Көйгөй

XXI кылымдын чумасы
Азыр эле көз алдымда болгон нерседен мен үчүн аалам аңтарылып кеткендей эле болду. Ишенбей турдум..., көзүм менен көрүп, колум менен кармап, кулагым менен жообун уксам да ишенбей турдум.
Мындан 1 жыл мурдагы экөөбүздүн таанышуубуз көз алдыма тартылды. Мөмө ширесинен жасалган таттуу суусундуктан ууртай, адептүү сүйлөп отургансың. Сенин ичимдик ичпегениң, тамеки тартпаганың мага абдан жакты. Ошол күндөн тартып, сени жакын адам катары эсептеп калдым. Ооба, мен ал күндөрдө чексиз бактылуу элем. Бактыма-бакыт кошуп, бир жылдан соң колумду сурадың. Бирок, мен баш кошкон күндөн 2 ай өтпөй бактылуу күндөрүмө чекит коюлат деп таптакыр күткөн эмесмин. Мунун баарына сенин көп убакыттан бери баңгизатын колдонуп жүргөнүң себеп болду. Аскадай бийик акылың, келишкен келбетиң, эл баалаган жумушуң бар туруп, анын баарын болбогон бир түтүнгө алмаштырганың мага өлүмгө тете иштей туюлду. Ак ниет менен ак босогоңду аттаган менин аруу тилектеримдин таш-талканы чыкты. Өзгөчө, колумдан жулуп алып, кайра чөнтөгүңө салганың, аны чеккенден кийинки ырахатыңды эч нерсе менен алмаштыра албасыңды айтып жатканыңда мен сени тааныбай турдум. Эмне кылам?! 25ке чыкпай жатып сорулган бул саздан сени кантип алып чыгам?! Жаңыдан курган уячамдын келечеги эмне болот?! Мен үчүн туман...

Жаш келиндин жан сыздаткан бул окуясы тилекке каршы бүгүнкү күндө жалгыз эмес. Наркотика-бул балээге бешиктен бели чыга элек балдардан тартып, ойносо оюнга, иштесе ишке тойбой турган курактагы жаштардын тартылып жатышы өкүнөөрлүк.
Биз бул багытта окурмандар менен өз оюн бөлүшсө деген максат менен атайын адистерге кайрылдык.

