Пайдалуу кеңештер

Термос "гигиенасы"
Жаңы сатып алган термосту колдоноордон мурун кайнак суу менен чайкап туруп кургатып, оозундагы тыгынды болсо кайнатып алуу керек. Ар бир жолу ысык суу куярда эринбестен алгач ысык суу менен чайкап, ал эми муздак нерсе куярдан мурда бир аз убакыт муздаткычтын ичине коюп койгонуңуз оң. Ал эми көпкө чейин термосту колдонбой турган болсоңуз оозун сөзсүз ачык бойдон калтырыңыз. Эске салчу жагдай кайнак сууну термостун оозундагы тыгынга бир аз жеткирбей куюу керек.

Көк чай ден соолукка пайдалуу
Түштүк тараптан кеңири тараган суусундуктун пайдасы канчалык чоң экени ар бирибизге эле маалым эмес. Чаңкаганда суусундук катары пайдасы тийгенден тышкары илимпоздордун далилине таянсак рак оорусунун да алдын алат экен. Бир отурганда беш-алты чыны ичкенден көрө бир күндө бир гана жолу ичип койсоңуз жакшы таасирин тийгизет. Көк чайдын жалбырактарында пайдалуу минералдар өтө көп.

Зергер буюмдарыңызды туура сактоону билесизби?
Бир айда бир жолу нымдуу чүпөрөк менен зергер буюмдарыңызды сүртүп койгонуңуз дурус. Алтын, күмүш жасалгалар күндүн нурунда турганда, башкача саргарып өз түсүн жоготот. Ал эми мындай буюмдардын "үйү" сөзсүз жумшак, чаң кирбегендей болушу керек. Эгерде сиздин берметтериңиз көп болсо, аларды башка зергерлерге аралаштырбай өзүнчө кутуда сактаганыңыз туура.

Майлуу бетке кам көрүү
Майлуу бет май бездерининин катуу иштөөсүнүн натыйжасында пайда болот. Түтүкчөлөрү кенен майлуу бет- апельсиндин кабыгына окшоп турат. Алардын кээде майда кошумча тешиктери тарып, чаң толуп кеткенде, бете кара чекиттер-комедондор пайда болот. Ал эми бир аз эле жугуштуу микробдор кирип кетсе, безеткилер чыга баштайт. Баш жууган учур менен мончого түшкөн учурду эске албаганда, бетти ысык суу менен жууй бериштин кажети жок. Андан көрө эртең менен самынсыз, кечинде самындап жууп туруп лосьен менен сүртсөңүз жакшы натыйжа берет. Кадимки эле бака жалбыракты кайнатып анын тундурмасы менен бетиңизди күнүгө жууп турсаңыз болот.

Даярдаган А.Дүйшөналиева




Каныңыздын тобуна карап ким экениңизди айтып берем
Дал ушинтип айткан 25 жылдык иш тажрыйбасы бар япониялык доктор Тошитака Номи 1971-жылы өзүнүн китебин чыгарган. 1миллион 200миң даанада басылып чыккан доктордун ал эмгеги японияда эң керектүү жана эң популярдуу китеп болуп эсептелет. 30-жылдардан баштап эле япон эли кандын тобу адамдын мүнөзүн айтып берет дегенге катуу ишенгендиктен, кандын тобун текшерүүчү жерлер бардык коомдук жайларда бар. Мисалы ресторанга, дүкөнгө киресизби, же автовокзалда болосузбу айтор каныңыздын тобун билиш кыйынга турбайт. Ал тургай Японияда жумушка алаарда да бул нерсе керек болот. Ал эми Номинин жогорудагы китебинде бир гана кандын тобу менен адамдын мүнөзүн эмес, анын келечеги кандай болот, кайсы тармактагы жумуштарга жөндөмдүү келет жана аларга мисал катары белгилүү дүйнө адамдары жөнүндө да маалыматтар жазылган. Анда эмесе төмөндө Номинин бул далилдеринен азын-оолак маалымат.


Каны
1-топтогулар: (мергенчи)
Булар өз алдынча, өзүнө бекем ишенген адамдар келишет. Оптимист болушуп, лидерликти сүйүшөт. Жаман сапаттары-деп өзүн-өзү ашыкча сүйгөндүгүн жана келберсип тургандыгын айтсак болот. Ошондой эле кызганчаак келишет. Бул топтогу адамдар жашоодо өз күчтөрү менен көп нерсеге жетишет.

Каны
2-топтогулар: (дыйкан)
Бул адамдар акылдуу келишет. Коомчулукта өзүн мыкты алып жүрүшөт. Эмгекти сүйгөн, бир нерсени башташса аягына чыгарган адамдар болушат. Анчейин ачыла бербеген бир мүнөздүү келишет.

Каны
3-топтогулар: (көчмөндөр)
Аябай чыдамкай, ар бир адамдын өзүнө жараша мамиле кылган инсандар. Бир нерсеге көзү жеткен, адилетүү жана сезимтал келишет. Жаңычылдыкка басым коюп, жаңыча көз карашта жашаган каны 3-топтогу адамдар. Кызыктуу маалымат, америкалыктардын 9% пайызынын каны 3- топто экен. Ошондой эле ал 9%дын 40%ы миллионер жана ийгиликке жетишкен адамдар.

Каны
4-топтогулар: (табышмак)
Суудан кургак чыккан 4- топтогуларга 2-3-топтогу адамдардагы мүнөздөр буларга да тиешелүү. Көргөн кишинин эсинде калган өзгөчө жагымдуу келбет көбүнчө ушул адамдарда болот.