presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

 "Обон"-почта

ОП-42-01. Наида 18-ноябрь туулган күнүң менен, ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпесин, ден соолукта бол! Жаным Манас сени сүйөм. +77015726272

ОП-42-02. Саламым "Обон" аркылуу таанышкан досторума жолдонот. Зарина

ОП-42-03. Ардактуу апам Гүлбара, уулуңуздун урматын, кызыңыздын кызматын көрүп, өмүрлүү болуңуз жана Эркебуланда иштеген досторум Клара, Айжамал, Чинка, Гүлжамал, Аидага чоң салам. Бактылууу болгула, жүзүңөрдөн күлкү кетпесин. Тараздан Айголек

ОП-42-04. Мейли менин ырымды эч ким тандабасын, мейли жаштар бий бийлешип ырдабасын. Армиянын тоодой болгон таянычы, бул жашоодо эр жигиттер ыйлабасын. Элибизде тойлор болсун, жыргасын. Жаш-карылар обон созуп ырдасын, турмушунун татаалынан кыйналса, бул жашоодо эркек балдар ыйлабасын. Турмушта бар бири-бири сыйлабастык, керилген бар көп нерсени жыйнагансып. Жарашпайт го эр жүрөк март жигиттерге, мөлтүрөп тургансыган ыйлагансып. Жактырамын адамды кадырлап сыйлаганды, жек көрөм мал дүйнөгө көп чуркаганды. Элин-мекенин сүйгөн март жигиттер, ыраа көрбөймүн көз жаш төгүп ыйлаганды. Эх жигиттер, аман болсун башыңар, кошкон менен кошо ачылсын бактыңар. Силерди урматтап калем кармап ыр жазган алыстан карындашыңар. Кыргызымдын эр жүрөк, намыскөй, март жигиттерине, агаларыма, дос балдарга жана мени тааныгандардын баарына салам. Тараздан Кулпунай

ОП-42-05. Алтындай бөлөм Эльвира (Жуси) куш бооңор бек болсун. Афтандил экөөңөрдүн кармашкан колуңар үзүлбөсүн. Бактылуу болгула. Бөлөң Алтынай

ОП-42-06. Саламым Хан-Шай, Мемо, Айдеми-Айка, Кунчуайпери, Аделина, Барби, Айданага жолдонот. Эмне жоголуп кеттиңер? Назика, Тинатин, Кербен-Куба, Тариел, Хан-Шай, Канжар, Лазат, Мемо Айдеми, Кассие, Тюлпан, Эма Гузел, Макуся, Гүлшан, Ахилес, Барби силерге салам. Меришка

ОП-42-07. Иманбеков "кыздар ала качып кетсе сонун болмок дептирсиң. Мен сени Кеминге ала качып кетсем таш түшкөн жеринде оор" деп отуруп калат белең? Жоолуктун ордуна калпак кийгизем. Бирок сага жоолук деле жарашат турбайбы. Экөөбүздө качан эки жүрөк бир сүйүү болот. Кеминдик Наргиз

ОП-42-08. Ырчылар эмнеге өзүңөрдү уят кыласыңар? Талант Анарбаев келип концерт коёт деп койбой калды. Эми Акапелла келет деп 3 жума мурун афиша илип, радиолордон реклама берип, анан концертке барсак болбойт деп бизди уят кылды. Казактардын алдында уят болуп калдык. Андай кылган туура эмес да! Айгера

ОП-42-09. Наргиза, Мирлан кайсы жерден болот? Сен менин номериме смс жазчы. 89636979344 Айдар Москва

ОП-42-10. Апам Рая, атам Таалай, бир туугандарым Сашка, Кани, Мики, Ази силерди жакшы көрөм. Супер салам, эч оорубагыла. Нурбара

ОП-42-11. Толук айылынын 90-жылкыларына салам. Мен силерди сагындым. Нурбара 0777239557

ОП-42-12. Ош шаарындагы Ишкабан айылындагы Азизага салам. Алматыдан Бектур

ОП-42-13. Смсчилер мени да кошуп алгыла. Азия FM+Алтынай

ОП-42-14. Алматыдагы "Акжар" базарында иштеген эжем Асиданы келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Жаныңыздан жакшылык кетпесин, жамандык кууп жетпесин. Биздин арабызда ар дайым бийик болуп жүрө бериңиз! Сиңдиңиз Жаркынай +77026308990

ОП-42-15. Мен силердин жаңы окурманыңар болом. Эми дайым силер менен биргемин. Азия FM+Алтынай

ОП-42-16. Көптөн күткөн студенттердин майрамы менен куттуктайм. Кышкы сессияңарга ийгилик. Нурзат

ОП-42-17. "Болашак" базарында 1/209 конт. иштеген Гүлзада капа болбо, сүйгөнүң буйруса 4 айдан кийин келет. Айбек

ОП-42-18. Борончу байке, мен сиздин талантыңызга башым жерге жеткенче таазим кылам. Кайдасыз, сизди таба аламбы? Билесизби, тилекти адаштырдыңыз бара аламбы, уйку көрбөй түн өттү. Байке, мен сизге үй-бүлөлүк бакыт, узун өмүр, ден соолук, балдарыңыздын бактысына бар болуңуз, чарчадым дебей элиме кызмат кылып жүрө бериңиз. Наргиза

ОП-42-19. Ойноп күлгүн, күлө турган тамаша, күлкү менен өткөрөлү өмүрдү. Өмүрдү өткөр кор кылбай, өтөт өмүр өткөргөнгө жараша. Асманда, тоодо жүргүм келет, кайгыны жер үстүнөн сүргүм келет. Жаш бойдон гүл бакчада оюн куруп, жадырап жаз келгендей күлгүм келет. Эх, жашчылык, өтүп барат шаштырып. Токтотуп калаар болсочу! Арак берип мас кылып. Эма Гузел

ОП-42-20. Баткендиктер барсыңарбы! Смс жазгыла. Биз Тажикстанда болсок дагы гезитти үзбөй окуйбуз. +992927290307

ОП-42-21. Урмат, Неля "Белестин" концертиндеги дуэтиңер сонун экен. Аябай жарашып мыкты болуп чыктыңар. Бактылуу, аман болгула. Силер суперсиңер. Самара

ОП-42-22. С.Садыралиев, мага бир чалып койчу! Шабдандан Насыйкат 0777025962

ОП-42-23. Кутман барсыңбы? Бир жообун айт. Казакстандагы досуң А +77023237827

ОП-42-24. Анекдот: -Айылдан шаарга жаңы келген эки кыргыз аялдамада турса, жанына басып келген орус аял "времени скажите" десе, анда бири саатын карап, 10 минут подождешь 5 будет,- деп коёт имиш.

ОП-42-25. М.Иманбеков келе жаткан туулган күнүң менен. Тилеген ой максатыңызга жетиңиз. Күйөрманыңыз Айдай 05508542хх

ОП-42-26. Айсулуу, Алиса, Кундуз, Нуржигитке менден салам. 07774623хх

ОП-42-27. Чынгыз, мен сени чексиз сүйөм. Көкжардан 07774623хх

ОП-42-28. Ош шаарында жашаган атам Эркин, апам Сырга, агам Заур, инилерим Элдар, Эмилге чоң салам жолдойм. Атыраудан Афтандил

ОП-42-29. Алматыда иштешкен досторум Акжол, Муха, Алберт, Өмүш, Анарчик, Курманалы, Сары жана аяштарыма чоң салам. Иштерине ийгилик. Атыраудан Афон

ОП-42-30. Салам окурмандар! Мен аң-сезимимди жоготуп, акылымдан адашып жүрөмүн. Себеби ушул убакытка чейин эч кимдин сүйбөдүм эле, сүйүүнүн көзү көр деген чын экен. Мен сүйгөндө да шайыр адамга жылуу мамиле кылган, адамгерчиликтүү жигитти сүйүп калдым. Бир өкүнүчтүү жери анын үй-бүлөсү бар. Кербен-Куба, мен сени аябай сүйөм. Айтчы, сен түшүнүктүү эле жигитсиң го, бир жардам берчи, сураныч! Сени сүйгөн Айна

