presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаргылчак

"Достор" элдин эсинде кала турган кинобу, же?..
Мындан бир нече убакыт мурда жалаң популярдуу ырчылардын коштоосунда тартылган "Кайып булак" кинотасмасы менен бир топ популярдуулукка жетише алган режиссёр Рысбек Жабировго ырчылар менен иштешкен жагып калганбы же элди өзүнө тартуу үчүн ушул жолду тандаганбы, айтор дагы шоу-бизнесте төбөсү көрүнүп калгандардын коштоосунда "Достор" аттуу кинотасманы тарткан. Жаргылчактын бүгүнкү талканы дал ошол жогоруда айтып кеткен "Достор" кинотасмасы болмокчу.

Рысбек Жабиров, "Достор" фильминин режиссёру:
- Бул фильмге жалпы жонунан 32 адам катышты. Алардын алтоо ырчылар болсо, төртөө эмгек сиңирген артисттер, калганы чыгармачылыкка тиешеси жок. Бирок, кино жаатына аябай кызыккандар. Бул кино мелодрама жанрында тартылгандыктан негизги тема сүйүү. Кинонун урааны-бул дүйнө мен үчүн тардык кылды, мен андан сүйүүнү гана таптым дегендей. Балдар үйүнөн чыккан балдар жакшы нерсеге умтулуп жатса да, коомдо, турмушта ар кандай соккулар болот деген мазмун камтылган. Мен өзүмдүн бере турган идеямды бере алдым деп ойлойм. Эл да жакшы кабыл алууда.

Дүйшөн Байдөбөтов, КРнын эл артисти:
- Чынын айтыш керек, ал кинолорду чыгынып барып көрө элекмин. Жакшы болобу, жаман болобу, эмнеси болсо да өз чөнтөгүнөн акча чыгарып тартып жаткандарга ийгилик каалайм. Чыгармачыл адам болгондон кийин бир гана аларга жакшылыктарды каалап, кыргыз маданиятын алга жылдыруусун гана тилейбиз да.

Мурат Мамбетов, актер:
- Негизинен кинолор профессионалдык жана профессионал эмес болуп экиге бөлүнөт. Чыныгы таланттуулар тарткан чыгармаларды айтпасак да эл оозунан түшпөстөн бүгүнкү күнгө чейин элдин жүрөгүнөн түнөк тапканы жалпыга маалым. Ал эми азыркы чыгып жактан режиссёлорду эч ким сындабайт, өзүнүн билгендерин кылып жатышат. Мурдагы убакта болсо ар бир ырдан баштап, чоң-чоң фильмдер атайын көркөм жетекчилердин алдында көзөмөлдөн өтчү. Азыркылар эмне, өз билгенин кылышып, колунан келгенин көрсөтүп жатышат. Бул жашоонун агымы менен болуп жатканы менен эртең муну эч ким эстебейт, билбейт, тааныбайт. Ошон үчүн тартканга жараша татыктуу, эл жүрөгүндө түбөлүк кала турган кылып жаратышса жакшы болмок.

Шайырбек Абды-рахманов,теле алыпбаруучу:
- Бүгүнкү күндө жарыкка чыгып жаткан тасмалар өнүгүш керек. Бул фильмдер арзан баада болобу, техниканын татыктуу эместигине карабай аракеттенип жүргөндөргө азаматсыңар деш керек. Сапаттуубу, сапатсызбы кандай болбосун кыргыз киносуна салым кошууда. Сапаты жагынан кандай экенин такташ үчүн көп убакыт керек. Негизинен кыргыз киносунун алдыга жылып жатканына ийгилик гана каалайм.

Айнура, 19 жашта, студент:
- "Акырын бассаң алыска барасың" деген кыргыздын таамай айтылган сөзү бар эмеспи. Андыктан аста-секин алга жылып бараткандайбыз. Мурдагыга салыштырмалуу бир аз жылыш бар. "Кайып булакты" деле көрбөдүкпү идеясы "Хищник" кино тасмасыныкы болсо, афишадагы сүрөттөр "Фатима, Зухранын" копиясы болчу. Башкы максаты сүйүүнү даңазалоо окшойт менимче. Бул кинону көрүп отуруп жаштарга ылайык тасма деп эле тарта бергенин байкадык. Биздин өлкөдө качан патриоттуулукка чакыра турган фильм жаралат экен.

Перизат, 15 жашта, окуучу:
- Мага аябай жакты. Чынын айтсам Султанды эле көргөнү келгем. Султанды балдар үйүндө чоңойтуп, кыйналыш турмушта жашаганына ыйлагым келип, акырында өлүп калганын көрүп ыйладым. (ыйлаганым билинип калбаптырбы?) Карап көрсөм бул жакка келгендердин көпчүлүгү Султандын, Урматтын жана бул кинодо катышкандардын фанаттары го. Султанчик кандай гана роль болбосун баарын мыкты аткарат да...

