presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Билгениң оң

Жылдыз белгиңиз төшөктөгү табитиңизди аныктайт
Сексапотологдор, психологдор жана астрологдордун биргелешип изилдеген эмгегинин натыйжасында адамдын төшөккө болгон табити түздөн-түз анын жылдыз белгисине көз каранды экенин далилдешкен. Эгерде сиз да өзүңүздүн табитиңизди аныктагыңыз келсе төмөндөгүгө назар салыңыз.

Кой
Бул белгиде төрөлгөндөр жөнөкөй, эч кандай фантазиянын жардамы жок төшөк кумарын каалагандар. Көбүнчө кумарга жарыкты күйгүзүп алып батууну каалашат, өбүшкөндө да адатта көздөрү ачык абалда болот. Сиз мындай жагдайга ыңгайсызданбай эле коюңуз, анткени окумуштуулар далилдегендей түгөйлөр өбүшүп жатканда биринин көзүнө бири тике караса эки эсе кумарга батышат. Андыктан мындай артыкчылыгыңызга сыймыктансаңыз да болот. Ал эми төшөк кумарында чакыйган жарык бөлмөнүн ордуна бир шам жагып койсоңуз түгөйүңүзгө да сизге да, романтикалуу жагдай жаратат.

Букачар
Букачарлар башкалардан айырмаланып шашмалыкты жактырышпайт, ашыкча "оюнкараак, тентек" өнөктөштөрдү жактыра беришпейт. Алгач кумарга батаардан мурда ыңгайлуу жай менен убакыт тандап алгандан кийин гана мээримдүү мамиле менен эркелешүүгө өтүшөт. Көбүнчө бул жылдыз белгисинде төрөлгөндөр сүйүктүүсүнүн жылуу мамилесине, сүйүүсүнө дайыма муктаж болуп турушат. Ал тургай жөн эле жатканда да түгөйүнүн денеси денесине тийип турушун каалашат.

Эгиздер
Эгиздер төшөктө оюн менен тамашаны сүйүшөт. Эротикалык массаж менен ар түрдүү көңүлдү азгыраарлык оюндар аркылуу сүйүктүүңүздү эриктирбей көңүлүн алсаңыз болот. Төшөктөгү өнөктөшү жасаган мамилесине жараша жооп кайтарбаса дароо деми сууй түшмөйлөрү бар. Эгиздердин дээрлик баары төшөктө муздак, сезимталсыз (айымдарды же мырзаларды) айланып өтүшөт.

Бөйөн
Бөйөндөр төшөктө классикалык позицияны каалашат, бирок ошол эле учурда өнөктөшүнө назик, сезимтал, камкор келишип өбүшүүнүн түрлөрүнө көп маани беришет. Сүйүктүүсүнүн көңүлүн таба билип, анын каалоосун кандай жол менен болсо да аткаруунун камын көрөт. Бөйөндөр үчүн сүйгөн адамынын мамилеси чоң роль ойнойт, тагыраак айтканда сиздин кумарлуу көздөрүңүз, жылуу, жагымдуу сөздөрүңүз, мээримдүү мамилеңиз ага табылгыс дары. Кокус ортоңуздарда түшүнүбөстүктөр болуп кетсе бир топ убакыт сизди да, өзүн да төшөк кумарынан кур калтырат. Элдешүүгө биринчи кадам таштагандан тартынбаңыз, анткени бул жылдыз белгисинде төрөлгөндөрдүн мүнөзү бир аз татаалыраак келишет. Көп учурда бөйөндөр менен кой жылдызындагылардын төшөктөгү табити төп келишет.

Арстан
Арстан менен болгон секс театрдагы оюнду эске салат. Анткени ал өзүнүн сезимдерин кыймыл аракети менен билдирип, төшөктө өтө активдүү келишет. Кызганычтын айынан ойго келбеген жоруктарга барышып, кээ бир учурларда агрессивдүү да болуп калмайлары бар. Эмнеси болсо да эч убакта кызганычка жол бербешиңиз керек, анткени мунун аркасы сиз үчүн өкүнүчтүү аяктайт. Белгилей кетчү нерсе мезгил-мезгили менен алар "муздак адамга" айланып калышы мүмкүн. Сиз буга анчалык деле маани бербеңиз, себеби арстандар үчүн бул кадимки көрүнүштөрдөн.

