presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Адабият айдыңы

Үрниса Кадыралиева, акын:
"Жан дүйнөсү жарды адамдар сөз кадырын биле албайт"
- Акындар көбүнчө адабиятчылар болчу эле. А сиз математик болуп ыр жазып калганыңызга эмне себеп болду?
- "Аккан арыктан суу агат" -дегендей, менин таятам комуз чертпесе да өз убагында көзүнө көрүнгөн нерсенин баарын жамактатып төксө, бир тууган байкем согуш жылдарында фронтко өз ыктыяры менен кетип жатканда элине ыр менен кайрылганы, чыгармачылыктын уюткусу бар экенин билдирет. "Көрөңгү болбосо сүт уюбайт" дегендей, жакын адамдарымдын түрткүсү менин ыр жазып калуума себеп болду. Ошол убакта журналистика факультетине тапшырып, эки-үч ирээт экзаменден өтпөй калганмын. Анан айла жок диплом алыш керек болуп калгандыктан математик болуп калуума туура келди.
- Алгачкы китебиңизди "Бактылуу болдум бекен" деген аталышта чыгарган экенсиз. Эмне себептен мындай аталып калды. Бакыт деп эмнени айтаар элеңиз?
- Эң биринчи аялзаты жашоодо бакыт табыш керек. Анын бактысы бала эмизип жатканын, эне болуп наристенин мээримин татканын мен бакыт деп айтаар элем. Бул китебимде бала менен эненин ортосундагы бакытты айгинелеп көрсөткүм келген. Баладан тапкан мээримден, күлкүдөн башканы бакыт деп туя албайм, ошон үчүн эч убакта жараткан эне-баланы айрылтпасын.
- Поэзиясыз жашооңузду элестете аласызбы?
- Көркөм сөздү каалагандай чойсо кете берет. Ал эми поэзия бир калыпта болгондуктан ага сөздү түшүрүш үчүн адам көп түйшүктөнөт. Поэзияны ким атаса да, туура аталыш бергенине баа берет элем. Мен буга чейин кара сөз жазганга аракет жасадым, бирок негедир поэзия жазууда мага ыргактар тез келет. Менин оюмча ички дүйнөмдө поэзия көбүрөөк орун алган. Демек, ансыз жашоону элестетүү кыйын.
- Ар бир жанда өнөр болот таптаса,
Айрымдарда тубаса ал башкача.
Өнөр, талант, эмгек үчөө бир тууган,
Биз аларды барктайлычы таптаза.
Сиздин калемиңизге таандык ыр саптарыңыздан өнөрдү баалаган жан экениңизди байкадым?
- Кудай Таала ар бир жанды пендем деп жаратканда ага кошуп өнөрүн, шыбагасын кошо берет. Аны эч бир адам туя албайт, барктап кете албайт. Барктаган адам гана өнөрүнүн артынан сая түшөт. Менде талант жок, мен эч нерсе билбейм дегендер жаңылышат. Себеби баарыбызда билинбеген талант, жөндөм бар. "Өнөрүң болсо өргө чап" деген кыргыздын сөзү да бекеринен эмес.
- Сөзүң күмүш болсо, тураарың алтын деп коюшат го. Сөзгө кандай маани бересиз?
- Көп окуган көптү билет деген сөздү ушул жерден баса белгилеп кетким келип жатат. Мен өзүм жайлоодо төрөлүп, ал жерде өскөндүктөн, эл мүшөктөп ун, талкан алып барса, атам куржун менен китеп алып барат эле. Т.Сыдыкбековдун китептерин окуп берип, ар бир сөзгө маани берип каратчу. "Биздин замандын кишилери" деген чыгармасындагы керемет сөздөрдү мээге сиңирип калтырган. Адам бала кезинде бир нерсени билип алса, өмүр бою эсинде сакталат. Жаш кезимде алган көрөңгү бүгүнкү күндө менин сөз табышыма чоң жардамын тийгизип жатат. Ал эми оозумда сөзүм бар деп сүйлөй берген болбойт. Адамдын кандай экенин сүйлөгөн сөзүнөн билесиң, жан дүйнөсү жарды адамдар сөз кадырын биле албайт.
- "Аккан арыктан суу агат" деп башында айтып өткөндөй, "Боз салкын" кино тасмасында Сагындын образын эң мыкты жараткан сиздин уулуңуз Тынчтык экенин бардыгы эле биле бербесе керек. Эне катары жараткан ийгилигине кандай баа бере алдыңыз?
- "Боз салкын" киносуна кастинг болуп жатканда Тынчтык ролго өзүн сунуштабай тартынчаактык кылганына ичим ачышты. Мендеги жөнөкөйлүк сапат балама сиңип калганбы деп чочуп да турдум. Мен өзүм Эрнист Абдыжапаровго "баламдын ачылбаган таланттары бар, балким сен ачып береттирсиң" деген сыяктуу сунуштарды айтайын деп жүрсөм, бир күнү мени Сагындын образына тандады деп сүйүнүп келип калды. Бирок, алгач кинону көргөндө баламдын ийгилигине сүйүнбөй, сын көз караш менен карап олтурдум. Качан Москвалык кино сынчысы Сагындын образы боюнча мыкты алкыштарды айтканда гана ыраазы болдум.
Маектешкен Айнура Султанова

