presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Кумир менен баарлашуу

Сайкал Садыбакасова:
"Жигиттердин көз жашынан корком"
Окурмандар менен өнөр адамдарына көпүрө болуп келаткан "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабыздын төрүнө бул ирет айтылуу "Кыз Бурак" тобунун эркеси Сайкал Садыбакасованы чакырган элек. "Кыз-Бурак" тобу туу туткан "Биз эл үчүн кызмат кылабыз" деген ураанды далилдеп күйөрмандары үчүн атайын алыскы Ош жергесинен ат арытып, жол карытып, темирдей тартипте тарбияланган ырчы кызыбыз белгиленген убакыттан бир саат эрте келип, күйөрмандарын өзү тосуп алып жатты. Жамгырдай жааган соболдорго жооп бергенден соң күйөрмандарынын суроолору боюнча эл ичинде популярдуу болгон "Эстей жүр" аттуу чыгармасын жандуу үн менен ырдап, куттуу жерден кур чыкпагыла деген таризде келген конокторго өзүнүн белегин берип узатты. "Айткан убадасына турбаган анча-мынча кесиптештериңизге үлгү болуңуз"- деген каалоо-тилегин айткан окурмандар кайра Ошко жол жүрүп жаткан ырчыга ак жол каалап, алакан жайып бата беришти.

Нуржан
- Сайкал, биринчиден биз үчүн алыстан ат арытып келгениңе чоң рахмат. Ар бир баскан кадамыңды жакшылыктар коштоп, эл үчүн эмгек кылып жүрө бер. Сага суроом бала чагыңда ким болом деп кыялданчу элең?
- Убактыңыздарды бөлүп келген сиздерге рахмат. Ой күлүк дегендей бала кезимде ар кесипти тандап, ар тармакта иштеп жүргөн болоор элем. Банкир, врач, мугалим, ырчы, юрист, ошол эле учурда өзүмдү министр элестетип алчумун. Тилек кылып жүрүп жогорудагы санаган адистердин баары боло албасам да кандайдыр бир деңгээлде максатым орундалууда. Учурда чыгармачылык менен кошо Ош шаарындагы Юридикалык колледждин 1-курсунда окуп жатам.
- Бир туугандарың, үй-бүлөң жөнүндө да айтып берсең?
- Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Жети жаштагы Эркин деген иним бар. Экөөбүз аябай жакынбыз. Бат урушуп, бат жарашып, бат эле сагынышып кетебиз. Эркин абдан шок бала, кээде мени ыйлатып, кайра тез сооротуп коёт. Менин үйдөгү эрмегим деп Эркинди айтсам болот.
- Кенже Дүйшееваны эмнеге мама дейсиң?
- Мен эс тарткан кезимден бери Кенже мамамдын жанындамын. Ал мени бир жарым жашымдан бери багып, тарбиялап келатат. Чынында апама караганда Кенже мамамдын мүнөзүн жатка билем. Мен ага бала чагымдан аябай көнүп калгам. Кыскача айтканда Кенже Дүйшеева мен үчүн "мама" дегенге татыктуу адам.
- Мамаң турмушка чыгып кетсе кантесиң?
- Билбейм. Элестете албайм. Бирок, күйөөсүн жезде дебей папа дейм.

