presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кумир менен баарлашуу

Анжелика:
"Жолдошум кызганганда көздөрүн ирмеп калат..."
Назира
- Анжелика, сиз менен жолугушуп олтурганыма абдан кубанычтамын. Сизге чыгармачылык эргүү жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Айтсаңыз, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылануулар болуп жатат?
- Рахмат, Айчүрөк эже менен биргелешип ноябрь айында концерт берүүнү ойлогонбуз, бирок күздө концерт аябай көп экен. Элдин дагы кызыгы тарап калбасын деп кийинки жылга жылдырдык. Учурда ошол концертке даярдануунун аракетиндемин. Жакында эле "Ардагым" деген ырга клип тарттырдым.
- Эрте турмушка чыкканыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Бала чагымдан эле өзүмдөн улуулар менен аралашып чоңойдум. Досторумдун баары өзүмдөн улуу. Негедир менин оюмду өзүмдөн чоң адамдар түшүнгөндөй сезиле берет. Анан да "Өлүмдөн башкасынын баары эрте болгону жакшы" дегендей мен деле эрте турмуш курууну туура көрдүм. Анткени шоу-бизнесте жүргөн адамдын артынан көп сөз ээрчийт. Жок жерден ар кандай сөздөрдүн каарманы болуп калышың мүмкүн. Мындай ушак-айыңдар турмушуңа, бактыңа да кедергисин тийгизбей койбойт. Бойдок кезге караганда азыр ээн эркин жүрүп калдым. Бир жерге барсаң жолдошу бар дешип сестенип турушат. Азыр мага көңүл буруу көп эмес, мага караганда жолдошума көбүрөөк көңүл бурушат.
Тайырбек
- Сиздердин үй-бүлөңүздөрдө кызганыч жашайбы?
- Сүйүү бар жерде албетте кызганыч болот. Кызганычка мен туура эле карайм. Чынында мен аябай кызганчаакмын. Жолдошум деле мага билдирбей кызганат. Ал кызганганда көздөрүн бат-баттан ирмеп калат. А мен болсо көп суроо салып жиберем. Экөөбүздүн жашаганыбызга эки жылдын жүзү болду. Азыр бири-бирибиздин көз карашыбыздан, жарым сөзүбүздөн түшүнүшүп калдык.
- Жолдошуңуз менен кандайча туугансыз?
- Менин таятам менен кайнатам аталаш бир туугандар. Урмат өзүм менен эле чогуу өскөн байкем болот. Буйрук экен, мени 30га чыкканча күтүп, анан үйлөндүк. Жолдошум менден 12 жаш улуу. Турмушка чыгып, кайын-журттун үйүндө жүргөндөй эмес, өзүмдүн туугандарымдын эле колунда, байкем менен чогуу жүргөндөй боло берем.
Айка
- Турмушту бир агымда кетпеген сууга окшоштуруп коюшат го. Сурайын дегеним, турмуштун ачуу-таттуусуна даярсыңбы?
- Туура айтасың. Бирок, мен жашоону сууга салыштыргым келбейт. Сууну токтотуп койсоң болот, а жашоону токтото албайсың. Анан эми турмуш деген аты айтып тургандай "мушка даяр тур" деген сөз да. Күнгөй-тескейсиз, өйдө-ылдыйсыз турмуш кызыгына чыкпайт. Андыктан турмуштун ачуу-таттуусуна даярмын.
Нурсулуу
- Шаарыбызда сизге таандык "Айым" сулуулук салону иштеп жатат. Муну бизнес кылайын де ачтыңызбы же...
- Мен негизи салон эмес, машина айдайм деп да ойлогон эмесмин. Мага бул нерсе аябай кыйын сезилчү. Көрсө, убакыттын өтүшү менен сен ойлобогондой көрүнүштөр боло берет тура. Өзүмдү бардык тармакта көргүм келет. Салонду ачуу жолдошумдун идеясы. Биз ырчылар капчыгы калың адамдардын катарына деле кирбейбиз. Күндө салонго барып турганга бардык ырчылардын шарты туура келбейт. Жолдошумдун сунушун колдоп, кесиптештерим үчүн, сиздерге окшогон күйөрмандарым үчүн жалпы эле аялзатынын ачылбаган сулуулугун ачайын деген ниетте "Айым" сулуулук салонун ачканбыз. Азыр кадимки салондордун катарында иштеп жатат. Бир жумада бир жолу барып кабар алып турам.
Самара
- Сулуулукту кантип сакташ керек?
- Аялзатынын сулуулугу анын камкордугунда.Андыктан, бир аз эле өзүбүзгө көңүл буруп койсок ар бир айым чырайына чыга келет.
- "Дарактын тамыры болсо, кесиптин тарыхы болот"- демекчи тарыхта кала турган ырларды жарата алдыңызбы?
- Тарыхта кала турган ырды өзүм жарата албайт болушум керек. Эгерде ошондой ырды бирөө жазып бере турган болсо, мен жеткиликтүү аткарып, калтырууга аракет кылам.
Тинатин
