presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


Мүнөз жана мүмкүнчүлүк
"Обон" гезити өлкөбүздүн жогорку эшелонунда иштеп жатышкан Президент, министр, чиновник, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрика ачып сандан-санга жарыялаганбыз. Бүгүн ошол салтыбызды улантып белгилүү мамлекеттик ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен дыкаттап изилдеген психоаналитикалык байкоолорубуз менен кошо илимий булактарга таянып прогноздорубузду жүргүзгөнбүз.
Эмесе биздин бүгүнкү каармандарыбыз: мамлекетибиздин экс-Президенти А.Акаев, "Ар-намыс" партиясынын лидери Ф.Кулов, коомдук ишмер А.Эркебаев жана "Социал-демократиялык" партиясынын лидери А.Атамбаев.

Экс-президент, Аскар Акаев:
10.11.1944
1+1+1= 3
1+9+4+4=18
3+18=21
2+1=3
21-2=19
1+9=10

Т уулган датаңызды жазыңыз 10.11.1944
Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 1+1+1= 3. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+4+4=18.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 3+18=21. 21-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 2+1=3. 3-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 21-2=19. 19-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 1+9=10 . 10-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 10.11.1944
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 21.3.19.10
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Аскар Акаев:
1111111-ички энергиясы өтө күчтүү, таш боор, диктатор. Мындай белгилер сейрек кездешет; 2-биоэнергиясы аз, тагыраак айтсак энергия соргуч; 3-маанайына жараша иш кылат, жоопкерчилик аларды тынчсыздандырса да көп учурда кааласа аткарат, каалабаса эч нерсе жасабайт; 44-темпераменттүү, ден соолугу чың киши; 5-0-интуиция каналы жабык, бардык түйшүктөрдү башы менен чечүүгө туура келет. Бир нерсе жасаганда, ойлогондо ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн; 6-0-жерден алыс, практикалуу тажрыйбасы жок, кара күч талап кылынган эмгекти сүйбөгөн инсан; 7-0-жөндөмдүүлүгү начар, талантсыз болгондуктан жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарга кездешет; 8-0-жоопкерчиликтен коркот; 99-тубаса акылдуу баш берилген.
Эми экс-президент А.Акаевдин аты жөнүнө, тагдырына байланышкан эзотерикалык (жашыруун илим сырлары) (коддорун) табышмактарын чечмелесек: ашынган менменсинүүлөр, ачкөздүк жана адашуу, жолу болбоочулуктар, жакындарынан айрылган жалгыздык, талкалоо менен жаман натыйжалар бар. Аны менен катар агартуучулук, жакшылыкка умтулуулар жок эмес. Бирок чектен ашкан айлакерлик менен баарын алдай берем деген ачкөздүк анын тагдырын кайгылуу абалга такаган. Бир сөз менен айтканда өзүнүн жеке катачылыктары өтө көбөйүп кетип, аны моюндаганга алы келбей, өз келечегин өзү жаап салган. Бир эле убакта алдына көптөгөн максаттарды коюп алып, алга жылуудагы аракетин баш аламанга түшүрүп, натыйжасында көп жаңылган. Ошондой эле ички туруксуздугу, себеби жок эле бүгүнкүсүн эртең танып кеткен терс сапаттары көп кедергисин тийгизген. Өзүн-өзү өтө жогору баалаган сокур фанатизмге чейин барган. Айлана-чөйрөсү жалган образ түзүп берип, ошол кыялдарына алданган.
Аскар Акаев онунчу числодо төрөлгөндүктөн, бул сан жолдуу жана оң сан. Аны менен жашоо жеңил. Мүнөзү күчтүү, зилинде лидер куу диктатор болгондуктан өзүнүн ишмердигинде тез бийиктиктерге жетишкенге үлгүргөн. Натурасы - консерватор болгондугун жашырып, өлкөбүзгө чоң "реформаны" баштаган калп саясатты аягында саясий банкроттукка алып барып такады. Ошол жалган реформалык саясат, экономика азыр да уланууда...




Феликс Кулов,
"Ар-намыс" партиясынын лидери
29.10.1948
2+9+1= 12
1+9+4+8=22
12+22=34
3+4=7
34-4=30
3+0=3

11-ашынган өзүмчүл; 2-биоэнергиясы аз, энергия соргуч; 333-илимге болгон эки эсе жөндөмдүүлүгү бар; 44-темпераменттүү, ден соолугу чың киши; 5-0-интуиция каналы жабык; 6-0-кара жумуш талап кылынган эмгекти сүйбөйт. Жерге жакын, практикалуу эмес. 7-таланты бар; 8-жоопкерчиликтүү; 99-тубаса акылдуу баш берилген, бирок жалкоо.
Натурасы карама-каршылыктуу, булар менен батышуу кыйын. Бир туруп үстөмдүк кылууга умтулса, бир туруп пассивдүү келип, баш ийип кетишет. Аны жетектеп жүрүүчү жолдош керек.
Туталангыч, комплекстүү, тартынчаак. Табияты реформаторлукка, чыгармачылыкка жакын, бирок ал атак-даңктын, консерватордук бийликтин кулу болгондуктан өз жолун өзү ийгиликтүү таба албаган, ооматсыз саясий фигура. Мүнөзү орто. Талантын, жөндөм-шыгын туура багытка буруп, ачыла албай калган армандуу инсан.
Эми анын аты-жөнүнө байланыштуу тагдыр тартуулаган табышмактарына көңүлүбүздү бурсак. Аны чечмелесек: философия, ойдун тереңдиги, чынчылдык, иши жүрүшкөндүк, кайгы, чарчоо, адашуу, жолу болбоо, жалгыздык, жөнөкөйлүк, таанымалдуулук...