ОП-42-31. Табигат сырдуу Алтынай, жолуккандан эмне качып жатасың? Смс жазып, маяк бербе! Болбосо башкача сүйлөшөбүз. Мени менен ойношпогун, сиңдим! Хан-Шай

ОП-42-32. Бишкектеги №87 орто мектебинин 1-классында окуп жаткан Рахманберди кызы Адаштын 11-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Сага кең келечек, бактылуу балалык каалап эжелериң Астанадан Кайыргүл, Улика

ОП-42-33. Менин саламым Ат-Башынын Калинин айылындагы 11-б классынын ай чырайлуу кыздарына ысык салам. Бар болгула, алтындарым. Ак жол каалайм. Жашоодо өз максатыңарга жеткиле. Эң жакын курбум Турсун аман бол, достугубуз түбөлүккө өчпөсүн. Элизат Каныбековна

ОП-42-34. Москвада иштеген досум, 1985-жылкы Жоробекова Гүлшайыр сени сагындым. Кийинки учурлары түшүмө көп киресиң. Бир жылдан бери кабарыңды билбеймин. Азыр Кыргызстандасыңбы? +77021020660 кабарлаш. Нуржамал

ОП-42-35. Өзгөн районунун Большевик айылында жашап жаткан апам Гүлшайырдын 17-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Дайыма маңдайыбызда бар болуңуз. Чымкенттен кызыңыз Наргиза

ОП-42-36. "Бекжан" базарында иштеген досторум Сүйүнгүл, Гүлнур, Элена, Саида бар болгула. Гүлдана

ОП-42-37. Астанадагы туугандардын баарына салам. Албетте Рахат, сага ысык салам. Айнуска

ОП-42-38. Дайыр, сени бир өмүргө сүйөм. Тагдырга таң берип жашайм, таарынбайм. Себеби сен жанымда эмес, жүрөгүмдөсүң. Астанадан Ай

ОП-42-39. Менин жакын досторумдун бири Наида, 18-ноябрь туулган күнүң менен куттуктайм. Сага каалоорум жүзүңдөн күлкү, көздөрүңдөн жылмаюу кетпесин. Шани

ОП-42-40. Биздин сүйүктүү Кенже эжебиздин 15-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Сизге каалоорубуз чың ден соолук, узун өмүр, дайыма Эдик менен Айзиректин маңдайына бар болуңуз. Чымкенттен сиңдилериңиз Наргиза, Ырысгүл, Акмарал, Айжан

ОП-42-41. "Обондун" смсчилерине салам. Ар дайым алга! Фирдаус

ОП-42-42. "Болашак" базарында иштеп жаткан эжелерим Эркебү, Жериш, Элиза, Феруза ден соолукта болгула. Ар дайым ишиңерде ийгилик болсун. +770236096хх

ОП-42-43. Саламым бардык акыйнекчилерге жана смсчилерге Үсөн байке, Нурдин, Кербен-Куба, Саматик, Жади, Тимати, Наргиза, Нази, Уля, Мемо, Батинага чоң салам. Мен силер менен таанышканыма кубанычтамын. Ар дайым бар болгула. Аман болгула. Жашоо керемет. Эрке кыз Эля

ОП-42-44. Жалгыздыктан тажадым, жаным сени самаймын, жалдыраган көзүмдүн, сырларын сен табаарсың. С.Садыралиевге арналат. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. 07773513хх

ОП-42-45. М.Иманбеков, жаным, алтыным келе жаткан туулган күнүң менен. Ата-энеңдин, кыргыз элиңдин жанында ар дайым күлүп-жайнап жүрө бер. Сендей талант бул дүйнөдө бир жаралат. Кеминдик Наргиз

ОП-42-46. Менин алтындан ардактуу, күмүштөн салмактуу, сүйүктүү, эң жагымдуу ырчым атына-заты жарашкан М.Иманбеков, Даниел сиздерге кааларым узун өмүр, чың ден соолук. 07726925хх

ОП-42-47. Омар, 19-ноябрь туулган күнүң менен куттуктайбыз. Ар дайым ишиңди ийгилик коштоп, жүзүңдөн кубанычтын, бакыттын нуру төгүлүп турсун. Ата-эне, бир туугандарыңды деги эле кыргыз элимди ийгиликтериң менен кубантып, оорубай ден соолукта узун өмүр сүр. Айзада, Акбара

ОП-42-48. Смсчилер мен жаңы смс жаза баштадым. Гусичка

ОП-42-49. "Обондун" такай окурманы, мыкты смсчи кыздарды ыйман жолуна үйрөткөн Гүлшанга чоң салам. Жараткан сага да берээр бактысын коштоп берсин. Ар дайым "Обон" менен бирге бол! Терең урматым менен С.Сасиона

ОП-42-50. Барчынай келе жаткан туулган күнүң менен. Сага чың ден соолук, узун өмүр, арчадай жаштык, таразадай тактык, музыкадай шаттык, түгөнбөгөн бакыт каалайм. Абда

ОП-42-51. "Обондун" жалпы жамаатына жана мыкты смсчилерге чоң салам. Ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Бар болуңуздар. С.Сасиона

ОП-42-52. Кайдасың жүрөктүн махабаты, сени эстеп канчалаган таңдар атты. Көрөрмүн эгер мендей сүйүп калсаң, жүрөктөн чыккан ушул махабатты. Омар, мен сени сүйөм. 07773881хх

ОП-42-53. Достор, силер Неляны жамандабагыла. Неля, эң жакшы адам. Кичи пейил, жөнөкөй, өзүн көтөрбөйт. Бактыгүлдөй эмес, ал өзүн Мадонна сезе берет. Андан көрө Неля экөө жакшы курбулардан болсо болмок , элге үлгү болуп. Асель

ОП-42-54. Нарындык Кылыч, мен сени гана сүйөм. Сүйүп келгем. Ортодогу бузукулардын сөзүнө ишенбечи, анын баары жалган деп сени сүйгөн 07733011хх

ОП-42-55. "Обондун" бардык смсчилери баарыбыз бактылуу, ынтымактуу бир үй-бүлөдөй болуп калбадыкпы. Жараткандын жарык жашоосунда эч качан муңканбай, бактылуу өмүр сүргүлө. Келгиле баарыбыз намаз окуйлу, кийинки чыныгы жашообузду да ойлоп коёлу. Сиздерди сыйлап Гүлшан

ОП-42-56. Сүйгөн жаным, М.Иманбековго дүйнөнүн түгөнгүс саламын жолдойм. СССР

ОП-42-57. Айгүл, Каныкей, Айжан, Элмира эжелериме жана смсчилерге салам. Ден соолук, бакыт каалайм. Сиздерди терең урматтап Гүлжамал

ОП-42-58. Кеминдик Наргиз, Кызыл-Кыядагы цемент, асвальт заводдорду, ГЭЦти эмне Акаев келип куруп жатабы? Кымбатчылык -бул дүйнөлүк кризис? Кербен-Куба

ОП-42-59. ОП-41-189 жаңы муун лидерлери "шашылган кыз эрге жалчыбайт" деген бар го. Сабырдын түбү сары алтын. Кербен Куба

ОП-42-60. Бир болсок дейм ар дайым, сүйкүмдүү сөзүң айт жаным. Арзуум сенсиң ардагым. Данчо+Аяна

ОП-42-61. Алматыда иштеп жаткан Динара эжекеме, Темир таякеме, Рахман байкеме, Жамиля жана Дамир таекеме сагынычтуу салам. Кара-Балтадан Бурулай

ОП-42-62. Апам Разияга, Кукеге салам. Силерди абдан сагындым. Гүлжамал

ОП-42-63. Саламым Алина Жетигенова эжекебиздин эркетай кызы, супер бийчи, ырчы, актриса, хореограф Асел эжеге. Асел эже, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Ар дайым кыргыз элиме ырдап, бийлеп өнөрүңүздү тартуулап жүрө бериңиз. Стар-Денстен кеткениңиз албетте өкүнүчтүү. Меришка

