presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Дарамет

Тамашалайм деп күйөрманын таарынтып...
- Жанета эже, эл кайталанма, тажатма, суз концерттерден тажап калды. Алдыда боло турган концертиңиз жогорудагыдай концерттерден эмнеси менен айырмалант?
- Туура. Эл азыр даңкылдак-дүңкүлдөктү көп сүйбөй калды. Бирок, биз деле шартыбыз туура келбесе да колдон келишинче жаңылык киргизгенге аракет кылып келебиз. Ал эми концерт боюнча айтсам, бул жолу сахнанын жасалгасынан тартып концерттин башталып бүтүшүнө чейин өзгөчө идеяларды камтыдык. Бул нерсе күйөрмандар үчүн азырынча "сюрприз" болуп турсун. Дагы бир өзгөчөлүгү концертти кайнатам Юрий Бобков баш болгон беш алып баруучу коштойт.
- Бардык нерсенин ак-карасы, жакшы-жаманы бар да. Сурайын дегеним, концерт коюп актабай калган күнүңүз болду беле?
- Таптакыр актабай калган учур болгон эмес. Бирок, 1998-жылы Досум-Үсөн тобу менен концерт бергенибизде концерттин чыгымы чыгып, пайда түшпөй калганы эсимде.
- Денис байке экөөңүздөрдүн ыр дүйнөсүнө келгениңиздерге 10 жылдын жүзү болуптур. Айтканга оңой болгону менен 10 жыл дагы манжалап санай турган эле убакыт. Ушул аралыкта кандай бийиктиктерди багынта алдыңыздар?
- Биз үчүн бул күн кош майрам. Анткени, Денис экөөбүздүн баш кошконубузга дагы, чыгармачылыгыбызга дагы 10 жыл толду. Кудайга шүгүр, ушул аралыкта көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Канчалаган чет өлкөлөргө барып, эл көрдүм, жер көрдүм дегендей. Көптөгөн конкурстардын лауреаты болдум. Эң эле сыймыгым 15 өлкө катышкан "Ысык-Көл-2008" Эл аралык фестивалында Гран-Прини жеңип, волга автомашинасын утуп алдым. Эң негизгиси өнөр майданына келип бактымды таап, 2 баланын энеси болдум.
- Ар бир күнүңүздү кантип тосуп, кантип өткөрөсүз?
- Күндө эртең менен саат 6-30да туруп кызымды мектепке, уулумду бала бакчага алып барам. Анан студияга баш багып, чыгармачылык менен алектенем. Көпчүлүк ырчылардын күнү менен түнү алмашып, кечинде түнкү 12ге чейин тойдо жүрүп эртеси түшкө чейин укташат го. Бизде андай эмес. Дайыма 6-30да туруп, кечинде 10-00дө эс алабыз.
- Чыгармачылыктан сырткары туруктуу ишиңиз барбы?
- Жок. Тойго чакыруу болсо барып коём. Денистин өзүнүн бизнеси бар. Кээде ага жардам берем.
- Жашыруун болбосо тойдогу ставкаңар канча?
- 200 долларга 2-3 ыр ырдап беребиз.
- "Жеткен сайын көз тойбойт" дейбиз го. Азыркы жашооңузга канааттанасызбы?
- Жаңы үйлөнгөнүбүздө эч нерсебиз жок, курсагыбыздын тойгонуна гана сүйүнчүбүз. Жокчулуктун азабын жакшы эле тарттык. Азыр эми кудайга шүгүр, "өз үйүң, өлөң төшөгүң"-дегендей үстүбүздө үйүбүз, машинабыз бар. Эл катары жашап жатабыз, эми ушул жагына каниет кылалы.

Ыңгайсыз абал
- Жакында эле орусча сүйлөгөн бир жигит үйгө телефон чалып: "Мен силердин номериңерди араң таптым, силердин чыгармачылыгыңарды үй-бүлөбүз менен баалайбыз, тойго чакыралы дедик эле, канча аласыңар?"-деп калды. Үнү "Досум Үсөн" тобундагы Стастын үнүнө аябай окшош экен. Ал экөөбүз аябай тамашалашчубуз. Анан Стас мени тамашалап, сынап атат деп эле тамак берип, үйгө жеткирип койсоңор эле болду деп каткырып күлсөм, тиги бала бир топко унчукпай туруп "Жок Жанета, мен чындап эле чалып атам, сиз бирөөгө окшоштуруп жатасызбы дейм. Убактыңыз болсо барып берсеңиз жакшы болмок" дегенине да ишенбей, анда барып бир куплет ырдап берейин деп күлсөм дароо эле трубканы коюп таштады. Анан эч нерсеге түшүнбөй Стастын чөнтөк телефонуна чалсам ал апасынын үйүндө уктап атыптыр. Көрсө жанагы жигит Стас эмес эле чындап тойго чакырган адам тура. Ошондон кийин кайра байланышкан жок. Эмне кылаарымды билбей, көпкө чейин өзүмдү ыңгайсыз сезип жүрдүм. Учурдан пайдаланып, эгерде ошол жигит гезитти окуп калса кечирим сурайм. (Күлүп)Тамашалайм деп таң калыштуу Жанеттага айландым.

