Ала-Тоо койнунда
Бакиев 19-ноябрда келет
КР Президенти Курманбек Бакиев Бишкекке 19-ноябрда келет.
Германияда дарыланап жаткан мамлекет башчысы Курманбек Бакиев 19-ноябрда Кыргызстанга кайтып келээри дайын болду. Мамлекет башчысы Бишкекке келээри менен тийиштүү жетекчилер менен жолугушуп, берилген тапшырмалардын так, мөөнөтүндө жогорку деңгээлде аткарылышына эмнелер тоскоол болгонун талкуулашат. Белгилей кетсек Президент Германияга пландуу дарылануу үчүн 20-октябрда кеткен.

Кытай азыктары кыргызды кырабы?
Кытайдан келген 800 тонна ун курттап, темир калдыктарына толгонун орусиялык адистер тастыктады.
Кытайдан алынып келинген 18 вагон ундан зыяндуу курттардын 8 түрү бар экендиги тастыкталды. Ал эми Айыл, суу чарба министрлигинин адистери текшергенде курттун 11 түрү табылган болчу. Андан тышкары ун белгисиз заттар жана темирдин калдыктары менен булганган деген жыйынтык чыгарышкан. Эми бул унду газ менен тазалап, андан кийин элеп туруп жаңы мүшөктөргө салыш керек. Ошентип курттан тазаласа болот экен. Бирок, азыр сыртта суук болгондуктан унду газ аркылуу өткөрүп, тазалоого мүмкүн эмес. Кытайдан келген унда зыянкечтер бар экендиги аныкталгандан кийин Каржы полициясы тиешелүү адамдарга карата кылмыш ишин ачты. Эми аны аягына чыгаруу каржы полициясынын милдети. Жыйынтыгын күтө туралы.
Ал андай болуп турган убакта дагы бир чуулгандуу кабар тарай баштады. Кытайдан жакында алынып келинген кургак сүттүн составында да меланин бар деген шек менен текшерүүгө жиберилди. Кытай ушинтип кыргызды кырып жогото турган болдубу?

Кыргызстанды кимдер таштап кеткен?
Акыркы эки жыл аралыгында Кыргызстанды таштап башка өлкөлөрдөн баш паанек издегендердин саны тогузга жеткен.
Алар журналисттер, укук коргоочулар, коомдук ишмерлер. Алардын Кыргызстанды таштап башка өлкөдөн баш паанек издегенин негизги себеби Кыргызстанда адам укугунун сакталбаганы, алардын өмүрүнө коркунуч туулгандыгында деп баалашууда. Аларды атай кетсек:
Кайрат Биримкулов, УТРКнын журналисти, 2007-жылы "Темир жолу" боюнча бир топ материалдарды даярдагандыгы үчүн коркутуулар болуп токмоктолгондон кийин Кыргызстанды таштаганга мажбур болгон.
Чолпон Орозобекова, "Де-факто" гезитинин башкы редактору, 2008-жылы гезитке чыккан материал үчүн коркутуулар болуп, үй-бүлөсү менен чыгып кеткен.
Жалын Маматказиев, "Канжар" жаштар кыймылынын лидери, 2007-жылы апельсин митингине катышты деген күнөө коюлгандан кийин үй-бүлөсү менен чыгып кеткен.
Улугбек Осмонов, эколог-укук коргоочу, Лира Таштанбекова, "Аялзат" элдик коомунун лидери, Шумкарбек Жумакеев, мурдагы депутат, айыл өкмөт башчысы, Азимкан Жунушалиев, коомдук активист. Булар 2007-жылы Таласта премьер-министрдин машинесине таш ыргыткан чуулгандуу "Жерүйдөгү", "Андаш" кендериндеги митингдеги туура эмес чечимге нааразы болуп, Кыргызстанды таштап кетишкен.
Эдил Байсалов, укук коргоочу, 2007-жылы шайлоодо мамлекетке көп зыян келтирген деген айыпка макул болбой Кыргызстандан кеткен.
Турат Бектенов, "Пирамида" каналынын мурдагы редактору, 2007-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен.

