presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Ала-Тоо койнунда

Оппозиция оюн айтты
Өткөн жумада негизги оппозициялык күчтөр тилектештик меморандумуна кол коюшту.
Кол койгондор арасында саясий партиялардын лидерлери менен катар коомдук ишмерлер, мурунку депутаттар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү болду.
Меморандумда өлкөдө системдик кризис, үй-бүлөлүк башкаруу орун алып, бул өз кезегинде мамлекетти оор абалга алып келгени белгиленген. Кризистен чыгуу үчүн, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербеш үчүн оппозиция бийлик системасын реформалоону сунуштады. Бириккен оппозиция эми 25-ноябрга белгиленген Элдик курултайда саясий системаны куруунун концепциясын ийине жеткиребиз деп демитип турат. Мындай көрүнүштү талдоочулар президенттик шайлоонун жакындап келаткандыгына жоруп жатышат.

Бюджетти ким жейт....
Өткөн жумада парламент келерки жылдын бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Бул азыркы бийликтин тушунда бюджетти өз мөөнөтүндө кабыл алууга алып келе турган алгачкы жыл болушу мүмкүн. Анткени буга чейинки жылдары бюджет жаңы жылдын биринчи кварталында араң кабыл алынып келгени белгилүү.
2009-жылдын бюджет долбоорунун киреше бөлүгү 2009-жылга 44 миллиард сом, чыгашасы 47 миллиард сом болуп, таңсыктык 2 миллиард 816 миллион сомду түзүүдө. Эми 2010, 2011-жылдарда таңсыкты азайтып барып, андан кийин таңсыктыксыз бюджетти кабыл алышыбыз керектигин айтышты.
Өкмөт сунуштаган бул бюджет оппозиция тарабынан кескин сынга алынды.Оппозициянын парламенттеги үнү боло турганын ачык билдирген социал-демократиялык фракциянын депутаттары бюджеттик каражаттын көп бөлүгү чиновниктик аппаратты багуу үчүн жумшалып жатканын сынга алышты.

Жапаров жарылды
Кризисти эскерткен Жапаров бийликтегилерге жакпай калды.
Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров Кыргызстан келерки жылдын башында кризиске кабыларын билдирди. Өкмөт мүчөсүнүн мындай сөзү биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдаралиевге жага берген жок. Ал мындай билдирүү менен чыккан Жапаров кызматтан кетиш керектигин ачыктады.
Акылбек Жапаров финансылык кризистин Кыргызстанга тийгизээр капшабын Россия жана Казакстанда экономикалык кырдаалдын начарлашынан көрөт.

Байболов бармын дейт
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов жакында Бириккен оппозициянын катарында меморандумга кол койду.
Оппозицияда жүрүп, бир топ убакыттан бери дайыны чыкпай кеткен белдүү саясий ишмер Бириккен оппозициянын саясий демилгесин колдоорун, саясатка кайтар-кайтпасы али белгисиз экенин билдирди. Бирок оппозиция ушуну менен эле биригип, бир үй-бүлөдөй ынтымакта болооруна азырынча ишенбейт. Булардын ичинен кеминде эле 10-15и мен президент болом деп төш каккандар экенин да мойнуна алат.

Репрессияны эскеришти
"Ата Бейит" мемориалдык комплексинде мындан 70 жыл илгери Сталиндик репрессияга туш болгондорду эскерүү митинг-реквием болду.
Бул жерде 1938-жылы 8-ноябрда бейкүнөө атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн. Митинг-реквием "Ата Бейит" мемориалдык комплексине гүл коюу, салют атуу менен коштолду. Бул эскерүү жыйыны жакындары атылып, сөөгү "Ата Бейитке" көмүлгөн адамдардын бир кездеги кайгы-муңун кайра бир эске салып, репрессия деген коркунучтуу көрүнүш тууралуу ага катышкан студент менен окуучуларга учкай да болсо маалымат бергендей болду.
Ал эми репрессияга дуушар болгон адамдардын сөөгү азыркы Ата Бейитке көмүлгөндүгүн Кыргызстан эгемендик алганда алгачкы ирет айтып чыккан Бүбүра Кыдыралиева азыр 81 жашта. Ал тарыхый маалыматтар жана ага катышы бар адамдар унутта калып жаткандан кийин бийликтин же коомдук уюмдардын репрессия тууралуу ырааттуу иш-чараларды өткөрүшүн суранды.