ОП-42-64. 69-гимназия мектебин бүтүрүп кеткен супер ырчылар Азат Болотбек менен жаным Айзатка супер салам. Мектепти унутуп калбай баттан келип турсаңар. Меришка

ОП-42-65. 10-класста эки ФИФА пайда болду. Шабдан

ОП-42-66. Боорду эзген Борончу байкеге чыгармачылык ийгилик каалайм. Элиза

ОП-42-67. Менин сүйүктүү байкем Канат Кадыржанга салам. Азия+ FM Алтынай

ОП-42-68. Менин саламым досторум Улук, Урмат, Акыл, Кушу, Эркин, Кеша, Мики, Бека, аяштарым Тахмина, Айка, Дамира, Апалай, Венераларга жолдонот. Ар дайым таң атканча арак, вино ичип жүрө бергиле. Асыл

ОП-42-69. Оштогу бир тууган агам Мурат, иним Эрнис мен силерди чексиз сүйөм. Элиза

ОП-42-70. Чындыгында М.Иманбековго караганда Султандын кебетеси , таланты 100 пайызга өйдө. Чүйдөн күйөрманың 07770259хх

ОП-42-71. Мен сүйүүгө кабылып, сыздап келем. Сезимимди ушинтип тепсейт белең? Сезсең боло, сезсең боло махабат түйүнүн чечсең боло. Алсызмын жаным, алсызмын, аппак ак сүйүүмдү сен чачыраттың. 07734968хх

ОП-42-72. Эх жаным, "Обончик", сени ушундай сагындым. Жалпы окурмандар, мен баарыңарды чексиз жакшы көрөм. Баарыңарга чын жүрөктөн ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм. Окурмандардын бирдиги түгөнбөсүн, силер суперсиңер. Мени унутуп койдуңар ээ! Кунчуайпери

ОП-42-73. Нарындык Гүлнур, Санжар мени жоготуп алдыңарбы? 0773275181 чал. Оштон Роза

ОП-42-74. Менин эң жакын досторум Жылдыз, Азиза, Керемет, Айсулуу, аман болгула. Досуңар Нуризат

ОП-42-75. Саламатсызбы Борончу байке, жаш кезиңизде сүйлөшүп жүргөн чачы эң узун кыздын аты ким? Бою кыскалар деген конкурс өткөрбөйсүзбү? Бул деле болсо кызык да. Сизге ийгилик. 07728803хх

ОП-42-76. Барчынай, келе жаткан туулган күнүң менен. Сага чың ден соолук, узун өмүр, арчадай жаштык, таразадай тактыкты каалайм. Абда

ОП-42-77. Б.Кудайбергенов, Б- бакты-таалай, О- оорубаңыз, ал-күчтөн талбай.Р- рахат алып бул жашоодо, О-оболоңуз бийик тоодой, Н-накта ырчы, куудул болуп, Ч-чыгармачыл кыргыздын уулу болуп, У- улгайбаңыз-картайбаңыз ыр-күлкү бизге тартуулап. 07733407хх

ОП-42-78. Наргиз жана башкалар, Бакиевге каршылар. Кымбатчылык болду деп жатасыңар э? Мунун баары жөн гана инфляция экен да. Мындан башка себептер айтса көп-көп чыгат экен. Эми жакшы жагына көңүл буралы, биринчиден өнүктү биздин кыргыз спортчулар, экинчиден салынды жакшынакай мектептер, үчүнчүсү реформа, кыргыз тили жаатында! Достор, бир аз сабырдуулук болуш керек адамда. Биздин экс-президент Акаев убагында 10 жылдын аралыгында кылбаганды кантип 3 жылдык убакытта бүтүрөт. Бакиев Акаевдин карызын төлөп жатабы дейм ыя. Наргиз жана башкалар эмнеге Акаевди кубаладык, жаңы башчы келгенде аны дагы жамандадык. Коёлучу андайды, колдойлу башчыны, кыргыз элдин инсанын. Кыргызды Манас коргогон, манасты кыргыз колдогон. Ойлонсоңор достор. Саматик

ОП-42-79. Менин саламым Мады айылында жашаган ата-апама, инилериме жана Кеңештеги кайын-журтума жолдонот. Үсөн сени жакшы көрөм. Жубайың Кылымгүл

ОП-42-80. Менин саламым "Бекжан" базарында иштеген агам Таалайга. Иштериңизге ийгилик, дайыма бар болуңуз. Жеңемди капа кылбаңыз. Сизди сыйлап карындашыңыз М...

ОП-42-81. Алайлыктар айдан түшкөн жоксуңарбы? Жыт чыккан жерден чыгасыңар да. +770268474хх

ОП-42-82. Ден соолугум менин байлыгым, кереги жок мал-мүлкүңдү алгының. Суранаарым берчи мага жок дегенде ден соолук. Балким тагдыр суроосу болсо керек. Ак кардын булут кыроосу, жашаймын мен жакшылыктан үмүт үзбөй, болсунчу дейм башкасынын бек боосу! Аку 0772295087

ОП-42-83. Менин эң жакын досум Делбирага салам. Ошондой эле классташым үчтеректик Тагай, мен сени сагындым. Качан келесиң? Сени күтөм. Микола

ОП-42-84. Чырпыкты айылындагы 91-жылкы классташтарыма жолдонот. Мен силерди сүйөм. Элмира

ОП-42-85. Саламатсызбы Борончу байке, сизге биринчиден ден соолук каалайм. Сиз менен жолугуп суроолорума жооп алсам дейм, ыр жазам, ырларымды окуп көрүп, багыт берсеңиз. Тазагүл 07777077хх

ОП-42-86. Көк-Жардагы Гулизага салам. Окууларыңа ийгилик. Мухаммед

ОП-42-87. Сүйүктүү ырчым, кумирим М.Иманбеков 25-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм. Сизди чексиз жакшы көрөм. Чоң Кеминден фанаткаңыз Жибек

ОП-42-88. Айдар, сиздин сөзүңүздө да кандайдыр бир чындык бар. Бирок, жалпы кыздарды айткандарга кошула албайм. Абда

ОП-42-89. Салам Калмурат. Сенин смстериң аябай маанилүү, айрыкча смстериңди окуганда нервим дем ала түшөт. Калемиң өркүндөй берсин. Абда

ОП-42-90. Мирбек, мага Ильяздын ырын ырдаганың абдан жакты. Мен Ильязды жакшы көрөөрүмдү кайдан билдиң? Колуңан аккордеонуң түшпөсүн. Тюлпан

ОП-42-91. Менин саламым менин асылым, берекем уулум Уралга. Ооруба, садагам. +777749468хх

ОП-42-92. "Кулагер" базарындагы 0-катардагы Соня эжеме салам. Ар дайым ишиңизде ийгилик болсун. Алматыдан Гуля

ОП-42-93. М.Иманбеков "Карагат" деген клибиң мага аябай жакты. Сонун мимикаларды жасаптырсың. Жаным, талантың ташкындай берсин. Кеминдик Наргиз

ОП-42-94. Каалаймын узун өмүр, бакыт-таалай. Уча бер канат кагып эч бир талбай, дүйнөнү дүңгүрөткөн инсан болуп, жана балбылдап күйгүн шамдай. 07777559хх

ОП-42-95. Шабдан-Ата айылындагы 10-а классына ысык салам жолдойм. Сүйгөндөрүнө жетсин. Өзгөчө саламым 8-б классындагы Бегайымга. Улан

ОП-42-96. Кербен-Кубанын 15-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм. Ардагым сага бул дүйнөдө жалаң гана жакшылыктарды каалайм. Ошону менен үй-бүлөлүк бакыт, түгөнбөгөн байлык, өчпөс сүйүү каалайм. 07731708хх

ОП-42-97. Чымкенттин качанаак кыздарына салам. Бар болгула, аман болгула. Качпагыла эми. +770212661хх

