Өнөрпоз

Скульптура - катылган музыка
Эрнияз Анарбай уулу 1982-жылы 23-июнда Ош облусунун Кеңеш айылында туулуп, өскөн. 1999-жылы Эстетикалык көркөм сүрөт гимназиясын аяктап, 2004-жылы Тургунбай Садыков атындагы Улуттук Көркөм сүрөт Академиясынын "скульптура" факультетин бүтүргөн.
Учурда "ЭРН АРТ" дизайн студиясынын жетекчиси

"Өнөрүң болсо өргө чап", "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген макалдар тегин жерден чыкпаса керек.
Өлкөбүз өнүккөн сайын жаңыланууга, кооздукка, сулуулукка, ар тараптуу жасалгаларга суусап турат эмеспи. Шаарыбызда кырка тизилген кафе-ресторан, дүкөн, супермаркет, дарыкана, уюлдук түйүн байланыштары, кооздолгон имараттар, жеке, мамлекеттик ишканалардын жасалгалары жана алардын аталыштары кимди гана кайдыгер калтырбайт.
"Жоону сайса эл сайды, аты калды Манаска" дегендей мындай ишканаларды ачып элдин кызматына сунуштап, аларга көрк берип жан киргизген дизайнерлердин эмгегин эч ким биле бербейт. "Жарнама болбосо шаарда, баш катпайбы базарда" деген өңдүү ураандар да жаңырып келүүдө. Борборубуздун жарымын ээлеген жарнама щиттери, көчөнүн аталыштары, маршруттук таксилердин номерлери да мына ушул дизайнерлердин колунан чыгат.
Биз сиздерге бүгүнкү күндө турмушубузга эң керектүү популярдуу кесиптин ээси, мамлекеттик деңгээлдеги статуя, эстеликтердин автору жаш скульптор, белгилүү дизайнер Эрнияз Анарбай уулу менен тааныштырабыз.

