presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Күлкү жана тамаша

Рыспай Абдыкадыровдун жоруктары
Сыноо
Рыспай бир топ чоңдор менен Тогуз-Торого барып калат. Ал убакытта арак ичпей жүргөн кези экен. Кайтканда тоого чыгарып сыйламак болушат. Анда "Пишеничный" арагы чыгып, аны дагы Россиянын башка жактарынан алып келип турушчу экен.
- Пишеничный арактан ичели,-дейт узатып жүргөндөрдөн бирөөсү.
- Ичели,-дейт Рыспай. Анын көптөн бери ичпей жүргөнүн билишкендер таң калышат. - Догдур арак ичпе, ичсең өлөсүң деген,-дейт да стакандагы куюлган аракты тартып жиберип эле, турган жеринен шалк этип жыгылат. Жанындагылардын эстери оошуп, шаша-буша машинага салышып, колдорун ушалашып, кайрадан Тогуз-Торонун догдурун көздөй алып жөнөп калышат. Жолдо баратып, Рыспай бир көзүн ачып, маңдайындагы олтургандан:
- Чындап эле корктуңарбы, ыя?-деп сураптыр.

Чек ара
Бир күнү Жолдошбек Мамажанов Рыспайды издеп үйүнө барып калат. Кирип баратканда эле Рыспай ордунан тура калып: - Ээ-эй, ал жагы менен баспа, ал тарап Давлеттики, бор менен сызылып турганын көргөн жоксуңбу?-дейт.
Ошол күнү келинчеги экөө таарыныша түшүп, Рыспай коридордун тең ортосунан бор менен сызып бөлүптүр да, аялы экөө кошуна боло калышыптыр.

Сүзмө ууру
Ош пединститутунун кафедра башчысы Сүйүнбек Дүйшөналиев экөө арак ичишет. Эртеси табиттери ачылбай, сүзмө табууга туура келет. "Кой, сени менен базарга барбайм, кайдагы жоруктарыңды баштап ийип уят кыласың" деп Сүйүнбек болбойт. Рыспай "артыңдан ээрчип барып, унчукпастан ээрчип келем, ишенип кой Суке, карган десең карганып деле берейин" деп жатып, акыры экөө базарга чыгышат. Оштогу базардын жалаң айран-сүт саткан жерине барышат да, башынан эле сүзмө тандашып: - Бул начар, бул начар дешип сөөмөйлөрү менен илип, жалап көрүшүп тандап кете беришет. Этегине келгенде бир калта сүзмөсүнүн оозун ачып коюп, бир аял олтурган болот. Андан илип жеп көрөрү менен эле: "Оо чыныгы сүзмө деп ушуну айт!"-деп Рыспай калтасы менен көтөргөн бойдон, элди аралай качат. Сүзмөнүн ээси болсо артынан кубалап баратып: "Ууру алды, жардам, кармагыла!"-деп кыйкырат. Рыспай айланып жүрүп олтуруп, кайра баягы ордуна жүгүрүп келет энтигип, артында боргулданып тердеген ээси бакырып, өкүрүп жетип келет.
- Ой, эне, эмнеге кыйкырасың, сүзмө сиздикиби?-дейт Рыспай.
- Меники болбогондо кимдики анан?..-дейт ээси ачуулана.
- Анда абдан жакшы сүзмө экен, анда эки кило тартып бериңиз,-дептир Рыспай камырабай.

""Рыспай Абдыкадыров" болуп иштейм
Жалал-Абад шаарынын кире-бериш жеринде машиналар айланып өтчү жолдон Рыспай машинасы менен түз өтүп баратса МАИнин кызматкерлери токтотуп: "Эмне үчүн түз өтүп баратасыз?"-деп сурайт.
- Анан эмне кылышым керек?
- Айланып өтүү керек.
- Болуптур анда,-дейт да айлана берет, айлана берет. Аяк-быяктан келген машиналар токтоп калат. Аны көргөн МАИнин кызматкерлери: "Эмне үчүн кайра-кайра айланып жатасыз?"-дейт.
- Өзүңүз айтпадыңызбы айланыш керек деп, айтканыңызды жасабай койсом болобу,-дейт Рыспай.
- Деги сиз ким болуп иштейсиз?-дейт МАИнин кызматкери туталанып.
- Мен- Рыспай Абдыкадыров болуп эле иштейм,-дегенде МАИнин кызматкери машинадан түшүрүп, сыйлап узатыптыр.

