presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Спорт

Криштиано Роналду
Жетишкендиктери
Португалиянын 2002-2003-жылкы сезонунун чемпиону.
2003-2004-жылкы сезондо Англиянын Кубогунун жеңүүчүсү (МЮ курамында)
2004-жылкы Европа чемпионатынын финалисти (Португалия курама командасынын катарында).
2003-2004-жылдары "Эң жаш мыкты оюнчу" сыйлыгына көрсөтүлүп, 2003-жылы биринчиликти алса, 2004-жылы Уэйн Руниден кийинки экинчи орунду алган.
Криштиано Роналду Манчестерге келгенин эч ким туйбай да калган. Алдын ала бул оюнчу бул жакка барат экен, бул жакка барбайт экен деген журналисттер Роналдунун Манчестерге келгенин расмий жарыялагандан кийин билишип, андан кийин аны баса калышкан.
2006-2007-жылкы сезондо эң мыкты, эң жаш оюнчу. Ошол жылы чемпиондор лигасында МЮ жарым финалга чыккан.
2007-2008-жылкы сезондо эң мыкты оюнчу. МЮ финалда "Челсини" утуп алган
2007-жылы коло топ ээси болгон.
2008-жылы Чемпиондор лигасындагы эң мыкты оюнчу аталган.

Бала чагы
Роналду Португалиянын Мадейра аралында жарык дүйнөгө келет. Атасы Дениз Авейро Американын мурдагы президенти Рональдо Рейганды кумир тутуп келген. Ошондуктан баласына Криштиано Роналду деген атты ыйгарат. Анын 3 жашынан баштап эле топко жакын өсүп, футболго кызыгып киргенин көргөн атасы баласын Футболдук олимптен көргүсү келип, ага бардык шарттарды түзүп берет. Роналду өзүнөн улуу бир агасы, эки эжеси менен чогуу чоңоёт. Өзү туулуп өскөн аралда тез эле оозго алынган жаш футболист болуп чыга келет. Анткени атасынын карамагындагы Андориньи футболдук клубунда ойноп жүрүп, 12 жашында ошол аралдын эң мыкты жаш оюнчусу аталат. Ошол күндөн тартып эле Роналдуну Португалиянын көп клубдары көз салып, контракт түзүүгө аракет жасай башташат. Бирок Криштиану өзүнүн карьерасы үчүн "Спортинг" клубун тандап алат.

Алгачкы оюндары
Роналду секин-секин футболдук оюндун бардык тепкичтерин басып өтүп, 17 жашка толгондо "Спортингдин" машыктыруучусу оюнга чыгарат. Болгондо дагы чабуулчу катары чыкканы ар бир жаш оюнчунун тагдырына жаза бербеген нерсе. Өзүнө арткан ишенимди актоого тырышкан Роналду алгачкы эле оюнда эки топту катар киргизип, күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланат.
Европа жаштарынын биринчилигинде көргөзгөн оюндан кийин ага Европанын көп клубдары "Ливерпуль", "Ювентус" баш болуп кызыгып калат. "Спортингдеги" биринчи сезонун аяктаган соң "Ливерпулдун" курамына которулат. Ал ойноп турган сезондо "Спортинг" клубу лиганын алдыңкы сабында жүрөт. Ошол убакта Португалиянын футболундагы вундеркинди Кварезмадан да популярдуу боло баштайт.

Чоң футболдо
Көп өтпөй эки чыгаан футболист Португалияны таштап, гонарар үчүн башка клубдарга өтүп кетишет. Кварезма Барселонага барса, Роналду "Манчестерге" кирет. Роналду киргенде эле эң кымбат оюнчу болуп кирет. "Манчестер Юнайтед" клубдагы эки сезон үчүн оюнга 12 млн. Фунт стерлинг төлөп берүүгө макул болуп контракт түзөт. Анткени "Спортинг" клубунда ойноп турганда МЮ аталган клубга 3-1 эсебинде жеңилип калат. Ошондо Роналдунун оюнун көргөндөрдүн оозу ачылып, МЮнун тренери Алекске ошол оюнчуну өздөрүнө тартууга тапшырма берилет. Клубдун кызыкчылыгы үчүн кымбатына карабай Роналдуну МЮга тартып келишет. 2003-жылы 12-августта Роналдунун өмүрүндө эң кубанычтуу окуя болгон. Ал өзү эңсеп келген 7-номердеги футболкага ээ болуп, Бекхемдин ордун баса турган жаңы жылдыздын "жарк" чыга келгени болот.
19 жашында "Манчестер Юнайтед" жана Португалиянын курама командасында ойноп, көргөзгөн оюндары менен көпчүлүктү таң калтырып, күйөрмандарынын оозуна алынган.

