presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Обон - шоу

Нелянын сүрөтүн ким уурдап кетти?
Жакында болчу концертине буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн Неляны күйөрмандары сүйүндүрүп да күйүндүрүп да жаткан чагы. Анткени Неля күйөрмандарына кененирээк маалымат болсун деп 10 көлөмдүү жарнамалык щиттерди чыгартып, шаарыбыздын 10 жерине илдирген. Концертке аз күн калды дегенде Ахунбаев-Совет көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган жарнамалык щиттердин бирин уурдатып жиберди. "Эч жерин эч нерсе кылбай кылдаттык менен чечип кетиптир. Бир тарабынан күйөрмандарым мени ушунчалык бааларына сүйүнүп жатсам, концерт алдында чыгым болгонум жаман болду"-дейт ырчы кыз. Элибизде чыгаша чыкмайын киреше кирбейт деп коёт, андыктан Неляга көп кайгырба демекчибиз.

Назгүл Насиева эки тулпарлуу болду
Жакында эле борбор калаабыздагы кафелердин биринде учурдагы шоу бизнес адамдарынын башын кошкон салтанат болуп өттү. Аида Кулуева, Адиляз, Эрмек деген ырчылардын "чыгармачылыктагы апасы" Назгүл Насиева өзүнүн туулган күнүн белгилеп, бардык жакын санаалаштарын чакырды. Жалпы продюсерлер жана ырчылар катышкан бул салтанат тойго айланды. Себеби булбул үндүү ди-джей Элмара Турсуналиева "рульда" болуп, коноктордун көңүлүн алды. Ал эми Назгүл Насиеванын өз "балдары" Аида, Адиляз, Эрмек продюсерине оригиналдуу белек беришти. Адам боюнан бийик болгон абдан көлөмдүү бул картинада ак жана кара тулпардын сүрөтү, тулпарлардын тегереги сан жылдызга толгон. Бул тулпарлар жолдошуңуз жана сиз, жылдызчалар биз. Ар дайым таланттуу балдардын жылдызын жандырып, алардын саны көп болсун деген каалоо тилектерин билдиришти продюсердин балдары.

Гүлшайыр Садыбакасованын үй-бүлөсү сооп иш жасады
АБР долбоору менен биргеликте өрнөктүү педагог, үлгүлүү инсан, республикага таанымал окутуучу Эргешов Садыбакастын кызы, шоу-бизнестин "атаманы" аталган КРнын эмгек сиңирген артисти, айтылуу "Кыз - Бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова баш болгон балдары өздөрүнүн кичи мекени Ноокат районунун Кулатов айылына бала-бакча куруп бүтүрүштү. Эртең жетимиш бала тарбияланганга ылайыкташтырылган заманбап бала-бакчанын ачылышы болмокчу. Ачылуу аземине көптөгөн өкмөт жетекчилери, бей өкмөт уюмдар катышып, "Кыз-Бурак" эстрадалык тобунун кыргый мүчө, кымча бел кыздары, Ош филармониясынын артисттери чоң программадагы концертин тартуулашат. Эмне дейбиз, келечек муундарынын эртеңкисин ойлоп, ушундай демилгелерди көтөрүп жаткан Садыбакасовдордун үй-бүлөсүндөй эл керегине жараган инсандар журт ичинде көп болсун.

Аскат Мусабеков бойдокчулук менен коштошкону турат
Комуздун коштоосунда элдик ырларды кубулжута ырдаган Аскат Мусабеков бойдокчулук менен коштошуп, кыл кыякчы Залина аттуу таланттуу периге баш кошкону турат. Эл үчүн кызмат кылып келе жаткан таланттуулар бул убакытка чейин кыз-жигит болуп жүрүшкөн, эми ушул айдын аягына чыкпай жалпы туугандарына концерттик программада чоң той өткөрүшмөкчү.

Бекчоро катуу кайгырып жатат
Көз айнектердин коллекциясын топтогонду өзгөчө сүйгөн ырчы жигит Бекчоро жакында эле өзүнүн эң сүйүктүү, өзү үчүн эң баалуу болгон буюмунан айрылды. Бала кезден чогуу өскөн кан досу башка мамлекетке окууга кетип жатып Бекчорого өзгөчө стилдүү көз айнек белек кылган эле. Досун катуу сыйлаган ырчы үчүн бул буюм баасы теңдешсиз нерсеге айланган. Тилекке каршы жакынкы эле концерттердин биринде ырчы жигит ал көз айнегин жоготуп алган. Учурда башка көз айнектүү болгону менен досунун белегин жоготуп катуу кайгырып турган чагы.

Фархад сулуу кыздарга кастинг жарыялайт
"Ай Оштук кыз" деген бир тууган агасынын жазып берген ыры менен эл оозуна алынган ырчы Фархад Кеңешбек уулу "Асыл кечим" аттуу ырына клип тарттырууга камынууда. Дал ушул махабат тууралуу ырына өң келбети келишкен кыздарды клипке тартуу үчүн биздин гезит аркылуу кастинг жарыялайт. Эгерде сиз дагы клипке тартылууну каалап жүргөн болсоңуз анда Фархаддын өзүнө түз байланышка чыгыңыз. Телефон номери 0543 804885.

"Күзгү нөшөр" дагы бир жолу жаңырат
Оригиналдуу ысымы менен селкилерди тынч уктатпай келген Алихан, дагы бир ырдуу болду. Анткени ырчынын апасы Бактыгүл Сейитбекова акын экенин Алихандын бардык эле күйөрмандары биле бербесе керек. Алихан эми апасынын калемине таандык, Сыймык Бейшекеевдин репертуарындагы "Күзгү нөшөр" деген чыгарманы ырдап чыкты. Бир кезде белгилүү болгон "Күзгү нөшөрдүн" сөзүн Алихандын апасы жазса, обону Сыймык Бейшекеевге таандык.

"Рахат" бий театры Франциядан кайтышты
"Рахат" бий театрынын жетекчиси Камчы мырза мындан бир ай мурун бийге такшалып калган бийчи кыздарын Франция шаарын узаткан эле. Эми минтип бир айдан соң бийчи кыздар Франциянын бир нече шаарын түркүн улуттун бийин камтыган өнөрлөрү менен таң калтырып кайтышты.
Учурда театр жетекчиси дагы алдыдагы конкурстарга катышуу үчүн театр бийчилери менен катуу камынууда.

Айгүл Чалованын концерти болбой калды
Ырчы кыз мындан бир ай мурун жеке концертин өткөрүүгө бел байлап, даярданып баштаган эле. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп ырчынын бул тилеги орундалбай, концертин февраль айына жылдырды. Алдыда болбой калган жеке концертин ырчы убактысынын таардыгына шылтоолоп, болжогон айда күйөрмандарына өзгөчө концерт тартуулай тургандыгын билдирди.

Бегимай Эсенгулова гастролго аттанды
14-15-ноябрь күндөрү "Караба, караба" деп созолонтуп, жигиттерди караткан Бегимай Эсенгулова өзүнүн кичи мекени болгон Каракол шаарында тушоо кесүү концертин берет. Окуусуна да жетишип, чыгармачылыкта да тынбай эмгектенип келе жаткан бул кызыбызга ийгилик каалайбыз.










??.??