17-ноябрь - студенттер күнү

Кайгылуу тарыхты камтыган студенттер күнү
Эң алгачкы жолу 1939-жылы 28 -октябрда студенттер менен жогорку окуу жайдын мугалимдери көчөгө чыгып Чехославакиянын түптөлүшүн майрамдашмак болушкан. Бирок жоон топ студенттер менен мугалимдерин кошо фашисттер кууп, жыйынтыгында медициналык факультеттин студенти Ян Оплеталга ок тийип жашоосу менен кош айтышат. 15-ноябрь күнү Яндын сөөгүн жерге беришкен соң жаштардын нааразычылыгы өсүп көтөрүлүш чыгара баштаган. Мындай каршылыкты күтпөгөн гестапочулар менен эсэсовчулар 17-ноябрь күнү таң атпай студенттердин жатаканасын курчоого алышып, 1200 студентти Заксенхаузендеги концлагерге камап, анын арасынан эң алдыңкы 9 студентти эч кандай күнөөсү жок эле өлүм жазасына тартышкан. Ушундай жүрөктүн үшүн алган окуядан кийин Гитлердин буйругу боюнча Чехиядагы бардык жогорку окуу жайлар согуш бүткөнчө жабылган.
1999-жылдан бери Украинада мыйзамдуу түрдө президенттин буйругу менен 17-ноябрь студенттер күнү деп майрамдалып келет.
Бүгүнкү күндө күлкү, шаттык, кубаныч менен коштолгон студенттердин майрамы дал ушундай кайгылуу, муңдуу тарыхты башынан кечирип келген.

Жашооң кандай жаш өмүр?
Статистикага таянсак…
Союз учурунда студенттер жатаканада жашоо үчүн 16 рублдан 20 рублга чейин төлөшсө, быйыл жатаканада жашоону каалаган ар бир студент бир жылга 3000 сомдон төлөшкөн.
ххх
СССР убагында Кыргызстанда 7 гана жогорку окуу жай бар болсо, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 47 жогорку окуу жайы бар, алардын 33ү Бишкекте жайгашып, калганы региондордон орун алган.
ххх
2007-2008-окуу жылындагы эсепке таянсак, Кыргызстанда 236 миң 929 студент жогорку окуу жайларда билим алган. Алардын ичинен 29 370и акысыз окушса, калгандары келишимдин негизинде.

Студенттин күндөлүгүнөн


Бир күн ток, бир күн ачка
Проблема-дайым акча
Күтөм келбейсиң
Банкым-ата
Турамын эртең менен
Убакыт менде кенен
Төртүнчү парага жетишем мен
Агайга айтып жалган
Чөнтөгүнө 100 сом салам
Ошону менен бир зачетумду алам
Кудайга тез-тез сыйын
Сессия ушунчалык кыйын
Чөнтөктө нанга калбайт тыйын
Экзамен болсо кымбат
Бирөөсү 500 сом турат
Андан да староста урат

Айылга салам кат
Апасына:
- Апа, болбо капа
Айла канча…
Тез жөнөт
Балдар сөгөт

Атасына:
Ата апама айтпа
Убадаңан кайтпа
Акча азайды
Жаным кашайды
Батыраак салчы
Жыргап жашайлы

Чоң энесине:
- Энеке кийимим жыртылды,
Тагдыр кыркылды
Акча салбасаңар
Өткөрөсүңөр кыркымды

Жеңесине:
Жеңекем, берекем, көлөкөм
Сессиядан куладым
Эмне кыламын
Бармакты тиштеп араң турамын
Акча керек
Өзүңдөн башка ким берет

Сүйгөнүнө:
Сүйгөнүм жүрөгүмө түйгөнүм
Акча табылды
Абийир жабылды
Баары ишеништи
Амалымды, айламды
Туура көрүштү
Батыраак келчи
Майрамдайлы жеңишти




Бир көз ирмем
Сиз студент кезиңизде…
Жаныбек Алыкулов куудул:
- Негизи ар бир аткан таңың майрам, биздин убакта студенттик күн деген жок болчу. Кайгы капа, санаа дегенди билбеген санаа ток кез да, көпчүлүктүн башынан өткөн ачка калуу, кыздардын тамагын уурдоо деген нерсе менде болгон эмес, себеби эжемдин үйүндө шорпого курсакты кампайтып алгандыктан көп деле ачка болгон жокмун. Кыздарды сүйгөндүн ордуна сабакты сүйөөр элем. Себеби мен сабакка көңүл бурсам кыздардын көңүлү менде болот деген ойдо окуудан баш көтөргөн жокмун. Сабакты го бешке окуйт элем, бирок нанга тийген стипендиямды арак ичип койчубуз.

