presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күндөлүк

Өнөр адамдарынын жараткан ийгиликтерин, эсте калган өзгөчө жоруктарын даталары менен азил-чыны аралаш сиздерге сунуштайбыз.
"Күндөлүк" рубрикасынын алгачкы коногу кыргыз жыттанган ырлары менен өз угармандарын тапкан ырчы Замир Арыкбаев болмокчу.

Замирдин эсинде калган алтын шакек
1981-жылы 17-январда Ысык-Көл облусунда төрөлгөн.
1982-жылы "ата" деп тили чыккан.
1983-жылы быламыкты таштаган.
1984-жылы 1-сентябрда, 3 жашка чыкканда балдар бакчасына барган.
Өтө тентек болгондуктан апасы дүкөнгө андан жашырынып барчу экен. Ага да болбой артынан акырын барып, оюнчук, момпосуй алып бер деп чаңырганда, айла жок сатуучудан уялганынан алып берген. Буга кынык алып алган ырчы баары бир алып берет экен да дегенби, бир күнү оюнчукту алып качкан бойдон үйүнө жөнөгөн. Андан кийин эмне болгону белгилүү да, албетте, токмок жеген.
1987-жылы 6 жашында С.Каралаев атындагы орто мектептин босогосун аттаган. Бала бакчадагы шоктугу мектептен өөрчүп, кыз, бала дебей баарын тепкилеген жагынан алдыга киши салчу эмесмин дейт. Кызыгы алтын шакекчен мугалим эжекесин эч унутпайт. Анткени ал шакек менен далай ирет башка жеген.
1988-жылы грамота, мактоо баракчаларды багындырса,
1990-жылы алгачкы 4-класстын экзаменин "беш" деген баага тапшырган.
1991-жылы алгачкы сүйүүсүнө кабылып, кийинки тоок сүйүүлөрүнө өтө берет. Себеби, ырчыбыз кыздарды жүрөк менен эмес, көңүл дегдеп сүйчү тура.
1995-жылы 9-класстагы мамлекеттик экзамен убагында алгебра сабагын "үч" деген баага тапшырганын жашырган жок.
1998-жылы алтын уясынан учуп, ошол эле жылы КГУСТА жогорку окуу жайынын эшигинин алдына конот.
2002-жылы отурушка барабыз деп нөшөрлөгөн жаанда калганын эстегенде, бир чыйрыгып алат экен.
2003-жылы Дипломду колго алып, чоң сахнаны көздөй бет алат. "Көлдүк карындаш" ыры менен Динара Акулова эжесинин концертинде сахнадагы тушоосу кесилет.
2004-жылы Алгачкы "Көлдүк карындаш" деген аталыштагы концертин берип, элинин ишеничине кирген. Ошол күндөн ушул күнгө чейин күйөрмандарынын торунан чыгалбай келет.
2005-жылы башын шылкыйткан бойдон бойдокчулукка чекит коёт да, кайын-журтунун босогосун аттап, Таласка эрке күйөө бала болот.
Азыркыга чейин Замир кайын-журтуна барганда отун жарып, эт бышырып көргөн жан эмес экен. Анын ордуна ырдап көңүлдөрүн ачам дейт.
2006-жылы Тун кызы Акберметке ата болуп, аны "причуска", "топчу" деп эркелеткенге өтөт. Келинчеги Лиранын жөнөкөйлүгүн, акылдуулугун баалайт. Гезиттерден чалган журналисттерге, күйөрмандарга жакшы мамиле кылганын баса белгилеп кетти.
2005-2008-жылдардын ичинде багындырган ийгиликтерин санасак колубуздун манжалары жетпейт экен.
2008-жылы жаңы жылды ата-энеси менен бирге көлдөн тосуп жатканда, атайын кымбат салюттардан сатып барган. Кызыгы, түнкү саат 12 болуп элдин баары аттырып жатса, алардын салюттары бир да жолу асманга атылбай уят кылып, салютсуз жаңы жыл тоскон жаман экен дейт. Ырчынын быйылкы жаңы жылы кандай өтөөрүн эмки жылы билебиз.