Баңгизат-
импотенттикке алып келет
КРнын наркологиялык борборунун врачы, нарколог-психиатор Бакирова Жылдыз Кадыркуловна.
- Жылдыз Кадыркуловна, аталган борбор баңгизаттан жапа чеккендерге кандай жардам бере алат?
- Биздин наркологиялык борбор 2002-жылдан бери ушул жаңы ордунда иштеп келет. Биз баңгизат колдонгондордон сырткары алкоголго көз каранды болуп калган адамдарды да дарылайбыз. Биздин мекеме аларды дарылоодо жаңы, эффективдүү программалардын негизинде иш алпарат. Бир нече дүйнөлүк уюмдар, долбоорлор менен тыгыз байланыштабыз.
- Сиздерге баңгизат колдонгондор кандай абалда кайрылышат? Алардын басымдуу бөлүгүн канча жаштагылар түзөт?
Негизи бизге баңгизат колдонгондорго караганда ичимдиктин туткунунан чыга албай жүргөн адамдар көп кайрылат. Бирок, тилекке каршы эки себептеги тең адамдардын көпчүлүгүн жаштар түзөт. Баңгизат оорусу менен кайрылгандардын басымдуу бөлүгү 37жашка чейинкилер. Ал эми өспүрүм балдар да жок эмес. Алар көбүнчө таксикоманиядан жапа чеккендер. Бул балдар материалдык мүмкүнчүлүгү жооп бербегендиктен клей, бензин, лак сыяктуу химикаттарды жыттоо менен ооругандар. Бизде өспүрүм балдарды дарылаган өзүнчө бөлүмүбүз бар, ал балдар ошол жакта дарыланышат. Тилекке каршы биздин оорулуулардын көбүн наркотик колдонуп жүргөнүнө 10-15 жыл болуп, ал олуттуу проблемага айланганда кайрылгандар түзөт. Анда да жакындарынын түрткүсү менен келишет, толук дарыланышпайт. М: 10 жылдан бери баңгизатын колдонуп жүргөн адамды дарылоо курсу анын жарым убактысы болуш керек. Тактап айтканда 5 жыл, а биздикилер 1 курс дарылануудан өткөн соң келбей коюшат. Бир курс дарылануу 20 күн.
-Сиздерге келген адамдар көбүнчө эмне себептен баңгизатка берилип кетишет экен?
- Бул деле ичимдик сыяктуу да. Маселен: ичкиликти жаш кезинде көңүл ачуу, кызыгуу катары кабыл алышат. Анан "каалаган" убактысында таштап коём деп ойлошот. Ошентип алгач ар түрдүү себептер менен ичип жатса, акырындап анын туткуну болуп, керек учурда да таштаганды "каалабай", ичпесе тура албай калышат. Ошол сыңары эле баңгизатты алгач чегип башташат, жашы жогорулап , чеккен анчейин кызыксыз сезилип калганда кан тамыр аркылуу кабыл алганга өтүшөт. Биздин изилдөөлөргө таянсак, героин сайынгандардын 90пайызы алгач гашиш чегип баштагандар.
- А өспүрүм балдардын күндөн-күнгө бул нерсеге тартылып жатканына кандай дейсиз?
- Наркоман өспүрүмдөр, таксикомандар, алар да алгач тамеки чегип көрүшкөн, пивонун даамын татышкан, анын арты менен кандайдыр бир компанияларда өздөрүн эркин сезип калышат, анан акырындап клей, лак, бензин сыяктуу заттарды колдонуп галюцинация болушат. Мунун негизи акчадан, экономикабыздын тартыштыгынан дешет. Менимче бул негизги себеп эмес. Анткени бардар үй-бүлөнүн балдары деле бул ишке барып жатышпайбы. Демек өзөгү тарбияда жатат. Негизгиси ата-эне балага туура тарбия бериш керек, бала менен маектешип туруш керек. Анын кандайдыр бир проблемалары болсо кагып, силкип, же кош көңүл болбой тескерисинче аны чечкенге жардам бериш керек. Ата-эне балдары менен сырдаш болгону жакшы. Изилдөө көрсөткөндөй, азыркы наркомандардын мындан 10-15 жыл илгери кандайдыр бир проблемасы болгон. Аны убагында эч кимге айта алган эмес, анан ал нерседен качып, башка нерсе менен алаксыш керек болгон. Жыйынтыгында ушул жолду тандап алгандар. Ал эми бул багыттагы өспүрүмдөрдүн көбүнүн ата-энеси, кароо-багуусу жок, же бар болсо да ичкен, чеккен адамдардын балдары түзөт.
- Бул илдет менен кайрылган айымдар да болсо керек?
- Албетте, мен 2005-жылдан беркисин айтсам; 8-10%ын аялдар түзөт. Өспүрүм курагында болобу, бойго жеткендеби айтор, жаш кезинде жашоонун бир сыноосун баштан өткөрүшөт да ага чыдамы жетпей ушул жолго барышат. Ошондой эле бизге кайрылган оорулуулардын 3-4%ын жогорку билимдүүлөр түзсө, калгандары орто билим ээлери. Жумушсуздар70%, убактылуу жумушта иштегендер15% ал эми 8%ын туруктуу жумушу барлар түзөт. Өкүнүчтүү бир маселе, биздин жаштар гашишти, кара куурайды жеңил наркотик деп, олуттуу кабыл албай жатышат. Бул да абдан чоң көйгөй жаратат. Дагы бир айта кетчү жагдай үзгүлтүксүз баңгизатын колдонгон мырза 2 жылдын аралыгында "эркектик мүмкүнчүлүгүнөн " ажырап, импотент оорусуна чалдыгат.

Наркобизнес жылдан жылга көбөйүүдөбү?
Бул жаман илдеттин калк арасында жайылышына бирден-бир себепкер, ал менен көр оокатын өткөрүп, ал эле эмес чоң бизнеске айландырган наркобизнесмендердин учурда ити чөп жеп жаткан убагы баарыбызга эле маалым. Бул багытта өлкөбүздө кандай иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын билүү үчүн КРнын ички иштер министрлигинин баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Ырысалиев Зарыл Кылычбековичке кайрылдык:

