presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуунун арзуусу

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бегалы Наргозуев:
"Сүйгөн кызымды досума тарттырып жибергем"
Сүйгөнүнө кат жазам деп мектептен айдалган окуучу
- Бегалы Молдогозуевич, махабатсыз дүйнө көрксүз, жашоо кызыксыз деп коёт го. Анын сыңары, аял затына болгон алгачкы арзуу сизге качан келди эле?
- Анда мен 5-класстын окуучусу элем. Биздин мектеп Кош-Дөбө орто мектеби деп аталчу. Алгачкы жолу жаныбыздагы Максим Горький мектебинде 6-класста окуган Уулжан деген кызды жактырып калгам. Азыр ойлосом өзүмдөн 1 жашка улуу экен эле, а ал кезде мен жашыбызга деле карабаптырмын. Аябай татынакай кыз экен. Балалык жан дүйнөм менен сүйүп калып, кат жаздым. Кара басып жазган катым мугалимдердин колуна тийип калыптыр. Азыр айтсам күлкү, бирок ал кезде ушундай "саясат" боло турган. Андыктан, мугалимдер "5-класста кыздарга кат жазасың, кийин кайда барасың"-деп мени мектептен чыгармай болушту. Ошентип кадимкидей чечим кабыл алынып, мен мектептен чыгып калдым. Баламын да, коркуп ыйлап ата-энеме айта албай, акыры атамдын эжесине айттым. Ал кишиге да тартынып араң айтсам, каткырып күлүп, мектеп директору менен сүйлөшүп келди. Экинчи кыздарга кат жазбайт деген убада менен кайра мектепке алындым. Мугалимдердин бул опузасынан кийин 2 жылдай тынч окудум. Кайра 7-классымда окуу жылынын аягында Өзбекстан тарапка экскурцияга алып барабыз дешсе мен кечинде балдарды чогултуп, эртеси классыбыздын жалаң эркек балдары тоого чыгып кеткенбиз. Мектепке барганда ким уюштурду, Наргозуев уюштурду болуп, анда да бир мектептен чыгаруу маселеси каралган.

Сайракан+Бегалы
- Аябай тентек окуучу болгон турбайсызбы?
- Ооба, тентектик жагынан бир топ эле болчумун. А сабактардан болсо көркөм адабиятка аябай кызыгаар элем. Чоңойгондо Чыңгыз Айтматовдой жазуучу болом деп мектептин китепканасындагы китептердин баарын окуп чыккам. Андан соң айылдын китепканасындагы китептерди калтырган жокмун. А кыздарга кат жазгандан жалкып калган жаным, бул багытта тынч жүрдүм. Бирок, ошонумдун айынан 9-классымда дагы бир жактырып жүргөн кызымды 10-класстын окуучусу болгон бир жигитке тарттырып жибердим. Ошондон кийин эч кимге көз салсам да сөз айтпай эле мектепти бүттүм. Бирок эмнегедир классташтарым параллель класста окуган Сайракан деген кызга "жабыштырып" коюшчу. Көрүнгөн жерди эле Бегалы+Сайракан деген жазуулар менен кооздой беришээр эле. Менин ал кызга деген эч кандай сезимим деле жок эле, ал кыздын деле мага деген махабатын байкаган эмесмин. Бирок мектепти Сайракан+Бегалы болуп жүрүп бүтүрдүк.

