Сыр маек

КРнын эмгек сиңирген артисти
Күмөндөр Абылов бизде мейманда
Беш жолу ууланган Куудул
- Күмөндөр байке, бир кезде боорду эзген сатираларыңыз менен калкты кубандырып жаттыңыз эле,учурда бул багыттан көрүнбөй калгандайсыз?
i - Учурда Кыргыз Улуттук Академиялык Драма театрында иштеп жатам. Азыр той-топурдун убагы болуп ырчы-бийчи баары эле ошол жакка кызмат көрсөтүп, кошумча каражат таап калбадыбы. Мен да эл катары бош убактымда элдин кызматындамын. Чындыгында азыр сатира жанры солгундап калды. Мен эле эмес, жалпы менин кесиптештерим да бул багытка жаңылык киргизбей жатабыз. Аны моюнга алыш керек. Эми мунун да өзүнчө себеби бар. Мурда жаңы программалардын негизинде 10-15күн катары менен концерт берчү элек. Анда театралдаштырылган концерттер болчу. Анын түйшүгү көп. Азыр антип концерт берейин десең, программаң ойдогудай болбойт. Бирөө эрте келсе тойго шашат, бирөө тойдон кеч келет, айтор келгенин кое берип атып, алдын ала түзгөн программаң менен иштей албайсың. Ошондуктан мындай концерттер коюлбай, жаңы сатиралар жазылбай жатат. Буюрса Ноорузга чейин 50 жылдыгымды белгилеп кайрадан эл менен чоң сахнадан көрүшөбүз го.
- А азыркы "жаш жылдыздарга" болгон сиздин көз карашыңыз кандай?
- Азыр өзгөчө эстрада жылдыздары жаандан кийинки козу карындай эле жайнап кетти. Албетте, алардын да жакшысы бар, баары эле начар деп айтуудан алысмын. Көрүп атабыз, угуп атабыз аябай таланттуу балдар-кыздар чыгып келе жатат. Мени өкүндүргөнү бул жаштар улуттук белгини сактабай жатышат. Маданият анын ичинде музыка бул адам баласын тарбиялоочу, анын жүрөгүнө жол салуучу касиетке ээ да. Айтып коюшат музыканын мекени жок-деп. Бирок ошол эле убакта кытайдын, индиянын, арабдардын музыкаларын угаарың менен билесиң, ошол элдин музыкасы экенин. Эмне үчүн? Себеби аларда музыканын улуттук колорити жакшы сакталган, ошону менен бирге эле заманбап, кулакка угумдуу, жаштар сүйүп угат. А биздин жаштар тескерисинче аларды туурашат. Мен айтаар элем, туурап, уурдап, көчүрүп, которуп алып алыс бара албайбыз. Биз өзүбүздүн "кыргыз" деген улутубузду ар бир кадамыбыздан билдирип турушубуз керек. Мейли музыкант, артист, архитектор, спортчу айтор булардын баары маданиятка ат көтөргүс салым кошо турган инсандар. Ушулар кыргыздын нукуралыгын сактап калуусу абзел. Булар эл адамы болгондон кийин элдин келечегин ойлош керек. Эртеңки муунга бүгүнкү жасаган иши тууралуу башты бийик көтөрүп жооп бере тургандай болуш керек. "Кыргыз тили, кыргыз улуту жоголуп баратат" дейбиз. Мына аны сактап калыш, өстүрүп өнүктүрүш кимдин колунда. Биринчи жан дүйнөбүз бай болуш керек, маданиятыбыз бийик болуш керек, ошондо калкыбыз патриот болуп, экономикабыз өсөт. Муну баарыбыз жакшы билебиз, бул жаңылык эмес, бирок ушул нерсе жаштардын, өзгөчө маданият тармагындагы жаштардын колунда, алардын милдети экенин унутушпаса. Азыр мына которуп алып ырдап жатышат, мейли