Warning: include(../../yandex_h.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/1111_5.htm on line 1

Warning: include(../../yandex_h.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/1111_5.htm on line 1

Warning: include(): Failed opening '../../yandex_h.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/1111_5.htm on line 1
п»ї
"Обон", 11.11.08 - 5-бет: •


Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/1111_5.htm on line 19

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/1111_5.htm on line 19

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/obon/08/1111_5.htm on line 19




  КЫЙРАГАН КЫРГЫЗ КЫРААНЫ

"Касым Тыныстановдун кайниси дешип далысын тоскондор көп болду"
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын академиги, философия илиминин доктору, профессор Нарынбаев Азиз Исаджанович тууралуу көп окугам, уккам. Агайга арналып ырлар да жазылып жүрөт. Урмат-сыйга ээ Азиз Исаджанович сексен жаштын кырынан ашканына карабай талыкпай эмгектенип, билим берип, философия кафедрасын жетектеп келет. Улуу кишинин айткандары кичүү муундар үчүн сабак болоор деген ойдо маекке тартканбыз.

"Эмне үчүн адам адамга өч болот?!"
- Мен Ысык-Көлдүн боюндагы Каракол шаарында төрөлүп, өстүм. Орто мектепти, педтехникумду аяктаган соң борборго келип, пединститутка тапшырып, окуп калдым. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун учуру болуп, армияга кеттим. 1-Белорусь фронтунда элем, оор жарадар болуп 1945-жылы январда эл-жериме кайтып келдим. Ошол жылдын күзүндө окуумду кайра улантып, 1947-жылы кызыл диплом менен тарых факультетин аяктадым. Бирок менин тарыхчы болбой философияга кызыгып, ушул жакка багыт алганыма эки нерсе түрткү болду. Биринчи себеби, согушта жүрүп фашисттердин мыкаачылыгын көп көрдүм. Чал-кемпир, аялдар, жаш балдарды өлтүрүшүп, үйлөрүн өрттөшүп, жүрөк чыдап тура алгыс кыйноолорду кечиришпедиби көпчүлүк эл. Ошол кезде менде ой пайда болгон: "Эмне үчүн адам адамга өч болуп, эмне үчүн согуш чыгат?" деген суроолорго жооп бере албайт элем. Ошол себептен суроолорума жооп издеп, окуп, изденип философияга кызыктым.
Экинчи себеби, мен 3-курста окуп жүргөнүмдө бизге сабак берип бир профессор келип калды. Ал кезде профессор дегендин атын эле укканыбыз болбосо, көргөнүбүз биринчи ошол Ярошевский деген профессор болду. Ал киши согуштун астында 1938-жылдары Украинада Жогорку Советтин председателинин катчысы болуп иштеп жүрүп, "улутчул" деген жалаа жабылып, Сибирге айдалып кеткен экен. Сибирдин токоюнда карагай кыркып он жыл иштеп, анан кайра жерине эмес, Кыргызстанга жиберишкен экен. Капысынан ошентип бизге келип жогорку окуу жайларда философиядан сабак берип жүрдү. Сабакты ушундай кызыктуу өткөнүнөн мен аны ээрчип алып мединституттагы, сельхозинституттагы, партиялык мектептеги лекцияларын кайталап угуп жүрө берээр элем. Ошол кишинин аркасы менен философияга ого бетер кызыгуум артты.
Иштеп жүрүп, Москва Мамлекеттик Университетинин аспирантурасына тапшырдым. Өтүш кыйын, окуйм дегендер аябай көп. Экзаменди немец тилинен тапшырганда ал тилди согушта жүрүп үйрөнүп алганым чоң жардам берип, кыйналбай өттүм. Философиядан да экзаменди оңой эле тапшырдым. Өзүм кызыгып окуп, иштеп жүрсөм анан... Орус тилинен гана бир аз кыйналдым.