Акматжан Кадыралиев




Апендиге айла жок
Дүйнөлүк юмор казынасына эшеги менен кошо кирген Апендинин жоруктарын кимдер гана тамшанып күлүп укпаган. Бирок канча уксак да түк тажатпай улам эңсете берген касиети менен ал, элге ушунчалык алымдуу. Эмесе күлкү-тамашага карк, мыскыл-мазак түрүндөгү Апендинин түркүн түстүү сатиралык түрмөктөрүнөн окурмандарга күлкү суналы.

"Мүчөлүңүздү пил деп алыңыз"
- Эмир Темир бир күнү Апенди менен маектешип отуруп, жыл сүрүштүрүп калды эле, Апенди Эмирдин жашын санап келип:
- Мүчөлүңүз ит экен,-дейт.
Эмир Темирдин көңүлү чөгө түшөт:
- Жан бүткөндүн баарына арстан атанган аалам шери кантип эле ит болсун. Оңдоп эсептечи, жок дегенде жолборс болуп жүрбөсүн?
Апенди ага минтип жооп берет:
- Анча болду, мүчөлүңүздү пил деп алыңыз да, иттигиңизде тура бериңиз, таксыр.

Чарпая тардык кылды
Апендинин аялы көз жумуп, эри өлгөн бир жесир аялга үйлөнөт. Экөө чарпаяда отуруп алып эле бири өлгөн эрин мактаса, бири өлгөн аялын мактай бермей адат таап алышыптыр. Бир күнү Апенди чыдабай кетип, маркум эрин мактап аткан аялын чарпаядан ыргыта түртүп жиберет. Аялы ызасына чыдабай барып даттанат. Атасы күйөө баласын келип жемелейт:
- Бу эмне деген жосун?-деп.
- Чарпаяда адегенде экөөбүз эле отурганбыз,-дейт анда Апенди,-анан карасам, менин маркум аялым, кызыңыздын өлгөн эри кошулуп, төртөө болуп кетиппиз. Чарпая тардык кылып, кызыңыз өзү эле кулап кетти.

Сулуулук жана нан
Апенди аялы менен ар кайсыны сүйлөшүп отуруп, курсагы ачып кеткенинен нан сураса, аялы:
- Нанды койчу эми, менин сулуулугума суктанып отура берсең эле тоюп каласың!-дейт назданып.
- Сулуулугуң мурчтан күчтүү, нанга кошуп жутпаса ичимди куйкалап жибергидей,-дептир анда Апенди.


Азилдин баары айылда
Эки кап саман
Кыш катуу болуп, жаздын келиши кечеңдеп, элдин тоюту азайган мезгил. Айылда Карабаш деген киши бригадир. Салыйкан деген жесир аял уй-торпогун багалбай кыйналат да, кичинекей экчеме жармасын куюп коёт да, бригадир Карабашты чакырып, үйгө түшүрүп, сыйлагандан кийин эки кап саман сурайт. Буга чейин да бозого тоюп келген Карабаш:
- Саманда иштеген балдар бар. Мен дайындап коём. Тартынбай барып эки кабыңа тыктырып ал,-дейт.
Айткан убагында барып, саманчы жигиттерге эки кабы зыңкыйганча саман тыктырып алып, үйүнө кайтат. Кечинде Карабаш көчөдөн өтүп баратып:
- Ой, жеңе самандагы балдарга жакшылап тыктырып алдыңбы?-дейт.
- Ооба, рахмат. Каалагандай эле тыгып беришти. Эми көпкө чейин тыңып калам.
- Дагы керек болсо уялбай эле барып, ошол балдарга тыктырып алып тур!-дейт бригадир ырсая каткырып. Жеңеси сөздүн маанисин ошондо гана түшүнүп, бетин чымчып, ошондон кийин андан саман сурабай койгон экен.

Жыргалды байлап
койгон жер кайсы?
- Ай, ушул чиркейдин азабы гана өтүп турат,-деп кейип калды Чонтой. Бирге отурган теңтушу андан сурап калды:
- Эмне болду анчалык?
- О, кычышпай турган жериңди кычыштырып чагат да, бул түгөнгүр.
- Ал кайсы жериңди чакты?
- Экөөнүн ортосун.
- Эй, кемпай,-деди беркиси борс-борс күлүп,-анык кычыша турган жериңди таап чаккан тура.
- Эй, тантырабачы, бул жердин кычышканын мен көргөн да, сезген да эмесмин.
- Анда сен жыргалдын кайда экенин билбей эле бул жарыкчылык дүйнөдөн көзүң ачык өтүп бараткан турбайсыңбы?
- Ой, жыргалыңды ошол жерге байлап коюптурбу?
- Анык көр пенде тура. Ой, деги сен эки аланын ортосун айтып жатасыңбы?
- Тигини, тигини. Жармашканы эле ала, ой. Мен деген эки салаанын ортосун айтып жатам...

Даярдаган Алмаз Адишов










??.??