presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Эротика

Махабат майданы
Төшөк оюнундагы одоно каталар
1. Жыныстык катнаш учурундагы тамаша айымдардын итиркейин келтирип, итатайын тутултат. Төшөктөн тышкары кайсыл жерден кандай курч тамашага өтсөңүз да көтөрүшөт. Ал эми бул учурда чоң маселе жаралышы ыктымал.
2. Агрессивдүү өбүшүүнүн аягы таарынышуу менен бүтүшү мүмкүн. Андыктан бийкечиңиздин назиктигин, сезимталдуулугун эсиңизден эч убакта чыгара көрбөңүз.
3. "Жумушуңузду" бүтүрөөрүңүз менен тескери карап, коңурукту кош тартып, уктап калганыңыз эң чоң ката. Механикалык түрдө роботтой болуп төшөктөгү милдетиңизди аткарыштын кереги жок. Аялзаты жылуу-жумшак эркелетүүнү, өөп-жыттап ыраазычылык билдиргениңизге өтө муктаж.
4. Болгон салмагыңызды салып сүйүктүүңүздүн үстүндө оонап жатканда акыркы жолу таразага түшкөндө анын жебеси канча салмакты көрсөткөнүн эстесеңиз.
5. Эмчегинин үрпүн радиоприемниктин кулагындай бурагылап сизге керектүү толкунду табууга аракеттенбеңиз, ошол учурда айымыңызды ойлоңуз.

Айымдардын эрогендүү жерлери
1. Кулактын арткы териси негизи эле кулактын өзү өтө сезимтал келгендиктен кумарлуу өпкүлөгөндөн тышкары колуңуз менен сылаганды да жакшы кабыл алат.
2. Алкымы менен ийинине келгенде карылуу колдоруңуздун жардамы тиет. Массаж жасаган өңдөнтүп кармалап, ошол эле учурда сүйүктүүңүздүн алкымынан жыттап, эркелетсеңиз ошол кыймыл аракетиңизге жараша жооп аласыз.
3. Көкүрөгүн кармап дүүлүктүргөнгө өтүңүз, бирок эч убакта чектен чыгып аша чаппаңыз. Себеби көпчүлүк айымдар эркектердин дээрлик баары көкүрөгүн "оюнчук" кылып алганын даттанышат.
4. Көп мырзалар бул көрүнүшкө маани бербегени менен бийкечтердин эң негизги эрогендүү жери болуп тизесинин ички бети болуп саналат. Бул үчүн бутунун башынан тизесине чейин өпкүлөп чыгуунун зарылдыгы жок. Болгону манжаларыңыздын учу менен сылагылап коюңуз.
5. Эркек аттуунун теңинен көбү айымдарды алгач көргөндө дене-мүчөсүнө бир сыйра көз жүгүртүп сыдыра карап алаарын эч ким танбаса керек.

Эркектердин эрогендүү жерлери
1.Эркектердин кээ бири чачынан сылаганда дүүлүгүшөт. Айымдын ичке, назик манжаларын сүйүктүүсүнүн чачын аралаганы аларга укмуштуудай сонун сезим тартуулайт.
2. Кежигесинен (желкесинен) назик өпкүлөп, алаканыңыз менен массаж жасап берсеңиз да көңүлүн алып, делебесин козгой аласыз. Бирок эч качан тырмагыңыздын учу менен кежигесин кашыбаңыз, итиркейин келтирип артык кылам деп, тыртык кылып алышыңыз мүмкүн.
3. Эркек, аял дебей баарынын көкүрөгү сезимтал болоорунан кабардарбыз. Көкүрөктү назик сылаганыңыз эркектерге да айымдардан кем эмес ырахат алып келет.
4. Кол менен буттун ички беттери бир аз кытыгыны келтиргени менен сүйүктүүңүзгө дал ушундай эркелеткен ыкманы колдонсоңуз баш тартпайт. Тескерисинче болоор-болбос кытыгысын келтирип, төшөк кумарын көңүлдүү оюнга айландырууга аракет кылыңыз.
5. Кирпигинен, сурмасынан, көзүнөн жумшак өпкүлөп, кирпигин эриниңиз менен колдон келишинче назик аймалап эркелетсеңиз, аракетиңиз эч убакта текке кетпейт.