- Согуштан кийинки оор жылдар, бөтөн эл-жерде кантип окуп жүрдүңүз?
- Туура, үй тараптан жардам күтпөйм, атам өзү оорукчан, менден кийинки бир туугандарым бар, жаш. Жатакана берилбейт, ар кимдин үйүндө акы төлөп жашап жүрдүм. Сабактан кийинки убакта колу-буту соо балдар вагондордон жүк түшүрүшүп, акча табышат. Мен болсо 2-группадагы майып болсом, бутум андай ишке жарабайт. Караштырып жүрүп ресторанга жардамчы жумушчу болуп иштеп калдым. Картошка, пияз аарчышам. Алар мени байкуш студент дешип кечки тамагымды ошол жактан бекер ичем, эртең менен ичип кет дешип дагы салып беришчү. Ошентип түшкү тамакты эле сатып ичип жүрдүм. Компот кымбат деп газдалган суу сатып ичээр элем. Ошондой оор күндөргө карабай тырышып окуур элек. Бир күнү китепканада жанымда бир киши окуп олтурган, анан эле мага кайрылып: "мобул баракты ачып берип коёсуңбу?" дегенинен карасам эки колу жок экен. Ошол көрүнүш мага аябай таасир калтырды. Эки колу жок туруп, жанагинтип окуп атса, мен эмнеге жакшы окубайын деген ой келет да. "Москвада окуп атат" дешип үйдөгүлөр, дос-тууган менден чоң үмүт кылып күтүп атышса, кантип окубай коё аласың?! Ак кагаз жок, журналдардын бош, актай жерлерине сыя менен жазып окудук.
"Артта калган элдердин улут болуп түзүлүшүнө мамлекеттин ролу" деген кандидаттык диссертациямды жактап, бүтүп келдим. Эмгек жолумда жогорку окуу жайларында ага окутуучудан ректорлукка чейинки тепкичтерди басып өтүп, 30 жылга чукул убактан бери Илимдер Академиясында иштеп келатам. Бардык билгендеримди студенттер окуп, үйрөнүп билип калса дейм.
- Үй-бүлөңүз туурасында да токтоло кетсеңиз?
- Жубайым Рауфа Галимовна кырк жылдай институтта орус тилинен сабак берип иштеди. Экөөбүз үч баланы тарбиялап, чоңойттук. Уулум Томскиде заводдо иштейт, эки кызым тең музыкант болууну каалашты. Алар менен сыймыктанам. Небере, чеберелерим бар. Үй-бүлөдө аял-эркек бири-бирин кемсинтпей, урматтап, түшүнүшүп, кеңешип-кесип, кыйынчылыкты да, кубанычты да бөлүшө жашаганы жакшы.
- Эми агай, маегибиздин нугун бурсак, кыргыз тил илиминин негиздөөчүлөрүнөн болгон Касым Тыныстановго кандайча кайни болооруңузду айтып берсеңиз?
- Касым Тыныстановдун жубайы менин атамдын карындашы болот. Касым Тыныстанов ошол мезгилде Ташкентте окуп жүргөн кези экен, Караколго Ишенаалы Арабаевге келип жүрүп, кошуна болуп жашаган биздин эжебизди көрүп калат. Таанышышып-жактырышып, жашыруун сүйлөшүп жүрүшөт экен. Эжем да жаш кезинде аябагандай сулуу, татынакай кыз экен. Билип, байкап калган туугандар каршы болуп жүрүшөт. Анткени ал кезде уйгурлар менен дунгандар кыздарын башка улутка бербей, катуу кармашкан. Ошондо жездем эжемди ала качып кеткен экен. Караколдон Чырпыктыга туугандарыбыз, менин атам да артынан кууп келип, алып кетебиз дешет. Акырында чоң энебиз кыз менен өзүм сүйлөшөйүн дейт да, сүйлөшүп чыгып "Кызыбызды алып кетпейбиз, өз каалоосу менен келиптир, бактылуу болушсун"-деп жанындагыларды тыйып коюптур. Көптү көрүп, көптү билген кыраакы киши. Кууп келген атамдар сый көрүп алышып, кайра кетишет. Эжебиздин аты Тукан, жездебиз кыргызчалатып Турдубүбү деп койгон. Ошону менен Ташкентте