presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Тамеки тартам деп ажатканага түшүп кете жаздаган Айнура
Окуучулук алтын күндөрдү эске салып, кызыктуу окуялардын түрмөгүн чубаган "Классташ" аттуу рубриканын бүгүнкү коногу өнөр майданына келгенине аз гана убакыт болсо да жагымдуу ырлары менен ыр ышкыбоздорунун сүймөнчүлүгүнө айланган жаш ырчы Айнура Салахидинова болмокчу. Ырчынын балалык чагы жөнүндө айтып берүү үчүн классташы Жылдыз Салиеваны кепке тарттык. Жылдыз айым учурда эки уулун тарбиялап, үй кожойкеси.

r> Мугалимдин эсин оодара чаап...
- Айнура экөөбүз Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектебинде 10-11-классты чогуу окудук. Бизге барганга чейин ал Бишкектеги №68 гимназияда окуган. Шаардык кыз болгондуктан баарыбыздан айырмаланып турчу. Айылдыктар уяң, тартынчаак болобуз го. Айнура болсо эч нерседен тартынчу эмес, эмне айткысы келсе айтып, эмне кылгысы келсе жасай берчү. Биздин класс жетекчибиз Элдияр деген агай эле. Бараары менен тайманбастан Элдияр агай менен чапкылашып ойноп, ар кандай суроолорду берип кирди. Биз ал агайдын алдында ашыкча сөз сүйлөмөк турсун, башыбызды бийик көтөрүп сүйлөй алчу эмеспиз. Ошондой катуу агайды ийге келтирген Айнурага аябай таң калганбыз. Айнура келгенге чейин классыбызда эң мыкты окуган 4 окуучу болсок, Айнура бешинчи болуп биздин катарга кошулду. Анын башка окуучулардан өзгөчөлүгү мугалимдин катасын таап, бетине айтчу. Анан да мектептер аралык ар кандай кароо-сынактар Айнурасыз көркүнө чыкчу эмес. Айылдагы жалаң жаш таланттардан куралган "Тоо гүлдөрү" деген ансамблдин солисти, комузчусу болчу. Ошол ансамбль менен гастролдорго барчубуз. Бир жолу Чаек айылына КВНге барып, ошол жактан бир мугалим менен уруша кетип, аны стол менен бир чаап, эсин оодарып койгон. Ошондон кийин мугалимдер бөтөн жерге барганда Айнураны кайтарып жүрүшчү болду.

Жигиттерди жеңил бийге чакырган
болочок ырчы
Өзү аябай ак көңүл, ачык айрым, ичинде кири жок кыз болгондуктан жүрөгүнө сыр катчу эмес. Шаардан келген кыз дешип көп жигиттер ашык болуп, артынан чуркачу. Ошондо ал жашырбастан "шаарда жигитим бар, аты Насыпбек, Токтогулдан болот" деп ийне-жибине чейин айтып түшүндүрчү. Ар майрамдарды, туулган күндөрдү белгилеп калганыбызда балдар бизди жеңил бийге чакырса качат элек. А, Айнура болсо өзү барып жигиттерди тартып, отуруш бүткөнчө бардык балдар менен бийлеп чыкчу. Балдардын мойнунан кучактап, бетинен өптүрсө эле бизге бул нерсе жат көрүнүп, Айнураны жаман көрө берет элек. Кийин балдар менен кантип сүйлөшүп, жооп кайтаргандан тартып, конок тосконго чейин Айнурадан үйрөндүк. Сабактан чыккандан кийин Айнуранын үйүнө келип түрдүү салаттарды жасап, тырмагыбызды боёп, чачыбызды кесип, имиджибизди өзгөртүп кетчүбүз. Айнура көп убактысын күзгүгө каранып өткөрчү. Ошентип сулууланып жүрүп, 11-класста район боюнча мектептер аралык сулуулар конкурсунда Гран-Прини утуп алган.

Коюнга катылган
комуз жана көзүндөгү тоңгон жаш
- Биздин класска чоңоюп калганда келгендиктен анын көп деле кызыктуу окуяларына туш болгон жокмун. Бирок, өзү айтып берген күлкүлүү учурларын билем. Айнура 2-классынан тартып эле комуз кружогуна барчу. №68 гимназияда окуп жаткан кезинде үйү темир жолдун алдында болгондуктан мектепке темир жолдон өтчү. Кышкысын комузунун кылы муздап калбасын деп койнуна катып алып тайгаланып жыгылып атып араң мектепке жетчү экен. Бир күнү дал ошол жерден өтүп баратып, жыгылып кетип комузунун капкагы эки бөлүнүп калат, аны эки колуна көтөрүп алып мектепке жеткенче ыйлап барганда агайы көзүндөгү тоңуп калган жашты көрүп аябай күлгөн экен.

Коркок коён
7-класста окуп жүргөндө кыздар топтолуп алып тамеки тартканды үйрөнөбүз деп бирден "Полетту" алып ажатканага киришет. Ошол жерде да лидер болгусу келген Айнура биринчилерден болуп тартам деп какап-чакап буулуп, эшикти көздөй шашкалактап баратып, тайып кетип бир буту ажатканага түшүп кетип, кыздар араң тартып алышыптыр.
Айнура курбум далдайган менен коркок болчу.Экиге бөлүнүп алып согушабыз дегенде эле
"Ырыс алды ынтымак" деп кайра-кайра кайталап атып кыздарды бөлүштүрүп, жараштырып койчу. Кыздар анын коркок экенин билбегендиктен тилин угуп, баш ийип калышчу. Алар Айнуранын жанагындай келбети менен уруп коёт деп чочулашат эле. Анын коркок экенин, коркконунан ушинтип айтканын мен гана билип, ага "коркок коён" деп ат коюп алгам. Жыйынтыктап айтканда Айнура жан дүйнөсү таза, аруу кыз. Бетке чабар, ачык-айрым, айкөлдүгү,адамгерчиликтүүлүгү, активдүүлүгү менен классташтар арасында кадыр-баркка ээ. Анын таланты менен баарыбыз сыймыктанабыз.

Ж.Калдарова










??.??