Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Дарамет

Эстрада ырчысы Айя Садырова:
"Жаратылыш койнунда жалгыз жүргүм келет..."
- Айя, эң оболу чыгармачылыкка келген алгачкы кадамдарыңызды эскерүү менен маегибизди баштасак?
- Мен чыгармачылыкка капысынан келген эмесмин. Бала кезимден эле тактап айтканда биринчи класска киргенде эле музыкалык мектепке барып скрипкадан сабак алгам. 6-класска барганда кошуна балдар чогулуп алып гитара ойночубуз. Бул жакка келгенде Ассоль Молдакматова продюсерлик кылып, ооз эки түрүндө келишим түзүп 5 жыл иштештик. Азыр Эл артисти Талгар Жакшылыковдон вокал боюнча билим алып жаткан учурум.
- Өзгөчө туюм калтырган Айя деген ысымыңыз эмнени түшүндүрөт?
- Арап тилинен алынган, бизче которгондо "Айдын шооласы" дегенди түшүндүрөт. Мага өз атым жагат, өзгөчө ысым. Ата-энем мусулман, мени мусулманча тарбиялашкан.
- Кыргыз болуп Кыргызстанда жашап жатып, өз эне тилиңизди билбегениңизге өкүнбөйсүзбү? Кыргызча ырдоо сизге кыйын болбойбу?
- Менин үй-бүлөм орус тилинде сүйлөшөт. Менимче сөзсүз эле тил билиш керек эмес. Мен да кыргыз тилинде ырдаар алдында котортуп, текстин маанисин түшүнүп алып анан ырдайм. Жакында кыргыз тили боюнча курска барайын деп жатам.
- Айылдык жигитти сүйүп калсаңыз турмушка чыгат белеңиз?
- Айылдык же шаардык деп бөлгүм келбейт. Мен эң негизгиси адамдын ички дүйнөсүнө карайм. Чындап сүйүп калсам шаардык, айылдык же жөнөкөй деп эч бөлбөстөн ага турмушка чыгып, балалуу болуп үй-бүлө курганга даярмын.
- Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?
- Өзүмдү сулуумун деп эч качан эсептеген эмесмин, эсептебейм дагы. Мен өзүмдү ажарлуумун деп ойлойм.
- Окурмандар үчүн кызык, биз үчүн адатка айланган суроо болгон жигитиңиз жөнүндө билгибиз келет?
- Эми мен бул суроого бир тараптуу ооба же жок деп жооп бергим келбейт. Себеби биз таарыныша кеткен элек. Азырынча чече элекмин, мындан ары жолугамбы же жолукпаймынбы билбейм.
- Учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Азыркы учурда мен "Fаmous" моделдик агенттигинде директормун. Биз ал жактан моделдерди окутабыз, даярдайбыз. Андан тышкары мода көрсөтөбүз. Ар кандай кечелерди,майрамдарды уюштурабыз. Ошол себептен азырынча менин чыгармачылыгымда кичине тыныгуу болуп жатат.
- Сизди өткөндө "Чолпон жылдыз" фестивалынын тандоо турунда залда көрүүчү катары көргөн элек, кандай бааладыңыз. Калыс өттүбү сиздин оюңузча?
- Калыс өттү, өтпөдү деп айта албайм. Себеби ал жерде бизден улуу профессионал адамдар калыстар тобунда болуп өздөрү таразалашты. Мага Ислам Акматовдун вокалдык жагы аябагандай жакты. Өзгөчө экинчи ырын жогорку деңгээлде аткара алды десем болот. Конкурс боюнча айта кетсем жогорку деңгээлде өттү. Кичине реклама азыраак болуп калды, балким реклама көбүрөөк болсо мындан да жакшы болот беле. Бирок, биринчи уюштуруучуларга анын ичинен өзгөчө Актан Исабаевге чоң рахмат айтам. Негизи азыр жаш таланттарга жакшы эле колдоо көрсөтүлүп жатат десем болот. Буюрса Кыргызстан 5-6 жыл аралыгында шоу-бизнес жагынан мындан да жогорку деңгээлге чыгат деген ойдомун.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Ата-энем азыр Казакстанда жашашат. Апам Бишкекке тез-тез келип турат. Атам афган согушуна катышкан. Үйдө жалгыз кызмын. Эки агам, бир иним бар, тагдырдын буйругу экен улуу агамдан ажырап калдык. Азыр үйдө үчөөбүз. Мен бул жакта жалгыз турам.
- Кантип эс алганды жактырасыз?
- Мен баарынан да жаратылышта эс алганды жактырам. Көбүн эсе Ала-Арчага барып, жаратылыш койнунда жалгыз жүргөндү каалайм. Анан да кино көрүп эс алам. Канча күн болбосун телефонумду өчүрүп, эшикти илип алып мелодрама, боевик, ужас, айтор сапаттуу болсо баарын көрүүдөн тажабайм. Кино театрга барганды жактырам, тилекке каршы досторумдун эч кимиси театрга барышпайт.Өзүмдү киноманмын десем да болот. Өз алдымча кино тартууну да пландап жатам.


Маектешкен
Алика Асаналиева




Обон - шоу times
Тургунаалы
Нурматов жүрөгүнөн
операция болду
Белгилүү обончу, ырчы Тургуналы Нурматовдун жүрөгүнө жасалган операциясы ийгиликтүү болду. Дүйшөмбү күнү эртең мененки саат тогузда болуп өткөн операция тогуз саатка созулган. Учурда ырчынын абалы жакшы, болгону азырынча ордунан козголбой бир канча күн дарыгерлердин көзөмөлүндө каралат.

Ырчылар Кытайга
сапар тартышат
Сьезбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Мая, Айнура Салахидинова жана жаш ырчы Ильяз Андаш Кытай мамлекетине сапар тартканы турушат. Он күнгө созула турган ырчылардын бул сапары борбордун алты шаарын кыдыруу менен коштолуп, Кытайлык ырчылардын коноктору катары кытайлык кыргыздарга ырларын тартуулашмакчы.

Фарида жол кырсыгына кабылды
Ырчы Фарида Карбосова чакырылган тойдон ырдап келе жатып авто кырсыкка кабылды. Ошол күнү тойдо өз кызматын аткарып үйүн көздөй бет алган ырчы рулу оң жагында жайгашкан таксиге олтурган экен. Капыстан эки унаа бири-бири менен кагыша кетип ырчынын сол кабыргасынын алдына, сол бутуна жана сол колуна айнек кирип кеткен. Ырчы дароо ооруканага жеткирилип, сыйрылган жерлерин тиктирген. Сакайган ырчы бир топ элдин башын кошуп түлөө берди. Аман калган элдин адамына ден соолук каалайбыз.

Айгүл Чалова кийимдерин
уурдатты
"Сүйүү арманы" деген жападан жалгыз ыры менен популярдуулукка ээ болгон Айгүл Чалова жакынкы күндөрдүн биринде эле курбусу менен кафеде көңүл ачып олтурган. Дал ошол күнкү отурушунда Айгүл жеңил курткасын жана башка майда -чүйдө буюмдарын уурдатыптыр. Жоголгон буюмдарын үйүнө жеткенде байкаган ырчы курбусун алып кетти болуш керек деген божомол менен тынч алып калган. Эртеси күнү гана курбусу менен байланышкандан соң кафеден уурдатып алгандыгы билинди.










??.??