presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Мүнөздөмө

Журтчулукка төбөсү көрүнгөн айрым ырчылардын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон чыгармачылыктын түйшүгүн чогуу тарткан продюсерлердин эмгегин баса көрсөтүү абзел. Экинчи ата-эне атыккан продюсерлерден артык окуучусунун мүнөзүн, анын артыкчылыгы менен кемчилдигин мыкты эч ким билбесе керек. Сиз жактырып, барктаган ырчыларыңыздын кулк-мүнөзүн төмөндөн таба аласыз.

"Балаңызга" кандай баа бересиз?
"Мурдун балта кеспеген" Даниэль
Жалаң жигиттердин көзүрлөрүнүн башын бириктирген Канат Култаевге Мирбек Атабековдун тазалыгы, жөнөкөйлүгү, иштин майын чыгара жасагандыгы жакса, уйкучулугу бир аз жинине тиет экен. Кокус ортодо пикир келишпестиктер болуп кетсе "эркекче" эле сүйлөшүп, ортодогу маселени чечип алышат. Ал эми Алиханды Канат байкеси периштеге салыштырып өзгөчө анын боорукердигин баалайт. Ниети таза Алихан ооруп калган адамга бөтөнчө мээримдүү мамиле жасайт экен, ушундан улам продюсери аны "ангелочек" деп айтат, Алихандын терс сапаттары жок деп мүнөздөмө берди Канат. Кыздардын купулуна толгон Даниэл болсо башкалардан жөнөкөйлүгү менен айырмаланат, бирок бир аз жалкоороок, анан көп нерсеге маани бере бербейт. Мындай "мурдун балта кеспеген" сапатынын кээде пайдасы, кээде зыяны тийип калганын жашырбайт. Көрсө көп учурда ушул кенебестигинин айынан бир топ нерседен кур калат тура.

Арамза Мирбек Иманбеков
Калайыкка таанымал продюсер Асыл Апасова Бегимай Карабаеванын тактыгын, жоопкерчиликтүүлүгүн, ак көңүлдүгүн жактырат. Белгилей кетчү нерсе Бегимайдын табити жакшы, ал эми азырынча ырчы кыз продюсерине "өнөрлөрүнөн" көрсөтө элек, ал эми өзү эркелеткен Иканын интеллектуалдык деңгээлин бааласа, өз оюн ачык айта албагандыгын, чечкинсиздигин жактырбайт. Бирөөнүн тилине кирип бат алданат экен. "Тун уулу" Мирбек Иманбеков аябагандай ак көңүл анан майда- барат нерселерге кийлигишпеген жигит . Медалдын эки бети болгон сыяктуу эле терс сапаттарын уйкучулук менен кытмырлыгы толуктайт. Асыл Апасова да дайыма Мирбекке "арамзасың" деп ачык эле айтып келет. Сыягы экөөнүн уруш-талашына да дал ушул сапаттар түрткү болгон окшойт. Бирок " керкисинде да, кемигинде да бар" экенин эске алыш керек…

Азат тынчтыктын уйкучу баласы
Эки чылбыр бир тизгинди колго алган бышык продюсер Тынчтыкбек Кожобековго Жаным Айзаттын ачык-айрым мүнөзү, шайырдыгы, сый-урматты баалай билгендиги аябай жагат. Азат Болотбек болсо башка окуучуларынан дүйнө таанымынын, пейилинин кенендиги жана кыялкечтиги менен өзгөчө бөлүнө алса, уйкучулугу менен продюсеринин кыжырына тие алат. Ильяз Андаштын да көп артыкчылыктары бар, алардын арасынан Тынчтыкбек Кожобековго бөтөнчө жакканы, Ильяз ата-энесине, бир туугандарына аябай күйүмдүү , билимге умтулган жаштардан. Айтор Тынчтыкбек Кожобеков окуучуларын жардан кулагыча эле мактады, кызыгы терс сапаттарын азырынча билбейм дейт. Эркектер айымдарга караганда көп нерсеге кийлигише беришпейт эмеспи. Ал сыяктуу Тынчтыкбек агабыз да балдарынын анча-мынча тентектиктерине көз жумуп коюп жатса керек.

Каяшаны калдыраткан Айдин Шер
"Баатыр эне" Динара Эсенгулова Султандын өжөрлүгүн, беттегенин бербеген көктүгүн баалайт, бирок кээде көгөрүп кылам дегенин кылып анысы ийгилик алып келсе, кээде туура эмес эле маселени көгөрүп талаша бермейи да бар. Султандын көбүнчө ырлары анын маанайына жараша жаралат, көңүлү жок ойлуу отурганда муңдуу ырларды жазса, маанайы жакшы көңүлдүү кезинде шаңдуу ырлар жаралат. Ал эми окуучуларынын арасынан эң жоопкерчиликтүүсү Бегимай. Ырчы кыздын назиктигин баса белгилеп кетпесек болбос. Бегимай көп учурда адамды жакшы көрсө да, жаман көрсө да ичине сактап бир сырдуу жүрөт. Кайраттын аракетчилдигин бааласа, Айдин Шердин туура эмес кылган ишине продюсери канчалык нааразы болуп урушса да каяшаны калдыратпаганын жактырат.

Ашыкча ажыкыстанган Бекчоро
"Мен үчүн белең" деген ыры менен көңүлдүн борборун ээлеген ырчы жигит Бекчоронун продюсери Семетей Мырзаканов өжөрдүгүн, аракетчилдигин баалайт, жоопкерчилигине деле нааразычылыгы жок. Болгону ашыкча тамашакөйлүгү жага бербейт. Ыңгайы келбеген, кереги жок жерден деле ажыкыстанып Бекчоро продюсерин далай жолу ыңгайсыз абалга калтырат окшойт.

Ачуусу чукул
Саламат Садыкова Атасынын жолун жолдоп, ырчылык менен алектенген Кубаныч Сатаевдин продюсери Кундуз Авашова Кубанычтын кандай жагдай болбосун адамдар менен тил табышып, ар кандай кырдаалга аралашып кете алгандыгын баалайт да, түйшөлткөн нерсесин ачык айта албай ичине сактап жүрө бергени анча жакпайт. Ал эми Саламат Садыкованын өжөрлүгү менен эмгекчилдигине, өз ишин сүйгөндүгүнө таң берсе, ачуусу бат келгендиги жинине бир аз тиет экен.

Даярдаган
Анара
Дүйшөналиева










??.??