ОП-42-98. "Обондун" такай окурманы Наргизага салам. Досум капа болбо, туулган күнүңдү куттуктап коёюн десем келбей койдуң. Айтмакчы, Анжеликадан алган сертификатыңды качан жууп бересиң? С.Сасиона

ОП-42-99. "Бекжан" базарында иштеген эжебиз Тажикандын 13-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Эжебизге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Сиңдилериңиз Нурпери, Нуржамал, Гүлжамал, иниси Тынчтык

ОП-42-100. "Обончик", мен нарындык досторумду сен аркылуу табам. Гүлнур, Санжар силерди чексиз сагындым. Канткенде силерди таба алам. Роза

ОП-42-101. Апа, 22-ноябрь туулган күнүң менен куттуктайм. Эламан

ОП-42-102. Сулуулардын жүрөгү таш, сулуулар сүйүүнү барктабайт-дегендер жаңылышасыңар. Сулуу, сулуу эмес сүйгөн сулуу. Чын-чынына келгенде кудай таала баарыбызга бирдей сулуулук берген. Бирок ар адам сулуулукту ар түрдүү кабыл алат эмеспи. Негизинен ички дүйнөң сулуу болсо, Кудайдын алдында, адамдардын алдында да өзүң үчүн да эң сулуу жана таза адам болосуң. Гуля89

ОП-42-103. "Обондун" бардык окурмандарына салам. "Обон" өркүнүң өсө берсин, нускаң миллионго жетсин. Силерди урматтап Айдар, Москва

ОП-42-104. Данчо, сага болгон ак сүйүүмдүн кадырына жетесиңби же терс бурулуп кетесиңби, мен сен деп жашайм. Бул жалган жашоодо сага болгон сүйүүмдү сөз менен жеткире албай койдум го, жаным. 07776520хх

ОП-42-105. Сокулуктук Ика, жаным мен сени чексиз сүйөм. Жүрөгүм сен деп согот, сен меникисиң. Маха

ОП-42-106. Менин саламым Новопавловкадагы №1 мектепте окуп жаткан досторума жана класс жетекчим Венера Эркинбековнага жолдонот. Айпери

ОП-42-107. Салам Калмурат, Кербен-Куба, Хан-Шай, Мемо булар смсти абдан маанилүү кылып жазышат. Өзүң ушулардай болуп смс жазбайсыңбы? Айпери

ОП-42-108. Адамга бакыт берген бир гана Алла экен. Өмүрдүн аздыгы адамга арман экен. Аракка азгырылбайлы, беш күндүк бул дүйнө жөн гана жалган экен. Гүланда Москва

ОП-42-109. Мен сүйүүгө кабылып, сыздап келем, сезимимди ушинтип тепсейт белең? Сезсең боло, сезсең боло, махабат түйүнүн чечсең боло. Алсызмын жаным, алсызмын,аппак ак сүйүүмдү чачыраттың. Айзат

ОП-42-110. Иним Эрландын 19-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм. Ошондой эле Алтын-Казык орто мектебинин 11-а классындагы А.А.А. Э. өзгөчө салам. Туся

ОП-42-111. "Обондун" активдүү супер окурмандары, Токтогул ГЭЦи соолубасын, көңүлүбүз оорубасын. Ар бирибиздин үйүбүздө жарык өчпөсүн. Тилегибизиге жетели. Жиза 91

ОП-42-112. Кыргызстанда жүргөн Элмирага сагынчтуу салам. Д..р Астана

ОП-42-113. Алматыдагы бай-бай кыздар менен таанышам. Атым Кыял +77025080068

ОП-42-114. Бишкекте жүргөн досторум Эркин, Model KG, ар дайым бар болгула. Силерди терең урматтап, Дамир Астана

ОП-42-115. Достор, силер менен достошуп, смс аркылуу болсо да, бир аз пикир алышканыма аябай кубанычтамын. Ар дайым аман болгула. Кербен-Куба

ОП-42-116. Элиза, Зарина, Тюлпан, Асыл, Канжар, Асыл, Айгөлөк, Назика силерге да супер салам. Бактыңарга ата-энеңер аман болсун. Жашоо керемет достор! Заманыбыз тынч, иштегенибиз тиштеп, машиналарыбыз көчөлөргө батбай жүрө берели. Менин Айбийкем да силерге окшош чоң кыз болсун. Кербен-Куба

ОП-42-117. Сасиона, бул өзүңдүн атыңбы? Кулакка жагымдуу угулат экен. Кандай болгон күндө да "Обондон" алыстаба, "Обонго" кошулушуң менен. Канжар

ОП-42-118. Жалган дүйнөдө досторуң көп болсо, артыкча эмес. Демек, Айдеми-Айка сени менен да достошкум келет. 0773648574 смс жаз убакыт таап, өзүм чалам. Канжар

ОП-42-119. Наргиз, мен сага дос катары кеңеш берсем капа болбойсуң го деген үмүттөмүн. Бакиев жаман болсо да президентибиз. Ал жөнүндө жазбай койсоң болмок. Канжар

ОП-42-120. Сахна алпы-Бек Борбиев деп бекеринен айтылбагандыр. Элиңиз сизди сагынганын байкаган чыгарсыз.

ОП-42-122. Кербен-Куба туулган күнүң кут болсун. Сага чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Дамир KZ

ОП-42-123. Менин ордолуу Ош шаарым амансыңбы? Кыргыз жери ырыскылуу бололучу. Чымкенттен Карамелка

ОП-42-124. Жалпы студенттердин майрамы менен куттуктайм. Айпери

ОП-42-125. Менин саламым бардык студенттерге жана БГУЭПтин ФКД-21,22 тайпасына жолдонот. Студенттер күнү менен баарын куттуктайм.

ОП-42-126. Алтындай болгон менин сүйүктүү апам Уулжанга чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Эч качан оорубаңыз. Айпери

ОП-42-127. Мен токтогулдук Гүлипамын. 1977-жылы таанышкан музыкальныйда сабак берген Максутту тапкым келет. Өзгөндөн болот. Мен өзүм Шамалды-Сайда Темир жол көчөсүндө жашайм. 07737299хх

ОП-42-128. Жүрөк чүрөктү сүйөт, чүрөктү сүйө албаган жүрөк. Мүрөк деп жүрөт, мүрөк-Чүрөк деп жүрүп бул жүрөк, жүдөп калат экен шөлбүрөп. 0777713718 Таха

ОП-42-129. Мен Ильяз Абдыразаковду сүйөм. Мендей аны эч ким сүйө албайт. Мен Ильяз менен "Кумир менен баарлашууда" таанышканмын. Мен "Обонду" калтырбай окуймун. Жанакы кыз Ильязды сүйсөң,ага жетейин десең өзүңдү оңдоп ал. Айсулуу

ОП-42-130. Жакын досторум Мадина, Ынтымак, Элзира, Нурзат ар дайым бар болгула. Силерди жакшы көрөм. Жибек

ОП-42-131. Саламым Кербен Куба, Канжар, Макуся, Тина, Айдеми Айка, Нурбек, Азага жолдонот. 07777067хх

ОП-42-132. Борончу байке, сиз суперсиз. Мен сизге жолуксам арманым болбойт эле. 05558738хх

ОП-42-133. Нурлан, таарынбачы. Сени аябай сагындым. Сенин жүзүңдү көргүм келип жатат. Клара

ОП-42-134. Кумирим М.Иманбековго сулуулукту, талантты, келбетти бериптир кудайым. Армансыз өтөм деп ойлойм, сизден жылуу сөз уксам. Кыз Жибек

ОП-42-135. Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы №4 мектептеги 92-жылкыларга салам жолдойм. Эжекебиз Карымшакова Мунарага салам. Айганыш

ОП-42-136. Ак-Булакта жашаган Динара, мен сени сүйөм. 11ди ийгиликтүү бүт. Мунар

ОП-42-137. Медина классташ, сенин келе жаткан ноябрь айындагы туулган күнүң менен куттуктайбыз. Сага узун өмүр, чексиз бакыт, бетиңден нуруң төгүлбөй, Курманжан Даткадай сабырдуу, кайраттуу кыздардан бол. Камалов М.А