Жумабай Дабын уулу




  Спорт жаңылыктары

Кыргызстанда
ФИФАдан белек
Бишкектеги "Көк-Жар" кичирайонунун аймагындагы Улуттук футбол борборунда жаңы футбол стадионунун ачылыш аземи болду. Бул жерде Улуттук футбол борбору түзүлүп, мурда дагы Эл аралык футбол федерациясынын жардамы менен жасалма аянты менен чакан стадион салынган. Анын чыгыш тарабына Эларалык Футбол федерациясынын "Гол-2" долбоорунун алкагында күйөрмандар үчүн бардык ыңгайлуу шарты бар эки миң орундуу жаңы стадион салынып бүттү. Эл аралык футбол федерациясынан грант алып, өлкөгө бир нече стадион, аянтчаларды куруп жаткан футбол федерациясынын ишмердүүлүгү башкаларга үлгү экенин айта кетүү керек. Ушул жаңы стадиондун ачылыш салтанаты жаш футболчу кыздардын "Үмүт" эларалык мелдеши менен көркүнө чыкты. Анда биринчи орунду Бишкектин командасы, 2-орунду казакстандан келген команда ал эми 3-орунду Канттын командасы ээледи.

Теннис
Стол үстүндөгү теннис боюнча эл аралык турнирге кыргызстандык спортсмендер катышып келди. Алардан эң эле жакшы көрсөткүч менен Руслан Култаев 60 спортсмендин арасынан 9-орунду ээлеп келди.

Мини-футбол
Мини-футбол боюнча жогорку лиганын чемпионаты Кантта өтүүдө. Буга "Налоговик", "Аманбанк", "АТФ", AUB, "Ас-Фура", "Ак-Жол", "Инексимбанк", "Кумтор", "Класс" жана "Автошкола" командалары катышып мөөрөй талашууда.

Таэквон-до
Кыргызстандын спортсмендери Италиянын Рива Дель Гарда шаарында өткөн таэквон-до ITF боюнча дүйнөнүн үчүнчү кубогунда 9 алтын, 4 күмүш жана 5 коло медалды жеңип алышты. Бул мелдештерге дүйнөнүн 44 өлкөсүнүн 133 командасы катышты. Кыргызстандан ар кыл салмактык категориялардагы 20 спортсмен катышып, жалпы командалык эсепте биздин спортсмендерибиз төртүнчү орунду ээледи.

Футбол
"Левадия" командасы Эстониянын алты жолку чемпиону болуп калды. Ал акыркы 3 жыл катары менен чемпион болуп келүүдө.
ххх
Ушул сезондогу "Фенербахче" командасынын жакшы эмес ийгиликтерге жетишсе дагы башкы тренери Луис Арагонеске ишеними мурдагыдай эле кала берүүдө. Чемпиондорлигасынын G группасында акыркы орунду ээлеп олтурат.
ххх
Украинанын милициясы россиялык фанаттарды колго түшүрүштү. "Арсенал" менен "Карпат" командаларынын беттешүүсүнө бара жаткан 1 автобус күйөрмандарды кармашкан. Алардын 21и россиялыктар болуп чыкты. Алардан газ баллондору, боксёр капы, бинти жана башка тыюу салынган буюмдар кармалган

Бокс
WBA версиясы боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Джо Кальзаге упайлык эсеп менен дүйнөнүн мурдагы чемпиону Рой Джонсту (кичүүсү) жеңип алды.
ххх
IBF версиясы боюнча орто салмакта дүйнө чемпиондугун көптөн бери бербей келе жаткан түпкү теги Армениялык, азыркы тапта Германия үчүн мушташып жүргөн Артур Абрахам америкалык Раул Маркести жеңип, дүйнөнүн жети жолку чемпиону болуу менен титулун сактап калды. Абрахама ушуга чейин 28 беттешүү өткөрүп биринде да жеңилген эмес.
ххх
Бүт дүйнөлүк боксёр Кеңешинин чечими менен WBC версиясынын чемпиону Виталий Кличко чемпиондук титулун сактап калыш үчүн кубалык Хуан-Карлос Гомес менен беттешүү өткөрүш керек болуп калды. Бирок Кличко буга макул эместигин айтып чыкты. Бирок 19-декабрга чейин өз оюн айтууга мажбур. Ошону менен катар эле Украинада болуп жаткан кризиске байланыштуу президент В.Ющенко өзүнүн кеңешчилерин кыскарта баштаган. Алардын катарында Виталий Кличко да бар.









??.??