presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Адабият айдыңы

Махабат Молдалиева, акын:
"Кайталанма күндөрдөн тажап жүрөм"
- Ар бир акындын алгачкы саамалыгы айылдан башталат. Эң биринчи ырыңыз кандай аталыш менен чыкты эле?
- Мен 5-классымдан баштап ыр жаза баштадым. Жумгал райондук "Демилге" деген гезитке "Таңкы көрүнүш" деген аталыштагы табиятка арналган ырым жарык көргөн. Атам жазмакөй, адабиятчы эле. Адабият сабагынан сабак берип, менин ыр жазып калышыма да чоң жардам берди. Мектепке жазган ырларымды алып барсам, атасынын ырлары болсо керек деп мага эч ким ишенчү эмес. Кийин гезит беттерине козу карындай ырларым жааганда гана талантымды баалай башташты.
- Сиздин ырларыңызда кайсы тема көп орунду ээлейт?
- Чынын айтсам башка темаларга салыштырмалуу сүйүү ырларын кыйналбай, жеңил жазам. Балким жаш курагыма байланыштуубу китептеримде махабат темасы басымдуулук кылат. Албетте, эл-жерге, ата-энеге, ата-журтка арналган ырларым да бар. Өлбөс тема сүйүүнү ырдап аны көркөм чагылдыруудан тажай элекмин.
- Чыгармачыл адамдардын түйшүгү көп экенин көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Турмуштун кыйноосунан өтүп, тажаган учуруңуз болобу?
- Жашообуз ушундай болуп калдыбы, ушул күнгө чейин канчалаган тааныш, дос күтүп алар менен мамиледе болдум. Турмуштун кыйноосу, жетишпеген жашоо мындай турсун, аны жеңсең болот. А бирок адамдардан көңүл калган ошол тозок экенин азыр түшүнүп турам. Башыңа иш түшкөндө жакындарың да карабай, ошол эле учурда жолуң ачылып, колуңдан келип, бар болуп турганда карамак түгүл эшигиңдин алдынан кетпей айланчыктап калышат. Сен айткандай ушул тапта кайталанма жашоодон тажап жүрөм.
- Ак менен кара бирге жүрөт эмеспи. Бүгүнкү күндөн эртеңки күн кызыктуу дейбиз го. Жашоодо эмнеден каниет аласыз?
- Кудай мага акындык өнөрдү ыроолоп койгонуна ыраазымын. Оорунун кадырын оорукчан жан билет дегендей, кесиптеш, калемдештерим менен амандык сурашып турганымдан ырахат алам. Ата-энесиз, бир туугансыз жашоону элестетсе болот. А бирок ырсыз, поэзиясыз жашоону эки дүйнөдө элестетип көргөн эмесмин. Менин каныма кан, жаныма жан болуп эртеңкиге үмүт улаган поэзиядан каниет алам.
- Калемиңизге таандык белгилүү эстрада ырларын угуп жүрөбүз. Аткаруучулар сиз ойлогондой жеткиликтүү ырдап жатышабы?
- Менин ырларыма обон чыгарып ырдап жаткан аткаруучулар көп эле. Бирок ошолордун ичинен улуу башын кичүү кылып Ж.Садыков гана уруксат сурап обон жаратып жүрөт. Кээде радиодон менин ырымды уруксаты жок ырдап алган жаштарга таң калам. Алгач сурабастан обон, аранжировка жаздырып алышат. Радиодон кетип элге таанылып калгандан кийин сиздин ырды ырдап жатам деп сүйүнчүлөшөт. Болоору-болду деп тим болосуң. Бул эч нерсе эмес, ошого жараша таза эле авторун атабай кыйын болуп алгандарына ачууң келип нааразы болосуң. Анан калса азыркы жаш эстрада ырчыларынын үндөрү бүт окшош. Кимиси ким экени билинбейт. Бектин, Сыймыктын, Динаралардын өздөрүнүн үнү бар. А азыркылар коёндой окшош болгондуктан укмак түгүл кандай ыр экенин түшүнбөйсүң? Акындар менен иштешкен обон мыкты болоорун эстеринен чыгарышпаса болмок.
- Казактар тарабынан уюштурулуп жаткан "Шабыт" эл аралык акындар фестивалына кыргызстандын атынан барып жүрөсүз. Маегибизди фестиваль жөнүндө уласаңыз?
- Талантка таң берген жагынан казактар бир топ эле жогору. Былтыр "Шабыт" деп аталган фестивалдын дипломанты болуп кайтсам, быйыл ошол эле фестивалдын лауреаты аталып алтын медаль алып келдим. Бул албетте, мен үчүн эле эмес жалпы элимдин сыймыгы. Кыргыз поэзиясынын ийгилиги десем болот. Чынын айтыш керек казактарды мактагандык эмес, ал өлкөдө жаш таланттарга, өнөрлүү адамдарга алда-канча маани беришип маданият үчүн жанталашып алдыга киши салдырбайт. Эки ирет барып ийгилик менен кайтсам да, акындарга кылган мамилесин көрүп арданасың. Кыргызстандан бааланбаган өнөрүбүз башка өлкөлөрдөн сый урматка ээ болуп, алардын белгилүү инсандары бизди сыймыктануу менен тааныштырышат.
- Жерден жарака кетсе акындын жүрөгүнөн өтөт деген мыкты сөз бар эмеспи. Жакшы ырга кандай аныктама бераласыз?
- Жакшы ыр жан дүйнөнүн чарпайы. Обончулар обонго маани бергендей, мен да ыр укканда анын сөзүнө кулак төшөйм. Жакшы ыр жазылса жан жыргап азабың алыста калгандай, башкача сезимде болосуң. Демек, жакшы ыр жан дүйнөнүн жыргалы.
- Ал эми өзүңүзгө жакпай калган ырлар да болсо керек?
- Врачтар айтып калышат "бала ата-эненин каалоосу менен төрөлүш керек" дегендей ыр деле илхом келип жазылса, сөзсүз жакшы сапаттар менен боёлот. Кээде бүгүн ыр жазып коёюнчу, өзүм бир аз алаксыйын деп жазган ыр эч убакта жүрөкө жетпейт. Жакында "Көбөйгөндө көрө турган азабым, колун сунду боордошум казагым"-деген саптары бар ыр жаздым. Бул да болсо азап чегип кыйналып турган убакта казак калемдештерим менин амандыгымды сурап, кабарлашып турганын жүрөк жылып атайын арнаган ырым десем болот.