- Кызыңдын атын ким койду?Кимиңерге окшош?
- Кызымдын атын бардыгыбыз биргелешип куран китебинен тандап биздин айыбыз болсун деген максатта Айым койгонбуз. Буюрса декабрда бир жашка чыгат. Басайын деп кадам шилтеп калды. Төрөлгөндөн тартып эле музыканын жанынан чыкпайт. Окшоштугу жөнүндө айта турган болсом кашы, көзү, оозу меники, ал эми көз карашы, күлгөнү, чачынын уюгунан бери жолдошумдун өзү.
- Кантип эркелетесиңер?
- Мен кичинесинде Лялючка деп эркелетчүмүн, азыр Айымка дейм. А жолдошум болсо эшикти ачаары менен алтыным, жаным, күчүгүнөн го деп узуун сөздү чубап кирет.
Наргиза
- Ыр дүйнөсүнө канча жашыңызда келдиңиз?
- 6 жашымда Айчүрөк Иманалиева Таласта жаш таланттар конкурсун өткөрүп атыптыр дегенди угуп, Бишкектен Таласка барып кастингден өтүп кеткем. Менин чыгармачылык тушоомду Айчүрөк эже кескен. Эл адамы болгонума Айчүрөк эженин салымы, эмгеги зор. Учурдан пайдаланып Айчүрөк эжеге миң мертебе рахмат айтып, ыраазычылыгымды билдирем.
- Кайненеңиз менен мамилеңиз кандай?
- Кайненем эки айда бир жолу келет, анда да бир эле күн туруп, айылда малым калды деп кетип калат. Жашы 75 ке келип калса да абдан күчтүү, эрктүү айым. Мени таң калтырганы апам дайыма ак кийинип жүрөт. Экөөбүз кайнене келиндей эмес, энеси кызындай мамиле кылабыз.
Мирбек
- Үй-бүлөңүз жөнүндө кенен айтып берсеңиз?
- Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Менден кийин эки иним бар. Ата-энем аскер кызматкерлери. Инилерим төрөлө электе жалгыз болуп калам го деп коркчумун. Тилегиме жетип 12 жылдан кийин инилүү болдум. Атам Көлдүн Аксайынан, апам болсо Таластын Аксайынан болот. Кызыгы, ата-энем экөө тең гороскопто арстан жылдызы. Ал эми Урмат экөөбүз жылан жылында төрөлүп, жылдашпыз.
Жазгүл
- Жакында эле бир гезиттен бир бейтааныш кыз Анжеликанын салонунан кетпей жатыптыр деген маалыматты окудум. Ошол боюнча өз оозуңуздан уксак?
- Салон ачкандан бери мен гуманитардык жардам менен иштеп жаткандай эле "менин атам кредит алып төлөй албай калды, менин кийимим жок көчөдө калдым, жардам бериңизчи" деген сыяктуу кат жазып калтыргандар көбөйдү. Гезитте жазылгандай эле акыркы кезде бир бейтааныш кыз салонго күндө келип эле диванда отуруп турбай койчу болду. Өзү Юридикалык Академияда 1-курстта окуган нарындык кыз экен. Башында гезит-телелердин тамашасы го деп ойлогом. Күндө келип баштаганда эмне болду деп ал-жайын сурасам жашаганга жерим жок дейт. Үйүңө барбайсыңбы десем, менин минтип кыйналганымды үйдөгүлөр билишин каалабайм дейт. Кийген кийимине караганда жетиштүү эле жердин кызындай.
- Анын максаты эмне экен?
- Билбейм. Мен да түшүнбөй калдым. Бир туруп эле машинаңыз бош жүрөт го, сиз менен жүрө берейинчи, кечинде машинада эле уктай берем, эмне ушул сизге оорбу-деп мени менен урушканга чейин барды. Башында жардамга муктаж адам болсо колумдан келген көмөгүмдү көрсөтөйүн дегем. Анан эле ар кайсы сөздү сүйлөп мени менен ойной баштаганда ишенбей калдым. Тажаганда салондун администратору жаныбыздагы мекеменин күзөтчүсүн чакырып, ошол киши түшүндүрүп аны араң кетирди. Ошол бойдон келе элек.
Асел
- Бала чагыңыздагы эсте калган күндөрүңүздү бир эскерип кетсеңиз?
- Кичинекей кезимде бала бакчадагы балдардын эң тентеги мен элем. Уктоо убагы болгондо мени тарбиячыбыз отурган партанын жанына жаткызып коёт эле. Мен уктамыш болуп калганда эжейибиз эшикке чыгып кетчү. Ал кетээри менен партанын үстүнө чыгып алып кыйкырып ырдап, бийлеп, баарын ойготчумун. Ушундай шоктугумдун айынан бурчта туруп , көп уктабай калгам.
Дагы бир эсте калган учур биз анда 5-кабатта жашачубуз. Апам мени сүт алып кел деп жиберсе сүтүңөргө суу кошулган жокпу деп колум менен даамдап көрүп сатуучулардын баарын таң калтырчу экенмин. Сүт алып келем деп банкаларды сындырып алып бир канча ирет ыйлап келдим го.
Ж.Калдарова










??.??





??.??