- Зарыл Кылычбекович, учурда мамлекетибиздеги курч маселелердин бири баңгизат бизнеси болуп жатат? Бул боюнча сиздин оюңуз?
- Биздин эле өлкөдө эмес, дүйнө жүзү азыр бул нерседен жабыр тартып турушат. Кайсы мамлекеттин башчылары жолугушпасын бул маселеге кайрылышат. Ал эми биздин Кыргызстан жөнүндө айта турган болсок, өлкөбүз транзиттик өлкө. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан бул бизнесте транзиттик мамлекеттерге айланган. Афганистанда өндүрүлгөн продукция биз аркылуу Казакстанга андан Россияга, Европа мамлекеттерине чыгарылат.
- Биздин мамлекетибиздин транзиттик өлкө болуусунун себеби эмнеде?
- Биринчи себеби географиялык абалы. Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы чек арабызда ачык жерлер көп. Экинчиден биздин өлкө кичинекей, өндүрүлгөн баңгизат биздин кардарлар үчүн көптүк кылат жана бизде баасы арзан. М: 1кг наркотик 5миң америка доллары болсо, Казакстанда андан 2-3 эсе кымбат, ал эми Европа мамлекеттеринде 25 миң евро болушу мүмкүн. Ошондуктан ошол жактарга ташып сатышат.
- Эми наркобизнестин мекенибиздеги абалына токтолсоңуз?
Тилекке каршы Кыргызстандын ичинде да ушул бизнес менен алектенгендер көбөйүп жатат. Булар Ысык-Көл областында жана жакынкы жылдардан бери Талас эли да "таласская индейка" дегенди өстүрүп, бизнес кылып жатышат. Ал абдан түшүмдүү болуп, 1 түбүнөн 1кг га жакын түшүм жыйналат экен. Биздин атайын буларга каршы күрөшкөн топтор бар. Алар жергиликтүү кесиптештери губернатор, акимдер менен биргеликте ошол өстүрүлгөн талааларды жок кылышат. Бул багытта быйыл Ысык-Көлдөгү кесиптештер, жетекчиликтер абдан жакшы иш алпарышты. Бул боюнча республикалык, областардын, райондордун, айыл өкмөттөрдүн атайын бюджеттери бар. Ошолордун негизинде жаз алды менен жана күздө иш алпарабыз.
- Адис катары айтсаңыз, жылдан-жылга бул багытта кандай өзгөрүштөр бар?
- Тилекке каршы көбөйүүдө.Алсак 2007- жылы 4т 677кг 952гр кармалса, быйылкы жылдын 10 айында 5т 390кг 939гр кармалып алынды. Биз буларды жеринде эле кармап албайбыз, биздин максат ал кайсы мамлекетке барат, ошонун артынан изине түшүп, жаныбызды оозго тиштеп, баңгизат жеткирилген жеринен кармайбыз. Ушул убакта эшик кагылып, сакал-муруту өскөн бир мырза кирип келди.
Бул биздин полковник, жакында эле жогоруда мен айтып өткөндөй оперцияга катышып, наркобизнесмендердин арасында болуп, сары изине чөп салып келди. Жакында дагы бир топту кармоого аттанат.Алардын арасында милиция кызматкери экенин билдирбей жүрүүсү зарыл, ошондуктан сакал-мурутун албай, сырткы келбетин ушундай жолдор менен өзгөртүп жүрүүгө туура келет-деди баңгизатка күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Зарыл Кылычбекович.
Бул жерден чыгып, редакцияны көздөй жол тарттым. Бут алдымда күбүлгөн алтын боёк жалбырактар, бактан-бакка секирген тыйын чычкандар, топ-тобу менен учкан канаттуу куштар мени сооротуп турду. Күрдөөлдүү күз жергебизге уялап, ак төөнүн карды жарылган мезгилде турганыбызды эстеп жылмайып алдым. Бирок, ушул ойлорум менен катар эле капыстан каптаган тумандай болуп "ушул күздө биздин "дыйкандар"дагы канча баңгизатын жыйнап алды экен" деген ой жүрөгүмдү зырп эттирди.

Баңгилердин
сөздүгү:
Багрить -баңгизатты чегүү
Банг -сүткө кайнатылган нашаа
Вдуть -тамырга саюу
Ганец - баңгизаттарын ташуучу адам.
Дома -баңгизатын денесине куйдуруп жаткан адам, аны сезгенде акырын гана ушинтип айтыш керек.
Дом -тамыр
Лайба -шприц
Бинт - апийимге чыланып кургатылган чүпүрөк.
Бокс -баңгизатын өлчөөчү ширеңкенин каробкасы
Зараза -баңгизат
Балдеть -көңүл ачуу, калжаңдоо
Сюзьма - каймакка же маргаринге абдан куурулган нашаа
Барыга -баңгизаттары менен соода жүргүзгөн даңги диллери
Яма-хата - баңгизат колдонуучулар чогула турган жер.
Банг- сүткө кайнатылган нашаа

Даярдаган Айтурган Сатиева