ОП-42-138. Зарина, өтүп кеткен 14-ноябрь туулган күнүң менен куттуктайм. Жаның

ОП-42-139. "Бекжан" базарында эмгектенген ар бир кыргыз жаранына бекем ден соолук каалайм. Ар бир күндөрү ийгиликтүү, ары кубанычтуу өтсүн. Кудурети күчтүү Алла баарыбызга берекелүү ырыскы, бекем ынтымакты, ыймандуулукту насип кылсын. +770243533хх

ОП-42-140. Шамырканов Мирлан агай, мен сизди сүйөм. Менин арманымсыз. 07772032хх

ОП-42-141. Парзантта жашаган Дамира, сени 14-ноябрь туулган күнүң менен куттуктайбыз. Сага бардык жакшылыктарды каалайбыз. Алматыдан Мээрим, Алима

ОП-42-142. Гүлмайрамга салам. Сиздерди сагынып Алматыдан Айка

ОП-42-143. Кемин районундагы Шабдан айылындагы 10-а класска ысык салам. Салтанат

ОП-42-144. Ырчылардын эң сулуусу, периси, жөнөкөйү К.Айперишкага салам. Эмне Филатовдо бийлебей калдың? Концертиңде жакшы бийледик ээ. Бизге келип тур. Кейси

ОП-42-145. Сени сүйүп жүрөгүм эзилди, сени менен качан жолугам. Жаным,сени аябай сагындым. Сени унута албай койдум. Махабат

ОП-42-146. Сүйүктүү ырчыларым Омар, Алихан, Даниел, М.Атабеков силерди байкелерим катары жакшы көрөм. 05506220хх

ОП-42-147. Кандай Омардын фанаткасы Гузел, эмне смс жазбай калдың? Сагынттың го. 0777752238 номерина смс жаз, берки номерди жоготуп алдым. Кейси

ОП-42-148. Достор, "Новые имена-7" концертине келгиле, таанышабыз. Финал болот. 05506220хх

Салам "Обонушканын" супер смсчилери Чопа, Элиза, Айдай, Вика, Айзада. Репперша

ОП-42-149. Султандан Мирбек жакшы деп жазасыңар, ошол туурабы? 07770259хх

ОП-42-150. Мен Бишкек шаарында окуп жаткан Айнура эжекеме, Гүлнара эжеге, Ыхтыяр байкеге салам жолдойм. Мен силерди жакшы көрөм, сыйлайм. Чырпыктыдан Элмира

ОП-42-151. Элмурат Иляхунов, мен сенин ырыңды угуп кубандым. Өнөрүң өркүндөй берсин. Красный маяктык жердеш эжең

ОП-42-152. Салам "Обон" гезити, менин кумирим Урмат Усеновду эмне себептен "Эң мыкты эл ырчысы" сынагына катыштырбай койдуңар? Мээрим

ОП-42-153. М.Атабеков, сизди биринчи көргөндө эле жактырып калдым. Бул сезим эле, махабат эмес. Сүрөтүңүздү карап, сулуулугуңузга суктанып келем. Талантыңызга таазим этем. Жүзүңүздөн күлкү кетпесин. 07775133хх

ОП-42-154. Достошуу үчүн кыздар менен таанышам. Менин дарегим Bumermen86@mail.ru сүрөтүңүздү салып жибериңиз. Асан

ОП-42-155. Кантемин караңгыда калгансыймын, туңгуюк төрт тарабым барган сайын. Алышып арбап алган дартым менен, алсызданып, аксап араң бараткансыймын. Ал эмес акылымдан адашкансыйм, Аллахтан жардам сурап жалдыраймын. Кыйноого салып баарын мүңкүрөтүп, кантейин кайда барам, катат башым. Мейли алсын, дагы алсын аянбаймын, Аллахтын айыбына таарынбаймын. Тырмак учу болбосо да ден соолугум, бардык адам бир боорлор болуп алсын, маңдайыма жазылган жазмышыма, таш идишке куюлган тагдырыма наалат айтып кетем. 07722950хх

ОП-42-156. "Обон" силерден сураныч, У.Усеновду концертиңерге катыштыргылачы? Анда талант, сулуулук баары бар. Жанара

ОП-42-157. Ноокаттык досум Гүлзина жана Айтибек куш бооңор бек болсун. Классташтарга да салам. Аябай сагындым. Элнура

ОП-42-158. Бай экен, ири да экен ички дүйнөң. Дегеним дей берсин, ичи күйгөн. Баркыңды баа жеткире барктай турган, жаныңда адам болсун сени сүйгөн. Айпери

ОП-42-159. Керилген узун бою бар, керемет мукам үнү бар сүйүктүү жана сулуу Неля аттуу ырчы бар. 07733196хх

ОП-42-160. Арген үндүү делинген, Кыз-Бурактан жетилген. Сүймөнчүлүгү элимдин,сыймыгы болгун жеримдин, татына жигит Ильяз Абдыразаков, сүйөсүң деги кимди сен. Айпери

ОП-42-161. Менин жанымдан артык көргөн кумирим Анжеликага салам жолдойм. Сизди ушунчалык жакшы көрөм. Сизди бир көрүп алсам арманым жок эле. Бирок Оштомун, алыстамын. Кудай буюрса бир күнү жолугушуп калганда сизге деп топтоп жаткан белектеримди берем. 05503967хх

ОП-42-162. Юрмалага барып кыргыз элинин желегин желбиретип келген Омарды 19-ноябрь, "Кыргызстан обондору" радиосунун журналистти Ж.Белекованы 20-ноябрь, суйкайган сулуу кызыбыз Бегимай Эсенгулованы 21-ноябрь, баары бир артыңдан калбаймын деп боздогон Кайрат Примбердиевди 24-ноябрь, таластык кыздарды тамшанткан таластык жигит М.Иманбековду 25-ноябрь удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайм. С. Сасиона

ОП-42-163. ОП 41-272, "Обонго" жаңы келип алып эле кыйын боло бербечи. Бизде ар ким өз сүйгөнүн сүйүүгө укуктуу. Бизге андай окурмандын кереги жок. "Обондун" көркүн бузба. Мен Ильязды сүйөм. Ал үчүн баарына даярмын. Айсулуу

ОП-42-164. Тинатин досум, 16-ноябрь туулган күнүң менен куттуктайм. Сага дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди каалайм. Аяшым Абдулхафиз менен кармашкан колдоруңар үзүлбөй, кызың Жасминанын, ата-энеңдин, жакындарыңдын, мага окшогон досторуңдун бактысына аман бол. Мен сени сагындым. Тараздан досуң Кулпунай

ОП-42-165. Тагдыр адамды ушундай тамашалайт тура. Чиркин, ойноп-күлүп ата-энеңдин жалгыз эрке талтаңы болуп, жашоо не экенин билбей, эч нерседен капарсыз жүргөндө катуу сокку берди. Болгон күчтөн тайып, көзүмдөн жаш тынымсыз акты. Бир кезде эч кимди теңине албай жүргөн эселек кызды жашоого терең караган жан кылды. Ойноп-күлө турган убагында өзүн-өзү мите курттай жеп, мүңкүрөтүп отургузуп койду. Жалгыз гана өзүн эмес, тегерегин да эзди, азапка салды. Зар какшап ыйлатты. Аку

ОП-42-166. Урматты "Обондун" "Эң мыкты эл ырчысы" сынагынан көргүбүз келет. Силерден суранып Урматтын күйөрмандары

ОП-42-167. Менин саламым бардык студенттерге жана БГУЭПтин ФКД-21-22 тайпасына жолдонот. Студенттик күнүңөр менен. Ар дайым кыргызымдын керегине жараган инсандардан болушуңарга тилектешмин. Чымкенттен Таттыгүл

ОП-42-168. "Кумир менен баарлашууга" Бек Борбиевди чакыргылачы. Мен ырларын угуп чоңойгом. Гүлбешекер