Ноорузбек
- Студенттик жашоо кандай экен. Кыйналган жоксуңбу?
- Ар бир нерсенин жыргалы, анан кууралы болгондой эле студенттик күндөр да бир жагынан татаал болсо, бир жагынан кызыктуу. Өзүңдү чоң адам сезип, жоопкерчиликтүү болуп, өзүң менен өзүң күрөшүп калат экенсиң. Чынында кыйынчылыктар болбой койбойт. Кантсе да бардык жагдайга чыдап, келечек үчүн күрөшүүбүз керек да.
- Кыргызда "Эжесин көрүп сиңди өсөт", "Энесин көрүп кызын ал" деген таамай айтылган макалдар бар. Сурайын дегеним "Кыз-Бурактагы" кыздардын кимисинен үлгү алгың келет?
- Бардыгынан. Баарысынын бири-бирине окшошпогон, мени суктанткан жактары бар. Маселен, апам менен мамамдын (Кенже Дүйшеева) кайраттуулугун, тактыгын, эрктүүлүгүн, Айжамал Кабылованын болсо чынчылдыгын, назиктигин, намыскөйлүгүн, ал эми Гүлнара эжемдин боорукерлигин, шайырдыгын өзүмө өткөрүп алгым келет. (Күлүп) Оу, бул жакшы сапаттардын баары мага өтүп кетсе, идеалдуу адам болуп кетем го. (Ойлонуп) Кандай десем эжелеримдин ушундай жакшы жактарынан үлгү алгым келет да.

Нази
- Сахнага чыкканда сүрдөйсүңбү?
- Дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу ырчы Мадоннаны сүрдөткөн сахна мени кантип сүрдөтпөсүн. Менимче сахнанын ыйыктыгы ошондо. Андыктан ар бир сахнага чыккан сайын бир толкунданып, жүрөгүм "дүрр" этип алат.
- "Кыз-Бурактын" кыздарынын эң кичүүсү катары үйдөгү жумушту сен жасайсыңбы же эжелериңе эркелейсиңби?
- Жок. Апам мени эч убакта бул менин кызым эле, бара гой, жата кал деп аяган эмес. Үйдөбү, көчөдөбү "Кыз-Бурактын" эрежесин буза албайбыз. Үйдө расписание түзүп алып, кезегибиз келгенде унчукпай баарын жасайбыз. Апам бизди такыр бош койбойт. "Кылганың мен үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн" деп кичине эле бошой калсак сайманы кармата коёт.

Уларбек
- Сенин чыгармачылыгыңды дагы бир тепкичке көтөрүп, эл ичинде аябай популярдуу болгон "Эстей жүр" деген ырды кантип ырдап калдың?
- Мен анда 5-класста окуйт элем. Аталган ыр сүйүү темасында болгондуктан, алгач апам сенин жашыңа туура келбейт деп ырдатпай койгон. Бирок, негедир ушул ыр мага жагып, ырдамайынча жаным тынбай койду. Бир күнү фортепианинодо ойноп ушул ырды ырдап атсам апам угуп калып: "Эмне ушул ыр сага жактыбы?" деди. Анан апамдын каршылыгына карабай көгөрүп туруп, ырдап чыга турган болдум. Адегенде сүйүү башыма келбегендиктен образга кире албай койдум. Акырында апам менен Кенже мамам "эмнени жакшы көрөсүң, эң жакшы көргөнүң ким?" деп сурашканда "шоколадды жакшы көрөм" десем, "анда шоколадды элестетип ырда" дешти. Ошентип шоколаддын арты менен ушул ырды аткарып чыктым.

Абый
- Азыр эми бой жетилип студент болуп калдың. Сүйүүнүн даамын тата алдыңбы?
- Азыр бир кездеги шоколаддын ордуна окууну, сахнаны кууп калгам. Ачыгын айтсам, сүйүүнүн даамын татмак түгүл, сүйүү эмне экенин билбейм.
- Сенин дарегиңе келген сүйүү каттарына жооп бересиңби?
- Жок. Унчукпай коём.
- Кыздын унчукпаганы макул болгону болуп калбайбы анан...
- (Күлүп) Эгер менин колумду сурап келсе унчукпай койсом ошондой түшүнүк болушу мүмкүн. Ал эми жөн гана сүйөм, күйөм дегендер үчүн унчукпай койгон эми сиз да унчукпаңыз деген эле жооп да.
- Жашыруун болбосо канча жигиттин жүрөгүнө "чок" салдың?
- Мен бир нерседен аябай корком. Ал эмне дейсизби, жигиттердин көз жашынан. Өзүмдүн керт башымдан өтпөсө да берилип сүйүп калып, ыйлаган жигиттерди коомчулуктан угуп, көрүп жүрөм. Эркек адам оңойчулук менен ыйлабайт да. Демек, жигиттердин эркин бошоткон сүйүү оңой-олтоң иш эмес. Ошондуктан жигиттердин жүрөгүн оорутуп, сиз айткандай азырынча "чок" салбай эле коёюн. Балким сыртымдан көрүп жактырып жүргөндөр бардыр. Бирок, катуу сүйүп, артымдан ээрчиген мезгил боло элек. Азырынча болбой эле койсун...