  Внимание, внимание!!!

Дедушки,бабушки, папы и мамы, мальчики и девочки!
Приглашаем Вас, участвовать в новогоднем конкурсе.

Редакции газет "Айданек" и "Заман Кыргызстан" совместно с Государственным предприятием "Кыргыз почтасы" проводят конкурс "Писмо Деду Морозу" и "Аяз Атага кат" на всей территории Кыргызской Республики.
В конкурсе могут участвоват. Дети в возрасте от 5 до 14 лет. Ребенок в писме к Деду морозу рассказывает о своих добрых поступках, которые совершили другие люди или сами, или же изобразить свое видение рисунком.
Для того, что бы отправить письмо для сочинения или рисунка, которые продаются во всех отделениях связи "Кыргыз почтасы" и отправит деду Морозу заказным письмом. Только по оттиску календарного штемпеля мы можем определить день отправки письма, что очень важно при подведении итогов конкурса. Последняя дата отправки 20-декабря 2008 года. Срок подведения итогов10 января 2009 года .
Лучшие сочинение будут напечатаны в газете "Айданек" и детской рубрике газеты "Заман Кыргызстана", лучшие рисунки в журнале "Кулунчак".

По итогам конкурса присуждаевтся слдеующие призы:
Для детей от 5 до 9 лет: Для детей свыше 9 до 14 лет
1 место - 3000 сом
1 место - компьютер
2 место - 2000 сом
2 место - телевизор с приставкой
3 место - 1000 сом
3 место - горный велосипед

Кроме того, присуждаются 6 поошрительных призов - сотовые телефоны. Награждаются поощрительными сувенирами 100 детей, стоимости 100 сом каждый, которые будут высланы детям почтой.
Для вручения призов дети будут приглашены к Деду Морозу. Дед Мороз будет вручать призы на празднике детства "Айданек". Проезд детей в г. Бишкек оргкомитет оплачивает ребенку и одному из родителей.
Уважаемые дети! Хотите получить приз от Дедда Мороза?
Пишите, рисуйте и отправляйте заказным письмом на имя Деда Мороза по адресу: г. Бишкек, абонементный ящик №2009
Оргкомитет.




  Дүйнө дүбүрт

Америкада жаңы президент
АКШда Барак Обама президенттик шайлоодо жеңишке жетишти.
Демократияны даңазалап келген АКШ дүйнө коомчулугунун көзөмөлүнө алынып, шайлоо кандай өтөөрү туурасында бардыгы кызыкдар эле. Көпчүлүк шайлоонун чынында эле демократиялык жол менен өткөнүнө ынанып олтурушат. Обаманын президент болушун мусулман өлкөлөрү, айрыкча Обаманын ата-теги туулган Кения мамлекети айрыкча майрамдашты. Ошону менен катар эле Ванганын айткандарына да көңүл бурбай коюуга болбойт. Анын айтымында АКШны кара түстүү президент башкарган убакта Америкада болуп көрбөгөндөй кризис болуп, бир нечеге бөлүнүп кетиши мүмкүн экенин, ал эми башка өлкөлөрдө жашоо жакшы нукка бурулуп, "Кой үстүнө торгой жумурткалаган" заман келери айтылган деп жүрүшөт. Барак Обама президент болуп шайлангандан бери Жорж Буш менен алгачкы ирээт жолугушуп, бетме-бет сүйлөштү. Иракта соңку кырдаал жана экономикалык кризис болот деген маселелердин тегерегинде сөз болду.

"Нерпага" не болду?
Орусиялык "Нерпа" атомдук кемесиндеги кырсыкта 20 киши мерт болду.
Суу асты менен жүрүүчү Орусиялык "Нерпа" атомдук кемесинде кырсык болуп, 20 адам каза тапты. 21ден ашык киши жабыркады. Расмий маалыматта атомдук кеменин эки бөлүгүнөн өрт өчүрүү системасы капыстан иштеп кетип, ортодогу эшиктери жабылып калган бөлүктөрдүн ичине фреон заты толуп кеткен. Ал адамдардын өлүмүнө жана жабыркашына алып келген. Орусия аскердик деңиз флотунун өкүлү Игорь Дыгало кеме бүтүн калды жана ал өз алдынча жүрө алат деп билдирди. Орусиянын башкы прокуратурасы аскердик кемени пайдаланууда жана айдоодо эреже бузулду деп, кылмыш ишин козгоду. Атомдук кеме 208 киши менен Тынч океанын аймагындагы Япон деңизинде сыноо жүргүзүп жаткан. Алардын 81и аскер кызматындагылар болгон.