Маектешкен Айнура Султанова


Ыр кучактап
жаткан жакшы
Койнунда жаман эрдин жаткычакты,
Колуңа ыр кучактап жаткан жакшы.
Азаптуу эрдин жүгүн тарткычакты,
Ал түндө ыр азабын тарткан жакшы.

Умсунуп таң тоскуча жаш агызып,
Уйкусуз таттуу ырдан тапкан жакшы.
Муңканып жашагыча ичтен сызып,
Музанын кызыгына баткан жакшы.

Жаманга кор болгончо, издеп-күтүп,
Жакшы ырды жаның калбай күткөн жакшы.
Өткүчө кайыл болуп, чыдап, түтүп,
Өмүрдө ыр түйшүгүн түрткөн жакшы.

Жакшы ыр жаман эрден өйдө тураар,
Жаныңды алаксытып кайгы-муңдан.
Ар убак абалымды сезип-туяр,
Эрге эмес, ырга ынак жаным курман.

Башынан аралашып сырым билген,
Жакшыда, жаманымда сатпай турган.
Карабай кандайыма, дайым сүйгөн,
Карамдуу, жаштыгымды сактай турган.
Канатым-ырым гана көккө учурган!
06.12.06





Кызыл алма
Тандап сунган таптаттуу кызыл алма,
Уялыңкы ичимден сызып анда.
Кол тийгизбей көркүнө көпкө жүргөм,
Окшоп өзүм, өтүмсүз сиздей жанга.

Кызыл алма ууртума жарашкандай,
Кызыктырып көркөмү караткандай.
Шириндиги окшошуп дилиңизге,
Жүрөгүңдү тымызын канаткандай.

Буйрук түшүп акыры Теңиримден,
Кызыл алмаң ооз тийип эринимен.
Сизди күтүп жүрөбүз, Сизди гана,
Тагдыр жүгүн тиленип жеңилинен.
Кызыл алмаң ооз тийип эринимен...




