты. "Балдар болгула кетели, бул жерден изибизди сууталы"-деп кыз кыйкырып жатты.
Каалашынча ийлешкен соң жанагы чоң муштум, "экинчи жолугушпайлы, ал үчүн сен тилиңди тарткының, эгер биздин артыбыздан түшсөң, сени өзүбүз эле издеп таап алабыз, анда тирүү калам деп ойлобо" деди да колундагы бычагын акырын жоон саныма матыра баштады. Кыйкырайын десем былчыйган колу менен алаканымды жаап алган. Өлөт деген ушул турбайбы-деп ичимден келме айта баштадым. Дагы канча кыйналат элем ким билсин, алыстан машинанын жарыгы көрүнүп калса болобу. Шаша-буша менин машинама олтурушту да айдап кетишти. Мен ооруканадан өзүмө келдим. Андан бери 1 сутка өтүптүр. Мени эртеси эртең менен ошол жерге уй жайып келген абышка таап алыптыр. Ал милиция чакырып, тез жардам келип, ичээр суум бар экен 1 суткадан кийин өзүмө келдим. А машинам эртеси шаардын экинчи бурчунан табылды. Эч нерсесине тийишпептир. Кадимки эле эл жашаган жерге алпарып, бирөөнүн дарбазасынын сыртына токтотулган машина кеч кирсе да алынбаптыр. Өз машинеси менен жумуштан келген кожоюну аялы айткан соң милицияга чалып билдиришиптир. А менин 2 кабыргам, мурдум сыныптыр, көп кан жоготуптурмун. Башыман оор сокку алыптырмын. Айтор эки баламды көрөөр күнүм бар экен аман калыптырмын.
- Бул кылмыштын бети ачылып, кылмышкерлер өз жазасын алыштыбы?
- Ооба, көп өтпөй кармалышты. Баарын мойнуна алышты, жазасын алышты дегендей.
- Ушундай окуяны башыңыздан өткөрүп, анан эмнеге бул жумушту таштаган жоксуз?
- Башында 2 айга таштап койгом. Бирок, убакыт кыйын доктур тура, баарын дарылады. Убакыт өткөн сайын эски жара унутулуп, "үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы"-дегендей кайра ишимди колго алдым. Андан бери кудай сактасын 8 жыл өттү, баары эле жакшы. Айрым учурларда аялым экөөбүз чыгабыз. Балдыздарым же апам үйгө келип калганда балдарды уктатып, аларга таштап келинчегим мени менен кошо чыгат.

120 сомдун ордуна
100 доллар таштап
кетти...
- 9 жыл оңой убакыт эмес, ушунча жыл таксист болуптурсуз дагы башкача окуяларга күбө болдуңуз беле?
- Эми окуялар көп эле болот. Арасында күлкүлүүсү да бар. Мисалы, бир жолу бир кызуу болуп калган 45-50 жаштардагы киши машинама түштү. Өтө деле кеч эмес болчу, жамгыр жаап турган. Дарегин айткан соң жеткирдим, мастыкка салып айткан жерге жеткен соң заара ушатып алайын деп темтеңдеп басып эле, анан качып жок болду. 120 сомго келиштик эле. Бир чети ачуум келсе, бир чети чоң эле кишинин жоругуна күлкүм келди. Айдап кете бердим. Ал биринчи клиентим болчу. Андыктан дагы иштеп калайын деп кетип калдым. Таңга жуук үйгө барып, адатымча уктап аткам. Бир убакта эле аялым ойготот.
Жумушка кийчү костюмумду жууп коёюн деп машинага кирет. Биротоло улуу уулума машинаны да жуудуруп коёюн деп андагы көлдөлөңдөрдү ала баштайт. Алдыңкы көлдөлөңдү ала коюп астынан түшүп кеткен оролгон бир нерсени көрөт. Аны көтөрүп алып мага келип ойготуп аткан экен. Ачсак ичинде "Ж" аттуу кишинин паспорту анан ичине салынган 200 АКШ доллары бар экен. Сүрөтүнөн көрүп эле тааныдым, кечээги качып кеткен киши. Болгон окуяны аялыма айтып берип, табылганы бекитип койдум. Арадан бир жума өтпөй кечки тамакты ичип олтурсак үйгө чоочун аял менен эркек келгенин, сыртта күтүп турганын айтып, уулум кирди. Барып дарбазаны ачсам пакет көтөргөн бир эркек анан аял турат. Көрүп эле тааныдым кечээги качып кеткен клиентим. Иштин чоо жайын түшүндүрүп, өзүнүн мастыкка салып кылганына кайра-кайра кечирим сурады. Үйгө киргизип, жакындан таанышып, чай ичтик. Анан паспортун ичиндеги акчасы менен бердим. Кайра-кайра рахмат айтып, 100 доллардын бирөөсүн мага сунду. Мен болгону баалашкан 120 сомду берип коюусун айтсам болбой жатып 100 доллар таштады да кетип калышты. Ушундай окуя да болуп өттү жакында.
- Нурбек байке, айдоочулуктан башка да ишиңиз барбы же ушуну менен эле үй-бүлөңүздү багасызбы?
- Жок, достор менен жазында, күзүндө жер ижарага алып буудай, арпа себебиз. А күнүмдүк оокатты таксовать этип табабыз. Аялым базарда соода кылат. Кудайга шүгүр, жашоомо таарынычым жок. Заңгырап хан сарай болбосо да эл катары бүт ыңгайлуулугу менен үй, короо-жайым бар. Алдымда машинам, жашоом жаман эмес, эл катары-деп сөзүн бүтүрдү Нурбек байке.
Бул бир гана айдоочу таксисттин баяны. Ал эми жергебизде бул кызмат менен нан тапкан канча адам бар. Алардын да өмүрү жогорудагы замандашыбыз сыяктуу бир күнү болбосо бир күнү ушундай окуяга кириптер болбойт-деп ким кепилдик бере алат.
Айтурган Сатиева










??.??