Машинедеги махабат
Америка Кошмо Штатында жүргүзүлгөн сурактын жыйынтыгы: америкалыктардын 70% кумарга машиненин ичинде батууну каалашарын билдиришкен. Айрыкча 30% BMW маркасындагы тулпарды көргөндө делебеси козголот. Демек, мындай тулпарлардын айымдарды тузакка түшүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мерседестер экинчи орунга жылып калганы таң калыштуу. Айтор америкалык айымдардын көпчүлүгүнө мырзанын алдындагы тулпары кымбат-баалуу болсо болду экен. Ал эми бийкечтердин 66% эркектин акыркы маркадагы машинеси болсо эле төшөк кумарына бата беришээрин мойнуна алышкан.

Айымдардын сырынан..
- Бийкечтердин 75% төшөктө кумарга батууну жактырышат.
- 43% үйдүн четинде, жаратылыштын койнунда гана ырахат ала алышат.
- 67% бир жумада бир жолу жыныстык жакындыкка барышат.
- 30% өмүрү тааныбаган, бир көргөн эркек менен бейиштин туу чокусуна чыгууну эңсешет.
- 49% төшөк кумарынан эч качан ырахат алышкан эмес.

Сүйүүнүн статистикасы
Салт боюнча дүйнө жүзүндө эң кумарлуулар болуп француздар эсептелет. Статистикага таянсак бир эле француз орто эсеп менен бир жылда 152 жолу төшөк кумарына батат, ал эми АКШ бул жагынан экичи орунда турса, Россия үчүнчүлүктү алган. Мындай көрүнүштү адистер адамдын сексуалдык жашоосу менен анын темпераменти бир гана тамактануусуна көз каранды деген жыйынтык чыгарышкан.
ххх
Германиянын эркектеринин 41% айымдардын ич кийиминин коллекциясын чогултуу менен алектенишет. Нудистердин көз карашы боюнча адамдарга кумарга батууга алардын кийими тоскоол болот. Эс алуучу жерлерде мындан ары келгендердин баары энеден туума жылаңач болуп жүрүүгө укуктуу, болгону нудистердин этикасы боюнча денесин сүлгү менен ороп же болбосо жаап жашырууга катуу тыюу салынат. Ошондуктан уялчаактарга мындай жайларга келип эс алууга болбойт.
ххх
Италиялыктар менен аргентиналыктар эң негизгиси айымдын жан дүйнөсүн, жүрөгүн ээлегендин аракетин кылышат. Сүйүктүү айымы үчүн асмандагы айды да алып берүүдөн качышпайт. Ал эми төшөк маселеси алар үчүн экинчи гана планда.
ххх
Жаңы Зеландияда ар бир төшөк оюну сөзсүз түрдө бий менен коштолот. Стриптиз зеландиялыктар үчүн салт катары каралган. Айтор айымдар бийдин жардамы менен гана мырзасынын жүрөгүн багындырып, анын делебесин козгой алат.
ххх
Сактыкка кордук жок деп ар бир кадамын аяр таштаган мырзалар көбүнчө Япония, Гонконг жана Грецияда кездешет. Тагыраак айтканда япониялыктардын 74%, Гонконгдун 65%, гректердин 64% презервативди тиш пастадай эле колдонушат.
ххх
Кокус Австралияга туш келип калсаңыз оттуктан этият болуңуз, анткени австралиялык айымдардын колунда кармаган оттугу "мен бошмун" дегенди түшүндүрөт. Ал эми төшөк маселеси кызыктырбай, жөн гана таанышкысы келген бийкеч колуна ширеңке кармап алат.
ххх
Канада менен Португалияда түгөйлөр ойго келбеген одоно сөздөрдү бири-бирине жаадырганды жакшы көрүшөт. Алардын пикири боюнча дал ушундай маалда укмуштуудай дүүлүгүшүп, бири-бирине арбалышат экен.
ххх
Көпчүлүк айымдардын ою боюнча эң сексуалдуу деп украиналыктарды эсептешет.
Эмнеси менен арбашаарын ким билсин, айтор ар бир экинчи чет мамлекеттик айым украиналык эркек үчүн жанын берүүгө даярдыгын билдиришкен.

Даярдаган Алика Асаналиева









??.??