Балалыкты эскерүү
Балтыркандан жасап алып суу мылтык,
Мөмө-чөмө суу болгончо аткылап.
- Кебетеңер кетти кокуй, болду,-деп,
Бизди туурап аска күлүп каткырат.

Кыз экеним такыр эстен чыгарып,
Уул сындуу дене-боюм чыңалып.
Тай күлүктү чаап келип биринчи,
Калчу элем артыкча бир кубанып.

Апам тилдеп: "Кыз болбосоң куруп кал,
Кыздын-кыздай болгону эп, кулак сал!
Назик, аяр болчу секет кетейин,
Кыз баласы күлүк чаппайт үйдө кал…"

Атам анда терс бурулуп апама,
"Кыз бала-деп, эче айтам атаба.
Уул сындуу өссүн ойноп жетилсин,
- Чап күлүктү, тартпа тизгин ме карма!.."

..Алыс калды, ал кездеги балалык,
Мына мен да турам колго бала алып.
Мотурайган неберемди жетелеп,
Чачым калды, буурул тартып агарып.

Поэзиям, өзүң менин сырдашым
Эрте аттанып, жүрүшүм жай кеч келдим,
Камчы салып, бастыруудан сестендим.
Түйшүктөнүп, жашап келем түмөн жыл,
Азгын тартсам, өзүң менен эттендим.

Ыр саптарың келсе мага кайрымдуу,
Тең бөлүшүп, айтаар элем кайгымды.
Поэзиям өзүң болуп сырдашым,
Жашылданттың жашоомдогу айылымды.

Жарым болдуң, ичте сырым бөлүштүм,
Айлуу түндө, кучакташып өбүштүм.
Сени менен күнгө тосуп жүзүмдү,
Ызгаар бороон жай саратан көрүштүм.

Сагыныч
Сагынычымды эмне менен сооротом,
Байырладың сен сагыныч орошон.
Сагынычтан жазыксыз көз жаш төксө,
Таппай калам мен өзүмдү жоготом.

Жоготуудан чынын айтсам тажадым,
Жоготуунун тартып келем азабын.
Эй сагыныч, берчи мага эс алуу,
Менин дагы келип турат жашагым.

Келип турат менин көпкө жашагым,
Бирок билбейм канча мезгил жашаарым.
Суранаарым: "кош"-деп менден бөлүнчү,
Жоготуусуз өтсүн жашоо катарым.




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
- Чын айтам! Анын сөөгүн башка, апамдын жайынан алыс таштайлы. Ансыз, баары бир бул жерге жаткырбайм! Суранам сизден, сиз айтсаңыз эл макул болот...-деген Токуш молдого жалынычтуу кайрылды.
- Эй бала, сен жинди болуп атасыңбы?! Давай мен сени менен өзүмчө сүйлөшөм! Мени менен басчы мындай!-деген милиция коркута сүйлөп, Токушту каруудан ала жетелемекчи болду эле, Токуш колун тартып алып, кыйкырды:
- Мен эмне кылдым сизге?! Азыр дагы коркутсаңыз, атамдай болуп түрмөгө жаткыча, мүрзөгө кирип кетип, көмүлүп өлөм!
Элдин үрөйү кача, жабыла Токушту карап калды. Ошондо гана айылдын бир улгайган, салабаттуу кишиси милицияга да, элге, молдого кайрылды:
- Токуш туура айтат. Өзүнүн баласы ушундай чечим чыгаргандан кийин, демек ошону аткарыш керек. Ырас, Токуштун атасы тирүүсүндө канча жазаланып, бирок анысы ага тарбия бермек түгүл биротоло кайрыдин болуп кетпеди беле. Кана, кимиңер бул баланын атасына боор тартып көрдүңөр эле? Андан көрө, баланын айтканын кылалы. Жер жетпей атты беле, тээ тигиндей, чет жерден каздырып, ошол жакка көмдүрөлү. Чындап эле баланын да көөнү суур. Анан, кылмыш кылгандай азыр сүйрөп кеткенде милициянын коркутуусу оң жолго салбайт. Туура көрсөңүздөр... Үч-төрт бала шайлай калалы, жай казаганга...

