Сенин гезитиң!
№40, 04.11.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Билгениң оң

Пайдалуу кеңештер
Наристелерди эмизген энелер үчүн кеңеш
Баласын эмизген энелер кылдаттык менен тамактануусу керек. Анткени эненин организминдеги тамак ымыркайга түз таасирин тийгизет. Сыр, быштак, йогурт, сухарик эң пайдалуу азыктар. Ал эми нанды көп жесе баланын ичи көбөт. Макарон, жумуртканы чанда гана жегенге болоорун эске алыңыз. Эмчек эмизген энелерге жыты кескин азыктарды жегенге болбойт, аларга пияз, сарымсак,квас, туздалган капусталар кирет. Жогоруда аталган азыктар сүттүн жытын бузат.
Бал муздак, шоколад, кофе, какаолорду канчалык жегиңиз келип турса да наристеңиздин ден соолугу үчүн баш тартууга туура келет. Сүт көбүрөөк чыгыш үчүн бир күндө 2 литрге жакын суюктук ичүү керек. Ал эми чылым менен ичимдиктин канчалык деңгээлде зыян экени айтпасак да белгилүү.

Бутуңуз тынымсыз муздай берсе…
Көпчүлүк адамдардын буту такыр жылыбайт, муну бутта кан айлануу начар болгондугу менен түшүндүрүлөт. Буттун жылыбаганынын дагы бир себеби айланып келип эле чылым, ичимдикке такалат экен. Анткени бул зыяндуу адаттар жүрөктүн согушуна терс таасирин тийгизип, буттун муздашына алып келет. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, өтө тыгыз бут кийим да муздашына себеп болот. Моданын артынан куубай бийик таканын ордуна бутка ыңгайлуусун тандаңыз. Ал эми жылыбаган бутуңузду, жылуу сууга туз аралаштырап салыңыз. Мындан тышкары бир дагырага ысык суу куюп алып, экинчисине муздак суу куюп ар бирине 30 секунддан малып отуруңуз. Алгач ысык суудан баштап, ысык суу менен бүтүрүңүз. Жылыган бутуңузду спиртке же аракка аз-аздан малып, биринчи жөнөкөй байпак андан кийин жүн байпак кийсеңиз буттун жылуулугун бир топко чейин сактайт.

Чачты таза бойдон кантип узакка сактоо керек?
Көрктүү, кулпурган чач ар бир эле адамдын көркү. Бирок ар бирибиз эле чачты узакка таза бойдон кантип сактоонун жолун биле бербейбиз. Массаждын жардамы менен ашыкча түйшүктөн арылууга болот, манжалардын жардамы менен күнүгө чачты ээринбей массаждап туруу керек, андан тышкары мүмкүнчүлүк болгон кезде чачты бат-баттан тарап туруу керек. Эскерте кетчү көрүнүш чачты суу кезинде майда тиши бар тарак менен тараганда чач жулунуп сына берет, мындай жагымсыз көрүнүштү алдын алуу үчүн чачты жуугандан кийин тиштери кесек тарак менен тарап же болбосо кургаганга чейин тарабай койсо деле болот. Чач таза болуш үчүн бат-баттан жууй берүү туура эмес.

Сагызды чайноо ден соолукка зыян
Сагызды тамактангандан кийин аны сиңирүү үчүн болгону 10 гана мүнөт чайноо керек, ал эми керээлди кечке уйдан айырмаланбай сагызды чайнап жүрө берген адамдын ашказанына зыяны чоң. Кичинекей балдарга сагызды чайнатыш такыр туура эмес, алар аны жутуп алып ичегилерине зыян келтирет. Ал эми узакка чайнаган сагыз кичинекей баланын гана эмес, чоң кишинин да ашказанана залакасын тийгизет.