Бийкеч
Бийкечтер менен кумарга батаардан мурда ачык эле анын каалоосун, кандай ыкмаларды жактыраарын билип алганыңыз оң. Болбосо бийкечтер оңой менен эч нерсе жактырбагандыктан төшөк оюнуңар назик эркелешүүнү, ысык сезимдерди унутуп жөн гана дене тарбия боюнча көнүгүүгө окшошуп калышы ыктымал. Дагы бир эсиңизге ала турган жагдай бийкечтер төшөктө активист болушат жана өнөктөшүн ар дайым башкарып турууну каалашат.

Тараза
Эң негизгиси ыңгайлуу жагдай түзүлсө таразалар "тамашага" батууга болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышпайт. Жашоосунда тамашакөй, ойноок келишкендиктен ушул сапаттарын кумарга батууда да колдонушат. Фантазиясы катуу өнүккөн таразалар төшөктө өнөктөшүн эч убакта эриктирбейт. Ар түрдүү ыкмаларды колдонуп, таң калтырууну, суктантууну каалашат, болгону ыңгайы келген учурда аны мактап, артыкчылыктарын баса көрсөтүүдөн тажабаңыз.

Чаян
Чаяндардын темпераменти эң жогорку деңгээлде , албетте мунун жакшы жактары көп, эгерде сиз ушул жылдыздын алдында төрөлсөңүз анда сыймыктана берсеңиз болот. Себеби сиздеги темпераментти ар бирөөнөн эле кезиктирүүгө мүмкүн эмес. Чаяндар алгач айымынын ич кийимине өзгөчө маани беришсе, айымдар эркектердин дене түзүлүшүнө аябай кунт коюп карашат. Ал эки чаян төшөктө кошулса кумардын туу чокусуна жетишээри талашсыз. Бирок мындай көрүнүш чанда гана кездешет, анткени көп учурда чаяндардын жылдызы келише бербейт.

Жаачы
Адамдын кабак кашына карап кылдаттык менен мамиле жасап, секс жаатында да түгөйүнүн көңүлүн тез эле таба билет. Ошол эле учурда өнөктөшүнүн ага баардык жерде баш ийип туруусун талап кылат. Эгерде өмүрлүк түгөйүңүз дал ушул белгидеги адам болсо анын маанайына карап, өзүнө жараша мамиле жасабасаңыз көңүлүн оорутуп, капа кылып аласыз. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болуу- алардын бирден-бир жакшы көргөн "жумуштарына" кирет.

Текечер
Өзүмчүл, беттегенин бербеген сапатынын аркасы менен сүйүктүүсүнүн шагын сындырып, көңүлүн калтырып алуулары мүмкүн. Текечерлердин бир жакшы жери түгөйүнө туруктуу келишип, жүрөгүнөн орун алган айымын же мырзасын эч убакта колдон чыгарышпайт. Эгерде кокус сиз төшөк маселесинде туура кадамдарга барып же аны канааттандырбай калсаңыз бетиңизге ачык айтуудан кайра тартпайт.

Суупери
Сууперилердин көпчүлүгү кумарга батууда муздак, өнөктөшүнө көңүл кош мамиледе болушат. Булардын кызыгуусун арттыруунун бирден-бир жолу жылуу мамиле менен назик эркелетүү болуп саналат. Булардын жүрөгүнө жол табуу татаал маселелерден болуп саналат, эгерде ал жолду тапсаңыз жеңиш сиз тарапта. Эсиңизде болсун, сүйүктүүңүз менен кумарга батууну ойлоп жатсаңыз эч качан ага орой мамиле жасабаңыз, төшөктөн бир жолу үркүтүп алсаңыз, экинчи сизде такыр андай мүмкүнчүлүк болбойт.


Балыктар
Уялчаактык, тартынчаактык балыктарга мүнөздүү көрүнүш. Кумарга алар көбүнчө караңгылыкта батууну самашат жана жылаңач денесин түгөйүнө көрсөтүүдөн да тартынышат. Балыктардын сүйгөн көрүнүшү - эртең менен сүйүктүүсү дайыма жакшы сөздөр менен эркелетип жүзүнөн сүйүп койсо төбөсү көккө жетет.










??.??