ОП-42-169. Сахна алпы Бек Борбиев деп бекеринен айтылбагандыр. Элиңиз сизди сагынганын байкаган чыгарсыз. Барпыдан кийинки аялзатын ашкере сүрөттөгөн сиз деп билем. 0778464хх

ОП-42-170. Нурлан+Мира бактылуу болгула. Нурбара

ОП-42-171. Супер смсчилерге салам. Көлдүк кыз Зарина

ОП-42-172. Калмурат, жакшы атка бир камчы дейт го. Сага бир ооз сөзүм "мышык сары майга жетпей жатып сасык" деген экен. Урматым менен Кербен-Куба

ОП-42-173. Жалпы кыргыз элим, ар дайым жерибизде тынчтык, токчулук, элибизде ыйман болсо экен деп ниет кылган көлдүк кыз Зарина

ОП-42-174. Кыйналамын көп убакыт мен ооруп, бараткансыйм суусу жок гүлдөй соолуп. Ойлогонум, каалаганым, максатым, оорубасын эч бир пенде мендей болуп. Чың болсунчу ар адамда ден соолук, оо жараткан кайдан келген дарт басты? Өткөрсөм дейм жакшынакай жаш чакты. Бир гана кыйналбастан мен өзүм, ойго салдым ата-эне, бир тууганды. Аку

ОП-42-175. Барчынай, сен күткөн күнү бара албасам капа болбо, себебин өзүң билесиң. Жануля баарыңарды сагындым. Абда

ОП-42-176. Мен кыргыз деген, кыргызым деп күйгөн азаматтар келгиле, биригели. Канча деген кыздарыбыз чет жерде башка улуттун балдары менен жүрүшөт. Кыздарыбызды коргойлучу. Айдар

ОП-42-177. Күүгүм кирип, күн карайып баратат. Бир күн жылуу, бир күн суук таң атат. Мүнөт эмес, секунд сайын шаштырып, жаштык кездер бизден өтүп баратат. Учкул кыял татынакай сезимдер, кандай сонун Чымкенттеги мезгилдер. Өмүрүмдүн эң бир сонун кездери, акырындап өтүп жатат билинбей. Мөлмөл 87

ОП-42-178. Калмурат, сага сөз жок. Себеби мен сен сыяктуу жигиттерди эркек деп эсептебейм. Азыр чоң кичине дебей баары эле иштеп жатышпайбы. Кудай берген алты саныбыз аман болуп, өз эмгегибиз менен нан таап жегенге жеткизсин. Бирөөгө көз каранды болгондон Алла Таала өзү сактасын. 07721348хх

ОП-42-179. Кербен-Куба, туулган күнүңүз менен. Сүйүктүү өмүрлүк жарыңыз, эрке кызыңыз менен түбөлүк түгөнгүс бакытка бөлөнүп жашаңыздар. Чың ден соолукта болуңуз. Гүлшан

ОП-42-180. Эма-Гузел, Эламан жараткан экөөңөрдүн бактыңарды түбөлүк бир кылуусун каалайм. Дайыма бактылуу жашоонун кучагынан алыстабай түбөлүк өмүр сүргүлө. Оомийин. Гүлшан

ОП-42-181. Нурпери, Айгөлөк, Илич, Астанадан Куба, Жиза, Канжар сиздерге да чоң салам. Ар бир күнүңүздөр бактылуу, кубанычтуу өтүүсүн каалайм. Канжар чоң рахмат, "Обондун" окурмандарынын баары менен таанышкым келет. Жаратканым бакыт кушунун уясын үйүңүздөргө бузулбас кылып куруп койсун. Гүлшан

ОП-42-182. Урматтуу "Обон" гезити! Чыгармачыл адамдарды колдоп,наам ыйгарып концерт берип жатканыңар жакшы нерсе.Бирок биз сүйүп,ырларын тажабай уккан, таланттуу, адамгерчиликтүү,эң негизгиси чыныгы чыгармачыл ырчы Урмат Усеновдун жеңүүчү болбой калганы биз үчүн өкүнүчтүү.Конкурстун башында алдыңкы орунда эле келаткан сүйүктүү ырчыбызды "Эң мыкты эл ырчысы" болот деп күттүк эле. Негедир биздин үмүтүбүз акталбай калды. Сиздерден аябай сураныч, Урмат Усеновду күйөрмандары үчүн кошуп коюңуздарчы.Биз ага эки колубузду, эки бутубузду көтөрүп добуш беребиз.Өтүнүчүбүздү орундатып койгулачы ардактуу биз күтүп окуган "Обон " гезитинин жалпы жамааты.Биз Урматты 15-16- декабрда Спорт ордосунан күтөбүз.деп күйөрмандары: Салкынай, Гүлшан, Айчүрөк, Мезгил,Атай, Жаркын, Самара, Бактыгүл, Мирзат,Бакыт,Чынара, Айпери, Гүлүм,Айкөкүл ж.б

ОП-42-183. ОП 41-272 элдин баарын коркутайын дейсиңби? Адашасың ар бир адамдын жүрөгүндө жашаган сүйүүсү болот. Ал сүйүүнү эч ким тартып ала албайт. Кулактандыруу берсең да, бербесең да кажети жок. Ильяз керек болсо менин жүрөгүмдө дагы жашайт. Эрке кыз Эля

ОП-42-184. Үчтеректик Урматаев ,сени мен жанымдан артык көрөм. Мээринса

ОП-42-185. Ильяз Абдыразаков, биз сени сүйөбүз. Сенсиз жашай албайбыз деп жаштар. ОП 41-272 Ильязды сен коркута албайсың. 07776004хх

ОП-42-186. Айдар, кыздар менен азыраак таанышсаң, андан да кыздарды караганда көзүң менен караба, парпырап турсаң сүйүп калышпасын. Динара, Гүланда

ОП-42-187. Альбина, трио жөнүндө билбегенден кийин жазбай эле койбойсуңбу? Трио чачырап,азыр Нурмат Садыров өзү эле ырдайт. Адинай

ОП-42-188. Менин саламым Бишкектин Сосновка айылында жашап жаткан ата-энеме жана бир туугандарыма жолдонот. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Барчынай

ОП-42-189. 26-ноябрь Макуся эжемдин туулган күнү менен куттуктайм. Саадат

ОП-42-190. Кыргызымдын татынакай кыздары эмне эле ырчыларга жармашып алдыңар? Алар окуп кайра силерди шылдыңдап күлүшөт. Ошондон көрө туулган жериңерге же ата-энеңерге салам жолдосоңор. Барчынай

ОП-42-191. Жан дүйнөм жабыркап жалгыздыкта жашап келем. Жароокер жарпым жазчу, жакшы сөз айтчы мага. Кандай гана кайталангыс ыргактар. Сахнадан дал ушу жанга жагым үн, сыйкыр авазды күткөн соң, мукамдуу кайрыктардан улам мунайыңкы көздөр жашка толду. Сыймык байке, талантыңызга таазим этем, терең урматым менен Дияз

ОП-42-192. Москвада иштеген кыргызымдын кыздары абайлагыла. Кыргыздын азамат балдары чыкты, бекер эрте кетип калбагыла. (өлүмгө) Кыргыздын кандай кызы башка улуттун балдары менен жүрсө аларга коркунуч бар. Айдар Москва

ОП-42-193. Ош шаарынын Кара-Суу районунун Кызыл-Туу айылында жашаган атам Жусупка, апам Үрпияга, бир туугандарыма сагынычтуу салам. Питерден Нурила

ОП-42-194. 36-45 жаштагы ыймандуу, жөнөкөй, аялзатын сыйлаган түшүнүктүү оштук мырзалар менен таанышам. Маяк кылбагыла. 0772139381

ОП-42-195. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Күнгөй Кожеке айылындагы Мажитова Айгерим Насирдиновнага салам. 07735699хх

ОП-42-196. Талас шаарында жашап жаткан ата-энеме, бир туугандарыма салам жолдойм. Жыпара