Өзүңүздү колго ала билиңиз
Психологдордун далилдөөсүнө караганда адамдардын сезимталдуулугу менен эмоцианалдуулугу алардын өзүндө жана айлана-чөйрөгө болуп жаткан окуяларга болгон таасиринен улам экен. Албетте адамдын мүнөзү менен анын сырткы көрүнүшү маданиятынан, билиминен жана дүйнө таанымынан көз каранды.
ххх
Эгер биз бирөөгө "мурдубуз менен тийсек" дал ошондой жооп аларыбызды эске алуубуз керек. Эгерде ашыкча ден соолугуңан ажырап, санаа тарткандан алыс болгуңуз келсе болоор болбос нерсеге ачууланып, кабатырланып, "асан кайгы" болгонду токтотууңуз абзел. Анткени доктурлардын айтымында адамдын корогон нервдери анын жашоосун кыскартат.
ххх
Адепсиздик, оройлук, көңүлкоштук баарынан мурда сезгич, жүүнү бош адамдарга катуу тиет. Айрыкча ачуу таарыныч, зарыктырган сагыныч, көңүл чөгүү өңдүү терс эмоциялар өтө зыяндуу, себеби мунун баары адамды кара жумуш жасагандан да жаман чарчатып, мээге, жүрөккө таасир этет. Мындай оор абалды "каны суюк" адамдар көтөрө албасы талашсыз.
ххх
Байыркы дарыгерлер оорунун кандайдыр бир маанайы пастыкка байланыштуу экендигин сезишкен. Маселен, ичи тардык , ачуулу сезимдер - адамдын тамак сиңирүү органдарын бузуп, жаракаттуу оору пайда кылаарын, чексиз кайгы-кант диабетин, дайыма коркунучта жүрүү - тиректоксикоз( бездин бузулушу) оорусуна алып келээрин белгилешкен.
ххх
Азыркы дарыгерлердин айтуусу боюнча алганда бүткүл кайгы-капасын ичине каткан "ичим тап " адамдар жүрөк оорусуна көп чалдыгаарын далилдешкен. Ошондон улам кээ бир адамдар ичиндегисин сыртка чыгаруу үчүн тажаалданып кыйкырып, бирөө менен урушуп алууну туура деп эсептейт. Ачууну чыгарып алуу албетте туура, бирок мындай жолдор менен эмес.
Окумуштуулардын өткөргөн суроо-жоопторуна назар салсак: үй- бүлөлүү адамдар жалгыз -жарым адамдарга салыштырганда өздөрүн бактылуураак сезишет.
ххх
30 жаштан өткөндөн кийин ар адамдын жүзүнө анын өз өмүрү, өз мүнөзү, өз турмушунун издери чийилет эмеспи. Байкасаңыз мээримдүү, боорукер жана көңүл коштуктан алыс адамдар узак жашап, далайга чейин жаш көрүнөт. Демек, бул сапаттарды карылыкка каршы негизги дарылар катары эсептеп койсок болот. Ал эми өзүмчүлдүк менен эмоциялык дүлөйлүк, көңүл коштук, ачуулук, адепсиздик-адамдын өз өмүрүнө салган бычак.





Жигиттин
жүрөгүнө беш жол Жакшы көргөн адамыңыз менен канчалык көбүрөөк баарлашсаңыз ага ошончолук жакындап, мүнөзүн билип тартылаарыңызды адамдардын жүрүш-турушун изилдеген Дэвид Либерман далилдеген. Ал эми сиз жигитиңиз менен алгач таанышканда аны менен көбүрөөк убакыт бирге өткөрүп, жылуу мамилеңиз менен жүрөгүн багындырганыңызга көзүңүз жеткенден кийин бир аз убакыт андан алыстай туруңуз. Адамдар кыйындык менен жете турган нерсеге ашыгып умтулушат эмеспи. Демек, сиз да сүйүктүүңүзгө канчалык бийиктикте тураарыңызды жүрүш-турушуңуз менен түшүндүрүңүз.
ххх
Көзүңүз менен сүйлөшүүнү үйрөнүңүз, анткени адам көп учурда сөз менен айта албаганын көзү менен түшүндүрөт. Эгерде экөөңүздүн тиктешип жаткан учуруңузда кимдир бирөө маекке аралашса да сүйүктүүңүздөн колуңуздан келишинче көзүңүздү албаңыз. Гарварддык психолог Цик Рубин кадимки адамдар сүйлөшүп жатканда болжол менен 45% тиктешсе, сүйүшкөн түгөйлөр маектешүү учурунда 75% көздөрү чагылышат.
ххх
Көп учурда кызганчаактык урушка алып келет десе кээ бир кездерде бул көрүнүштөрдүн пайдасы тиет экен. Кантип дейсизби? Чектен ашпаган кызганыч менен сиз жакшы көргөн адамыңызга канчалык деңгээлде кымбат экенин сездире аласыз. Ал эми белгиленген "чийинден" ашсаңыз албетте аягы уруш менен аяктайт.
ххх
Жигиттердин көпчүлүгү түнт, сырдуу бийкечтерди жактырбаса көп сүйлөгөн "жаактууга жай бербеген" селкилерди да тандашпайт. Ал эми сиз ортосун тандаңыз, өзгөчө досторуңуз менен кечеге барганда азыраак сүйлөгөнгө аракет кылып, жайдары маанайда болгонуңуз оң. Эгерде өнөктөшүңүз "курч" тамашага өтсө жайдары кабыл алыңыз.
ххх
Кандайдыр бир иш жасоодо сөзсүз түрдө сизди түшүнүп, колдогон адамыңызга кеңешип жардам сураңыз. Ал сиздин өз алдыңызча экениңизди сезсин, бирок ошол эле учурда анын жардамына, колдоосуна муктаж экениңизди билүүсү кажет. Жакшы жумуш жасаса көңүлүн көтөрө турган жылуу сөздөн кур калтырбаңыз, бул болсо да жакшы көргөн адамыңызга стимул боло алат. Бир кадам болсо да ага жакындоонун бир жолу.

Даярдаган А.Дүйшөналиева









??.??