Жалгыздык
жабыркатпады
Аксакалдардын айтканы, элдин макулдугу менен Токуштун атасынын сөөгүн башка жайга которушту. Аймактык милиционер менен сүйлөшүшүп, бирок Токушту сыртынан акмалап жүрүүнү табышташты.
Атасынын сөөгү башка жерге которулгандан кийин Токуштун санаасы тынып калгансыды. Окууга барып келип, короо-жайын, бак-дарагын караганы болбосо көчөгө көп чыкпайт. Балдарга да кошулбайт. Буга себептин бири элдин айтканы эле. Себеби, көпчүлүктүн айтканы боюнча Токуш оорулуу болушу мүмкүн. Соо бала жүрөгү даап мүрзө казып, сөөктү алып чыкпайт. Соо бала өлгөн атасын антип биротоло жектебейт.
Мына ушундай сөздөр ал түгүл мектепте да айтылып жүргөндүктөн классташтары дагы, коңшу-колоңдун балдары да жаа бою качып калышкан. Ошондон улам да балдар басып келбей, өзү да барбай, өзү менен өзү болуп жүрө берчү болду. Ошого жараша үйдү таза кармап, өзүн тың алып жүргөндүктөн жалгыздык аны чүнчүткөн жок. Окуусун да өксү кылбай, алдыңкы окуучулардын катарында эле.
**
Кийинчерээк карындашы Бегимайды эстеп, тээ Көл тараптагы бир айылда жашаган таякелерин издеп баргысы келип жүрдү.
- Бегимай кандай кыз болду экен? Мени кабыл алат беле? Эмне үчүн таенемдер жок дегенде бир жолу издеп келгенге жарашпады? Карындашым онго чыгып, жакшынакай кыз болгондур. Жок дегенде жалгыз болбой, карындашым менен жашаармын. Апамдын элесин унуткарбай, үйдүн түтүнүн өчүрбөсмүн... -деп өз алдынча кобуранат.
**
Картошка кууруп, чай даярдап коюп Урмат атасыныкына жөнөдү. Урматты, анын кыздарын дилинде жактырбаганы менен Айымбүбү апасын жанындай көрөөр эле.
Дарбазанын алдындагы отургучта Урмат менен Айымбүбү отурган. Урмат калчылдап, эки таяк менен араң калган. Жандарына барып учурашкан соң:
- Апа, үйгө барып кетиңизчи...-деди өтүнүч менен.
- Отуруп тур, абышка. Барып келейин...-деп Токушту ээрчип жөнөдү.
- Сонун кууруган турбайсыңбы,-деген Айымбүбү Токуштун тамагын тамшана жеп, үйдөгү тыкандыкты, тазалыкты жактырып отурду.
- Апа, сизден бир нерсе сурайын дедим эле?
- Сура, сурай гой, балам.
- Таякелеримди таап барып, карындашымды көрүп келсемби дедим эле. Мени менен барып келбейсизби?
- Атаң менен кеңешип көрөйүн, балам...
**
Автобустун кыймылына термелген Токуш менен Айымбүбү терезеден сыртты карашат. Мелтиреген Ысык-Көлдү биринчи көргөн Токуш үчүн баары жаңылык эле. Улам арылашкан сайын чалкыган көл артта калып, Караколго да кирип келишти.
Автовакзалдан дагы автобус которушуп, Айымбүбү апасы таякелеринин атын айтып сурап жүрүп отурду. Акыры бир жерден түшүп калып, сурап алып кетип баратышты. Аңгыча суу алган колонканын жанына келип калышты. Ал жерде он жакты бала-бакыра, чоңдор сууга кезек күтүп алып атышкан. Аяк жакта турган келинден таякесинин үйүн сурады Токуш. Ал:
- А-а, тээтигил үч үйдөн кийинки көк дарбазалуу үй ошолордуку. Эки чака суу көтөрүп бараткан ошолордун кызы,-деди эле:
- Бегимайбы?!-деп сурап жиберди.
- Билбейм... Аны "Сетер" дешет.
- "Сетер" дейби, кокуй!-деп кейип үн катты Айымбүбү. Токуш ал сөзгө маани бербей эле, эки чака сууну ийрелеңдеп араң көтөрүп бараткан арык кыздын артынан жөнөдү. Чукулдай берип:
- Бегимай!-деди.










??.??