Элдик жыйын Таластын четинде өтөт
А.Бекназаров баштаган элдик революциялык кыймыл 18-ноябрда Таласта элдик жыйын өткөргөнү жатат.
Элдик революциялык кыймыл 18-ноябрда Талас шаарынын борбордук аянтында жыйын өткөрүүнү көздөп кайрылган, бирок шаар бийлиги ага уруксат берген жок.
Жыйынды өткөрөбүз деген жерде административдик мекемелер бар, булардын да укугу бузулбасын деп шылтоолоп, жыйынды стадионго өткөрүүгө макулдук беришти.
Ошентип элдик революциялык кыймылдын өкүлдөру курултайды Талас шаарынын түндүк жагында, токой жээкте жайгашкан Эшим Кутманалиев атындагы стадионго өткөрүүгө уруксат алышты.

ЖоКе 70ке чыкты
Жогорку Кеңештин заседаниесинин жүрүшүндө 14-ноябрды Жогорку Кеңештин туулган күнү катары белгилөө жөнүндө токтом кабыл алынды. Айта кетсек 1938-жылы июлда биринчи жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоо болгон. Жогорудагы токтомго ылайык бир нече иш чаралар болмокчу. Ошону менен катар "Жогорку Кеңеш 70 жашта" медалын да чыгарууну сунуш кылышты. Андан кийин депутаттар 2 жумага шайлоочулары менен иштөөгө тарап кетишти.

Баш ийбесең жарыгың өчөт
Электр кубатын керектөөнүн лимитин сактабагандыктан улам Бишкекте жарыкты даректүү өчүрүү кайрадан киргизилди. Электр кубатын керектөөнүн лимитин сактоо жөнүндө бардык эскертүүлөргө карабастан шаардыктар аны ашыкча чыгымдашкан. 15 күндүн ичинде электр кубатын 8,5 млн. кв саатка ашыкча керектегендиги белгиленген. Электр кубатын ашыкча керектөөдөгү алдыңкы орунду жаңы конуштар ээлейт, ал эми чакан райондор алардан кийинки орунда. Ушул райондордо жарыкты өчүрүүдө. Жарыкты өчүрүү 6 сааттан ашпайт жана түн мезгилинде гана өчүрүлөт. Социалдык объектер өчүрүлбөйт.




  Дүйнө дүбүрт

Хиллари Клинтон
АКШнын мамлекеттик катчысы болобу?
Хиллари Клинтон АКШнын мамлекеттик катчысы болуп калууга толук мүмкүнчүлүгү бар.
АКШнын жакында шайланган Президенти Барак Обама Хиллари Клинтон менен жолугушуу өткөрүп, андан Американын сырткы саясатын колго алып берүүнү суранганын айрым гезиттер жазып чыгышты.

Деңиз каракчыларынын кылыгы
Деңиз каракчылары Кытайдын балык уулоочу кемесин тартып алышкан.
Кениянын жээктеринде деңиз каракчылары Кытайдын балык уулоочу кемесин тартып алышкан. Кайыкта 24 адам, алардын арасында 15 кытай, 1 тайван, 1 япон, 3 филиппин жана 4 вьетнамдыктар болгон. Деңиз каракчылары балыкчыларга Сомалинин түштүк жээгине сүзүп кетүүгө буйрук беришкен.
2008-жылдын январынан бери деңиз каракчылары 83 кемеге кол салышкан. Азыр 12 кеме жана 200дөн ашуун деңизчилер деңиз каракчыларынын туткунунда турат.