- Эрнияз, элде жок өнөрдүн ээси болуп калганыңыздын өзү эле чоң сыймык болсо керек. Мындай өнөргө кандайча кызыгып калдыңыз?
- Бала кезимде достор менен ойноп калганда ылайдан, чоподон ар кандай фигураларды жасаганды жакшы көрүп кызыкчумун. Жайлоого чыкканда таш чогултуп, жыгачтардын жакшысын иргеп өзүнчө эле жаратылыштын баласындай болуп ага жакын өстүм. Мындайча айтканда баладай болуп оюнчук менен ойнобостон таштардын коозун, жыгачтардын сулуусун, ылайдын коюусун издеп эле жүрчүмүн. Аларды бир нерселерге окшоштуруп өзүнчө ат коюп алчумун. Албетте, "жалгыз дарак токой болбойт" деп коёт го. Менин балалык таза талантымды байкап азыркы деңгээлге жеткирген атам Анарбай, апам Рабы чоң салым кошту. Мага багыт берип, керектүү каражаттар: пластилин, апликация, краскаларды алып беришип, бул өнөргө кызыгып калышыма чоң түрткү болушту. Азыркы тил менен айтканда ата-энем мени моралдык-материалдык жактан колдоп келаткан продюсерим десем болот. Турмушума чоң жаңылык киргизип окуу жайга окутуп, талантымды таптаган атама өмүр бою ыраазымын. Менин ийгиликтеримдин жаралышына мугалимдеримдин да салымы зор.
- Скульптордун негизги максаты кандай? Буюмду жасап жатканда эмнеге басым коёсуз?
- Скульптура - катылган музыка деп айтылат. Музыканы - музыканттар үн менен беришет, сүрөтчүлөр - боёк менен чагылдырышат, актерлор - жараткан образын көрсөтүшөт. Ал эми скульпторлор - обонду, музыканы, сүрөттү, образды - форма аркылуу жасап беребиз. Элге жеткириш үчүн анын чырайын чыгарып, ошол катылган музыканы таап чыгышыбыз керек. А мен эмгек жасап жатканда эң негизгиси кыргыздын нукура колоритин, салт-санаасын бекем сактап ар бир жасаган буюмума кошуп кетем. Ат адамдын канаты дегендей өзүм бала кезимден атка абдан жакынмын. Адамдын анатомиясын окуп үйрөнгөндөй эле, аттын да анатомиясын үйрөнбөсө өтө татаал. Бардык эле скульпторлор оңой менен аттын формасын жеткире чагылдыра албайт.
- Ушул күнгө чейин кандай эмгектерди жарата алдыңыз?
- Жаш болсом да көп эмгек жасадым десем болот. Майда-барат белекке берилүүчү сувенирлерди кошпогондо мамлекеттик деңгээлде эл аралык симпозиумдарга бир нече ирет катыштым. Кыска сөз менен айтканда Кыргызстандын ар бир жеринде менин чоң иштерим бар. Биз жасаган буюмдарды көбүнчө башка улуттун өкүлдөрү сатып алып кетишет. Азыркы күндө жасаган иштерибизди көрүп жогорку суммадагы акчаларын сунуштап, чет өлкөлөргө чакырган каттар интернет аркылуу да көп келип жатат. Кандай гана болбосун өз элимдин султаны болууну каалайм.
- Кыргызстандын аймагында эмгектерим бар дебедиңизби.Тактап айтканда парктарда, имараттардын алдында коюлган сиздер жасаган эстеликтерге мамлекет тарабынан гонорар төлөнөбү?
- Биз буга чейин чыгармачылыгыбызды көрсөтүш үчүн бир топ эмгектерибиз үчүн гонорар алган эмеспиз. Мамлекет үчүн заказдар берилип калса аларга эмгек акы төлөнөт. Ошто жайгашкан Алымбек Датканын эстелигин жасаш үчүн толук бир жыл эмгектендим. Албетте гонорар төлөнгөн.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтсам, азыркы күндө скульпторлордун эмгегине мамлекет эч кандай маани бербей, керек болсо биздин бар экенибизди билбегендери өкүнүчтүү. Биз жасаган кыргыздын унутулуп бараткан кандай сонун буюмдарын, керемет колоритин баалабай аларды коңшу мамлекеттер сатып алып, биздин нукка окшоштуруп идеябызды уурдап жаткандарына кызганасың.
- Акындар ыр жазган өңдүү силерде да илхом болбосо, оюңардагы буюм жасалбаса керек. Өзүңүз жасаган эмгегиңиз өзүңүзгө жакпай калган учурлар болобу?
- Эми ар кандай болот. Мисалы кээде уктап жатып чочуп ойгонуп бир нерсе жасагың келип кетет. Ар бир чыгармачыл адамда илхом болот да. Атайын кол кычышып турган маалда жасаган жумуштар өзгөчө, көрктүү башкага окшошпогон композициялар болуп өзүңө аябай жагат. Ал эми азыркы базар экономикасына ылайык казактардан, башка улуттардан заказдар келгенде өзүңдү кыйнап жасаган учурлар болот. Демек, булар чын көңүлдөн чыккан идеяга окшошпойт. Сүрөтчү бир күндө бир сүрөт тартпаса ал сүрөтчү эмес дешет го, же болбосо спортсмендер машыкпай койсо алардын күчү кеткен өңдүү биз да ар дайым изденип, күнүгө жок дегенде эскиздерин түзүп турбасак өнөрдү жоготуп коюшубуз ыктымал. Бир эстеликти ондон ашык адам жасагандыктан кемчилик кетирбегенге аракет кылабыз.
- Скульптура боюнча эмгектериңизди биле алдык окшойт. Эми учурдун талабына аба менен суудай керек болгон дизайндык иштериңиз тууралуу айтсаңыз?
- Скульптурадан тышкары дизайн тармагында да иштеп келем. Дизайн деген сөздүн мааниси ыңгайлуулук, көркөмдүк, сулуулук, жаңылоо, кыскасы жаңы идеяны берет да. Азыркы күндө скульптура боюнча заказ жокко эсе болгондуктан, дизайн жагына өтүп элдин ишеничине кирип, жарнама иштери боюнча иш алып барам. Өзүмдүн "ЭРН АРТ" дизайн студиям бар. Он бешке жакын адам эмгектенет. Андан сырткары академиянын студенттерине практика катары үйрөтүп, бир жагынан акча төлөп берем. Бир күндө ондон ашык клиент кабыл алып, алардын заказдарын убагында жасап жетишкенге аракет кылабыз. Ошондой эле ырчылардын жарнамалык щиттери боюнча да иштешебиз.
- Келечекте кандай эмгектер менен элдин купулуна толоюн деп жатасыз?
- Жасала турчу иштер чачтан көп. Азыркы учурда казактар бизге көп маани берип, сонун статуяларды болбогон акчага сатып алып Астананын, Алматынын борбордук көчөлөрүнө коюп жатышат. Ошолор Бишкекке турса болбойбу? Ушунун баары мамлекетибиздин экономикасына такалат. Бир жагынан алганда колдо бар алтындын баркы жок болуп жатат. Өзүбүз жараткан эмгектер менен борборду гүлдөтсөк болот. Бирок эч ким аны түшүнө бербейт.
- Билген адамга өтө оор эмгекти аркалап келесиз? Түйшүктөн тажаган күндөрүңүз болду беле? Үй-бүлөнүн дизайнын качан түзөйүн деп жатасыз?
- Туура. Бул ишти колго алып жаңы баштап жатканда бир топ кыйналып, ыйлаган учурларым да болгон. Ата-энем, досторум жардам бергени менен баары бир өзүңдүн оюңдагыдай иш болбойт. Алар сенин жан дүйнөңдү түшүнө беришпейт да. Иштин башталышында заказдарга жетишпей түндөп иштеген күндөрдү эстесем жүрөгүм кысылып кетет. Азыр эми кудайга шүгүр, ишибиз жакшы калыптанып калды. Ал эми бойдокчулук менен коштошуучу убакыттар да келип калды окшойт. Жараткандын буйругу менен бир күнү ата-энемди сүйүнтүп келиндүү кылам. Баса белгилеп кетсем кыргыздын сулуу кыздарынан өтөөрү жок деп ойлойм.

Маектешкен Айнура Султанова