Даярдаган
Нурзат Жусупова




Кызыктар дүйнөсүндө
Кредиттик карточка
"Кредит" деген сөз латын тилинен алынган, биздин тилде ишеним дегенди түшүндүрөт. Алгачкы жолу кредитти мындан 3000 жыл мурда Ассирияда, Вавилондо жана Египетте колдоно башташкан. Кагаз акчалар 17-жүз жылдыкта пайда болгон. Биринчи жолу кредитти 1730-жылы Кристофор Торитон жарнамага берип, жумасына төлөп турууга тийиш болгон эмеректи сунуштаган. Ал эми 18-кылымдын аягы 20-кылымдын баш жагында алгачкы жолу "Tallymen" кийим чыгаруучу фирмасы кардарларга кийимдерди жума сайын бөлүп төлөй тургандай насыяга саткан. Бул фирма кардарларды тейлөөдө, бир бетинде карыздын суммасы, бир жагында төлөнгөн сумма жазылган жыгач пластина берип, ошонун негизинде эсеп жүргүзүшкөн.
1920-жылы "Азыр сатып ал, кийин төлө"-деген карточка чыккан. Ушул эле жылы бул система АКШга жеткен. Бирок бул карточканы кайсы дүкөндөн чыкса ошол дүкөндө гана пайдаланууга болгон. Ал эми 1950-жылы "Diners club" жана "Amerikan Express" АКШда биринчи жолу пластикалык акчаны колдоно баштаган. Бир жылдан соң "Diners club" бул карточканын арты менен 200 кардар топтогон. Алар Нью-Йорктогу 27 ресторанда колдонулган.

Иерусалимде Эйнштейндин телескобу табылды
Иерусалимде Еврей университетинин жер төлөөсүнөн Альберт Эйнштейнге таандык телескоп табылды. Окумуштуу бул приборду көп жыл мурда университетке белек кылган жана азыркыга чейин бул буюмдун кай жерде экенин эч ким так билген эмес. Көптөн бери табылбай жүргөн аппаратты университетте иштеген Эшель Офир тапкан. Телескоп табылган соң аны оңдоп түзөө үчүн Джозефа Мейерхордун илимий фонду жана Иерусалим фонду каражат бөлүп берген.
Эйнштейн өзүнүн бир жазуусунда телескопту Принстон университетинде таанышкан Израиль окумуштуусу Еви Гезриге белекке бергендигин айтат.
Альберт Эйнштейн тарых илиминде эң улуу физик болуп эсептелет. Ал 25 жашында атайын өзүнө тиешелүү теория ойлоп чыккан, бир нече жылдан кийин жалпы теориясы чыккан. Эйнштейн физикага чоң салым кошкон. Азырга чейин Эйнштейдин ысымы менен байланышкан нерселер коллекционерлердин кызыктуу обьекти болуп келет. Жакында эле бул окумуштуунун динге болгон көз карашы жөнүндө жазган каты табылган. Ал кат аукционго коюлуп, болжол менен 400миң долларга сатылды.

Байкал көлүнүн түбүнөн нефть табылды
Биринчи жолу нефть Баргузин куймасына жакын жерден табылган. Бул жерден нефть үстүңкү катмарынан чыгып тургандыктан окумуштуулар үчүн байкоо жүргүзүү кыйынчылык туудурган эмес. Жакында эле Байкал көлүнүн түбүндө нефть бар экени далилденди. Бул изилдөөнү Лимнология институтунун окумуштуулары Сибир бөлүмүнүн жардамы менен терең сууга ылайыкташкан. Нефтини 350 метр тереңдиктен табышкан.

Дүйнө жүзүндөгү эң ылдам самолет- Х- 43-А
Х-43-А гипер үндүү жана дүйнө жүзүндө эң ылдам самолет. Бул учак жакында эле жаңы рекорд койду. Саатына 11230 км , ошол эле убакта үнүн 9,6 эсе көтөргөн. Башка катуу учкан истребителдер менен салыштырганда алар үнүн 2 эсе гана бийик көтөрө алат. Х-43-анын канатынын узундугу 3,6м. Бул самолетту чыгарган NASA агенттигине Гиннестин "Рекорддор" китебинин сертификаты берилип, бул учак эң тез учкан учак катары таанылды.
Анын өзгөчөлүгү биринчиден жаңы технология-жаңы сапат, экинчиден гипер үндүү, ал эми үчүнчүдөн Жер шарынын каалаган чекитине максималдуу эсептегенде 3-4 саатта жете алат .










??.??