Күлкү жана тамаша

Сая-сат. Сат-сат
Кесилиш жолдо кадимки акыйкатчы Турсунбек Акун, Мелис Эшимкановго жолугуп калып:
- Меке, Меке айтчы сенде тажрыйба көп. Чоң саясий ишмерди сатып алса болобу?-деп шашкалактап сурап калат.
- Сатып алыш кыйын да эй, а бирок сен экөөбүзгө сатып жибериш гана эң ыңгайлуу. "Сая-сат" деп аты эле айтып турбайбы. Саясың, сатасың. Кандай гана кызыктуу-деп жообун дароо бериптир, тапандынып.

Биз да ушинтип тунжураганбыз
КПССтин ХХ сьезди болуп Н,С.Хрущев Сталиндин толгон-токой кемчилдиктерин чукуп чыгат:
- Сиз дагы анда саясий бюронун мүчөсү элеңиз, эмне үчүн унчуккан эмессиз?-деп залдан үн чыгат.
Хрущев залга карап:
- Ким сурап жатат,-десе залда тынчтык.
- Тунжурайсыңар.. ии биз да ушинтип тунжураганбыз.

Жамбылдын түшү
Түшүндө Жамбыл Камчиевди достору жаш кызга үйлөндүргөнү жатканда куудул ойгонуп кетип, жанында уктап жаткан экинчи аялын ойготот:
- Тур катын, иш чатак!-деп.
- Эмне болуп кетти,-дейт аялы чочуп.
- Досторум мени жаш сулууга үйлөндүргөнү жатат, кууп чык аларды. Анда аялы:
- Жөн жатчы уйкуну бузбай-деп тетири оодарылат.
- Билип кой, мен сага алдын-ала эскерттим. Тигилердин чын эле мени үйлөндүрөбүз деген ниеттери болсо, мага таарынба.

Шаршеновдун шакабалары
"Ургаачы болуп алайын дедим эле"
Акын Смар Шимеев Кыргыз Филармониясында директор болуп иштеп турганда бир топ артискаларга заслуга берилип калат. Ошондо Асанкул чогулуп тургандардан сурайт:
- Азыр Кыргызстанда эң кыйын хирург ким? - Ахунбаев, - Дагы? - Мамакеев. - Дагы? - Ой, толгон кыйын хирургдар бар, аларды эмне кылат элең? - Кечээ эле келген келин -кыздар "заслуга" алып жатышат. Мен өзүмдүкүн кестирип салып, өлгөн кемпирдики болсо да жаматып алайын дедим эле. Ургачы болсом оңой заслуга алам го деген ой да-дептир Асаке.

Башкарма менен иш бүтүргөн ырчы
Бир жолу бригаданын жетекчилигине ырчы Гүлжан Сейитбекованы дайындашат. Барган жерлерде башкармалар "кыздын кырк чачы улуу" деп сыйлашып, жакшы кабыл алып, жакшылап узатып турушат. Бир колхозго келгенде Гүлжан: "Башкарма менен ишти бүтүрүп келейин" деп кетип, бир топтон кийин келет да, "баарын бүтүрдүм, эми бир аз уктап алайын"-деп уктап кетет. Бир кезде "ий, ий, ой-ой..."-деп дем ала албай кыңкыстап калат. Карта ойноп отурган эркектердин бирөө: "Ай ойготуп койгулачы, албарсты басып атат, кыйналып калбасын" -десе, Асанкул: "Кой ойготпогула, албарсты баспай эле ал башкарма менен иш бүтүрүп жатат, ойготуп бекер убалына каласың"-деген экен мостойгон боюнча.

Дермантин шапке
Филармониянын артистти Төлөбек Итигулов алыста командировкада жүрүп, көптөн кийин келет. Келгенде да жаңы дермантин шапке кийип алган болот. Аны байкап калган Асаке:
- Тигини, дурус мээси барсынып "жылуулап" жаап алган тура,-деп тамашалаптыр.




Чымын
Отурган кысынып да, тартынып да,
"Каяктан сөз баштасак жаш сулууга"
Сенин да алган демиң мага угулуп,
Сөз таппай ойду ишке ашырууга.