Даярдаган Акыл Карачач




  Сахна-шоу

"Бешилик" кайрадан сахнада
Сахнада кайра бешилик, көп жыл мурда калды эле го жетилип, дегендей "Бешиликтин" беш жигити ордолуу Ош шаарында, 23-27-ноябрга чейин Кыргыз Академиялык Ош Драма театрында өздөрүнүн талантын тартуулап, сагынган күйөрмандарына ыр-күлкү сунат. Катуу даярдыктар менен коюла турган концертке баргандар да, концерттен калгандар да арманда болот экен. Демек, өзгөчө концерт сизди күтөт.

Аваз Концерттен түшкөн акчасын кайда жумшайт?
Күз айларында армансыз калбай, өз өнөрүмдү тартуулап, чөнтөктү да калың кылып алайын деп кышка даярдык көргөн ырчыларыбыз биринен өтүп бири эстафетадай жарышып концерт тартуулап жаткан убагы. Жакында 23-октябрь күнү тушоосун кесип концертин өткөргөн Аваз Акимов концертинен түшкөн акчасын өзүнүн чыгармачылыгына арнап, "Балалык" деген аталыштагы жаңы ырын жаздырса, "Кумарым" аттуу ырына өзгөчө клип тартууну көздөп турат. Ата-энесине жардам берип, күйөрмандарына жаңылык издеп жаткан ырчынын ишине ийгилик каалап туралы. Ал эми жаңы клибине жакында күбө болот экенбиз.

Малик Аликеев Кыргыздын рухун көтөрөт
Эстрада деп элибизге жаш ырчыларыбыз катар-катар концерт берип шаардыктардын көңүлүн көтөрүп жатышса, кыргыз жыттанган комуз кылдары менен нукура кыргыз колоритин сактаган улуу муундарыбыз да жөн отурбастан куудул Манас Бердибеков айткандай элдин рухун, духун көтөрүп жүргөндөр да жок эмес. Алардын бири булбул үндүү Малик Аликеев, алыскы Баткен жеринин концерттик залдарында өз өнөрүн тартуулап, ыр себип жүргөн учуру. Быйылкы жылды жыйынтыктап жаткан концертине ийгилик каалайбыз.

Съездбек продюсер, Замир көркөм жетекчиликке дайындалды
Осоо "Элка" компаниясынын жетекчиси Таштан Шамшидинов тарабынан "Жаңырык" атуу продюсердик борбор ачылды. Аталган студиянын продюсери болуп Съездбек Искеналиев дайындалса, көркөм жетекчисинин ордун Замир Арыкбаев толуктады. Буга чейин достуктун чыңалуусунда жүргөн мырзалар эми жумушта да бири-бирине эриш- аркак иш башкарышып, чогуу иштешүүгө чыгармачыл таланттарды да чакырышмакчы. Айтмакчы бул продюсердик борбордо иштеген таланттуулар белгиленген суммадагы айлык маяналар менен да камсыз болушаары жетекчи тарабынан билдирилген.

Сема Бала бакчага микрофон тапшырды
"А менин бала бойдон калгым келет" деген ырчылардын катарына Самарбек да кошулат экен. Тактап айтсак туулган жеринде өзүнүн балалыгы өткөн Крупская атындагы бала бакчага барып талантын тартуулап, эң кымбат баадагы ыйык туткан микрофонун белекке тартуулап келди. Мунун себеби да бекеринен эмес экенин ырчы мындайча билдирди: "болоор бала башынан дегендей, бала бакчадан кыргыз элинин сыймыгы болгон таланттар көп чыксын деген максатта микрофонумду кичинекей ырым-жырым катары таштап келдим." Мындай патриот, кыргыздын маданиятынын келечегин ойлогон ырчылар көп боло берсин.

Даярдаган Айнура Султанова









??.??