presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Атактуулардын ааламында

Дженифер Лопес
Жокчулук менен коштолгон балалык кез
1970-жылы 24-июлда Нью-Йоркто дизайнер менен бала бакчадагы тарбиячынын үйүндө Дженифер Линн Лопес аттуу кичинекей периште жарык дүйнөгө келген. Эжеси Леспи экөөнүн мүнөздөрү такыр төп келишпегендиктен жеткен жеринен тытышкандан кайра тартчу эмес. Кичинекей кезинен музыкага болгон жөндөмүн байкаган апасы Гвадамупа акча чогултуп кызына музыкалык билим берүүнү кааласа, атасы Джим эртерээк турмушка берүүгө далалаттанат. Ушундай эки айрылыш жолдон Джей албетте биринчисин тандайт. 12 жашынан эле анын "күйөрмандары" пайда боло баштаган. Кичинекей ырчынын жашоосу жокчулук менен коштолгондуктан аны басынткан балдар- кыздарды сабагандан кайра тартпаганын бүгүнкү күндө күлкү аралаш эскерет. Эң алгачкы тасмага 16 жашында "My Little gire" тартылган.

Турмуштун тайгак жолунда
Бойдокчулук менен 1997-жылдын башында кош айтышып, кубалык эмигрант Оджани Нао менен баш кошот. Бирок, тилекке каршы өтө кызыл бат оңот болуп экөөнүн сүйүүсү бир жылга жетпей тыптыйпыл болгон. 2000-жылы ызы-чууну сүйгөн реппер Пафф Дэдди менен болгон махабаты эки жылга созулуп, 14-февралда (махабат күнү) экөө коштошуп, эки башка жолго түшүшөт. Дале талыкпай бактысын издеген Джей Ло ошол эле жылы бийчи жигит Крис Джад менен турмуш жолуна аттанат. Багы жокко дагы жок болуп бактысы ачылбаган актрисанын бул жолу да ажырашып жаны тынат. Сүткө оозун катуу күйгүзгөн Дженифер ушуну менен жеке жашоосундагы саякатты убактылуу токтотуп, баш оту менен чыгармачылыкка кирген. Бирок бардык нерсе эле адам баласы каалагандай боло бербей маңдайына жазылганын көрөт өңдөнөт. Көп убакыт өтпөй анын алдынан боз ат минген Бэн Эффлек аттуу ханзаада тосуп туруптур. Турмуш деген сабактан көңүлү үч көчкөн журттай калган Дженифер бул жолу шашылыш турмушка чыкпай коё турууну туура көрүптүр. Бэн Эффлек менен эки жыл сүйлөшүп жүрүп эмне себептен экени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз сүйүүсүнүн аягы баш кошууга алып барган эмес. Учурда актриса үчүнчү жолдошу Марк Энтони жана эки эгиз баласы менен жашайт.

Эң көп өлчөмдө өндүргөн каражаттары
Материалдык абалын негизги маселе катары алдыңкы орундарга жылдырып, аны күн сайын жакшыртуунун жолун ойлоп келет. Ал эми актрисанын өмүр бою эсинде калган тапкан каражаттарына: биринчи күйөөсүнөн моралдык жактан доо кетиргени үчүн 545 миң доллар төлөткөн. Бул окуя тууралуу Джей Ло итиркейи келип эскерет. Ояна Ноя менен ажырашкандан соң, жолдошу экөө тууралуу китеп жазып чыгармак болот. Ноянын бул эмгегинде Лопес экөө жашап жатканда эле актриса Марк Энтони менен тымызын жолугушуп жүргөнү кенен баяндалган. Мындай китеп жарыкка чыкса кадыр-баркы түшөөрүн билген актриса алдын-ала чараларды кабыл алат. Ал эми эң чоң гонорарды россиялык миллиардер төлөп берген. 35 жаштагы банкир Андрей Мельниченко жубайынын туулган күнүнө арналган кечеге чакырган. Ал кечеде ырчы болгону хит ырларынын бир нечесин аткарып берген. "40 мүнөттө 3 миллион долларды чанда гана табууга болот" -дейт ырчы.

Мен Мадоннадан кем эмесмин
Чыгармачылыктын чыйыр жолундагы кесиптештеринен кем калбай алардан озуп өтүп келе жатса да актриса катары өзүн мыктылардын мыктысы деп эсептейт. Ал эми Мадонна тууралуу болсо "Ал жакшы ырчы, бирок мыкты актриса дегениңерге кошулбайм. Мисалы менин Мадоннадан эч нерсем кем эмес!" -деген гана пикирин билдирет. Ошондой эле Сальма Хайек анын атаандашы экени көпчүлүккө маалым. Көп жерден Хайек Лопестин баскан жолун туурап ага окшошуунун аракетин кылып келгени менен бул кадамын мойнуна алат. Атаандашы тууралуу Лопес: - Хайек адамдын ички сезимин, эмоциясын, абалын эң жакшы чагылдырып бергени менен ар бир эле тасмада бир образды эле кайталай берет дегени бар.
Кичинекей кезинен уят-сый, тартип, туура жүрүм-турум деген түшүнүктөрдү ата-энеси мээсине бекем куйгандыктан бойдок кезинде тартылган тасмаларында уяттуу эпизоддорду аткарганын кезиктирүүгө мүмкүн эмес. Ал эң алгачкы интимдүү эпизоддорго тартылганда ата-энесине сойку эмес экенин далилдегенге туура келген.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??