Марат Жанталиев актер:
- Студент кезимде кыздар менен таанышып калсам эле алам дей берчүмүн хи-хи-хи, анан бир жолу курсагым ачып, көзүм караңгылап, оозума кара суу келип, шилекейим агып айлам кетип турганда жатакананын ашканасына кирсем картошка куурулуп жатыптыр. Эки жагын карасам эч ким жок, картошканын ысыгына, колумдун күйгөнүнө карабай сугунуп жегем. Бирок колум күйсө да курсагым тоюп калган болчу ошондо.


Нурзада Жолдошева,
ди-джей, ырчы:
Студенттик күндөрдүн өзгөчөсү өткөн жылы болгон. "Кыргызстан обондору" радиосу тарабынан оюн-зоок уюштуруп, ар бир окуу жайдын студенттери топтолгон кафеге же үйгө барып аларды куттуктап майрамдык жакшы маанайды тартуулаганга аракеттенгенбиз. Баарына барып отуруп акыркы кезек мен окуган окуу жайдын студенттерине келсек, балдар жок жалаң кыздар отурат. Уюлдук телефондоруна чалсак байланыш жакшы болбогонунан үй телефонуна чалып жинденип баарын топтогонбуз. Чарчап калып уктап калсам бетиме тиш жуугуч пастаны сүйкөшүп, муздак суу чачканда ойгонуп кетип, ызы-чуу кылганым эсимде. Менин андай жиним келгенин таптакыр көрүшпөгөн группалаштарым азыркыга чейин жиниң жаман экен деп күлүп калышат. Ал эми быйылкы майрамды курбуларым менен биргеликте шаарыбыздагы кафелердин биринде өткөрдүк.

Камчыбек Сарыбаев, актёр:
Студенттик күндөр сонун да. Ачка, ток жүрүп ал күндөрдүн кантип өтүп кеткенин да билбей каласың. Ошол керемет күндөрдүн биринде жатаканада үч күн ачка калганбыз. Ишенсең, ушул аралыкта карандай талкан менен күн өткөргөнбүз. Талас жергесинен ат арытып, жер карытып келип калган бир мүшөк талканды үч күндө жеп, жок кылганбыз. Курсагыбыз ачып, И. Арабаев атындагы Мамлекеттик Университеттин жатаканасынын балконунда илинип турган эт жана башка майда-чүйдө нерселерди уурдап жеген убак азыркыга чейин жадымда. Адамдан айла качып кутулбайт дегендей коменданттын тамак коюучу жеринен тамак уурдап жеген учурлар да болгон.




  Сүф-сүф

Студенттер колдонуучу ырымдар
Сессия учурунда канча экзамен берсеңиз да бир кийген кийимди чечпей, аягына чейин ошол кийимиңиз менен жүрүү керек, кокус биринчи эле экзаменде начар баа алып калсаңыз ал кийип жүргөн кийимди башкасына алмаштырыңыз. Белгилей кетчү нерсе экзаменди эртең берем деген күнү башты жууганга, сакал алганга болбойт, анткени окуганыңдын, жаттаганыңдын баарын унутуп каласың.
ххх
Үйдөн чыгып бара жатканда кичинекей отура турган отургучтардын баарын көмкөрөсүнөн коюп коюш керек.
ххх
Кечинде жатаарда жаздыктын астында китепти же эртеңки сабактан бере турган экзамендердин жоопторун жазданып жатуу зарыл. Анткени китеп жазданып жатпаган студентке билим жукпайт деп айтылып келет.
ххх
Үйдөн оң бутуңуз менен чыгаардан мурда кара нандан бир кесим жеп, андан кийин экзамен бүткүчө оозго наар албаганыңыз оң.
ххх
Албетте бул ырымдардын кандайдыр бир деңгээлде күчү бар. Көпчүлүк студенттер бул ырымдарга ишенбесе да эмнегедир колдоно беришет экен.