окуп, иштешип, жакшынакай эле жашап, үч балалуу болушат. Балдарынын аттарын саясатташтырып коюп, улуусу Теңдик, теңчилик заман болсун дегени да, экинчиси эркиндик заман келди деп Эркин, колхоздоштуруу уюшулуп жаткан учурда төрөлдү деп кызынын атын Бирдик койгон. Ал учурда чакан үйдө жашашкандарына карабай үйлөрүнөн киши үзүлчү эмес экен. Юдахин, Батманов, Турусбеков, Ахунбаев дагы көптөгөн атактуу адамдар келип-кетип, жакшы мамиледе жүрүшчү. Эжем дасторконду жайнатып, уйгурлардын тамак-ашын жасачу тура. Эжемдин бетке айткан мүнөзүнөн улам: "Турдубүбүнүн тамагы таттуу, сөзү ачуу" деп тамашалашчу экен.
Эжемдин айтканы эсимде: "Жездең камалгандан кийин баягы дос-тааныштарынын келгени азайып, үйгө кирип-чыккан киши жокко эсе болуп калган". Күйөөсү камалып, үйүнөн айрылып, балдары менен көчүп-конуп ар кай жерде жашап, көп эле кыйынчылык тартышыптыр. Жездем болсо түрмөдө. Тамак-аш алып барышса киргизишпей, тил уккан да күндөрү көп болгон. "Эл душманынын" үй-бүлөсү дешип жаман сөз көп угушуп, кордукту көп эле тартышыптыр. Элден корунуп жашашыптыр. Ошонун кесепетинен эжем качан болбосун капалуу жүрөт эле. Көп ыйлачу. Улуу уулу Теңдик мен курлуу эле, согушка катышып, башынан оор жарадар болуп кайтат. Ошол жаракаты окуп жүргөн кезинде алып тынды, каза болуп калды. Эркин да мединститутту кызыл диплом менен аяктап, аспирантурада окуюн десе документтерин албай коюшат. Түштүктө көп иштеди, тажрыйбалуу врач болду. Кийин анан Ахунбаевдин аспиранты болуп, мединститутта сабак берип, иштеп жүрдү. Баягы жездем камалган күнү кечинде келишип, үйүн тинтишкенде коркуп калган экен, ошонун айынан кекечтенип сүйлөп калган, кийин жүрөк оорусунан кайтыш болуп кетти.
Бирдикти болсо эркелетишип "Бира" деп коюшаар эле. Турмушка чыгып, балдары бар.
- Касым Тыныстановдун кайниси дешип, тескери кедергисин тийгизген учурлар болсо керек?
- Болбой анан... Касым Тыныстановдун кайниси дешип далысын тоскондор көп болду. Жеке эле мен эмес, көбүнчө эле тууган-туушкандары запкы тартты да. Атасын кулак дешип Украинага айдап жиберишкен экен. Бай деле эмес, жездебиз иштеп жүрүп топтоп берген бирин-экин мал-жаны бар киши болчу дешет. Эжебиздин дагы бир агасы "Эл душманынын тууганы" , "улутчул" дешип Сибирге айдалып өмүрүнүн көбүн түрмөдө өткөрүп келген, ден соолугунан ажырап.
Өзүмө болсо бут тосуулар болбой койгон жок. Илимдер Академиясына аспирантурага үч жыл катары менен тапшырып өтө албадым. Анан Москвага тапшырбадымбы. Иштеп жүргөнүмдө да, чогулуштарда да кээ бир көрө албастар: "Тыныстановдун кайниси болсо, анан завкафедра болуп жүрөт" дешкендери болду. Жазган китептеримден ката табууга аракет кылышып он жылга жакын эмгектеримди чыгаралбай жүрдүм. Жаман болосуң да. "Эмгек жазбаган окумуштуу-түшүм бербеген дарак" деген сөз бар эмеспи. Өзүм илим деп иштеп жүрсөм, эмгектериң жарык көрбөсө, өзүңдү жаман сезесиң да.
Кийин заман оңолуп, жездем акталып, сөөгү Ата-Бейитке коюлганда, кубанганымды айтпа! Өтө сүйүндүм. Эжем болсо Чырпыктыдан келип, кайрылып жүрүп үй алган, пенсия бөлдүрүп алган. Башынан өткөн оор турмушуна карабай мээримдүү жан эле, кийин кайтыш болду. Мына ушундай.
- Рахмат агай, маегиңизге.

М. Молдобекова










а ­е¦Є.НҐй«