которсун, башка элдин да маданиятынан жөнөкөй элге кабар беришсин. Бирок мындай жол менен эмес, ошол которулган ырлар, музыкалар да кыргыз жыттанып туруш керек. Мейли которуп ырдасын, бирок ошол чыгарманын оригиналы кайсы элдин ким деген ырчысына таандык, сөзү-обону кимдики ачык-так маалымат беришсин. Бул менен ошол аткаруучулар өзүнүн да аброюн сактап калат. Буга бир эле аткаруучулар эмес, ошол ырларды кое берип жаткан радио, теле берүүлөр да күнөөлүү. Эч кимиси кайдан келген чыгарма экенин тактабайт. Композиторлор союзунун да жакшы иштебей жатканы өкүндүрөт. Шибегени капка ката албайсың, ал эртеби, кечпи тешип чыгат, ал сыңары уурдалган чыгармалар да бир күнү болбосо бир күнү кайдан келгени элге жетет, андайлар болуп эле атат. Эл баарынан калыс, жакшы которулса жакшы деп эле айтат. Андыктан мен азыркы чыгып келе жаткан жаш ырчыларды ар бир жүрөгүнүн согуусун кыргызга арнаса дээр элем.
- Улутчул көрүнөсүз…?
- Советтер Союзу убагында чындыгында ушундай сөз бар эле "улутчул" деген. Бирок, азыркы учурда баарыбыз түшүнгөндөй эле болдук, улутубузду сүйбөсөк келечегибиз туюк экенин. Эмне үчүн япон эли балага курсактагы кезинен тарбия бериш керек-деп айтат. Алар кош бойлуу айымга да өздөрүнүн улуттук музыкаларын атайын программанын негизинде уктуруп турушат. Ошол бала төрөлгөндөн соң бала бакчага барса ал жерде, мектепке,ЖОЖго келсе бул жерде кыбыр эткендин баары улуттук көз карашта, улуттук колоритте болсо, анан кантип ошол адам улутун сүйгөн, улуту үчүн күйгөн жан болбойт. А биздин жаштарыбыз батыш элин туурагандан чыга албай жатабыз. Мисалы ошол батыш элине дүйнөлүк деңгээлдеги фестивалга Кыргызстандын атынан катыша турган жаш ырчы болсо ал ошол жерде ошол элдин ырын ырдап жагынышы мүмкүн, бирок аларды таланты ачылып таң калтыра албайт. "А байкуш, биздин ырды жаттап келиптир"-дейт. Ошондуктан, кыргыздын музыкасын, анын кылымдардан бери келе жаткан кереметин сактап, кийинки муунга сыймыктуу өткөрүп бериш азыркы жаштардын милдети.
- Күмөндөр байке, эми сиздин жеке жашооңузга кайрылсак. Үй- бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Жубайым Жамила. 4 балам бар. Улуу кызым консерваторияда окуйт. Андан кийинки эгиздеримден кызым окуусун бүтүп иштеп жатат. Уулум МУКта эл аралык мамилелер факультетинин студенти. Кичүү уулум мектеп окуучусу.
- Маегибиздин башында айтып өттүңүз, 50 жылдыгымды эл менен белгилейм-деп.Ушул жашка келгени чачыңызда бир тал ак чач жок экен?
- (Күлүп) Ооба, чачым капкара бойдон. Тамаша, негизи өзүмдүн чачым кара эмес. Анан агарганда да чачы капкара кээ бирөөлөрдүкүнө окшоп, ак менен аралашып жарашыктуу болуп калбай менин чачым бозоруп калат экен. Андыктан дайыма боеп жүрөм. Анан жакында бир киного өзүмдүн нукура чачым менен тартылыш керек болуп, сьемкадан соң чачымды кайра боёбой жүрүп көрөйүнчү десем өзүмө да, тааныштарыма да өөн учурап кайра боёп салдым.