Алмазбек Атамбаев,
"Социал-демократтар" партиясынын лидери
17.09.1956
1+7+9= 17
1+9+5+6=21
17+21=38
3+8=11
38-2=36
3+6=9

1111-аябай эрктүү, күчтүү. Ички энергиясы толук; 2-0-биоэнергиясы аз, айлана-чөйрөгө жакшы мамиледе боло ала тургандыгын билдирет; 33-так илимдерге жөндөмдүү, ачык мүнөз адамдар; 4-0-ден соолугу начар; 5-интуиция каналы ачык; 66-жердин адамы, бирок рухий деңгээли боюнча гумандуу иш-чараларга жакын. Чыгармачылык же так илимдер менен алек болууга мүмкүн, бирок аны иш жүзүнө ашыруу үчүн кара күч эмгеги зарыл. Көркөм тармакта көбүрөөк алектенген учурлары болот; 7-таланттуу, анын кыймыл аракети таланттуу болууга негиз түзөт. Эң негизгиси жогорку күчтөр тарабынан жөнөтүлгөн касиетти кармап калуусу керек; 8-жоопкерчиликтүү, сезимтал; 999-табиятынан акылдуу баш берилген, чоң интеллект. Башы жакшы иштейт, эгер өзүндөгү толук мүмкүнчүлүктү пайдалана алса, баары андан жеңилет.
Ал эми социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин аты-жөнүнө, тагдырына байланышкан эзотерикалык табышмактарын чечмелесек: илим, улуулук, акылы тунуктук, момундук,калыстык; никеден багы ачылуу; бийлик, бейгамдык; жан дүйнөнүн сулуулугу; адашуу,талкалоо менен жаман натыйжа сыяктуу түркүн түстүү окуялар менен өмүр жолу коштолот. Негизинен ийгиликтүү окуяларга абдан бай, бир гана ден соолугунун саламаттыгына жакшы кам көрүүсү зарыл.
Эмоционалдык жактан туруксуз, бирок дайыма түзүп келген байланыштарына ишенимдүү. Эгер жолдошу аны бир жагынан чектейм десе толук ажырашууга баруусу мүмкүн. Көп ирет "төшөк жаңыртып" жаңы нике курат. Анысы барган сайын ийгиликтүү болот. Мүнөзү орто. Аналитикалык акылга ээ. Кыялданганды жакшы көрөт. Көпчүлүк учурда жалкоолукка алдырып, алдын-ала болуучу нерселерди талдабаса жагымсыз окуяларга кабылышы мүмкүн. Ага кылган таарынычтарды кечире билет, анысы аз келгенсип душмандарын доско айлантып алышат. Инсан катары абдан ар тараптуу кызыктуу фигура.




Абдыганы Эркебаев,
коомдук ишмер
1.09.1953
1+9= 10
1+9+5+3=18
10+18=28
2+8=10
28-2=26
2+6=8

111- туруктуу жакшы мүнөзгө ээ; 22-биоэнергиясы жетиштүү, башкаларды дарыласа болот; 3-маанайына жараша иш кылат, көңүлдүн адамы; 4-0-ден соолугу начар, бирок өзүн-өзү дарылап алганга жөндөмдүү; 5-интуиция каналы ачык, өзү ката кетирет; 6-жер менен киндиктеш адам, акыл эмгеги менен да иштейт. 7-0-жөндөмдүүлүгү аз, талантсыз болгондуктан жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болот; 88-жоопкерчилиги жогору, башкаларга жардам бергенге даяр; 99-табиятынан акылдуу баш берилген, мыкты интеллект.
Мүнөзү алсыз, биринчи числодо туулгандардын эң башкы максаты - өзүнүн амбициясы. Психологиялык жактан тең салмактуу. Табияты токтоо көрүнгөнү менен чечимди тез кабыл алат. Максатына жетүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонот. Бирок начар оюнчу. Консерватор жана материалисттердин катарына кирет.
Эми академик, жазуучу Абдыганы Эркебаевдин аты жөнүнө байланышкан тагдыр жолун чечмелөөчү эзотерикалык табышмактарын жандырып, талдоо жүргүзсөк: эркиндик, бошотуу жана агартуучулук; жакшылыкка умтулуу; адашуучулук жана жолу болбоо; алысты көралбоо; бийлик жана акылдуулук.
Даярдаган А.Адишов








??.??