ОП-42-197. Алтыным, сенин кетишиңди каалабайм. Сени жоготуп коюштан корком. Сени чексиз сүйөм. +770262638хх

ОП-42-198. Борончу байке, ишиңизге ийгилик, чың ден соолук каалайм. Борончу байке, кыскалардын узуну, катырат каратэ, саньдо, у-шуну. Ван Дамм айтат сизди Жумгалдан, үйрөткөн деп Брюс Лиге кун-фуну. Анан дагы стилинде дракон менен маймылдын, машыгат дейт толгоп мойнун Жамбылдын. Бакай 07723427хх

ОП-42-199. Лейлек районунун Актерек орто мектебинин 11-классына чоң салам. Үмүт91

ОП-42-200. Студенттер күнү менен досум Айканы куттуктайм. Досум ар дайым ажарлуу жүзүңдөн бакыттын нуру өчпөсүн, бар бол жаным, мен сени жакшы көрөм. Досуң Мика

ОП-42-201. Кара-Кол шаарындагы Алышбаев институтунун Пи-41 группасына салам. Баарыңарга ак жол жана майрамыңар менен. Зарина

ОП-42-202. Шабдан Ата атындагы 10-а классына жана 10-б класстын балдарына ысык салам. Классташыңар Айдай

ОП-42-203. Менин сүйүктүү досторум Назира, Назгүл, Айнура силерге салам. Зарина

ОП-42-204. Шыңга бойлуу, терең ойлуу, тилинен бал тамган сөзгө чечен, турмушка бекем ыймандуу, маданияттуу, чынчыл кыргызымдын оштук жигиттери менен дос болуу максатында таанышабыз. Урматтуу мырзалар сиздер үчүн 0773177537, 0772342329 номери ар дайым кызматта. Мика жана Айка

ОП-42-205. Салам Тинатин, эмнеге Бактыгүлгө эч ким жетпейт? Мен деле К.кызы Айперишкага эч ким жетпейт десем жакшыбы? Ар кимиси өзү-өзүнө жакшы. Билип кой. Кейси

ОП-42-206. Кыргыздын сулуу, ыймандуу жигиттери менен таанышам. Бегайым

ОП-42-207. Достук айылынын 8-б классынын окуучуларына жана класс жетекчиси Гүлсайра эжеге салам. Умида

ОП-42-208. Зарифа, мен сени сүйөм. Түбөлүккө, бир өмүргө сүйөм. 0772786998

ОП-42-209. Кичикемин айылындагы атам Азис, апам Бактыгүл, иним Тилекке салам. Мен силерди жакшы көрөм. Кызыңар Наргиза

ОП-42-210. Канчалык сүйөм десем да, баары бир сени сүйөм Беки. Таластан Х-а

ОП-42-211. Султан байке, "мени кыйратып кызганган киши жок"-дегенсиз. Бирок мен сизди ушунчалык кызганам. Бул кино, чыгармачылык. Албетте, сизди түшүнөм. Өмүрүңүз узун болсун. Бактыгүл

ОП-42-212. Мотурайган сиңдим Азима, 17-ноябрь туулган күнүң менен. Балалыктын балдай таттуу күндөрүн ата-энең менен бирге кечир. Айжан

ОП-42-213. Ош шаарында окуп жана иштеп жаткан Сопукоргондук 88-жылкыларга арналат. Ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпесин. +77026756881

ОП-42-214. Менин саламым Алматыда иштеп жаткан Сопукоргондуктарга. Ар дайым бар болгула. Тараздан Айжамал

ОП-42-215. Жаңарык айылында туулуп өскөн, өзү актеректик жигит Атаков Ильяз, кыздарды ыйлатасыңбы? Мынча эмне кыйын болосуң? Бека досуңдун сулуулугуна жеткенде анда Семетей досуңду карабай калат экенсиң да. РБИ

ОП-42-216. Темир, мен сени жакшы көрөм. Сүйгөнүң менен бактылуу бол! М

ОП-42-217. Кыргыздын айдай сулуу кыздары кайдасыңар? Силер менен чыныгы кыргыз мырзасы таанышкысы келет. Астанадан Эроха +77012862784

ОП-42-218. Боорду эзген Борончу байке, биринчиден чыгармачылык ийгилик каалайм. Ар дайым атагыңыз алыска чыгып, мындан дагы көп чыгармаларды жарата бериңиз. Урматым менен Назимичка 07739056хх

ОП-42-219. Беловодскийдин Кызыл - Дыйкан айылында жашаган 84-жылкы досум Эрланды издейм. Мен Ысык-Көлдүн Түп районунун Кең-Суу айылынан болом, досуң Бакыт. 0773633867 же 0550314877 номерге байланыш.

ОП-42-220. Саламым Чыңгызга жолдонот. Сенин кайгырган, кыйналган жүзүңдү көргүм келбейт. Баары жакшы болот. Жылдыздуу көздөрүңдү күлүңдөтүп жадырап жүрчү. Сүйүктүүң

ОП-42-221. Саламым жалпы студенттерге. Майрамыңар менен! М.Атабековго, Даниелге, Мээришкага чыгармачылык ийгилик каалайм. Анара

ОП-42-222. Менин саламым Айгүл, Куба, Бегалиге жолдонот. Тезирээк байып кеткиле. 0777418595

ОП-42-223. Байлыктын тартып азабын, алдым го эми жазасын. Үзөңгү-Куушту сатам деп, балээге калдым чаташып. Кылам деп элге куулук, бат эле чыктым куулуп. Көргөнүм эми курусун, жүрөмүн Майрам менен урушуп. Өмүр

ОП-42-224. "Обондун" смсчилери кандайсыңар? "Керемет жашоо" алга! СМС жазгандардын калемдери курчуй берсин, бирдиктери түгөнбөй турсун, эч качан кайгырбай, дайыма жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Айгөлөк

ОП-42-225. Кандай адам бакытты издеп табат? Кандай адам бактылуу боло калат? Кандай адам өзүнө келген бакытты кармай албайт. Кандай адам сүйгөнүнө сөзсүз жетет, кандай адам жетпей жүрүп өтүп кетет. Кандай адам эч бир дагы кайгырбайт да, кандай адам ыйлап жүрүп өлүп кетет. Жашоодо татаал күндөр болот экен. Жүрөккө кайгы-капа толот экен. Ийилбей, көкүрөгүң кезесең да, ачуу турмуш алсыратып коёт экен. Айгөлөк

ОП-42-226. Кербендик Мирбек кандай, эмне көрүнбөйсүң? СМС жазбай калдың го? Гүлназ, ар дайым "Обон" менен биргемин. Айгөлөк

ОП-42-227. Айя Садырова менен кантип таанышса болот? 05552620хх

ОП-42-228. Жаным Зарина, өтүп кеткен 14-ноябрь туулган күнүң менен куттуктайм. Бишкекте жүргөн Абдага да чоң салам жолдойм. +770235275хх

ОП-42-229. Санкт-Петербургда жүргөн эже-сиңдиме, тааныштарыма сагынычтуу салам.+770235275хх

ОП-42-230. Зарина, эмне жигиттер айттырса тоготпойсуң, ойлон… Рам

ОП-42-231. Алтындай болгон апам Илимбүбүгө, авам Акматка салам жолдойм. Мен сиздерди өтө жакшы көрөм жана сагындым. Кызыңар Зуура

ОП-42-232. Саламым "Обондун жалпы жамаатына. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, бар болуңуздар. Алдыдагы концертиңерге ийгилик каалайм. Асел

ОП-42-233. Ош шаарында окуган иним Жалалов Азаматты 17-ноябрь туулган күнү жана студенттер күнү менен куттуктайм. Ден-соолугу чың, өмүрү узун болсун. Окууңду ийгиликтүү аякта. Эжең Зуура




