Дэвид Бекхэм
Балалыктын издери
Англиялык футболчу, Англиянын жана Мадрид курама командаларынын оң канаттагы жарым коргоочусу, футбол боюнча дүйнө жылдызы Девид Бекхэм 1975-жылы 2-майда Лейтопстаунда төрөлгөн. Атасы ашкананын сырларын беш колдой билсе, апасы түрдүү чач жасалганын майын чыгарат. Үй-бүлөнүн жалгыз уулу эжесине эркелеп, карындашына кеңеш берген Дэвиддин алтын балалыгынын издери Лондондун чыгыш бөлүгүндө калган. Бул жерде "Манчестер Юнайтеддин" чыныгы фанаттары жашаган. Алардын катарында келечектеги футбол жылдызынын ата-энеси да Англиядан бат-баттан Треффорд шаарына футбол көрүү үчүн келип турушкан. Мына ошентип бүгүнкү чыгаан инсан футбол менен ооруп калган.
Аракетке берекет демекчи тырышчаак мүнөзүнүн артынан 11 жашында жаштар арасындагы - Bobby Charlton Soccer Schools National Skills футболдук мелдеште жеңип чыгат. "Тулпар тушунда кымбат" дегендей анын ийгиликтерине күбө болгондор жаштар лигасында "Манчестер Юнайтеддин" атынан ойноону сунушташкан. 1993-жылы түзүлгөн келишимден соң өзүнүн канчалык деңгээлде таланттуу экенин көрсөтө алган оюнчу бир сыйлыктын артынан экинчи сыйлыкка ээ боло алган.

Бир көрүп сүйүп калып...
1997-жылы чыгаан оюнчу "Адидас" фирмасы менен биргеликте иштешип, 1998-жылы үзүрлүү эмгегинин артынан 13 млн доллар пайда тапкан. Ошол жылдары "Spice Girls" тобунун таланттуу солисти Виктория Адамс дагы популярдуулуктун туу чокусунда турган. Ырчы кыздын атасы "People" журналына айткан сөзүнө караганда экөө бири-бирин бир көрүп сүйүп калышкан. Сүйүшкөндөр бир жылда бул жарык дүйнө менен таанышкан экен. Кызыгы, Виктория Бекхэмден бир айга улуу. Вика апрелде төрөлсө, анын сүйүктүү жары майда жарык дүйнөгө келген.
Экөө таанышып сүйүүсүн жаңыдан от алдыра баштаганда мамилелерин эч кимге билдирбестен сыр кылып сактаганга аракеттенишкен.
Бирок, тешик кулак эмнелерди гана укпайт. Натыйжада 8 айдан соң экөөнүн ысык мамилеси, сүйүү романы коомго дүң түшкөн. Экөөнүн сүйүүсү бара-бара от алып, баш кошуу менен аяктап олтурат. Мыкты ырчы менен футболдун лига жылдызы Бекхэмдин үйлөнүү тою 1999-жылы 4-июлга белгиленип, тойго 300 киши чакырылган. Алардын катарына бир туугандай болуп калган "Манчестер Юнайтеддин" бардык курамын, "Spice Girls" тобунун кыздарын кошпой коюуга болбойт.
Жакшылык ээси Дэвид, өмүрлүк жарына 100 миң фунт турган бриллиант ташы чегерилген таажы белек кылган.
Кийинчерээк ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет" болуп кесибине байланыштуу сагынуунун, кусалыктын койнуна батып, бири-биринен алыста болууга туура келчү. Сагынганын жашыра албаган Вика берген интервьюларынын биринде Дэвид кеткенде аны аябай сагынып, куса болоорун айтып, кээде кичине болсо да сагынычын таратуу үчүн жолдошунун көйнөгүн кийип алаарын айткан.

