Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Азизанын жүрөгүн түшүргөн уйгак
"Кайдасың" аттуу ыры менен популярдуулукка жетишкен эстрада ырчысы Азизанын классташы Зыяда Көчөрбаева бүгүн бизде конокто. Белгилей кетсек Зыяда учурда үй кожойкеси.

Сасыган жумуртка
- Зыяда эже, Азиза классташыңыз жөнүндө эмнелерди айталасыз?
- Азиза экөөбүз тырмактай кезибизден бирге өсүп, бала бакчага да чогуу бардык. Ал тургай кошуна жашачубуз. Экөөбүздүн үйүбүздүн ортосун бир үй бөлүп турат эле. Бала чагыбызда Азизаны апасы урушуп койсо мен ыйлап, апам мени сабап койсо ал ыйлайт эле. Ата-энелерибиз "эмне экөөңөр киндиктешсиңерби?"-деп күлүп калышчу. Кыздар куурчак ойносо, биз чыбыктардан ат минип ойночубуз. Ошентип жүрүп мектепке да чогуу барып, Токтогул районунун Кара-Суу айылындагы Казатаев атындагы орто мектебинде окуучулук күндөрдү өткөрдүк. "Болоор бала жашынан" дегендей Азиза 1-классынан тартып эле жакшы окуду. Классыбыздагы эң алдыңкы, бетке тутар окуучубуз ошол болчу. Кандай кароо-сынак болбосун даярдыгы жок эле Азизаны түртө салчубуз. Үйү мектептен алыс болсо да такыр сабактан кечикчү эмес. Бул жакшы жагы. Анын жаман жери бир таарынса оңой менен жазылчу эмес. Ошондон улам Азизаны "Таарынчаак кыз" деп койчумун. Сабактан кийин Азиза экөөбүз уй кезүүдөн малдарыбызды тосуп алганга барып, Кошой деген жайлоодон тыт терип жейт элек. Бир күнү тыттын үстүнө чыгып жейбиз деп шагы сынып кетип экөөбүз эки жакка ыргып түшүп, Азизанын башы шишип, менин колум сыйрылып жарадар болгонбуз.
Биздин айылда жалгыз жашаган Казы деген абышка бар болчу. Бир жолу Азиза экөөбүз мектептен келатсак ошол киши чоң суунун жээгинде бир нерсе жууп отуруптур. Анын жанына келгенде "Казы калпак, эки буту тайтак" деп тийишсек, тура калып жумуртка менен атып урду эле формабызга тийип, жарылып суусу куюлуп жатып калды. Казы абышка сасып кеткен жумуртка менен урган экен, формабыздын жумуртка тийген жери так болуп, көпкө чейин кетпей жүрдү.

Малканага эки саат камалып...
Шоктугубуздан мындай бейбаштыкты көп жасадык. Анда 6-7-класс болсок керек эле. Күндөгүдөй сабактан чыгып, совхоздун күн карамасына уурулукка кирип, үйдөн алып барган баштыгыбызды толтуруп бүткөндө кароолчу келип калып, экөөбүздү малканага камап койгон. Ошондогу кароолчуга жалдырап ыйлаганыбызды эстесек күлкүбүз келет. "Айланайын байке, экинчи уурулук кылбайбыз, эми жасасак колубуз сынсын, чыгарып коюңузчу,курсагыбыз ачты" десек, "Болду, бүгүн түнү менен ушул жерде жатасыңар, анан эртең мектепте өзүм алып барып ууру кыздар деп линейкага чыгарам" десе андан бетер жүрөгүбүз түшүп, бакырып ыйлайбыз. Ошентип жалдырап атып 2 саат дегенде камактан чыкканбыз.

Экинчи чейрек
Эжейибиз Азиза экөөбүздүн ортобузга сабак билбеген Максат деген баланы отургузуп койчу. Анан математикадан текшерүү ишине келгенде тиги бала бизди көчүрткүлөчү деп суранат эле. Экөөбүз тең барагыбызды жашырып, жардам берчү эмеспиз. Азизанын чачы узун болчу. Дайыма экиге бөлүп туруп тыкчыйтып байлап келчү. 2-чейрек болуп калып дагы текшерүү иш жазып жатканбыз. Бир маалда Максат классташыбыз колуна толтура уйгакты уучтап алып Азизаны "Эгер мага жардам бербесең, уйгакты чачыңа жармаштырам"-деп коркутса, эки көзүн алаңдатып колундагы барагын кармата салган.

Отурушка барабыз деп таяк жегенде...
Эсимде, 9-класста отурушка барып, кечинде кетели десек эле бут кийимибизди балдар бекитип коюп таппай отуруп калдык. Түнкү саат бир-эки болуп калганда Азизанын апасы узу-ун таягын көтөрүп келип Азизаны кууп кеткен. Мага Азизаны үйүнө алып барып сабай тургандай сезилдиби айтор, артынан ээрчип алдым. Аяш энем үйгө жетээр-жеткенче экөөбүздү урушуп барып, "сен эми биздикине эле жатып ал"- деп экөөбүздү бир бөлмөсүнө киргизип, сыртыбыздан бекитип койду. Азиза экөөбүз бир топко чейин сүйлөшүп жатып, таң атайын дегенде кол кармашкан бойдон уктап калыппыз. Эртең менен аяш энем кирип алып экөөбүздү көрүп, "эгиз козулардын жатканын кара" деп аябай күлгөн.

Даярдаган Ж. Калдарова