presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Тасма тарыхынан

Көчмөндөр
Режиссерлор: Сергей Бодров, Талгат Төмөнов, Иван Пассер
Чыгарылышы: 2004- жыл Казахстан-Россия-Акш
Актерлор: Джей Эрнандес, Дильназ Ахмедиева, Марк Дакаскос, Куно Беккер
Жанр: тарыхый драма
Жалпы бюджет: 40 миллион доллар

Мазмуну
Келечекте элин, жерин душманынан коргой турган султан Валинин уулу Мансурдун ымыркай кезинен эле өмүрүнө коркунуч туулат. Ушунчасында кичинекей душманынын көзүн тазалоону туура көргөн жунгарлардын колунан акылман Ороз наристени аман алып калат. Канаты ката элек Мансур ат үстүндө шамал менен тең жарышып, кылыч кармап чоңоёт. Анткени анын алдында мекенин коргоо, сүйгөн адамын душмандардын туткунунан бошотуу деген милдеттер турат. Жунгарлардын башка салган кордуктары менен сыноолоруна туруштук бергени менен, өз жанын коргоп жатып, эң жакын досунун өмүрүн кыюуга аргасыз болот.

Тасманын тартылышы
Патриоттук деми бар кино жаратуу эң алгач Казакстандын ажосу Нурсултан Назарбаевдин оюна келген. Мындай тарыхый тасманы жогорку деңгээлде өздөрү чагылдыра албасына көздөрү жеткенби айтор чет мамлекеттен эң мыкты делинип, атагы чыккан режиссерлор чакырылган. Ошентип сьемка тартыла турган аянтта Иван Пассер менен Сергей Бодров пайда болот. 2004-жылы сентябрдан баштап Пассер тарта баштаган, ноябрга жакын суук катуу болуп аттар тоңуп, иш бир топ татаалданган. Ошентип болгон каражат сарпталып отуруп кыш чыкканда 40 миллион доллардын 3 миллиону гана калгандан кийин Сергей Бодров чакырылат. Тасма 2004- жылы гана тартылып бүтсө да кээ бир каталарын оңдоп, бир аз романтикалуу жагдай жаратуу сунушу киргизилген. Ортодон пикир келишпестиктер чыгып долбоорду Иван Пассер менен оператор Юли Стрейгер таштап баса беришкен. Алардын калган ишин Сергей Бодров жана Дэн Лаутсен улантышкан.

Көрүүчүлөрдүн пикири…
"Көчмөндөргө" тартылуу үчүн бир топ голливуд актерлору кастингде ат салышкан, жыйынтыгында мыктылардын мыктысы болуп Марк Дакаскос жунгарлардын башчысы, Джей Эрнандез Ералинин, Кунно Беккер Мансурдун образына тандалып алынышат. Ошентсе да тасманы көргөндөн кийин бир топ көрүүчүлөр голливуд актерлору азиаттардагы демди, маанайды жакшы чагылдырып бере алган эмес , ал тургай мексикалык актердун кылычты шилтегени да карапайым казактыкына такыр окшобойт, аларга баары бир азиаттардын менталитети жетишпейт деген пикирин билдиришкен. Ал эми Вали хандын уулу Аблай- Мансур чынында жунгарларды жеңгени менен кинодо чагылдырылгандай боорукер, берешен болгон эмес. Тескерисинче, жеткен таш боор, мыкаачы болгон деген өңдүү божомолдор да жок эмес.



Джей Эрнандес
1978-жылы 20-февралда Калифорнияда төрөлгөн. "Көчмөндөргө" тартылганга чейин өзүнүн актерлук жөндөмүн жалаң голливуд тасмасында тартуулап келгени менен жогорудагы тасма ал үчүн чоң ачылыш болгон. Ералинин ролун аткаруу ага бир аз тоскоолдуктарды жаратканын жашырбайт, анткени катуу талаптар менен өткөн кастингди ийгиликтүү башынан кечиргени менен "тозоктор" андан кийин башталган. Албетте каны казактыкы болбогондон соң алардын менталитетине аралашып ролун аткаруу канчалык оор болсо да Ералинин образын колунан келишинче баш-оту менен берилип аткарганга аракеттенген. Учурда актриса Даниэлла Дойчер менен күн кечирип келет. Алты жашынан 18 жашка чейин атасынан күрөштүн ыкмаларын эң мыкты өздөштүргөн.

Марк Дакаскос
Белгилүү кино актерлордун катарын толуктаган Марк Дакаскос 1964-жылы 26-февралда Америка Кошмо Штатында жарык дүйнөгө келген. Алгач "Көчмөндөр" тартылууга көп көңүлдөнгөн эмес, муну ал терс каармандын образын жаратууга анчалык жөндөмү келбегендиги менен түшүндүрөт. Бирок, жети өлчөп бир кесип, ашык дөөлөт баш жарбасын эске алган Дакаскос баары бир тасмада татыктуу образды жараткан. Буга чейин сан жеткис кинолордо тартылып тажрыйба топтогон актерго "Көчмөндөр" киносу анчалык деле чоң жаратуу болгон эмес. Бүгүнкү күндө Марк сүйүктүү жубайы Джули Кондра жана баласы менен бактылуу турмушту башынан кечирип келет.

Куно Беккер
17 жашынан актерлук кесипке кадам койгон Куно Германиялык эмигранттардын үй-бүлөсүндө чоңойгон. Кино жаатында анын тушоосу 1996-жылы "Алгачкы түн " тасмасында кесилген. Андан соң "Ради жизни" (Жашоо үчүн) теленовелласында 120 эпизодго тартылып өзүн сынаган. "Көчмөндөргө" чейин ал бир топ эпизоддорго тартылып келген, бул анын эң чоң жана эң маанилүү ролдорунан болгон. Белгилей кетчү жагдай "Көчмөндөргө" тартылып Куно өзүнө бир топ аброй топтой алган.

Анара Дүйшөналиева










??.??