***
- Тамак ич, балам. Мен сени бөөдө өлсүн деп чоңойткон эмесмин. Сен жашаганга, бактылуу болгонго акылуусуң. Минтип көз жашыңды төгө бербей, көңүлүң эмнени кааласа ошону аткара бер. Папаң да, мен да сага тоскоолдук кылбайбыз. Эң негизгиси көз жашыңды көрсөтпө, макулбу балам. - Апамдын чындыкты тике караган биринчи кадамы эле. Ал эч качан минтип өз мойнуна жоопкерчиликти алчу эмес. Таңдандым. Апам менден жооп күтүп көзүмө карап туруптур. Артымда жөлөй турган аска-тоо бардай өзүмчө эрдемсип, макул дегендей башымды ийкедим.
Апам тамак алып келип сыртка чыгаар менен менин жанымдагы телефон шыңгырады. Телефонду алсам Бахид экен. Анын үнүн укканда жүрөгүм үшүп, эмне кылаар айламды таппай, алыстан мени аңдып тургандай, алдастап жооп берүүгө батынбай турдум.
- Эмка, мен сени дем алганыңдан тааныдым, сүйлө,-деген буйрукту уктум. Бүткөн боюмду кандайдыр бир муздактык аралап баратты. Адал күч мени алыс сапарга алып кетчүдөй туюлду.
Телефонду кармап дубалга жөлөнүп турганым менен, өзүмдү кайдадыр бир жакка учуп бараткандай элестеттим. Чын эле учуп бараткандай болдум. Бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп, көзүм караңгылап, башым айланып көзүмдү жуумп жиберүүгө аргасызмын. Көзүмдү ачып эки жакты караганга аракеттенсем эле, жер көчүп, айлана-чөйрө жылып бараткандай, бутум чалыштап кулап кетчүдөй айлан көчөктөнөт. Аргасыз жумулган көздөрүмдү бир нерсе жаап тургандай элес калтырып, алыстан агылып түшкөн нур бир түз сызыкка айланып, мени кандайдыр бир белгисиз сапарга алып жөнөдү. Акылым ордунда болгону менен өз эркиме өзүм ээлик кыла албай тааныш эмес дүйнөгө кабылгандай алдастап, жарыкчылык үчүн күрөшүп жаттым. Канчалык аракет кылбайын баары бир сырткы дүйнө менден алыстап бир гана Бахиддин телефондогу үнү гана бийлик кылып калды.
- Эмка, сүйлөбөйсүңбү? Деги ден соолугуң кандай? Сен эмне, мени тааныбай жатасыңбы?.. Мени тааныдыңбы, же жокпу? - Бахиддин мындай суроолору мени какшыктап, сынап жаткандай сезилди. Баарын кылып, өзү каалагандай менин жан дүйнөмдү башкарып алып, анан минтип билмексен болгонуна ызам кайнады. Эмне деп жооп береримди билбей, үнүм кардыгып, телефондун трубкасын кармап бир топко турдум да, сыр билдирбегенге аракеттенип:
- Сени кантип тааныбай коёюн, сүйлөй бер, угуп жатам,-дедим.
- Эмне үнүң башкача болуп калган, дагы ооруп турасыңбы?-деди ал мага күйгөн киши болуп баягы көнүмүш басмырт үнү менен.
- Оорубай эле, уктап калыптырмын, анан жаңы ойгонгондуку болсо керек. - Кыздарга мүнөздүү сапат менен көңүл улам калп айттым.
- Минтип отурсаң сен бир күнү өзүңдү-өзүң жок кыласың. - Анын акчыланып, минтип баарын түшүнүп туруп арамзаланып акыл үйрөткөнү мага жаккан жок, тескерисинче ыза кылды. Катуу намыстангандыктан анын акыркы сөзүн укпастан трубканы коюп салдым.
Көзүмдү ачсам башым тегерене бергендиктен, кайра көзүмдү жумууга аргасыз болдум. Башка дүйнөгө туш келдим, бул дүйнөдөн бөлүндүм дегеним менен Бахиддин телефон-автоматтын будкасында телефондун трубкасын кармап турган элеси, кадимкидей көз алдымда турду. Эмнегедир ал мага таарынгандай тиктеп, эч нерсе сүйлөбөй бир нерсеге бушайман болгондой көрүндү. Анын элеси кишинин боору ооругандай болгондуктан, жан дүйнөмдү мага баш ийбеген сезим аралап өтүп аяп кеттим.
Кызык дейм өзүмчө, аны азыр эле ушунча жек көрүп турбадым беле, кайра минтип боорум ооруп турганы кандай. Аны аяган сезим канчалык көкүрөгүмдү уялаган сайын, жан дүйнөм тазарып, көңүлүм көтөрүлүп, бул дүйнө менен аралаша батадым. Өзүмө келип сырттагы машиненин үндөрү, апамдын кухняда идиш-аяктарды калдыратып оокат кылганы даана угулду. Көзүмдү ачсам, баятан эч нерсе болбогондой, жөн гана эс алып отургандай дубалга сүйөнүп отурупмун. Мендеги бул ахыбалды эмне деп түшүндүрөрүмдү билбей башым маң.
- Ал ким экен? - Апам мени тике карап таңдана. Эмне дээримди билбей бир топко абдаарып калган окшойм, ал менин сөзүмдү күтпөй кайрадан кухняга чыгып кетти. Качанкы жоголгон буюмум табылгандай жүрөгүм алеп-желеп. Бул кубанганымдан экендигин же коркунуч болоорун сезип жатканымды билбейм, бирок сезимим денеме батпай жүрөгүм алып учат. Кайдадыр алыс сапарга аттанчудай, ага убакыт жетпей жаткандай шашкалактап ысык тамак көтөрүп кирип келген апам:
- Сага эмне болду, балам. Бетиң албырып чыгыптыр го. Температура болгон жоксуңбу?-деп сурап маңдайыма алаканын койду. Анын алаканы ушунчалык муздакпы, же чынында эле менин денем ысып чыкканбы, апамдын колу тиери менен чыйрыга түштүм, бүткөн боюм чымырайт. Канчалык жашырганым менен эне мээрими оңой эмес окшойт, ичимдеги бугум көкүрөгүмдү тээп чыгып жарылды. Сыр билдирбегенге аракеттенип үнүмдү чыгарбаганым менен көзүмдөн аккан тыпылдаган көз жаш жерди карай кулап жатты. Бул көз жаш чынын айтсам кайгыргандан же кубангандан экенин да айырмалай албадым, бирок көз жашты токтотууга эрким жетпеди. Мындай көрүнүштү апам далай башынан өткөрсө керек, эч нерсе байкамаксан болуп маңдайыман сылап турду. Качан көз жаш түгөнүп көөдөнүм бошоп калганда:
- Балам, сен ушул сүйүүңө ишенесиңби? -деп сурады. Кандай жооп береримди билбедим. Бир үйдүн жалгыз кызы болсоң, кичине кезимде мен силерди кор кылбай өзүм багып алам деп жүрсөм, эми минтип ошол сөзүмдүн бирин аткара албай, ашка жүк, башка жүк болуп көз жашымды тыйбай баштарын оорутуп отурганыма жаным кейиди. Кыз баланын алсыз экенин мына ушул учурда сездим, алсыздыгыма ачууландым, жиним келди. Ушул ойлор менен кала албастыгыма ачууландым, жиним келди. Канча убакыт алаксыганымды билбейм, башымды көтөрсөм апам үндөбөй суроолу тиктеп туруптур. Эмне деп жооп береримди билбей:
- Чынын айтсам, кандай жооп береримди билбей турам мама, -дедим. Менден башкача жооп күтпөсө керек. Баарын түшүнүп турам дегенде апам менин маңдайыман кичине кезимдегидей сылап:
- Эгер бул, сендеги чыныгы сүйүү болсо, ал да сени жакшы көрсө, минтип башыңды оорутпай кете бер. Бизге караба. Кудай кыз баланы ошондой жараткан, атаң экөөбүз сага таарынбайбыз. Бизге сенин бактылуу болушуң керек. Сенин минтип көз жашка чөмүлгөнүңдү каалабайм,-деп оор үшкүрүндү.








??.??