Курман болгондор эскерилди
Германия жана Израиль "хрусталь түнүнүн" курмандыктарын эскеришүүдө.
70 жыл мурун Германиянын улутчул бийлиги еврейлерге каршы массалык чабуул жасап, Германия жана Австриянын аймагында еврейлер сыйынган жай - синагогаларды бүлгүнгө учураткан. Миңдеген еврей эркектерди жана балдарды кармап концлагерлерге айдашкан. Тогузунчу ноябрдан онуна караган түнкү чабуулда ишкер еврейлердин кеңселери талкаланып, шаар көчөлөрү терезенин сыныктарына толгондуктан, бул күн тарыхта "хрусталь түнү" деген атта калган. Германиянын канцлери Ангела Меркель жана жөөт лидерлери чогулушуп, ошол түнү курман болгондорду эскеришти.

Ооганстанда кандуу окуя
Ооганстанда жанкечти НАТОнун Испаниялык эки аскеринин өмүрүн кыйды.
Окуя Ооганстандын Херат аймагында болгон. Талип козголоңчуларына каршы күрөш башталгандан бери Испания ушуну менен 25 аскеринен ажырады. Ал ортодо АКШнын коалициялык күчтөрү Хост аймагында атышуулар болуп, 14 согушкер жок кылынганын кабарлоодо.

Кытай экономикасын чыңдайт
Кытай өкмөтү ички экономикасын колдоого 600 млрд. доллар бөлүүдө.
Мындай иш аракет дүйнөлүк каржы кризисине туруштук бериш үчүн жасалууда. Ал эми бул каражаттардын негизги бөлүгү транспорт инфраструктурасы жана турак жайларды курууга жумшалмакчы. Дүйнөлүк кризис кытай экспортуна болгон суроо талаптын төмөндөшүнө кириптер кылгандыктан, өкмөт ички суроо-талапты жандандырууга аракет жасоодо.

Грузияда кайра митинг
Грузияда оппозициянын митинги өттү.
Грузиянын ордо калаасы Тбилисиде он миңге жакын адам президенттик жана парламенттик эрте шайлоолорду өткөрүүнү талап кылып, митингге чыгышты. Бир жыл мурда 7-ноябрда грузин өкмөтү оппозицияны колдоп чыккан демонстранттардын митингин күч менен таркаткан. Бул үчүн Батыш өлкөлөрү президент Михаил Саакашвилини сынга алган. Оппозиция Саакашвилини адам укугун бузууда жана коррупцияга бөгөт койбой жатат деп айыптап келет.

Терминатордун жаңы бөлүгү
Голливуддун эң популярдуу тасмаларынын бири "Терминатордун" 4-бөлүгү тартылып бүттү.
Маалыматтарга караганда учурда фильмдин монтаждоо иштери жүрүүдө. Ал эми көрөрмандарга 2009-жылдын жазында тартууланаары күтүлүүдө.

Бейонстун сайты
Атактуу дүйнөлүк ырчы Бейонс Ноулз популярдуу интернет сайттардын биринде өзүнүн баракчасын ачты.
Мында интернет колдонуучулар ырчынын өзүнөн билдирүүлөрдү ала алышат жана 500 долларга чейинки белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле ырчынын жакында "Ар энд Би" атту жаңы альбому жарык көрмөкчү.

Цойдун эстелиги
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Виктор Цойдун эстелиги орнотулат. Аны үчүн 5 миллион доллар керектелет. Маалыматтарга караганда бул сумманы таап бере турган демөөрчүлөр да бар. Ал эми айкелдин ачылыш аземи 2009-жылдын 15-августунда болоору күтүлүүдө. Виктор Цой 1990-жылы 15-август күнү автокырсыктан каза болгон.










??.??