Зымырат
- Акыркы жолу бооруң эзиле эмнеге күлдүң эле?
- Мм... Жакында эле сабактан чыгып келатсам бир кыз автограф сурап калды. Эринбестен отуруп алып каалоо-тилек жазып жатсам "Эже, эмнеге ырдабай калдыңыз?" деп суроо бергенинен, "ырдап эле атам" десем. "А, эмнеге теледен чыкпай калдыңыз?" дейт. Таң калып "чыгып эле атам" десем. Кайра мени жакшылап карап "сиз Клара Алибековасызбы?" десе болобу. Анан бир каткырып алып, "мен Сайкалмын" десем, "аа"-деген бойдон эмне айтаарын билбей түшүнбөй кала берди. Мен болсо бир баракты толтуруп автограф берип, аягына Сайкал деп жазганыма өзүмдү-өзүм шылдыңдап, үйгө жеткенче күлүп бардым.

Динара
- Жашоонун өзү анекдот деп коёт го. Дагы кандай кызыктуу учурлар болду?
- Толтура. Бир жолу апам мени бир тойго жиберди. Барсам Акыл деген байке тосуп алып менин атымдан ырдап кой дегенинен мени чакырган киши ушул турбайбы деп эки ыр ырдап коюп, тамактанып олтурсам апам чалып "сен башка тойго барып алыпсың, бул жерге кел"- деп каткырып күлдү. Анан ал жерден кантип чыгып кетеримди билбей дагы бир жерге тойго барыш керек эле деп тиги жакка кеттим. Ошентип орто жолдон Акыл деген байкенин урматына ыр ырдап келгенмин. Негизи мындай учурлар көп эле болот. Мындан бир жума мурун эле дагы бир окуяга туш болдум. Дилбар деген апамдын жакын курбусунун жалгыз баласы үйлөнүп, апамдын колу бошобой белегин алып берип Кенже мамам экөөбүздү "Мундуз" ресторанына тойго жөнөттү. Барсак башка ырчылар да жүрүптүр. Аларга Дилбар эженин тою болуп жатабы десек аялынын атын билбейбиз дешти. Бейтааныш эле бирөө тосуп алып бир столго отургузушту. Жарым сааттай убакыт өттү, Дилбар эже көрүнбөйт. Анан музыканттардан Дилбар деген эженин тоюбу деп сурасак, такыр башка адамды айтты. Уялганыбыздан "Магнатка" дагы бир кечеге бармак элек деп чыгып кеттик. Көрсө апам эртең боло турган тойго адашып бир күн мурда жөнөтүп жибериптир.
- Чарли Чаплиндин мен бүт нерсени сатып алганга күчүм жетет, бирок тынчтыкка жетпей келем дегени бар. Сенин да Чарли Чаплинге окшоп эл ичинде эркин жүргүң келеби?
- Биз ырчылар эл көзүндөгү адам болгондуктан кирпигибиздин ирмелгенине чейин байкалып турат. Эл менен эле аралашып жүргөнгө не жетсин. Тилекке каршы, шоу-бизнестеги адамдарга кеп дагы, жерде жаткан чөп дагы жабышат. Андыктан жок жерден жаманатты болуп калуудан алыс болоюн деп эле көп учурда өзүңдү эркин сезе албай кыйналасың. Канткен күндө да чыдаганга чыгарган дегендей бардык жагдайга чыдашыбыз керек деп ойлойм.
Ж. Калдарова












??.??