Кыты-кыты
Бир жерден гастролдон келаткан сахна дөө-шааларын кызыл шапкечендер тосуп калат. Жоон топ куудулду көргөн маичилер:
- Оо, артисттер тура, бир күлдүрүп кетпейсиңерби-дейт. Мындай жерден капыстан күлкү чыгышы кыйын го. Анда Күмөндөр байке камырабай:
- Азыр кантип күлдүрмөк элек?! Күл анда, кыты-кыты-деп баарын каткыртып абалдан чыккан экен.




  Күмөндөрдүн жоруктары

Солярканы ичип…
Күмөндөр Абылов уулануу боюнча бала кезинде рекорд койгондой. Себеби тийбе дегенге тийишкен, жебе дегенди жеген ашыкча "любопытныйлыгынын" айынан там-туң баскан кезинде эле самоорго от тутандырганга коюп койгон солярканы ичип алып ууланса, 8-9 жаш болуп калганда апийимге ууланып отурат. Кырылган апийимдин катып калган сүтүн "жебегин, өлүп каласың"-деп коркутушчу экен улуулар. Эмнеге дал ушуну жебе деди деген Күмөндөр акең "кичине эле" жеп койгон экен, ууланып доктурга түшөт. Көрсө мен дасыккан норкамандын 2-3 жолку дозасын жеп алыптырмын-дейт куудул. Андан кийин өз огородунан сабиз деп эрмендин тамырын казып жеп алып ага бир ууланат. Ушул эле дейсизби, колхоз талаасында эгилген буурчакты терип жеп көнгөн айыл балдарынын арасында Күмөндөр да болот. Бир күнү эч ким барбаса да жалгыз барып буурчак жеген Күмөндөр дагы ууланат. Көрсө чегирткеге каршы уу чачып кеткен экен, аны башка балдар билип Кукең билбей калып, колхоз талаасында дарыга ууланып, чегирткелердин катарында чоң чегиртке болуп кулаган тура. Дагы бир жолу эрезеге жетип эле калган кезинде кумшекерсиз чай ичпеген Күмөндөр ага ууланат. Классташы экөө бир жактан келе жатып, кумшекер жүктөгөн кохоздун машинесине түшүп алып, жолду ката кумшекерден уучтап чайнап отуруп, ашыкча жеп ага да ууланган экен.

Аң терини алдырып жибере жаздап…
Ар бир баскан кадамы тамашага толгон Күмөндөр Абылов жайкы эс алуусунда туулган жерине барып, кымыздан кере жутуп, кайра Бишкеке жол тартат. Ошол кезде элибизде суур тумак кийген модага айланат. Суурдун терисин боёбой өз өңү менен тумак кылып кийген элге албетте суурдун териси керектелет да. Анан Күмөндөр байке эс алуудан келатып, анча-мынча аңчылыкка чыгып, атып алган терилерин чемоданга салып жөнөп калат. Жолдон МАИ аскерлер менен тосуп, катуу текшерет. Күмөндөр байке келаткан машине жүк көчүрүп келаткан экен, алардын жүгүн да чачып текшерип чыгат. Аңгыча машиненин кабинасына келип аңтара баштаган маи кызматкерин эми чемоданымды да аңтарып, итимди чыгарат экен деп шашкан куудул: "Ме мунун ичинде тери бар" дейт чемоданын сунуп.
Анда МАИ кызматкери: "Жөн турчу ай! Артист болсоң сахнада артистсиң" деп чемоданды албай да, карабай да койгон экен.



Эгемендүү болгону эл бутка туруп калыптыр
Күмөндөр Абылов Ат-Башы жерине өз кайын журтуна гастролдоп барып калат. Чоң айыл, Советтер Союзу кезде гүлдөп турган жер болот. Анан эгемендүүлүк келип, баары менчиктештирилип жатканда айылдын 2-3 атка минээрлери клубду да менчиктештирип алышкан экен. Бардык шарты менен ыңгайлуу салынган чоң клуб эле-деп эскерет Күмөндөр байке. Ошентип колго түшкөн коёнду коё берген оңобу-деп айыл атка минээрлери 2 күндө түбүндөгү ташынан бери чыгарып кетишет. А Күмөндөр байке концертти бак арасына койгонго мажбур болот. Концерт башталып, элдин баары чогулуп, туруп алып көрүп атышканда жамгыр төгүп кирет. Ошондо Күмөндөр:
- Аа, жакшы, жакшы эгемендүү болуп, бутка турат деген ушул. Мына буйруса бул айылдын эли бутка туруп калыптыр деген экен.

Даярдаган Айтурган Сатиева