Ооганстанда 9 кишиге өлүм жазасы берилди
Ооган президенти Хамид Карзайдын буйругу менен 9 кишинин өлүм жазасы жөнүндөгү өкүмү ишке ашырылды.
Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча мекемесинин өкүлдөрү өлкөдөгү сот системасынын кемчиликтерин белгилеп, бейкүнөө адамдар өмүрүнөн ажыратылышы ыктымал деген камтамачылыгын билдиришүүдө. Бирок адам өлтүргөндөрдү, зордуктагандарды, барымтага алгандардын өмүрүн кыйыш керек деп эсептеген элдин саны өсүүдө. Атүгүл, өкмөт андай кылмышкерлердин өкүмүн эл алдында ишке ашырууга тийиш деген сунуштар айтылууда. Мындай нерсе Ооганстанда талиптердин учурунан бери орун ала элек эле.

Москвада 400 кыргыз ишсиз калды
Москвада Кыргызстандык 400гө жакын эмгек мигранттары жумуштан кыскарды
Москвада түрктөрдүн курулуш компаниясында иштеген Кыргызстандан барган 400гө жакын мигранттар жумушунан кыскарды. Баардыгы болуп компанияда 2 миңге жакын мекендештер иштечү. Дүйнөлүк экономикалык кризистен улам курулуш жана соода тармактарындагы көптөгөн жумушчулар ишсиз калышууда. Кризистин залакасын биринчи кезекте биздин мекендештер сезди.

Россияда кредит алуу кыйындады
Россиянын банктары карыз алуучулар үчүн керектөөлөрдү катуулатты.
Россиянын банктары потенциалдуу карыз алуучуларды баалоо системасын катуулатып кредит берүүнүн схемасына түзөтүүлөрдү киргизди. Кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда ири банктар биринчи кезекте потенциалдуу карыз алуучунун иш чөйроөсүн эске алмакчы.
Бүтүндөй бир катар тармактын кызматкерлери тигил же бул максатка кредит алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырамакчы. Алсак, курулуш, металлургия жана каржы секторунун кызматкерлерине кризиске чейинкиге караганда кредит алуу таталыраак болмокчу.




Жаңы китептер
Буга чейинки кыргыз адабиятында боло элек көрүнүш жалаң окурмандардын (алар ар түрдүү: карапайым, студент, окумуштуу жана калган ар түрдүү кесиптин ээлери) суроолору, өтүнүчтөрү боюнча 3-4 жыл мурун аксакал гезитибиз "Кыргыз Туусунда" бир жылга жакын тынбай жарыяланган улуу обончу Рыспай Абдыкадыров жөнүндө жазылган жазуучу-сүрөтчү Үсөн Сарыбаевдин эскерме-эссеси толукталып, калыптанып "Эңсеген менин обонум" аттуу китеп болуп чыкты. Китеп ордо калаабыздын гезит-китеп базарларында, күркөлөрдө жана Эркиндик бульварында жайгашкан "Нуска" дүкөнүндө сатылууда.
ххх
Чагылгандай ыр жазып ар намысты козгогон, чокко кактап жүрөгүн кыргызым деп боздогон жаш акын Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун, жаштардын "Нур борбор", "Калемгер" чыгармачыл бирикмелеринин мүчөсү Алтынбек Исмаилов "Таш күзгү" аттуу тунгуч ыр жыйнагын чыгарды. Ыр жыйнактан сиздер турмуш тузунун кеми менен замандын ийилген белин, бүгүнкүнүн татаал шарты менен ата-журттун айыкпас дартын, карапайым калктын арылбаган азабы менен түмөн түйшүгүн, кыргыздын ыйы менен кылымдын муңун баяндаган жана жаштарды улуттук аң-сезимдүүлүккө, патриоттуулукка үндөгөн ыр түрмөктөрүн окуй аласыздар. Китептин бет ачаар аземи 21-ноябрь, жума күнү саат 15.00дө УТРКнын концерттик студиясында өтөт.
Каалоочулар үчүн эшик ачык!




Өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт
Кыргыз кыздары кыргыз бала төрөйбү же…
Кытайлык жигиттердин көпчүлүгү кыргыздын кымча бел кыздарына кызыгып, аларды аялдыкка алууну көксөшөт. Бул тууралуу 13-ноябрь күнү Бакыт үйүнүн башчысы Канышай Атакулова АКИпресс агенттигине маалымат берген. Анын билдирүүсүнө караганда кыргыз кыздар көбүнчө кытайлык жигиттерге турмушка чыгышат, андан кийинки орундарда Корея менен Американын мырзалары турат. 2008-жылдын башынан бери бакыт үйүндө кыргыз кыздары менен чет мамлекеттин жигиттердин ортосунда 147 нике кыйылган. Көбүнчө 20 жаштан 30 жашка чейинки кыздар өзүнөн он, он беш жаш улуу адамдар менен баш кошушат, ал эми жакында эле 30 га чыккан кыргыз кызы 60 жаштагы чет мамлекеттик киши менен турмуш курган. Мындай көрүнүштөн орустун кыздары да кур калган эмес, бирок кыргыз кыздары бул жагынан рекорд коюшат. Турмуш курган кыздардын сөзүнө караганда бардыгы чоң сүйүүгө туш болуп, турмуштун жолуна аттанууда.
Биз ушул маселенин тегерегинде төмөндөгүдөй суроо менен айрым замандаштарга кайрылдык:

- Кыргыз кыздарынын чет элдин жигиттерине турмушка чыгып жатканына көз карашыңыз?
Чолпон Субакожоева,
журналист:
- Биз биринчи иретте энени, аялзатын сыйлап, коргоп, энеге кам көрбөсөк, улуттун улут катары калыптануусуна чоң таасир этет. Чет өлкөгө ар ким ар түрдүү жол менен кетип жатат. Биз буга сүйүнбөшүбүз керек. Балким дал ошол чет өлкөлүк жигитке турмушка чыккан кыздарыбыздын арасында баатыр төрөөчү энелер бардыр. Ошондуктан ар кимдин өз иши дебей улут үчүн, эл, жер үчүн, эртеңки келечек үчүн, ар бирибиз терең ойлонуп, күрөшүшүбүз керек.
Кубаныч Сатаев ырчы:
- Менин бул нерсеге көз карашым түз эле, биздин ата-бабабыз деле илгери башка улуттардын кыздарына үйлөнүп келишпеди беле. Эгерде бири-бирин чындап сүйсө, түшүнсө баш кошо бергендери деле туура го. Бирок, бир өкүндүргөн көрүнүш кыргыздын жигиттери үйлөнгөнгө жетиштүү каражат таба албай бойдок жүргөндөрү.

Турусбек Жумалиев актер:
- Мен кыргыздын кыздары башка улутка турмушка чыгып жатканын, кыргыздын жигиттери башка улуттан аял алып жатканын колдойм, анткени азыркы жаштардын аң-сезими, психологиясы башкача. Башка мамлекет, башка улут дебей дүйнө жүзүн кыдырып, дүйнө таанымын өстүрүп жатканы мени аябай кубандырат. Ал эми кыргыз улуту, башка чет элдик жаранга турмушка чыккан күндө деле ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашашы керек.

Гүлмира студент:
- Мен мындай көрүнүшкө таптакыр каршымын, кыргыздын деле жакшынакай жылдыздуу жигиттери толуп жатпайбы. Калп эле чет мамлекеттиктердин материалдык абалына, байлыгына кызыгып аларды ээрчип баса берүү менин оюмча акылсыздыкка жатат. Ар бир эле экинчи кыргыз кызы ушинтип улутун чанып баса берсе эртеңки кыргыздын күнү кандай болот? Улутубуздун абалы эмне болот?

Эрнис Кыязов,
тележурналист:
- Ар кимдин өз эрки да, башка кандай улуттун жаранына турмушка чыгыш, эми бардык эле кыздар башка чет мамлекеттик жигиттерге турмушка чыгып кетип жаткан жок. Ар бир адам өз бактысын ойлош керек.