Бактылуу ата-эне
1999-жылы тунук сүйүүдөн жаралган алгачкы перзенти Бруклин жарыкка келет. Үч жылдан соң тукумун улоочу экинчи уулу Ромео төрөлүп, ата-эненин кубанычы койнуна батпай сүйүнүшөт.
2004-жылдын май айында Бекхэмдин үй-бүлөсү прессанын сурамжылоосунан чыга албай калат. Буга себеп голландиялык дипломаттын 26 жаштагы кызы Дэвид менен сүйүү романы бар экенин маалымат каражаттарына жарыялаганы болот. Сүйүүнүн сыноолоруна баш ийип, сабырдуулук менен баарына түшүнүп, ушактарга көз жумуп, 2004-жылы боло турган Европа чемпиондугуна жолдошуна колдон келишинче жардамын аябайт.
Басма сөздүн маалыматтарынан тажаган Улуу Британия курама командасынын капитаны Дэвид жана Виктория үчүнчү бала тууралуу ойлонушат.
Жумушуна карабастан Америкада боло турган турнирлерди өзгөртүп коюп Мароккодо 2 жума эс алууга чыккан жубайлар көп өтпөй УЗИнин жардамы менен уулдуу болоорун билишет. 2005-жылы февралда Виктория үчүнчү уулу Крузду операция жолу менен Мадридде төрөгөн. Карап көрсөк кыз жетишпей турат. Алдыда...

Ийгиликтери
Италиянын "Милан" футбол клубунун вице-президенти Адриано Галлиани 2009-жылдын январында англиялык футболчу Дэвид Бекхэм Миландын наамын коргой турганын билдирген. Бул клубдун башкы машыктыруучусу Карло Ангелотти Бекхэмдин бул топко кошулуусуна аябай кубанычта экенин ошондой эле Италия чемпионатында жана УЕФА кубогунда чоң жардам берээрине ишеним билдирген.
1991-жылы 8-июлда Дэвид Бекхэм англиялык эң алдыңкы клубдарынын бири болгон "Манчестер Юнайтед" менен келишим түзгөн. Алгачкы мезгилде жөн гана оюнчу катары тажрыйба топтоп жүрсө, бир жарым жылдан соң, тактап айтканда 1993-жылы кычыраган кыштын 23-январында атайын профессионалдык келишимге кол коюлган. "Манчестер Юнайтеддин" наамын коргоп, 1992-жылы 23-сентябрда алгачкы мелдешти өткөргөн.
1996-97-жылкы сезондо Бекхэмдин күнү тууп, жылдызы жанып өзүнүн курама командасында ардактуу орунга ээ боло алган жана жылдын эң мыкты оюнчусу аталган.
Ушул эле сезондо "Манчестер Юнайтед" чемпиондор лигасында алтын медалдын ээси болуп табылган.
1998-жылы Бекхэм Францияда боло турган дүйнөлүк чемпионатка баруучу 22 оюнчунун тизмесин толуктаган. Кубанычы койнуна батпай оюнчу бул турнирде өзгөчө эмоция менен ойноп, кайталангыс гол уруу менен дагы бир жолу атын тааныта алган.
2002-жылы болгон дүйнөлүк чемпиондукта команданын капитандык милдети Дэвид Бекхэмдин мойнуна жүктөлгөн. Греция курама командасы менен болгон матчтын акыркы мүнөттөрүндө чечүүчү голду атаандашынын дарбазасына киргизүү менен дагы бир жолу атын коргоп өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтө алган.
2002-2003-жылкы сезон Бекхэм үчүн "Манчестер Юнайтеддеги" акыркы көз ирмемдер болгон. Команданын машыктыруучусу Фергюсен менен тил табыша албай пикир келишпестиктин кесепетинен аталган клуб менен кош айтышып, 25 млн. Еврого "Реал Мадридге" сатылып кеткен. Бул клубга келээри менен белгилүү Раул, Роналда, Фигу, Зидан жана Роберто Карлос өңдүү жылдыздардын катарын 23-номердеги футболчунун ээси аталып толуктап турган.
Фергюсендин өзүнүн эң мыкты оюнчусу Европадагы башкы атаандашына сатып жибергенин билген улуу инсандар анын ичинде Джожд Бест машыктыруучунун аябай чоң ката кетиргенин баса белгилешкен.


Бекхэм жөнүндө кызыктуу факт
- Ар бир матчта 300 фунт (600 доллар) турган жаңы бутсы киет.
- 30 жашында коноктордун катарында англия актрисасы Элизабет Херли, топ-модель Эль Макферсон жана ырчы Джин Холлиуэлл катышкан.
- Англия футболдук курама командасындагы досу Гэри Невилль Дэвиддин тоюнда, той машинасын өзү айдаган.
- Тун улуу Бруклиндин атасы (крестный отец) белгилүү ырчы Ромео Элтон Джон

Даярдаган Нурзат Жусупова