Ж. Калдарова




Роза Шакирова:
"Уулумдун ыйлаган үнүнө тан бердим"
"Таппай жүрөм", "Карабачы" деген ырлары менен созолонто ырдап жалпы журтчулукка таанымал болгон Роза Шакирова турмушка чыгып, кошбойлуу экендигин буга чейин басма сөз беттеринен окуп жүрсөңүздөр керек. Дал ошол булбул үндүү ырчы кызыбыз 12-ноябрда көз жарып, уул төрөдү. Биз бул кабарды уккан соң Роза жаткан төрөт үйүнө баш бактык:

- Роза, бешик бооңор бек болсун!
- Рахмат.
- Биринчи эне болуу бактысы кандай экен?
- Азыркыга чейин өзүмө чын төрөдүмбү же калп төрөдүмбү ишенбей кетем. Эне болуу бактысы чексиз кубанычты, жүрөгүмө толкунданууну жаратты.
- Жеңил эле төрөп алдыңбы?
- Толготоордон бир күн мурун курбуларым Фарида, Айнура, мен үчөөбүз Азизанын үйүнө конокко барып, түн бир оокумга чейин маектешип олтуруп жатып калганбыз. Ошол түнү кичине ичим ооругансып аткан, анан мен "толготуп атат окшойм" деп апамдарга, жакындарыма телефон аркылуу айта бергем. Көрсө эч кимге айтпаш керек экен да. Толгоо жок болуп кетип, эртеси күнкү түндө төрөдүм. Эки күн катар жакшы уктабагандыктан уйкуга мас болуп, төрөөрүмдө алым кетип бир аз кыйналдым. Анан дарыгерлердин жардамы менен аман эсен көз жарып алдым. Кудайга шүгүр балам 4 кг, 150гр болуп төрөлдү.
- Өз балаңдын алгачкы ыңаалаган үнү толкундантпай койбосо керек?
- Мен буга чейин эле кичинекей балдардын ыңаалаганын угуп калсам "менин балам да ушинтип ыйлайт" деп ичимден толгонуп алчумун. Анан балам төрөлүп азыр "ыңаалаган үндү угам" деп камынып турсам эле, бир аз жоонураак опера ырчыларындай созуп ыйлаган балама таңгала түштүм. Анда дарыгерлер "баласы да ырчы болот го деп" күлүп калышты.
- Уулуңардын ысымын Руслан деп кимдин атынан койдуңар?
- Бир жолу жолдошумдун достору менен бирге чогулуп олтуруп жолдошум Руслан деген досуна "баламдын атын сенин атыңдан коём" деп болжоп койгон. Биз төрөгөнгө чейин уул же кыз экендигин деле билген эмеспиз, бирок негедир уул бала болсо экен деп койчубуз. Кудайым тилегибизди берип уул берди, анан ошол аяшымдын атынан Руслан деп койдук.
- Уулуң кимге окшош экен?
- Билбейм, азырынча билинбейт го. Бирок көзү атасынын эле көзү экен.
- Бул төрөт үйүнө кошбойлуу кезиңден эле көзөмөлдө болуп турчусуң да ээ?
- Жок, мен өзүм жашаган райондогу бейтапкананын дарыгерлеринин көзөмөлүндө элем. Төрөөрүмө аз калганда жеке төрөтканаларды оңой төрөтөт деп жолдошум экөөбүз издей баштаганбыз. Анан борборубузга белгилүү эле болгон жеке бейтапкана менен сүйлөштүк. Төрөгөн күнүмдөн эки күн мурда мага Ассоль Молдакматова чалып, ал-акыбалымды сурап анан жолдошум экөөбүзгө тең Бурул эженин жеңил төрөтөөрүн сунуштаган. Мен баланы чоң көтөргөндүктөн барган жерибиз эле кесерова кылып төрөтүшүбүз мүмкүн деп айтышчу. Толготуп Бурул эженин колуна келгенчекти эле Ассоль эже "ал күчтүү кыз, өзү төрөшү керек, кесерова кылбагыла" деп дайындаган экен. Силердин гезит аркылуу жолдошум экөөбүз Ассоль Абдыкалыевнага терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Биз Роза менен маектешип бүткөндөн кийин төрөт үйүнүн бөлүм башчысы, Розанын уулун жарык дүйнөгө алып келген Туюкбаева Бурул Ногоевнага суроо узаттык.

"Өнөрпоз айымдардын көпчүлүгү менин
колумдан көз жарды"
- Бурул Ногоевна,эл үчүн кызмат кылган айымдардын басымдуу бөлүгү сиздин колуңуздан көз жарышкан дейт, ошолор тууралуу кеп салып берсеңиз?
- Туура, биз көптөгөн эл керегине жараган кыргыздын сыймыктанчу жарандарын төрөттүк. Бизге Жогорку Кеңештен келген айымдардан тартып жөнөкөй айымдарга чейин кайрылышат. Ошолордун ичинде атактуу сахна өнөрпоздору Каныкей Эралиева, Токтобүбү Черикчиева, Гүлнара Кахарова, Султан Каримовдун неберелери, Асылбек Өзүбековдун, Кадыраалы Артыковдун, Сьездбек Искеналиевдин жубайлары биздин колубуздан төрөгөн. Мына кечээ 12-ноябрда Роза Шакирова да көз жарды. Розанын буга чейин ырларын угуп жүргөн болсом, өзүн жакындан деле таанычу эмесмин.
- Негизинен эле төрөй турган айымдарга айта турган сөзүңүз, кеңешиңиз барбы?
- Айымдарга биринчиден айта турган кеңешим эртерээк турмушка чыгып, эртерээк төрөп алгыла. 30 жаштан ашкандан кийин дене-мүчөңөр катып, төрөгөн бир аз татаалыраак болуп калат. Бизге кайрылгыла, биз эне менен баланын ден соолугуна жакшы камкөрүп, жеңил төрөткөнгө аракеттенебиз.
- Кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат!

Элнура Акимжанова










??.??