Тунжурап тумчуккансып турган чакта,
Бир чымын бир чымынды баса калды.
Ырсайдым: "булар билет жашаганды",
Жылмая сен да карап мага күлдүң,

Уланттым тамашаны тамашага,
Жашоонун мыйзамына барбы даба?!
.............................................................
Ырахмат, миң ырахмат, чымын сага!
Анатай Өмүрканов


Эл шайырлары...
Токтогул районунда Самаган Маткеримов деген сөзмөр, куудул адам болгон. Анын капыстан о дүйнөгө сапар тартканына көп болду. Эстегендер: - "Самаш, Самаш эмей эле биз үчүн театр эле" дешет. Ал жүргөн жер күлкүнүн кени эле...

"Менин аялым татар, ал келсе атар"
Жумуштан кийин үч шоопур азыраак ичкилик ичип, карта ойношуптур. Самаган тамашалап: "Кой балдар, кетели, менин аялым татар, ал келсе атар",-десе тигилердин арасындагы дагы бир тапан Самаганга тийиштирип: "Менин аялым көлдүк, ал келсе өлдүк" дептир. Анда Самаган кайра: "Көлдүгүңдү көрдүк, айтканына көндүк, менин аялым татар, ал атар болбосо аялың экөөңдү кошоктоп сатар"-деп жеңген экен.

Мыш болгон милициялар
Самаган өмүр бою машина айдап жүрчү эле. Бир күнү машинасы бузулуп, анын алдында жатып оңдоп атса эки милиционер басып келишет. Тигилер бийлигин пайдалана ороңдошот.
- Ээй, чык быякка, кайдагы немесиң?
Самаган булар шылтоо менен бир нерсе өндүрөрүн билет да "аха, күчү го ши" деп коёт.
- Эй мунуң дунган го..
- Жок кореец болуш керек...
- Мүмкүн кытайдыр... дешип орусча сүйлөп киришет.
Самаган баягы эле бир сөзүн кайталай берет.
- Ээ, койчу ата, же орусча же кыргызча билбеген эме экен, жүр кеттик,-деп жөнөй беришиптир.
Достун достугу
Самагандын Кожомурат деген курбусу бар эле. Ал райсельхозтехникада механик болуп иштечү. Бир күнү Самаган машинасын айдап кирип келсе:
- Ой Самаган, адамгерчиликти, жакшылыкты билбеген адам экенсиң. Ушул да эми ишиңди бүткөрүп алгандан кийин-деп кабак-кашын чытыйт.
- Кечир Кожоке, чыны эсимде жок...
- Тигини, тигини, эшеги ылайдан өткөн соң да...
- Жок, Кожоке айтсаң эми...
- Анда экинчи унутпай жүр жакшылыкты... Арак ичкенди мен үйрөткөм, калп дебесең чаап барып бирди алып келе кал!-дегенде тигил досунун айтканын дароо аткарган экен.
Самаган-төө...
Самаган узун бойлуу, сөөк-саактуу толук киши болчу. Анын курбу-курдаштары:
- Самаш, төө кантет, -деп коюшса, ал дароо эле төөнүн өзүндөй болуп лок-лок желип, анан токтой калып жалбыракка мойнун созуп, оозун кыйшаңдатып чайнамыш болуп калганда, эл кыраан каткы күлүп жыргап калчу.
Арамза ачкыч
Куудул гаражда машинасын оңдоп жатып он жетинчи торсогой ачкычын жоготуп жиберет. Аябай издеп убараланат да, таап алып, машинасынын капотуна коюп уруша баштайт.
- Эй, он жетинчи торсогой, торсойбой томураң кал! Керек болгондо атайын бекинип каласың, сен дезертирсиң, эл душманысың! Сени каматуу керек, айдатуу керек, аттыруу керек. Карачы муну, башка ачкычтар тигинтип эле жакшылап иштеп жатышат. Сага окшоп арамза эмес д.у.с.
Самаган ким менен сүйлөшүп жатат деп, жакын басып келген шоопурлар кыраан-каткы күлүшөт.
- Кой Самаш эми, бир ачууңду мага бер, ачкычың экинчи антпейт-деп Кожомурат досу ортого түшөт.
Абдыразак Асранкулов