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

**
Тиги кыз укпаган немедей дагы эле басып кетип баратты. Токуш ал кыздын жанына жетип барып, торой токтотту. Ал кыз чочуп кетип, чакасын коё калды.
- Бегимайсыңбы?!..-деди Токуш кыздын көзүнө карай. Кыз көзүн ала качып, башын ийкеди.
- Бегимай, сен мени билесиңби?! Токуш деген байкең жөнүндө уктуң беле?!-деп такый сурады. Эми Бегимай башын көтөрө Токушка карады. Көзү карагаттай болуп, кара тору келип, чачы буралган Бегимайдын арыктыгы эле болбосо, татынакай жүзү апасына окшош экенин сезди Токуш. Анткени апасынын сүрөттөрүн ар дайым колунан түшүрчү эмес.
Бегимай Токушту кылчак-кылчак карай, жандарына барып калган Айымбүбүнү да бир карап алып чаканы көтөрмөкчү болду. Токуш илгиртпей эки чаканы ала койду эле, Бегимай талашып кирди.
- Байке, өзүмө бериңизчи. Антпесеңиз апам урушат.
- Эмнеге урушмак эле. Мен эле көтөрүп басам, жүр,жүрө гой - деди эле, Бегимай ыйлап ийип кош колдоп чаканы кармап алды. Айымбүбүнүн ишараты менен Токуш чаканы берүүгө аргасыз болду. Бегимай чаканы ала калып, кыйралаңдай басып жөнөдү. Бири-бирин суроолуу тиктеген Айымбүбү менен Токуш бир саамга тиктешип туруп калды.
- Бегимайдын артынан баралы. Мен таякелериңди тааныйм да. Алар деле бизди тааныр-деди.

Жүрөгү тилинип
турду
Мелт-калт толгон эки чакадагы сууну бутундагы тапичкесине жаба төгүлгөнүнө карабай көтөрүп бараткан Бегимайдын артынан Айымбүбү менен Токуш басып баратышты.
- Айымбүбү апа, Бегимай мынчалык эмнеге арык?! Оорукчал окшойт. Эгер, Бегимайды кор кылып атышса, анда алып кетем. Деги эле, аны жалгыз таштабай алып кетишибиз керек. Сиз мага болушасыз да ээ, апа?
- Азыр, бара көрөлүчү балам...
Алар Бегимайдын артында бара беришти. Аңгыча, Бегимай дарбазага чукулдап калды. Ошол кезде дарбазанын калиткасы ачылып, ичтен чыккан аял Бегимайга кыйкырып коё берди.
- Э, өлүгүңдү көрөйүн Сетер! Эмне жоголдуң, ыя?! Өзүң эле билип күн мурунтан ташып койбой, качан керек болгондо жөнөп калат экен, өлүк-тиригиңди көрөйүн десе! Карачы, үйдөгүлөр чай-ичпей жалдырап отуруп калышты! Эт асылбай турат! Итирейген өлүп кеткир! Итирейбей тың-тың эле болбойсуңбу, ыя?! О, сербейген Сетер десе...
Бегимай чукулдап барганда тигил аял аны дагы талаштыра эки-үч жолу койгулап-койгулап алды. Аны көргөн Токуш аз жерден чуркап жөнөй турган болгондо Айымбүбү колунан кармап калды.
- Балам, сабыр кыл. Дагы бара көрөлү...
- Булар карындашымды күң кылып алган го, энеңди урайындар десе!..
- Акырын эми. Эмне болсо да таякеңдер эмеспи. Тиги аял дагы таажеңең окшойт. Бегимайды бир таажеңең өзүнүн кызы менен кошо эмизип чоңойтуп атат дешти эле, баягы бир келишкенде. Балким ошол кызыдыр...
- Бегимаймын деп башын ийкебедиби. Мобул кыз Бегимай эле. Анткени, Бегимай апама окшош экен!
- Чүш-ш, акырын. Таякең апаңдын иниси болгондон кийин ал деле анын балдары дагы апаңа окшош болбойбу. Унчукпай баса берсең,-деп тыйган Айымбүбүнүн тилин ала, басып жөнөдү. Бирок, жүрөгү бырчаланып тилинип-тилинип аткансыды.
Тигил аял Бегимайды сабап алганына корстон боло, анын артынан кирип баратып, түз эле аларды көздөй бараткан аял менен баланы тиктеп калды. Токуш менен Айымбүбү жетип калган кезде тигил аял аларды көрүп аярлап калды.
- Жаманкул куданын үйү ушул бекен?-деди Айымбүбү. Аны жек көрүп калган Токуш көзү менен ата тиктеп, бирок саламдашкан жок.
- Жаманкул куда, дейсизби? Ал эбак эле каза болуп калбады беле! Силер кимсиңер?
- Ка-ап, арты кайрылуу болсун... А, сен кимиси болосуң?
- Мен анын келини болом... күйөөм анын баласы. "Куда" дегениңер кандай? Мен силерди биринчи көрүп атам!
- Ботом, кудагый, үйгө кир деп койсоң боло-деген Айымбүбү да орой унчукту.

(Уландысы кийинки санда)










??.??