Көзүн ачып уктап, түшүндө ырдаган Амина
Кыргыз эли байыртан өнөргө бай таланттуу калк экендиги талашсыз. "Эл ичи өнөр кенчи" дегендей журт ичинде көрүнбөй жаткан таланттарыбыз ондоп саналат. Жакында бир кечеге барып дагы бир кичинекей кыздын талантына күбө болдум. Коноктордун көз жоосун алып, алкышына татыган үч жарым жашар Амина чимириле бийлеп, кеченин көркүнө көрк кошуп турду. Алакан кызыта кол чапкан көрүүчүлөр келечек бийчиге бата берип, бакыт тилешти. Өз дарамети менен өзгөчө өнөр тартуулаган тырмактай наристени көрүп сыймыктанып, ал жөнүндө кененирээк билүү үчүн апасы Минура эжени маекке тарттым.

- Минура эже, кызыңыз бийге катышабы?
- Жок. Бийлегенди, ырдаганды теледен көрүп эле үйрөнүп алды. Негедир төрөлгөндөн тартып эле музыкага жакын. Кыркы чыга элек кезинде аябай ыйлаак болчу, эмчек салганыма да соорончу эмес, качан гана музыка коюп койгондо ыйлабай жатып калат эле. Бир жарым жашында тили жакшы келбесе да кыңылдап ырдай берчү болду. Кызыгы, уктап жатканда да (азыркыга чейин) кыймылдап, кыңылдай берет, анан көзүн ачып уктайт. Такыр тартынбайт. Азыр Мери Шакулина менен Айгерим Расул кызынын ырларын жатка билет. Кээде үйдө атасын Расул кылып, өзү Айгерим болуп, атасын айланып бийлемейинче жаны калбайт. Музыка чыккан жерде менин тыйганыма да моюн сунбай бийлеп кирет. Биринчи жолу "Салам Бишкек" концертинде сахнага бийлеп чыкканын көрүп өзүм да таң калдым. Ошондон бери Мери Шакулина менен анча-мынча сахнага чыгып жүрөт. Буюрса жакында Kg Элмураттын концертине катышканы Ошко жөнөгөнү жатат.
- Өнөр бул өтчү нерсе дейт. Тукумуңуздарда чыгармачыл адамдар барбы?
- Аты чыккан таланттуулар деле жок. Бирок, 90 жаштагы чоң энеси аябай жакшы ырдап, бийлейт.
- Ошко жөнөтөм деп жатасыз. Сиздерди жоктоп ыйлабайбы?
- Ырчылардын баарын тааныйт. Ошолор менен аралашып жүрө берет. Аминанын азыр музыкага берилип турган убагы. Анын үстүнө сахнага чыгып көнө берсин деп өзүбүз да кызыбыздын талантына колдон келишинче көмөк көрсөтүп жатабыз.
- Амина бала бакчага барасыңбы?
- Ооба. №88 бакчада окуйм. Ал жерде досторум көп.
- Санаганды билесиңби?
- Кыргызча, орусча, англисче 30 га чейин санай алам-деп санап кирди.
- Бийди кайдан үйрөндүң?
- Айгерим эжеден.
- Чоңойгондо ким болосуң?
- Чоң бийчи, чоң ырчы болом. Анан Мери эжени, апамды, атамды ээрчитип алып Индияга барам.
- Азаматсың Амина, тилегиңе жет.
"Болоор бала жашынан" демекчи келечектен көптү үмүттөндүргөн кичинекей балапанга ак жол каалайбыз.
Ж. Маматбаева