Болгону эки жолу өбүштүк
- Мектепти аяктап, эр жигит болуп калганыңызда бул сезимге кандай карадыңыз?
- Мектепти бүткөн соң учурдагы улуттук, ал кезде мамлекеттик болчу жогорку окуу жайынын журналистика бөлүмүнө тапшырдым. Карасам убакыттын өтүшү менен эле өзүбүздүн сулуу кыздарыбыз өзүмдүн эле курсташ балдарым менен жетелешип, колтукташып, ээрчишип калышыптыр. Анан мен да ойлонуп жүргөн күндөрүмдүн биринде Ысык-Көлдүн бир аккуусуна ашык болуп калдым. Ал 3-курстун студенти, мен 1-курста окуйм. Экөөбүз ээрчишип киного жөө барабыз. Айылдан келген балдар болгонубузданбы же жол сүйлөшкөнгө ыңгайлуубу, айтор биз жашаган 5-жатаканадан Ысык-Көл кино театрына чейин жөө барып, жөө эле келчүбүз. Ошентип жактырып жүрөм, киного чакырам, бак аралап сейилге чыгабыз, бирок айта албайм. Анан Атайбек деген менден 2-3жаш улуурак жигит бар эле. Бир бөлмөдө жашачубуз. Ошол жигиттен сурадым: Жактырып жүргөнүмдү кантип айтам, сүйөм десем сүйөм деген сүйүп жарытпайт деп макул болбой койсо эмне кылам деп. Анда Атайбек: Сиз мага колуңузду бересизби?-деп айт деди. Мен аны макул көрүп, кезектеги жолугушууда "сиз мага колуңузду бересизби"-деп кызарып-татарып араң айттым. Экөөбүз кыз-жигит болгон мезгилдин аралыгында болгону 2 жолу гана өбүштүк. Өзүбүздү официалдуу кыз-жигит сезип жүргөнүбүздө бир досум айтып калды, сен бул кызды эмне кыласың, ал сулуу эмес, мен сага сонун кыз таап берем деп. Экөөбүз жакын достордон элек, бири-бирибиздин үйүбүзгө конокко барып турчубуз. Өзү Кара-Балтадан боло турган. Анан мен да досумдун айтканына кирип, досум тааныштырган Кара-Балталык кыздарга көңүл бура баштадым. Досум да ансайын аларды мактап, "биздин кыздар ачык, шайыр келишет"-дейт. Ошентип жүргөн күндөрүмдүн биринде эле карасам, жанагы досум өзү менин кызымды жандап калыптыр. Ай, бул эмне кылганың-десем.
"Кечирип кой, мен анда жаман көрчүмүн, азыр жагып калды"-дейт. Алар үйлөнүштү, азыр бактылуу үй- бүлөлөрдөн.
- Өкүнбөйсүзбү?
- Жок. Досума жол берип туура кадамга барган экенмин деп азыркыга чейин эле бул нерсе үчүн өзүмө баа берем.
- А досуңуз менен дос бойдон эле калдыңызбы?
- Тилекке каршы досум кызганчаак чыкты. Дайыма эле жолукканда экөөңөрдүн ортоңордо эмне болду эле деп сурай берчү болду. Эч нерсе болгон эмес дейм. Кетип эле 2-3айдан кийин кайра сурайт.
Ой эч нерсе болгон эмес, мен болгону ууртунан гана өпкөм дейм. Кызганычтын айынан досум экөөбүз алыстап, мурдагыдай катташпай калдык.

Кыналышкан классташтар же бактылуу үй-бүлө
- Сүйүү-бул сүйгөн адамың үчүн күрөшүү-деп коёт экен. Махабат майданында болгон сиздин кийинки күрөшүңүз кандай болду?
- Тагдырдын тамашасы дейбизби же махабат ушундай татаал нерсеби айтор, мен кыздарга кат жазгандан катуу жалкып калган кезимден кийин, эч кимге айтпай купуя сактап, өзүмдүн Афиза аттуу классташымды сүйөөр элем. Мүмкүн мугалимдердин коркутканы башкы себеп болсо керек, анткени Афизанын артынан чуркагандар көп эле. Мен да баары бир жетпейм деген ой менен эле аракет жасагандан тартынчумун. Мектепти бүткөнчө айта албай, мектепти аяктаган соң ал башка жерде, мен башка жерде окуп калдык, убакыт өтө берди. Экөөбүз кээде классташ катары жолугуп, киного барып калчубуз. Мен ага өзүмдүн таанышкан кыздарым жөнүндө, жанагы көлдүк кызым жөнүндө айтып берем, тааныштырам. Ал бирөөнү да жактырбайт, мен сага башка кыз таап берем дейт. А өзүнүн болсо жигити бар. Мурдагы кызым менен жүрбөй калган соң мен да бир күнү тобокелчиликке салып жылдар бою сакталып келген махабатымдын капкагын ачтым. Ошентип мен ачыкка чыккан соң ал көпкө олку-солку болуп ойлонуп атып, жигитин таштап мени менен жүрө баштады. Экөөбүздүн сүйүүбүз бактылуу көз ирмемдерди көп тартуулады. Мен азыр да ал күндөрдүн ар бирин эстен чыгарбоого аракет кылам.
- Анан Афиза эжени эч кимге тарттырган жоксузбу?
- (Күлүп) Эч кимге тарттырган жокмун. Тагдырыма буйруган экен, биз да баш кошуп, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктадык. Амантур деген уулубуз бар. Уулум да үйлөнүп, учурда чоң ата, чоң эне болуп, небере жыттап отурабыз.
- Маегиңизге рахмат.

Маектешкен
Айтурган Сатиева.










??.??